Борбор Азиянын Кремлдин таасириндеги мурдагы постсоветтик өлкөлөрү акыркы жылдары тышкы саясатын көп багыттуу кылууга умтулуп келет. Бирок негизги өнөктөш катары Москваны атап, Орусия башында турган бир нече уюмга мүчө жана соода-сатык, аскердик байланыштары бекем. Борбор Азиядагы басылмалар жана айрым саясат таануучулар Орусиянын НАТО боюнча койгон шартын эгемен өлкөлөрдүн суверенитетин чектөө катары баалап жатышат. Бирок Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийликтери азырынча расмий комментарий бере элек.
Абу-Даби шаарында 10-11-ноябрда өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Орусия НАТОдон иш жүзүндө 1997-жылдагы чек арасына кайтууну, Украинага жардам берүүнү токтотууну жана өзөктүк куралды башка өлкөлөр менен бөлүшүү тажрыйбасынан баш тартууну бейрасмий түрдө талап кылганын 14-ноябрда The New York Times басылмасы өз булактарына жана сүйлөшүүгө катышкандар тараткан бейрасмий документке таянып кабарлады.
Басылма белгилегендей, расмий эмес бланкка жазылган, кол дагы коюлбаган, жөн гана Орусиянын көз карашы катары көрсөтүлгөн бейрасмий документте Москва Украинага толук масштабдуу бастырып киргенге чейин, 2021-жылдагы талаптарын кайталаган. Арасында НАТОнун кеңейүүсүн токтотуу, анын күчтөрүн 1997-жылдагы позицияларына кайтаруу, ошондой эле Борбор Азияны кошо алганда, бир катар аймактарда аскердик ишмердүүлүктү токтотуу талабы дагы бар.
Борбор Азиядагы постсоветтик мамлекеттер акыркы жылдары тышкы саясатта көп багыттуу мамилени карманууга аракет кылууда. Ошол эле учурда Орусия аймактагы негизги өнөктөштөрүнүн бири деп аталып келет. Алар Москва жетектеген бир катар уюмдарга мүчө болуп, соода-экономикалык жана аскердик байланыштары бар.
Азырынча Абу-Дабиде айтылган талаптар боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийликтери расмий комментарий бере элек.
Дагы караңыз
Абу-Дабиде Украина, Орусия жана АКШ сүйлөшүүлөрү аяктадыСаясат талдоочу Эмил Жороев Абу-Дабиде коюлду делген талаптар Орусиянын өз геосаясий кызыкчылыгы катары айтылган сөз болушу мүмкүн деп эсептейт. Анткени Орусия Украинага бастырып киргенге чейин Батыштын, өзгөчө НАТО биримдигинин өз айланасындагы чөлкөмгө катышпоосун сурап келген. Жороев Москва ошол геосаясий максатын ишке ашыруу аракетин улантууда деп эсептейт жана бул кабыл алынгыс экени жолугушууларда ачык айтылышы зарыл деген ойдо.
Анын белгилешинче, бул түздөн-түз Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен келип чыккан коркунучтан же алардын лоялдуулугу жетишсиз дегенден улам айтылган талап эмес. Маселе Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга жакын жайгашкан, аны менен чектешкен мамлекеттерде коопсуздукка байланыштуу кандайдыр бир аракеттерди жүргүзбөшүн каалаганында болуп жатат:
Эмил Жороев
"Бул, албетте, Борбор Азия өлкөлөрүнүн суверендүүлүгүнө доо кетирет. Биринчи кезекте алардын өз алдынча тышкы саясатын аныктоо, калыптандыруу жана кимдер менен алака кыларын өзү чечүү укугун чектөөгө аракет болуп саналат. Бардык мамлекеттер буга чейин эле көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүп келишет. Айрыкча Өзбекстандын тышкы саясат концепциясында үчүнчү мамлекеттердин аскерий базаларынын жана аскердик аракеттеринин аймакта орун алышына жол берилбей турганы жазылган. Ошонун өзүн эле эске алганда, Орусия бул өлкөлөрдүн эгемендигин сыйласа, мындай талаптарды койбошу керек эле. Чынын айтканда, Кыргызстан же башка мамлекеттер бул боюнча ачык түрдө дипломатиялык нота жөнөтөт же расмий билдирүү жасайт деп күтпөйм. Бирок алардын жетекчилери Орусиянын жетекчилиги менен үзгүлтүксүз жолугуп турушат. Дал ошол сүйлөшүүлөрдө мындай маселелер сөзсүз көтөрүлүп, мындай аракеттерди биздин мамлекеттер кабыл албай турганы так жана ачык айтылышы керек".
