Талдоочулар бийликтин мындай аракетин сын-дооматтарга ачык жооп берүүнүн ордуна күч колдонуу деп мүнөздөсө, айрымдары активисттин билдирүүлөрүндө мыйзам бузуу болгонун айтууда.
ИИМдин расмий маалыматы
Оппозициячыл активист Сыргак Кенжебаев кармалганын 13-октябрда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди. Мекеме аны "алдамчылык боюнча жоопкерчиликтен качып жүргөн жаран" деп атап, ал жапырт башаламандыкка чакыра баштаганын маалымдады.
ИИМдин Тергөө кызматы жапырт башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтеп жатканы, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында чет мамлекеттин аймагында К.С. аттуу жаран кармалганы кабарланды.
"Тергөөнүн маалыматына ылайык, буга чейин К.С. биргелешкен ишкердик жүргүзүү шылтоосу менен жабырлануучу М.Н. аттуу жарандын 150 миң АКШ долларын алдап алып кеткен. Бул факты боюнча ага издөө жарыяланган. Кыргызстандын аймагынан тышкары жүргөн учурда К.С. интернет булактарына чагымчыл мүнөздөгү материалдарды жарыялап, митингдерди жана массалык башаламандыкты уюштурууга, андан соң бийликти басып алууга чакырган материалдарды тарата баштаганы аныкталган. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренесинин жана 278-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон", - деп айтылды ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Кенжебаев чет мамлекеттин аймагында кармалып, Кыргызстанга жеткирилгени айтылды, бирок кайсы өлкөдөн экени маалымдалган жок. Шектүү Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени белгилүү болду.
Азырынча Кенжебаевдин жакындары жана адвокаттары менен байланышуу мүмкүн боло элек.
Бийликти сындаган билдирүүлөр
Кенжебаев соңку күндөрү социалдык тармактар жана Ютуб аркылуу чыккан "Шумкар" деген топтун катарында бийликтин иш-аракеттерин сындап келет. Өзүн оппозициялык кыймыл деп атаган топто «Кумтөрдүн» мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк, активисттер Самат Кушбек жана Айдар Раев бар. Алар Кыргызстанда актуалдуу болуп жаткан маселелер тууралуу пикирлерин айтып турушат.
Быйыл 7-августта Ютубга чыгып, башка соцтармактарга да таратылган видео кайрылууда Сыргак Кенжебаев бийликтин "көмүскө кеңсеси" бар экенин, аны президенттин жакындары башкарарын айткан. Ал президенттин агасы Сабыр Жапаровдун атын атаган жана ал аркылуу бийлик башындагылардын жакындары мамлекеттик маанилүү тармактарды, өзгөчө бажы жана логистикалык схемаларды көзөмөлдөп келатканын кошумчалаган. "Көмүскө кеңсе" мамлекеттик органдардын ишине кийлигишип, "өлкөнү мыйзамдар менен эмес, жеке кызыкчылыктар жана түшүнүктөр менен башкарып атканын", аткаминерлер президенттин жакындарынын буйруктарын аткарууга аргасыз болуп жатканын айткан. "Көмүскө кеңсени" таратууну талап кылган.
Өзүнүн билдирүүсүнө ал кандайдыр бир далилдерди келтирген эмес. Президенттин айрым жакындары менен чогуу түшкөн сүрөт, видео көрсөткөн. "Көмүскө кеңсенин" ишмердүүлүгү, логистика жана бажыга байланышкан документтерди, мыйзамсыз схемаларды, сүрөт жана видео далилдерди кийинки чыгарылыштарда ашкерелей турганын билдирген.
Активист Самат Кушбек айтылган сынга жооп болгон жок деген пикирин "Азаттыкка" билдирди.
"Биз факты менен келтирип жаткан жүйөлөргө так жооп бербестен, элдин алдына чыгып алып: «булар оорукчан, калпты ышкыртып атат» деп жатат. Сыргак Кенжебаев бир жарым жыл Садыр Жапаровдун байкеси Сабыр Жапаровдун жанында жүргөм деп айтып келди. Мындайча айтканда, жанынан көрүп, Кыргызстандын бийлиги, Жапаровдун кланы кантип башкарып атканын, офис деген эмне экенин кыргыз элине жарыялап бердик. Бийлик чындыкты айтып жаткан кишини башаламандык деп камап жатат".
Дагы караңыз
"Көмүскө кеңсе". Чуулгандуу видео, "Ынтымак-Ордонун" жообуБийлик Кенжебаев жана башка сырттагы активисттердин сын-дооматы боюнча бир нече жолу жооп берип, алардын аракетин “негизсиз каралоо” деп келет.
"Аларга таарынуунун кереги жок..."
