Улукбек Марипов санариптик форумга катышты

Улукбек Марипов.

Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов "Almaty digital Forum - 2021" санариптик форумунун «Санариптик кайра жүктөө: жаңы реалдуулуктагы базар» деген аталыштагы жалпы отурумуна катышып, сөз сүйлөдү. Ал санариптик өнөр жайды Еразиялык экономикалык комиссия жана анын мүчөлөрү үчүн пайдаланууну сунуштады.

Премьер-министр Марипов Алматы шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына да катышты. Кеңешменин жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигине мүчө-өлкөлөрдүн кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүнүн ургаалдуу маселелери каралды.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча интеграциялык кызматташтыкты күчтөндүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Кеңешменин алкагында Марипов мырза Беларус, Өзбекстан, Армения, Казакстан жана Орусиянын өкмөт башчылары менен жолугушту. (ZKo)

Дагы караңыз

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт Сегизбаев абактан бийликке кайрылдыЖерүйдөгү экологиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик комиссия түзүлөтЧехия “Sputnik V” вакцинасын жактыруу боюнча венгр тажрыйбасына кызыгуудаКабулдагы жардыруу индус диний азчылыгынын мүчөлөрүн жарадар кылдыТүркия Кыргызстанга 5000 ПЧР тест бердиПрезидент Жапаров өкмөттү бир беткей сындагандарга жооп кайтарды