Арктика үчүн күрөш: Кытай менен Орусия алакасын арттырууда

АКШнын Жээк күзөт кызматы Арктикадагы Кытай кемелеринин кыймылына көз салып келет. (Архивден алынган сүрөт)

Жакында Санкт-Петербургда Кытай менен Орусиянын өкмөт башчыларынын жолугушуусунда Арктикадагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду. Бул аймакта Бээжин менен Москва АКШ жана анын өнөктөштөрү менен барган сайын күчтүү жарышка түшүп жатышкандай.

21-октябрда өткөн кезектеги жолугушуудан кийин Кытай менен Орусия биргелешкен билдирүү таратты. Анда эки өлкө Арктика аркылуу өткөн деңиз жолдорунда жүк ташууну көбөйтүү, уюл аймактарында жүрүүгө ылайыкталган кемелерди биргелешип куруу жана «Арктикадагы кызматташтыкка катышкан эки өлкөнүн ишканаларына көмөк көрсөтүү» ниетин билдиришти.

Бул билдирүүнүн мазмуну кадимкидей көрүнгөнү менен, ал дүйнөдөгү стратегиялык жактан маанилүү аймактардын биринде Кошмо Штаттардын эки негизги атаандашынын жакындашып баратканын көрсөтөт.

Арктиканын аянты 14,5 миллион чарчы чакырымды түзөт. Аляска штаты дал ушул аймакта жайгашкандыктан АКШ Арктика өлкөлөрүнүн бири болуп саналат. Жалпысынан мындай сегиз мамлекет бар. Алардын катарында Орусия да болгону менен, Кытай жок.

Арктика өлкөлөрү деп бул чөлкөмдө өз аймагы бар жана аны башкарууга, коргоого жооптуу мамлекеттер аталат.

Бирок дүйнөлүк таасирин кеңейтүүнү көздөгөн Бээжин Арктикада экинчи пландагы ролго ыраазы эмес.

2014-жылы Кытайдын лидери Си Цзиньпин өлкөсү 2030-жылга чейин «уюл аймактарындагы улуу державага» айланууну көздөөрүн жарыялаган.

Ошондон бери Кытай Арктикага аралашуусун күчөтүп жатат. Ал аймакка, негизинен Орусиянын жаратылыш ресурстарын иштетүү долбоорлоруна, ири инвестицияларды салды.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Тышкы иштер комитетинин 2022-жылдагы эсебине ылайык, Кытай 2003-жылдан бери Арктикага 90 миллиард доллар инвестиция салган.

2022-жылы Орусия Украинага каршы кеңири масштабдагы баскынчылык согушун баштагандан кийин Москва менен Бээжин Арктикада биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрө баштады.

Мындан тышкары, Кытай мамлекет каржыланган Арктикадагы илимий экспедицияларын көбөйттү. Буга чейин мындай 16 ири экспедиция уюштурулган.

Дагы караңыз

Москва сүйлөшүүгө даяр экенин айтууда. Киевге басым күчөп жатабы?

«Кытай мүмкүн болушунча таасирдүү держава болууну каалайт. Ошондуктан ал дүйнөнүн мүмкүн болушунча көп аймактарына аралашууга умтулууда», - деди Канадада жайгашкан Түндүк Америка жана Арктиканын коргонуу жана коопсуздук тармагынын изилдөөчүсү Серафима Андреева «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна.

Кошмо Штаттардын Виржиния штатындагы CNA корпорациясынын Кытай-Орусия мамилелери жана уюл аймактары боюнча эксперти Элизабет Вишник да бул маселеге токтолду.

«Арктика Кытай толук кийлигише албаган дүйнөдөгү жалгыз аймак», — деди ал маегинде.

2018-жылдан бери Бээжин өзүн «Арктикага жакын мамлекет» деп атап келет. Муну менен Кытай бул аймакка узак мөөнөттүү кызыкчылыгы бар экенин көрсөтүүнү көздөйт.

Бирок АКШ Кытайдын мындай макамга болгон дооматын кескин четке кагып келет. Анткени Кытайдын эң түндүк аймагы Арктика алкагынан болжол менен 1450 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Орусия да Кытайдын мындай дооматына ишенбөөчүлүк менен карайт. Бирок 2014-жылы Крымды аннексиялап, Батыштын алгачкы санкцияларына туш болгондон бери Москва Бээжинге барган сайын көбүрөөк көз каранды болуп калгандыктан анын Арктикага байланыштуу мындай позициясына чыдап келет.

