- Саламатсызбы. Бишкекке куш келдиңиз? Мына ушул Борбор Азия чөлкөмүндөгү ХХ кылымдын башындагы окуялар жалпы чөлкөмгө таандык тарых эмеспи.
- Ооба. Бирок ушуну биз Түркстанда деп айтсак туура болот. Орто Азия, Борбор Азия деген аталыштар тарых илимине мүнөздүү эмес. XX кылымдын башында ушундай аташып, бизди “Түркстан” деген аталыштан баш тартууга алып келген. Ошондуктан биз азыр “Түркстан” дегенде чөлкөмдөгү беш мамлекетти түшүнөбүз. Мен ошол доордогу тарыхты изилдеген адисмин.
- Эми суроомду улайын. Мындан эки-үч жыл мурун Өзбекстандын Жогорку соту совет бийлиги 1920-1930-жылдары басмачы атаган топторго кошулганы үчүн репрессиялаган ондогон кишилерди актады. Бул Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен басмачыларды актап, саясий реабилитацияга жол ачкан алгачкы учур болуп калды окшойт. Басмачылык кыймыл боюнча сиздерде кандай изилдөөлөр жүрдү, кандай жыйынтыктар болду?
- Бул мындан беш жыл мурда болду. Убакыт тез өтүп жатат. Биринчи жолу 2021-жылы 26-августта Өзбекстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алдында ушундай болду. Андан кийин деле аларды актоо боюнча бир катар иштер жүрдү. Башында Өзбекстандын Жогорку соту Ибрагимбек корбашынын жана аны менен чогуу атууга кеткен 16 кишини актады. 2022-жылы менин “Ибрагимбек корбашы” деген китебим чыккан. Андан кийин дагы “Ибрагимбек жана куралдаштары” деген эмгек жаздым. Ал китептерди бул жерге алып келген жокмун. Ошондо Ибрагимбек тууралуу маалыматтар бар. Булар Түркстан аймагындагы кеңеш өкмөтүнө каршы азаттык үчүн күрөшкөн кыймылдар. Ушул эле темада 1999-жылы докторлук ишимди жазып бүттүм. Аны коргош үчүн беш жылдай убакыт кетти. Бул китеп болсо Түркстандагы совет өкмөтүнө каршы күрөшкөн эгеменчил кыймылдар тууралуу жазгамын. Ибрагимбекке байланыштуу материалдар, документтер Ташкенттеги мурдагы КГБ архивинде сакталган. Архив материалдарды карап чыккамын.
Өзбекстандык белгилүү тарыхчы Кахроман Ражабовдун эмгектери
1989-жылы Ташкент мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктап, Өзбекстандын Илимдер академиясынын Тарых институтуна ишке кирдим. Ошол эле жылы аспирантурага өттүм. Илимий жетекчим Тарых институтунун ошол кездеги директору Рано Ражапова эле. Биздин тегатыбыз окшош болгону менен экөөбүздүн эч кандай туугандык байланышыбыз жок экенин дагы айта кетейин. Рано Ражапова ошол мезгилде абдан чоң иштерди баштаган. Институтка жаштарды чогултуп, бизди Москвага архивдердерге жөнөттү. Бул совет доорунда болгон. Бирок ошол кезде Михаил Горбачёвдун “кайра куруу” саясаты жүрүп жаткан. Саясий процесс ушундай эле. Бирок кийин биз билгендей, Советтер Союзу ыдырады. Анын ыдырашы тарыхтын өкүмү болчу. Эч качан бир эл башка элдин кол астында жашай албайт. Анткени биз колония болгонбуз. Өзбектер да, кыргыз, казактар да, жалпысынан Түркстандын бардык элдери Орус империясынын доорунда гана эмес, совет доорунда дагы колония абалында болгон. Падышалык доордогу “ак колония” болсо, кийин коммунисттик идеологияга капталган “кызыл падышанын” доору болду.
