Ала-Тоо аянтындагы спортчуларга сый

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында байге алган Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова баштаган кыргызстандык спортчулар жана алардын машыктыруучулары Бишкекке келди. Спортчуларды тосуп алуу салтанаты Ала-Тоо аянтында уюштурулуп, ага президент Садыр Жапаров баштаган бир катар расмийлер, шаар тургундары катышты.