Балкандагы чакан Косово жумурияты – коронавируска каршы эмдөө программасын баштаган Европадагы акыркы өлкө болуп калды. Ал “COVID-19” илдетине каршы вакцинанын алгачкы дозаларын сырттан алды.
Косово 28-мартта “COVAX” демөөрчүлүк программасы аркылуу “AstraZeneca” вакцинасынын 24 миң дозадан турган биринчи үлүшүн алды.
Дагы караңыз
COVID-19: «AstraZeneca» үчүн жашыл жарык
Балкандагы мурдагы Югославиянын бөлүгү болгон бул өлкө жогорудагы эл аралык демөөрчүлүк программасы аркылуу жалпы 100 800 дозада вакцина алат.
Премьер-министр Албин Курти өкмөт эмдөө иштерин дароо жүргүзө баштай тургандыгын билдирди.
Албания Косовонун 200дөй дарыгерин "COVID-19" илдетине каршы эмдеди. Кукес шаары, Албания. 2021-жылдын 20-марты.
46 жаштагы Курти мырза Косово бай мамлекетке жатпастыгын айтып, өлкө коронавируска каршы күрөштө эл аралык коомчулуктун, – айрыкча АКШ жана Европа Биримдигинин, – көмөгүнө өзгөчө муктаж экендигин баса белгиледи.
Дагы караңыз
Ооганстан COVAX аркылуу вакцинанын алгачкы дозасын алды
Быйылкы 14-февралдагы парламенттик шайлоодон кийин Косовонун саламаттык сактоо министри кызматына жаңы эле киришкен Арбен Вития мырза биринчи кезекте өлкө дарыгерлери эмдөөдөн өтө тургандыгын айтты.
Вашингтон жана Брүссел – «COVAX” программасына салым кошкон негизги демөөрчүлөр. (TT)