Өзбекстандык белгилүү тарыхчы Кахроман Ражабовдун китеби
Албетте, 1989–1990-жылдардагы акыбал Сталин доорундагы саясаттан, ошондой эле 1950–60-жылдардагы саясаттан айырмаланган. Ошентип мен бул теманы изилдөөнү 1989-жылы баштагам. Ошондогу алгачкы эмгегибиз бул жерде турат - “Фергана өрөөнүндөгү азаттык үчүн күрөш”. Эгеменчилер өздөрүн эч качан “басмачы” деп аташкан эмес. Бул аталышты кийин большевиктер чыгарды. Алар өздөрүн ошол учурда “эгеменчилер” деп аташкан. Мисал катары айтсак, Фергана өрөөнүндөгү корбашылардын бири-бирине жазган каттары бар. Акмат палвандын каты бар, Мадаминбектин каттары бар. Биз архивдерден тапкандарыбыз ушулар, ал эми табылбагандары канча экенин билбейбиз. Башында Фергана облусунун архивинде иштегем. Ошондой эле Ташкент, Москванын архивдерин каздым. Өзбекстандын улуттук архивинде, Улуттук коопсуздук кызматынын, Президенттик аппаратынын архивинде, мурдагы партия тарыхы архивдеринде да иштедим. Бүт өмүрүм ушул архив документтерин изилдөө менен өттү. Ошол бири-бирине жазган каттарында алар өздөрүн “басмачы” деп аташкан эмес. Кантип эле алар өздөрүн басмачы дешмек эле? Алар өз мекенин, үй-бүлөсүн, намысын, коргоп чыккан. Бул жакка келген кызыл аскерлер чындыгы баскынчылар болгон.
Подкастты толугу менен бул жерден көрүңүз:
1918-жылдын февралында Түркстан автономиясы жоюлган. Тактап айтканда, Кокондогу Түркстан автономиялык өкмөтүн совет бийлиги жиберген аскер күчтөрү талкалаган. Ошол күндөрү Кокондо кан суудай акты. Он күн бою шаар өрткө чулганып, көп киши өлтүрүлдү. Мен 1990-жылы Фергана облусунун мамлекеттик архивинен бир документ тапкам. Бул тууралуу китебимде дагы жаздым. Ошо маалда Кызыл гвардиячылар болгон. Кызыл армия али түзүлө элек болчу. Кызыл армия Петроградда 1918-жылдын февраль айынын аягында түзүлгөн. Болшевиктер бийликти ошолордун жардамы менен алган. Мурда көп жерлерде “Красногвардейск” деген аталыштагы шаар, конуштар, көчөлөр көп кездешчү. Азыр Кыргызстанда мындай аталыштарды өзгөртүү дале жүрүп келет. Өзбекстанда болсо мындай өзгөртүүлөр 1990-жылдардын башында эле жасалган. Азыр андай аталыштар бирин-экин эле калган болушу мүмкүн. Ошол Кызыл гвардиячылар Коконго келген. Алардын ичинде дашнак топтору да болуп, калкты талап-тоногон. Большевиктер аларды жалданма аскер катары колдонушкан. Анткени ал мезгилде большевиктердин өзүнүн армиясы толук түзүлө элек болчу. Андан тышкары, большевиктер абактарда отурган кылмышкерлерди чыгарып, колуна курал берип, Коконго жиберишкен. Ташкенттеги жана башка шаарлардагы түрмөлөрдө отургандарды чыгарып, согушка айдашкан.
Бул көрүнүш азыркы учурга дагы окшоп кетет. Маселен, Орусия Украинадагы согушка түрмөдөгүлөрдү жөнөтүп жатат деген маалыматтарды окуп калабыз. Дал ушундай эле 1917–1918-жылдары большевиктер түрмөдөгүлөрдү чыгарып, курал берип, Коконго жөнөткөн. Бул тууралуу Турар Рыскулов 1919-жылы жазган. Ал өзү дагы совет бийлигинде иштеген, Түркстан АССРи түзүлгөндө жетекчи болгон. Анын “Ыңкылап жана Түркстан калкы” деген эмгегинде: “Большевиктер түрмөлөрдөн кылмыштуу элементтерди, ар кандай шектүү адамдарды куралдандырып, Коконго жөнөтүшкөн. Булар келип Кокон шаарын кыргынга учуратты” деп жазган. Кокондогу окуядан эки жылдан кийин, 1920-жылы сентябрда Бухараны басып алышкан. Ошондон кийин Бухара эмирлиги жоюлган. Бул операцияны Михаил Фрунзе жетектеген. Анын урматына Пишпек шаары кийин Фрунзе деп аталып калбадыбы. Бул киши Пишпекте төрөлгөн, ошондуктан аймакты билет деп, Түркстан фронтунун жетекчилигине дайындашкан.