Улуттук коопсуздукка байланыштуу кооптонуулар

Арктика Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздугу үчүн бир нече себептен улам өзгөчө маанилүү.

Биринчиден, Аляска АКШнын ракетадан коргонуу системасында негизги орунду ээлейт. Бул штатта алыс аралыкка учуучу баллистикалык ракеталарды АКШнын негизги аймагына жеткирбей кармап калууга багытталган маанилүү аскердик инфраструктура жайгашкан.

Мындан тышкары, Аляска Арктикада да, Инд-Тынч океан аймагында да АКШнын аскердик авиациясынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүчү стратегиялык борбор болуп саналат.

Экинчиден, Дания Королдугунун курамындагы автономиялуу Арктика аймагы деп саналган Гренландия АКШ жана НАТО үчүн ракеталык чабуулдарды алдын ала аныктоодо жана космос мейкиндигин көзөмөлдөөдө маанилүү таяныч болуп эсептелет.

Дагы караңыз

АКШнын Иранга каршы чаралары. Борбор Азия Кытайга ыктай баштайбы?

Бул ири аралда аскердик техника жана курал-жарак системаларын өндүрүү үчүн зарыл болгон маанилүү минералдардын да чоң запастары бар.

Арктиканын АКШнын улуттук коопсуздугу үчүн маанисин эске алганда, Кытайдын бул аймакта Орусия менен биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүшү Вашингтондун тынчсыздануусун жаратууда.

2024-жылдын июль айында эки өлкөнүн стратегиялык бомбалоочу учактары Беринг деңизинин үстүндө биргелешкен күзөт жүргүзүп, биринчи жолу Аляскага жакын аба мейкиндигине кирген.

АКШ менен Канаданын аскердик учактары аларды тосуп чыгышкан.

«Бул жерде эч кандай жаңылыштык деген жок. Бул чыңалуунун күчөшү. Орусия менен Кытай биринчи жолу биргелешкен бомбалоочу учактар тобун Алясканын абадан коргонууну аныктоо аймагына жөнөттү», — деп билдирген АКШнын Аляска штатынан шайланган сенатору Дэн Салливан ошол машыгуудан кийин.

Сенатор Алясканын абадан коргонууну аныктоо аймагын (ADIZ) айтып жатат. Бул улуттук коопсуздук максатында учактарды таануу, алардын кайда экенин аныктоо жана кыймылын көзөмөлдөө талап кылынган атайын аба мейкиндиги.

Кытайдын илимий изилдөөлөрү

2024-жылы өткөн ири масштабдагы «Океан-2024» аскердик машыгуусунун алкагында Кытай менен Орусия биринчи жолу Түндүк Муз океанында биргелешкен аскердик-деңиз күзөтүн жүргүзүштү.

«Бул аракеттер сөзсүз эле Кытайдын Арктикада аскердик күчтөрүн жайгаштыруу дымагынан улам жасалып жаткан жок. Алардын негизги максаты Орусия менен тыгыз мамилесин бекемдөө болушу мүмкүн», — деди Норвегиянын Коргонуу изилдөөлөр институтунун Кытай боюнча улук эксперти Ю Инге Беккеволд «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна.

Анын айтымында, Бээжин Аляскадагы АКШнын аскердик аракеттерине да кылдат көз салууга кызыкдар.

«Аляска Тынч океандын батыш бөлүгүндөгү АКШ менен Кытайдын атаандаштыгында стратегиялык жактан өтө маанилүү орунду ээлейт. Албетте, бул жагдай Кошмо Штаттарды тынчсыздандырат», — деди эксперт.

Кытай аскердик машыгуулардан тышкары, илимий изилдөө жүргүзүү үчүн да Арктикага кемелерин жөнөтүп келет.

Быйыл июль айында Кытай Түндүк Муз океанына 16-илимий экспедициясын баштады. Бул жолу өлкө тарыхында биринчи жолу Арктикага бир эле учурда төрт илимий изилдөө кемесин жөнөттү.