Бул риториканы президент Садыр Жапаров өзү да бир нече жолу кайталаган.
“Тескерисинче, менин туугандарым мага келип, мурдагылардын катасын кайталабайлы, элдин алдында жүзүбүз карайып калбасын деп, кайсы министрликте уурулук болуп жатса, мага келип айтат. Эми башка жалгандарына жооп берип, убактыбызды кетирбей эле коёлу. Алар жалганчы болсо деле биздин жарандар экен. Башка өлкөлөр жакшы жаранын бербейт. Аларга таарынуунун кереги жок. Деңээли ошол. Алардын ичип-жеп атканын баарын алып мамлекетке төктүрүп, өзүн четтетип койгондон кийин эптеп-септеп революция болуп кетсе, мен келип баягы жерди ээлеп, баягыны күрөп жесем деген эле адамдар деп билип койгула”, - деп президент 12-октябрда Баткен облусунда эл менен жолугушуу учурунда айтты.
Кенжебаевден башка соңку жылдары “жапырт башаламандыкка” айыпталган бир топ активист, саясатчы жана башка жарандар болду. Бийлик мындай көрүнүштөрдү жоопкерчилик жана мыйзам талабы менен түшүндүрсө, жарандык коом муну чектөө катары кабыл алып, сындап келет.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров соңку кезде өз дарегине айтылган сынды президенттик шайлоо алдындагы "кара пиар" деп атаган. Мындай пикирин ал 11-сентябрда Талас шаарындагы борбордук мечитти ачкан учурда айткан. Мамлекет башчы менен жолуккан дин ишмерлери президентти эл арасында айтылган сөздөргө көңүл бурбоого чакырышкан.
"Эл бузарлар тигил, бу деген сөздөрдү айтып жатышат. Эч кайсынысына көңүл бурбай, ушул бойдон кете бериңиз, эл сиз менен", - деди жолугушууга катышкандардын бири.
Дагы караңыз
"Шайлоо алдындагы кара пиар". Президент Жапаровдун Таластагы билдирүүсүАга жооп берген Жапаров "шайлоо алдындагы кара пиар" тууралуу айткан:
"Ар бирине жооп берип, алышып отура берсем мындай жыйынтыкка жете албайт элем. Анда кетип бараткан жолубуздун аягына чыга албай калабыз. Иттер үрө берет, кербен жүрө берет. Кудай мээни, акыл-эсти берген. Ойлоп, талдап ишенгени ишене берсин. Бул эми шайлоо алдындагы кара пиар деп эсептегиле. Эмнеге былтыр, мурдагы жылы айтышпайт. Шайлоого үч ай калганда ар нерсени айтып, жомок токуп жатышат", - деди Жапаров.
Президент коомдо дагы эле саясий туруксуздук уюштурууну каалагандар бар экенин 9-сентябрда Жогорку Кеңешке баргандагы кайрылуусунда белгилеген. Президент коомчулукту туура эмес маалымат тараткандарга ишенбөөгө, аларды ээрчип кетпөөгө чакырган.
Садыр Жапаров августтун соңунда Бишкектеги “Ак-Кеме” мейманканасынын ачылышында да коомчулукту чет өлкөдө жүрүп бийликти сындагандарга ишенбөөгө чакырган. Анын алдында Кенжебаевдин, “Кумтөрдүн” мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн бийликти сындаган билдирүүлөрү чыгып жаткан. Чет жакта жашаган эколог Самат Кушбек да бийликтин ишин сындап келатат.
Мамлекет башчы журналист Али Токтакуновго берген соңку интервьюсунда президенттик шайлоодо талапкерлигин коё турганын билдирген.
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков 10-августта Сыргак Кенжебаевдин социалдык тармактарда жарыялаган видео кайрылуусуна комментарий берген.
Орунбеков Кенжебаевдин бийлик, коррупция тууралуу айткандарын "жалган, манипуляция жана курулай доомат" катары баалап, бажы тармагынын иши мыйзамдуу экенин билдирип, видео жарыялаган.
Дагы караңыз
"Ынтымак Ордонун" өкүлү бажыдагы схемалар боюнча Кенжебаевдин талаштуу видеосуна жооп берди"2020-жылга чейин бажыдан ашып кетсе 20 миллиард сомдун тегерегинде акча каражаты чогулчу. Учурда мурда бир жылдап чогулткан каражатты бир айда топтоп жатабыз. 2021-жылдан тарта киреше кескин жогорулаган, быйыл 161,5 млрд сом план коюлган. Ар бир айдагы төлөмдөр пландан ашыгы менен аткарылууда. Демек, бул тармак реформа болгон, эч кандай шек саноолор дагы болушу дагы мүмкүн эмес", - деп жазган Орунбеков.
