Аксыда сел бир нече кишини агызып кетти

Иллюстрациялык сүрөт.

12-июлда саат 20:00 чамасында Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу жайлоолордун биринде катуу жааган жамгырдан сел жүрүп, жети кишини агызып кетти. Алардын бешөөнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөгөн Султанмуратов билдирди.

"Саат 22:00дө беш кишинин сөөгү табылды, экөө изделип жатат", - деди Султанмуратов.

Издөө иштерин ӨКМдин Аксыдагы бөлүмүнүн куткаруучулары жана жергиликтүү эл жүргүзүүдө. (TB)

Дагы караңыз Аксы: сел бир үйдөн алты өмүрдү алды

Дагы караңыз

Кербен шаарынын мэри үчүнчү ирет шайланган жокШаардык кеңештерге өткөн партияларга 24-июлга чейин мандаттар берилетТүркмөнстан: Президенттин уулу вице-премьерликке дайындалдыКытайдын Sinopharm вакцинасы Ошко жеткирилди