Бул кемелер Беринг деңизиндеги Кошмо Штаттардын өзгөчө экономикалык аймагы аркылуу өтүштү. Мындан улам АКШнын Жээк күзөт кызматы алардын кыймылына кылдат байкоо жүргүздү.

Дагы караңыз

Самарканд декларациясы: Экономика, энергетика жана коопсуздук

«Биз Пентагон, Мамлекеттик департамент жана эл аралык өнөктөштөрүбүз менен биргеликте атаандаштык барган сайын күчөп жаткан Арктикадагы башка мамлекеттердин аракеттерине жигердүү жооп кайтарып жатабыз», — деди АКШнын Жээк күзөт кызматынын Арктика округунун командачысы, контр-адмирал Боб Литтл июль айындагы билдирүүсүндө.

Айрым америкалык коргонуу кызматкерлери Кытайдын илимий кемелериндеги жабдуулар жарандык гана эмес, аскердик максатта да колдонулушу мүмкүн экенин айтууда.

Алардын пикиринде, мындай жабдуулар деңиз түбүндөгү стратегиялык маанилүү инфраструктуранын картасын түзүүгө же суу астындагы кемелердин кыймылын көзөмөлдөөгө пайдаланылышы мүмкүн.

«Алар ал жакка тюлендер менен ак аюуларды изилдегени барган жок. Алар деңиз түбүнүн тереңдигин жана түзүлүшүн изилдеп, НАТОнун деңиз үстүндөгү жана суу астындагы мүмкүнчүлүктөрүнө кантип каршы тура аларын аныктоого аракет кылып жатышат», - деди АКШнын Европадагы күчтөрүнүн командачысы жана НАТОнун Европадагы бириккен күчтөрүнүн башкы командачысы Алексус Гринкевич январда Швецияда өткөн конференцияда.

Кытайдын узак мөөнөттүү стратегиясы

Кытай жетекчилигинин Арктикага байланыштуу чоң дымагына карабастан Бээжин бул аймакта иш алып барууда бир катар олуттуу тоскоолдуктарга туш болууда.

Эң негизгиси Кытай Арктика кеңешинин мүчөсү эмес. Бул кеңеш Арктикага байланыштуу маселелерди талкуулаган өкмөттөр аралык негизги уюм.

Кеңешке мүчө сегиз мамлекеттин бири да Бээжиндин Арктиканы бүткүл дүйнөгө тиешелүү жалпы аймак катары кайра аныктоо демилгесин колдобойт.

Кытай 2013-жылдан бери Арктика кеңешинде байкоочу макамга ээ. Бирок бул макам ага добуш берүү же чечим кабыл алуу укугун бербейт.

Арктика кеңешине кирген сегиз мамлекеттин ичинен болгону Орусия Кытай менен тыгыз мамиледе.

Вашингтон болсо Бээжиндин негизги атаандашы. Калган алты мамлекет — Канада, Норвегия, Швеция, Дания, Финляндия жана Исландия Американын жакын өнөктөштөрү.

Ошондуктан, CNA корпорациясынын эксперти Элизабет Вишниктин айтымында, «Орусия Кытайдын Арктикадагы ишмердигине жол ачып же чектеп турган негизги мамлекет бойдон калууда».

Бээжин менен Москванын Арктикадагы кызыкчылыктары айрым жагынан дал келгени менен, алардын кызматташтыгынын артында пикир келишпестиктер да бар.

«Албетте, Кытай менен Орусиянын Арктикадагы максаттары ар башка. Орусия Арктика мамлекети. Ал эми Кытай Арктика мамлекети болууга умтулууда. Бул өзүнөн өзү кызыкчылыктардын кагылышуусун жаратат. Украинадагы биринчи согушка чейин Орусия Кытайдын Арктикага кийлигишүүсүнө каршы чыгып келген. Геосаясий кырдаал өзгөрдү, бирок негизги карама-каршылыктар өзгөргөн жок», — деди Вашингтондогу Стимсон борборунун Кытай программасынын директору Юн Сун маегинде.

Дагы караңыз

Москва Батышты Борбор Азиядагы "кырдаалды туруксуздаштырууга" айыптады

Кытайдын Арктикадагы эң ийгиликсиз аракеттеринин бири Гренландияда болду.

2016–2018-жылдары кытайлык компаниялар Гренландиядагы үч аэропортту жана мурда аскердик-деңиз базасы катары колдонулган, кийин жабылган объектини сатып алууга аракет кылышкан.