Дагы караңыз
АКШ-Украина диалогуна алгачкы жолу Евробиримдик өкүлдөрү катыштыБорбор Азиянын ролу жана таасир талаш
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров былтыр "Борбор Азия - АКШ" (С5+1) саммитинде Борбор Азия аймагынын дүйнөлүк саясаттагы ролу өскөнүн белгилеп, аймак менен "кызматташууну бекемдөөгө ири державалардын кызыгуусу күчөп жатканын” айткан.
АКШ президенти Дональд Трамп Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуу жөнүндө сөз кылып жатып Чыгыш менен Батышты бириктирген чөлкөмдүн маанилүүлүгүн баса көрсөткөн. Экономикалык коопсуздукту чыңдоо жана байланыш чынжырын кеңейтүүдө Борбор Азия менен Америка Кошмо Штаттары кызматташтыгы негизги багыт экенин белгилеген.
Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Бакыт Аманбаев Түндүк менен Түштүктү, Батыш менен Чыгышты байланыштырган Борбор Азия дүйнөдө стратегиялык жактан маанилүү аймак экенин белгилеп жатат. Ал Абу-Дабидеги сүйлөшүүдө айтылган талаптар аймактын келечегине байланыштуу болгондуктан чөлкөмдүн ТИМ башчылары өз позициясын билдириши зарыл деп эсептейт.
Аманбаевдин белгилешинче, бул жерде сөз НАТОнун ишмердүүлүгү жөнүндө эмес, Борбор Азия өлкөлөрүнүн эгемендиги жана алардын өз алдынча тышкы саясатын аныктап, жүргүзүү укугу тууралуу болуп жатат. Борбор Азия эч убакта кайсы бир өлкөнүн таасир аймагына айланбашы керек дейт ал:
Бакыт Аманбаев
"Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан тышкы саясатын өздөрү аныкташы зарыл. Ошол эле учурда коопсуздук маселелеринде кайсы өлкө менен кызматташарын өзү чечүүгө укуктуу. Аймактын келечеги жана эгемендиги тууралуу маселе үчүнчү өлкөлөрдүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн негизги темасына айланбашы керек. Эч бир өлкө Борбор Азия мамлекеттеринин атынан алардын тышкы саясатын аныктоого жана жүргүзүүгө укуктуу эмес. Анткени кеп Кыргызстандын жана жалпы эле аймактын келечеги тууралуу болуп жатат. Ушул өңүттөн алып караганда бул өтө маанилүү маселе. Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери биригип, так жана конкреттүү позициясын билдирип койсо ашыкча болбойт эле. Дүйнөлүк экономиканын өнүгүшүндө да аймактын ролу чоң. Мындан тышкары, Борбор Азия жаратылыш ресурстарына бай аймактардын бири. Бул жерде мунай, газ, энергетикалык ресурстар, жаңы технологияларды өндүрүүгө зарыл болгон сейрек кездешүүчү кен байлыктар жана суу ресурстары бар".
