Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Бишкекте кафе-ресторандарда иштегендер акцияга чыгышты


Бишкектеги акциянын катышуучулары. 29-сентябрь, 2020-жыл.
Бишкектеги акциянын катышуучулары. 29-сентябрь, 2020-жыл.

Баш калаадагы чоң кафе-ресторандарда иштеген ондогон жарандар 29-сентябрда мэриянын маңдайында, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдында нааразылык акциясын өткөрүштү.

Уюштуруучулардын бири Акыл Осмонов «Азаттыкка» акцияга тармакта иштеген ашпозчу, официант жана башка жумушчуларды кошкондо 100дөй киши катышканын жана жарым жылдан бери пандемияга байланыштуу жумушсуз отурганына нааразылык иретинде видеофлешмоб жаздырышканын билдирди.

«Жарым жылдан бери Бишкекте 5000ге жакын адам жумушсуз отурат. Бүгүн ошолордун өкүлдөрү чыгып, видеофлешмоб жаздырдык. Себеби эң жөнөкөй. Учурда базарлар, автобус-троллейбустар, бардык эле эл чогулган жерлер тоскоолдуксуз иштеп жатат, ал эмес шайлоодо үгүтчүлөр стадиондорго миңге жакын адамды чогултуп жүрүшөт. Эгер элдин ден соолугун ойлошсо, анда мунун баарын жабыш керек да. Биз мындай кош стандартты түшүнбөй жатабыз. Ресторандар менен мектептерде эле чектөө бар. Жарым жыл чыдадык. Эми биздин да үнүбүздү угушсун», - деди Акыл Осмонов.

Акциянын катышуучулары менен жолугушууга мэриядан эч ким чыккан эмес.

Нааразы тарап президент менен премьер-министрге ачык кайрылуу жиберип, той-топурларга киргизилген чектөөлөрдү алууну, өздөрүнүн маселесин чечип берүүнү суранышты. Ушундай эле акция бүгүн Талас шаарында да өткөн.

COVID-19 пандемиясынан улам Кыргызстанда бир катар чектөөлөр бар. Кафе-ресторандарга той-аш өткөрүүгө, эл көп катышуучу иш-чараларга тыюу салынган. Мындай талапты аткарбаган юридикалык жактарга 13 миң, жеке адамдарга үч миң сом айыппул салынат. Буга чейин Бишкекте эреже сактабай, той-топур өткөргөн бир канча кафе-ресторандар, клубдар аныкталган. Ошондой эле айыппул төлөп коюп эле той өткөргөндөр көп экени, 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоонун алдындагы үгүт өнөктүгүндө санитардык талаптар бузулуп жатканы коомчулукта айтылып келет. Маселе өкмөттө да бир нече ирет көтөрүлүп, айыппулду көбөйтүү тууралуу сунуштар айтылган. Президент жана премьер-министр саясий партияларды санитардык эрежелерди сактоого чакырышкан.

Статистика акыркы күндөрү Кыргызстанда вируска чалдыккандар улам көбөйүп жатканын көрсөтүүдө. 29-сентябрга карата COVID-19 илдети лабораториялык жол менен 167 кишиден жаңы аныкталды. Илдет жуккандардын саны боюнча Баткен, Жалал-Абад, Ош облустары алдыда. Пандемия башталган март айынан бери 1064 адам вирустун курмандыгы болду. Марттан бери илдет жугузуп алгандардын саны 46522 кишиге жетти. Расмий эсеп боюнча учурда 761 бейтап ооруканаларда, 1484 киши үй шартында дарыланууда. Анын 42 761и айыгып чыкканы айтылды. (NT)

XS
SM
MD
LG