Ирандын бийлиги 26-июлда Жакынкы Чыгыштагы Американын аскердик базалары жайгашкан мамлекеттерге сокку урууну токтотту. Тегеран буга Вашингтон экинчи түн Иранга сокку урбаганын жүйө келтирди.
Тегеран эгер америкалыктар чабуулдарды кайра баштаса, согуштук аракеттер күчөшү мүмкүндүгүн эскертти.
Ирандын өкүлдөрү муну менен өздөрүнүн өнөктөшү болгон йемендик хусилерди жана алардын Кызыл деңиздеги кеме кыймылына, негизинен Сауд Арабиянын портторуна коркунуч тууралуу эскертүүлөрүн эске салды.
АКШ Иранга дээрлик эки жума бою сокку урду. Буга жооп иретинде Иран америкалык аскердик базалар жайгашкан өлкөлөргө, биринчи кезекте Катарга, Бахрейнге жана Иорданияга чабуул коюп жатты.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
АКШ - Иран: Иордания, Кувейттеги базаларга чабуул болду
АКШ акыркы эки түн бою Иранга сокку урган жок. Бул Америка президенти Дональд Трамп менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Вашингтондо пландалган жолугушуусун утурлай болду.
Нетаньяхунун сапары америкалык жана израилдик армия Иранга карата кеңири аскердик аба кампаниясын баштагандан беш айдан кийин ишке ашканы турат. Тараптар апрелде элдешүү келишимин түзүп, Иран менен Израилдин ортосунда чабуулдар токтогон. Бирок АКШ менен Иран маал-маалы менен бири-бирин аткылап келаткан. Акыркы чыңалуу эки апта мурда башталып, Вашингтон Иранга сокку ура баштаган.
CNN каналына вице-президент Жей Ди Вэнс жана генерал, Штаб башчылардын бириккен комитетинин төрагасы Дэн Кейн билдиргендей, Ак үйдө Трамп менен жолугушууда жаңжалдын курчушунун кесепеттерине байланыштуу тынчсыздануу айтылды.
Ошол эле маалда Пентагон америкалык күчтөр мыкты камсыздалганын белгилеп келет. Мекеменин өкүлү Шон Парнелл CNN каналына "америкалык аскерлердин мүмкүнчүлүгү чоң" экенин айтты.
26-июлда Ак үйдөгү билдирүүсүндө Трамп Иранга каршы толук масштабдуу операцияларды калыбына келтирүү маселесин чече электигин жарыялады. Ал Ирандын алдында келишимге келүү же мындан да катуу соккуларга кабылуу тандоосу турганын кошумчалады.
Дагы караңыз
NYT: Коргонуу ракеталарынын таңсыктыгынан Трамп Иран менен согушту күчөтүү планын артка жылдырдыЖекшембиде Ирандын мамлекеттик телеканалдары аскерлер Ормуз кысыгынан өтүүгө аракеттенген алты кемени токтотконун кабарлашты.
Кошмо Штаттар өз кезегинде Ирандын портторунун блокадасын кыйгап өтүүнү көздөгөн кемелерди токтотуп жатканын билдирүүдө.
Ормуз кысыгындагы кеме кыймылына тоскоолдук июлдун ортосунда АКШнын Иранга каршы соккуларынын калыбына келүүсүнө себеп болгон.
Кийинчерээк Вашингтон Иранды блокадага алуу аракетин да жандандырган. Мындан кийин Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Ормуз толук бөгөттөлгөн июндагыдай абалга кайтты.
Иран. Бандар-Аббас порту. 22-май, 2026-жыл
Тегеран кысыктагы кеме кыймылынын "жалпы принциптери" тууралуу Оман менен сүйлөшүүлөрдө жылыш болгонун билдирген.
Негизинен Оман менен Иран Ормуз аркылуу кемелердин өтүшү үчүн жыйым киргизүү маселесин талкуулай турганын жарыялады. Вашингтон муну менен макул эмес.