Орусиялык саясат талдоочу Аркадий Дубнов Абу-Дабидеги сүйлөшүүдө расмий эмес жагдайда айтылганы белгилеген Москванын талаптары тууралуу Фейсбук баракчасына жазып, Орусия Борбор Азияны өзүнүн таасири алдында калтырууга аракет кылып жатканын белгиледи. Ошол эле учурда аймакка кирген өлкөлөр Кремль талап кылган чектөөлөргө оңой менен макул болбой турганын жазды:
Аркадий Дубнов
"Бүгүнкү күндө биз Москванын мындан жарым кылым мурдагы ийгилигин кайра жаратуу аракетине күбө болуп жатабыз. Бирок СССРдин ордунда азыр Орусия турат, ал эми Чыгыш блогунун ордунда мурдагы советтик республикалардан турган, азыркы орусиялык борбордун таасир чөйрөсү бойдон калышы керек деп эсептелген постсоветтик мейкиндик бар. Кремлдин көз карашы боюнча, дал ушундай тартип Европадагы жаңы коопсуздук архитектурасынын негизин түзүшү керек. Алардын түшүнүгүндө, Украинадагы согуштук аракеттерди токтотуунун шарты да ушул макулдашуу болуп саналат. Эми Борбор Азия менен Түштүк Кавказга байланыштуу Орусиянын ультиматумуна токтололу. Ал өлкөлөрдөн аскердик өнөктөштөрүн өз алдынча тандоо укугунан, башкача айтканда, эгемендигинин бир бөлүгүнөн баш тартуу талап кылынууда. Борбор Азия мамлекеттеринин бириндеги белгилүү саясатчылардын бири (аты-жөнүн атабоону өтүнгөн) белгилегендей, Москванын мындай талаптары Орусия Украинадагы аскердик операциясын баштаганга чейин кандайдыр бир деңгээлде орундуу көрүнүшү мүмкүн эле. Бирок андан бери дээрлик беш жыл өткөн соң бул ультиматум таптакыр негизсиз көрүнөт. Мындан тышкары, ал Борбор Азия өлкөлөрү Москванын талаптарына оңой менен макул болот деп айтууга олуттуу негиз жок экенин белгилеген. Бул абдан маанилүү жагдай. Заман өзгөрдү, көп векторлуу саясат реалдуулукка айланды. Ал эми бул өлкөлөрдүн Батыш жана Чыгыш менен кызматташтыгы, анын ичинде аскердик чөйрөдөгү алакалары да өтө көп кырдуу мүнөзгө ээ".
Буга чейин Москва Батышты Борбор Азиядагы "кырдаалды туруксуздаштырууга" айыптаган. Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Алексей Шевцов Батыш Ооганстандан тарай турган коркунучтарга каршы күрөшүү деген жүйө менен Борбор Азия өлкөлөрүндө аскердик инфраструктурасын жайгаштырууну көздөй турганын айткан.
«Интерфакс» агенттиги сентябрда Шевцов Батыштын максаты "аймактагы ресурстарды жана логистикалык жолдорду көзөмөлдөө" деп айтканын кабарлаган. Мисал катары ал Армениядагы «Трамп маршрутун» атап, бул келишим Кошмо Штаттарга Ирандын чек арасына жакын жерде чалгындоо, балким, аскердик инфраструктурасын жайгаштырууга мүмкүндүк бериши ыктымал деп айткан.
Шевцов 2025-жылы НАТО өлкөлөрү 100дөн ашык аскердик машыгуу өткөргөнүн, алардын көбү альянстын чыгыш канатында болгонун, чабуул коюу аракеттери да иштелип чыкканын кошумчалаган.
Дагы караңыз
НАТОнун жогорку командачысы Орусияга эскертүү бердиТүндүк-атлантикалык келишим уюму
НАТО (Түндүк-атлантикалык келишим уюму) аскердик-саясий блок. Ага толук мүчө өлкөлөр гана кирет жана алар бири-бирин коргоого милдеттенме алышат.