Бирок АКШнын катуу басымынан кийин Дания бул объектилердин кытайлыктарга сатпай койгон.

Натыйжада стратегиялык мааниге ээ бул инфраструктура Даниянын көзөмөлүндө калган.

Мындан тышкары, АКШнын расмий өкүлдөрү Гренландиядагы сейрек кездешүүчү жер элементтеринин Танбриз (Tanbreez) кенин кытайлыктарга сатылышына жол бербөөгө жетишкен.

Акыры бул кенди Нью-Йоркто жайгашкан Critical Metals Corp компаниясы сатып алган. Сатып алуу келишими 2026-жылдын апрель айында толук аяктаган.

Сентябрь айында АКШ, Дания жана Гренландия коопсуздук боюнча үч тараптуу келишимге кол коюшту. Бул документ Вашингтон менен Копенгагендин ортосунда 1951-жылы түзүлгөн келишимди жаңылайт.

Жаңы келишимдин негизги максаты Кошмо Штаттар менен НАТОнун атаандаштарынын Гренландияда өз таасирин орнотуусуна жол бербөө.

Ага ылайык, НАТОго мүчө болбогон өлкөлөргө, атап айтканда, Кытай менен Орусияга Гренландиянын аймагында аскердик базаларды курууга же аскерлерин жайгаштырууга тыюу салынат.

Келишим АКШнын Гренландиядагы аскерлеринин көбөйүшүнө да жол ачат. Анын алкагында Питуффик (Pituffik) космостук базасын кеңейтүүгө жана жаңы аскердик объектилерди курууга уруксат берилет.

Ошол эле учурда келишим НАТОго жана Евробиримдикке кирбеген өлкөлөрдүн стратегиялык маанилүү тармактарга түз инвестиция салышын кескин чектейт. Бул тармактарга маанилүү минералдарды казып алуу, порттор жана телекоммуникация кирет.

Кытай автоматтык түрдө «X беренесине ылайык инвестор» (Article X Investor) категориясына киргизилген. Бул кытайлык компаниялардын Гренландия рыногуна эркин кирүүсүнө жол ачылбай, тескерисинче, алардын инвестицияларына башынан эле чектөө коюу караларын билдирет.

Эң маанилүүсү бул келишим туруктуу мүнөзгө ээ. Анда Гренландия келечекте көз карандысыз мамлекет болуп калса да, жаңы мамлекет келишимде каралган коопсуздук милдеттенмелерин аткарууга тийиш экени белгиленген.

«Кытайдын Гренландияда аракеттенүү мүмкүнчүлүгү буга чейин эле чектелүү болчу. Эми жаңы келишим анын бул аймакта иш алып баруусуна олуттуу тоскоолдук жаратат», — деди Түндүк Америка жана Арктиканын коргонуу жана коопсуздук тармагынын эксперти Серафима Андреева.

Ошого карабастан, талдоочулар Бээжин Арктикага болгон кызыгуусун жоготпойт деп эсептешет. Анткени бул аймактын геостратегиялык мааниси барган сайын өсүүдө.

Климаттын тез өзгөрүшүнөн улам Арктикадагы муздар эрип, жаңы түндүк деңиз жолдору ачылууда. Бул жолдор Азия, Европа жана Түндүк Американын ортосунда жүк ташууга кеткен убакытты кыскартууга мүмкүнчүлүк берет.

Жаңы деңиз жолдору Суэц каналы же Ормуз кысыгы сыяктуу коопсуздук жагынан тобокелдиктери бар түштүк багыттарга альтернатива боло алат.

«Кытай үчүн Арктика Инд-Тынч океан же Тынч океандын батыш бөлүгү сыяктуу эле коопсуздук жаатындагы негизги артыкчылыктуу аймак эмес. Арктика бул келечекти пландоо маселеси. Болжол менен 10–20 жылдан кийин, балким андан да эртерээк, Арктикадагы муздар эриген сайын бул аймакты келечекте ким жана кандай башкарат деген маселелер алда канча актуалдуу болуп калат»,- деди Австралиядагы Лоуи институтунун штаттан тышкаркы илимий кызматкери Бобо Лу «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна.

Макаланын автору: Matthew Fulco

Кыргызчага которгон: Элиза Кененбаева