Ал Кенжебаев мурда соттолуп, кылмыш жообуна тартылганын айтып, "чет өлкөдө жашынып алып кыргызстандыктарга кантип жашоо керектиги тууралуу лекция окубай, алгач кылган иштери үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө" чакырган.
Талдоочулардын пикири
Юрист Айдин Бакытбек уулу бул берененин колдонулушу боюнча өзгөртүүлөр каралышы керек деген пикирде:
"Бул берене боюнча көп саясатчылар жана активисттер камалып, жыйынтыгында көбү акталып чыкты. Акталгандан кийин укук коргоо органдарынын да жоопкерчилиги каралышы керек. Муну менен мен жалпысынан бийликтин бул беренеге болгон көз карашын өзгөртүү зарылдыгын айткым келет. Бийликти сындагандарга кылмыш иши козголсо да тергөө жүрүп жатканда үй камагында калтыруу жетиштүү болот, алардын коомчулук алдында күнөөсүз экенин далилдөөгө укук берилиши керек, ал эми сот ачык жүрүшү зарыл. Негизинен, коргонууга укук чектелбеши тийиш. Экинчиден, 2027-жылкы президенттик шайлоо Баш мыйзам боюнча азыркы бийликтин акыркы беш жылдыгы болгондуктан саясий күчтөрдүн да бийликке болгон мамилеси өзгөрөт, кандайдыр бир деңгээлде бийликтен коркуу сезими жана жалтануусу азаят. Муну эске алып, бийлик өз оппоненттерине улам ушул беренени тагып камай берүүнү токтотушу керек деп эсептейм”.
Дагы караңыз
Ташиевдин тагдыры, Кумтөрдү башкаруу, камалган активисттер. Жапаровдун жаңы маегиТалдоочу Руслан Акматбек бул көрүнүш эл менен бийликтин ортосундагы байланыштын көрсөткүчү дейт.
“Сапаттуу саясий анализ, экспертиза деген нерсе коомдук саясат болгон жерде болот. Өлкөбүздө коомдук саясат жок болуп калып, сапаттуу талдоо, продукт чыкпай калды. Бирок биз көйгөйлөрүбүздөн арылган жокпуз. Түрдүү багыттагы маселелер дале уланып келатат. Ошондуктан саясат иши репутациясы ар кандай, жеке таарынычы, кеги бар, түрдүү эсептешүүсү болгон адамдарга калат. Алар нааразылыгын түрдүү жолдор менен айтып чыгат да, коомдук саясат ушундай деңгээлге түшөт. Бул токтобой, улана берет. Бүгүн Асан, эртең Үсөн чыга берет. Биз коомдук саясатты нааразы болгондорду ушундай форматка түртүп койдук. Мыйзамдуу түрдө сүйлөгөндөрдү тыйып койсо, коомдук, саясий майдан ушундайларга калат. Бул ошол бойдон уланат. Бул бийлик менен коомдун ортосундагы байланыштын сапатын көрсөтөт”.
Ишкер, активист жана депутаттыкка талапкер
Алгач ишкер катары таанымал болгон 44 жаштагы Кенжебаев тууралуу маалымат жалпы коомчулукка 2019-жылдын аягында козголгон алдамчылык тууралуу ишке байланыштуу чыккан. 2019-жылы декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кенжебаевди ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шек саноо менен кармаганын билдирген. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, кытайлык инвестор анын үстүнөн арыз жазып, Кенжебаев 350 миң долларды алдап алганын айткан. УКМК мындан тышкары кошумча 250 миң доллар талап кылганы боюнча да далилдер бар экенин билдирген.
Анын камакка алынышы ошол учурда жубайы, мурдагы депутат Ширин Айтматова негиздеген "Үмүт 2020" кыймылынын коррупцияга каршы билдирүүлөрү, бийликти жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду сындап жаткан маалына туш келип, түрдүү талкууларды жараткан.
2020-жылдын 6-октябрына караган түнү бийлик алмашуу менен аяктаган окуяларда жоон топ саясатчылар менен кошо Кенжебаев да тергөө абагынан чыккан. Ошол эле жылы 12-октябрда соттун чечими менен кайра абакка кайтарылган. Качан жана кандай жагдайда бошонгону жана чет мамлекетке кеткени тууралуу маалымат жок.
Ачык булактардагы маалыматтрда Кенжебаев кесиби боюнча юрист экени, ар кыл жылдары мамлекеттик жана жеке сектордо, Инвестицияларды тартуу жана коргоо агенттигинде жетекчинин орун басары болуп иштегени жана камсыздандыруу тармагында эмгектенип, бир катар компанияларды жетектегени айтылат. 2021-жылы “Азаттык” партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан.