"Аял эт эмес". Активисттердин нааразылыгы, муфтияттын жообу

Аялдарды, балдарга каршы зомбулукту токтотууну талап кылган акция. Бишкек шаары. 8-июль, 2022-жыл.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Бишкек шаарынын Свердлов районунун башкы имам-хатиби Садыбакас Дооловдун сөзү боюнча чыгарган корутундусуна жарандык активисттер макул эмес. Алар муфтият имамдын сөзүн Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык териштирүүгө тийиш деп эсептешет.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) Свердлов районунун башкы имамы Садыбакас Дооловдун социалдык тармактарда талкуу жараткан видеосу боюнча териштирүү жүргүзгөн.

Муфтият имамдын "эт аялдын денеси ачык болгону үчүн кымбаттады" деген сөзүн үч критерий менен талдаган. "Аягында Доолов шариятты бузган эмес, саясатка аралашкан жок жана жеке кадыр-баркка шек келтирген эмес" деген корутунду чыгарган.

Билдирүүдө “учурда Садыбакас ажы Доолов менен баарлашуу иштери жүргүзүлүп, элге анын сөзүнүн мааниси толук жетпей калганы айтылды”, - деп жазылган.

Садыбакас Доолов.

Имам өзү да "Азаттыкка" социалдык тармактарда тараган видеодогу сөзү "контексттен үзүлүп, мааниси бурмаланып калганын" айтты.

Муфтияттын жообу жарыяланары менен кайра талкууга түштү. Социалдык тармактарда муфтият "бардык жоопкерчиликти аялдарга түртө салды" деген сын күчөдү.

"Аялды гана күнөөлөмөй адат болуп калды"

Журналист, блогер Аскер Сакыбаева муфтияттын имамды колдоп чыкканы өкүндүргөнүн айтты:

Аскер Сакыбаева

"Муфтият толугу менен Дооловду колдоп чыкты. Бул жакшы көрүнүш эмес. Тескерисинче муфтият чаласабат, сөзү чоркок имамдарга жок дегенде эскертүү бериши керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок. Аялдардын кийимине асылууну диний аалымдар адатка айландырды. Бардык жамандыкка аялдарды күнөөлөп, жоопкерчиликтен качкан көрүнүштөр катталууда. Мунун арты жакшылыкка алып келбейт. Биздин молдокелерибиз көбүрөөк окуп, дүйнө таанымын өстүрсө жакшы болмок".

Дооловдун аялдын этин базардагы эттин баасына салыштырган видеосу 6-июлда социалдык тармактарга жарыяланган. Буга коомчулук катуу реакция жасаган.

8-июлда Свердлов райондук сотунун алдында өткөн "Аял эт эмес" деген митингге да имамдын ушул видеосу түрткү болгон.

Жарандык активист Умай Арыкова менен журналист Махинур Ниязова дин ишмеринин сөзүн “аялдардын укугун басмырлоо” деп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине жана Башкы прокуратурага арызданган. Ниязованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, азырынча күч түзүмдөрү жооп бере элек.

"Мыйзам чегинде чечмелөөгө тийиш болчу"

Махинур Ниязова имам Садыбакас Дооловдун сөзүн териштирген муфтияттын чечимин да сындады.

Махинур Ниязова

"Коомчулук муфтияттан Дооловдун сөзү шариятка туура келеби деп сураган эмеспиз, муфтият имамдын аялдардын баасын эттин баасына теңеген имамдын сөзү Кыргызстандын мыйзамдарын, адам укуктарын канчалык деңгээлде бузду?" деп сураганбыз. Бул чечими менен муфтият аялдарды адам катары санабай турганын көрсөттү. Доолов сыяктуулардын билдирүүлөрү Конституцияга каршы келет, мындай билдирүүлөр мамлекеттик түзүлүштүн кулашына негиз бериши мүмкүн. Башкасын айтпаганда да, имамдын сөзү Кылмыш кодексинин 189 "Адамдын тең укуктуулугун бузуу" беренесине туура келет".

Махинур Ниязова учурда динге жамынып алып, башка көз караштагы адамдарды басмырлап сүйлөө коомчулукту коркунучка кептеп жатат деп эсептейт:

"Биз динзарлардын ишенимин, укугун сыйлап аткандай эле, алар дагы атеисттерге сый мамиле кылсын. Тескерисинче, бүгүн Кыргызстан байистүү өлкө экенин эстен чыгарып, радикалдашуу күч алды. Радикал көз караштагылар бийликте да, парламентте да көбөйүп жатат. Ошондуктан, коомчулук мындай көз караштарга, сөздөргө каршы чыгып, тыйып, жол бербешибиз керек".

Активист Жакшылык Матанов кыргыз коомунда айтылган сөздүн мааниси жоголгонун, имамдын сөзү да бурмаланып калганын айтты:

"Кыргызда кыйыр маани, куйкум сөз менен сүйлөө маданияты байыртан бар. "Керегем сага айтам, келиним сен ук" деген жок жерден чыккан эмес да. Бирок акыркы убакта коомчулукта кимдир бирөөнүн айткан сөзү түптүз кабыл алына баштады. Азыр "аялдардын баасын эттин баасына салыштырды" деп баары жаман көрүп жаткан имам Садыбакас Дооловдун сөзү дагы кыйыр мааниде айтылганына карабай, түз кабыл алынып, коомчулукта туура эмес пикир жаралып калды. Динди билгени да, билбегени да, сөздү түшүнгөнү да, түшүнбөгөнү да акылдуу болуп чыга келип, жаат-жаатка бөлүнүп айтыша баштады".

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылы Кыргызстанда 604 зордуктоо фактысы катталса, анын 53% кылмыштын курамы жок табылып токтотулган, 254 адам уурдоо фактысы катталып, анын 84% кылмыштын курамы жок деген себеп менен кыскартылган.

2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга 9038 убактылуу коргоо ордери берилген болсо, анын 8463ү аялдарга, 264ү жашы жете электерге тиешелүү.

2022-жылдын биринчи беш айында эле өлкөдө расмий катталган үй-бүлөлүк зомбулук фактылары 3988ге жетти.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Талкуулап эле кала беребиз". Тыйылбаган педофилия