Кыргызстан НАТОго мүчө өлкөлөрдүн катарына кирбейт жана бул альянс менен өнөктөштүк форматында кызматташып келет. 1992-жылы Түндүк Атлантикалык кызматташтык кеңешине кошулуу аркылуу НАТО менен алака түзө баштаган. Эки жылдан кийин, 1994-жылы, өлкө НАТОнун «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» (Partnership for Peace) программасына кошулган. Ошондон бери коопсуздук, коргонуу, аскердик билим берүү жана кадрларды даярдоо багыттарында кызматташууда. Кыргызстан ошондой эле Евро-Атлантикалык өнөктөштүк кеңешинин алкагындагы диалогго да катышат.
НАТО менен кызматташканына карабастан Кыргызстан альянстын толук мүчөсү эмес жана уюмдун жамааттык коопсуздук боюнча милдеттенмелерине кирбейт.
НАТОнун Борбор Азиядагы өлкөлөр менен байланыш түзгөн Ташкенттеги кеңсеси 2017-жылдын апрель айында жабылган. Андан бери байланыш Брюсселдеги кеңсе аркылуу жүргүзүлөт.
2001-жылы АКШдагы террордук чабуулдан кийин Вашингтон жана анын НАТО боюнча союздаштары "Майтарылгыс эркиндик" операциясын баштап, Ооганстанга аскерлерин киргизген. Коопсуздукка көмөктөшүү боюнча деп түзүлгөн бул эл аралык күчтөрдү (ISAF) тейлөө үчүн Бишкекте "Ганси" авиабазасы ачылган. Базаны ачуу тууралуу келишим Кыргызстан менен АКШ ортосунда түзүлгөн, ал 2014-жылга чейин иштеп, кийин Кыргызстан бийлигинин чечими менен жабылган. Бишкектеги авиабаза аркылуу күн сайын НАТОго мүчө мамлекеттердин жана эл аралык коалициянын миңдеген аскер кызматкерлери Ооганстанга жөнөтүлүп же ал жактан кайтып турушкан.
Дагы караңыз
"Орусия үчүн гана керек". "Кант" авиабазасы коопсуздук кепилдигиби же..."Кант" авиабазасы
Кыргызстандын аймагында азыркы тапта Орусия каржылаган жана башкарган Кант авиабазасы бар. Орусиялык базаны ачуу келишими алгач 2003-жылы түзүлгөн. 2012-жылы жаңы келишимге кол коюлуп, ал 2017-жылы күчүнө кирген. Ага 2019-жылы айрым өзгөртүүлөр киргизилген.
Объект Кыргызстандын “Манас” аба бекетинин тутумунда деп эсептелери жана анын учуп-конуу тилкеси чогуу пайдаланылары айтылган.
Өкмөттүн 2023-жылдагы маалыматтарында "Кант" аэродромунда республиканын түштүгүнө жүк жана өздүк курамды ташуу үчүн Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн учактары жайгаштырылганы, ал "Манас" эл аралык аэропорту үчүн запастык аэродром болуп саналары айтылган.
Келишимде Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү объектиге базанын командиринин уруксаты менен гана кире алары жазылган.
Орусиялык аскер кызматкерлерге, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө дипломатиялык мекемелердин кызматкерлериндей эле кол тийбестик укугу берилген. Орусиянын биргелешкен аскердик базасынын мүлкү да кол тийгис.
Канттагы аскердик база.
2019-жылдагы келишимди өзгөртүүгө ылайык, Орусияга орусиялык тараптын эсебинен учуу-конуу тилкесин жана аэродромдук зонанын башка объекттерин оңдоого мүмкүнчүлүк берилген. Ошону менен бирге эле макулдашуунун негизинде учуу-конуу тилкеси реконструкцияланган учурда менчик укугу орусиялык тарапка өтөрү айтылган. Орусия тарап муну, өздөрүнүн мыйзамдарына ылайык, менчик укугу аларга өтмөйүнчө, реконструкция үчүн каражат бөлө алышпай турганы менен негиздешкен. Ошол эле кезде келишимдин мөөнөтү акырына чыккандан кийин аскердик базанын аймагы жана мүлкү бүт бойдон Кыргызстанга өтөрү белгиленген.