М.Фрунзе Бухараны басып алуу операциясын Самаркандда туруп башкарган. Самарканд менен Бухаранын аралыгы 300 чакырым. Ал телеграф аркылуу жетекчилик кылган. 1920-жылдын августунда Түркстанга, Бухарага 12 аэроплан алып келинген. Ага чейин бул аймакта аскердик учактар болгон эмес. Ушул учактарды корбашыларга каршы согушта колдонушкан. 12 учактын бири иштебей калган, ал эми 11 учак Бухара шаарынан 12 чакырым алыстыктагы Жаңы Бухарада жайгаштырылган. Кызыл армия Бухара шаарын толук курчоого алган. Шаардын 12 дарбазасы жабылган. 1920-жылдын августунда чабуул башталып, бир жумага жакын салгылаштар жүрүп, акыры Бухараны ээлешкен.
Учактар шаарды тынымсыз бомбалап турганын китебимде жаздым. Учкучтардын бири Фаусик ысымдуу аскер адамы эскерүүлөрүн жазып калтырыптыр. Анын жазгандары 1930-жылдары чыккан ошол маалдагы журналга басылган. Мен Москвадагы китепканадан ошол материалдарды тапкам. “Бизге буйрук берилчү. Бомба менен күйүүчү майыбыз түгөнгөнчө Бухараны бомбалачубуз. Эмир качып кеткен. Биз анын сарайын, көзгө жакшы көрүнгөн имараттарды бутага алчубуз” деп жазат. Мечиттерди, мунараларды талкалашкан. Маселен, Арсланхан мунарасын дагы бутага алышканын айтып берген. Тарыхый эстеликтердин көбү кыйраган. Көптөгөн маданий мурастар жок болгон. Ошентип Бухара басып алынган.
Менин айтайын дегеним, Кызыл армиянын ырайымсыздыгы жөнүндө. Согуш бардык убакта болот, азыр да болуп жатат. Күчтүү мамлекет алсыз мамлекетти басып алуу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонушу мүмкүн. Жалпысынан дүйнөдөгү согуштардын көбү адилеттүү эмес. Согуш качан адилеттүү болот? Эгерде эл өз жерин баскынчылардан коргосо, ошондо гана адилеттүү болот. Түркстандын эли эч качан “басмачы” боло албайт эле. Алар өз жерин баскынчылардан коргогон. Бул чындыкты дүйнө 1917–1918-жылдары эле түшүнгөн. Бирок совет доорунда 1991-жылга чейин бул чындыкты айтууга мүмкүнчүлүк болбоду. Бул кыймыл негизинен азыркы Өзбекстандын аймагында күчтүү болгон. Бирок бир гана өзбектердики эмес болчу. Жогоруда айтылгандай, кыргыздар, казактар, тажиктер да бул эгеменчил кыймылга катышкан, корбашылар чыккан. Кийин бул “басмачылык кыймыл” деп аталып калган. Бирок анын чыныгы тарыхын архивдер аркылуу изилдеп чыгуу узак убакытты талап кылды.
- Ошентип сиздер изилдеп жазгандан кийин анан сотко чейин жетип акталдыбы?
- Эми караңыз, биз айтып жаткан жараяндар Өзбекстанда 1980-жылдардын аягы, 90-жылдардын башынан тарта башталган. Ошол мезгилде айрым корбашылар актала баштады. Мисалы, Хамро палван. Мына ушул сүрөттөгү адам, 1992-жылы акталган. Ал Бухара эмирлигинде он жыл күрөшкө түшүп жүргөн балбан эле. Совет доорунда бир нече жолу камалып, кайра амнистия менен бошотулган. Колхоздоштуруу мезгилинде эл катары эмгектенген. Бирок 1941-жылы кайра камалып, лагерде каза болгон. Бул анын акыркы сүрөтү түрмөдө тартылган. Мен аны архивден таап чыктым. Мындай кишилерди актоо жараяны акырындап жүрдү. Жогоруда айткандай, Өзбекстандын Жогорку соту 2021-жылдын 26-августунда бир катар кишилерди актаган. Арасында Насырхан төрө сыяктуу адамдар да акталган. Ал Түркстан автономиясынын мүчөсү болгон. Алар 82 киши камакка алынган. 1930-жылы камакка алынышкан. Насырхан төрөлөрдүн иши 16дан 18 томго чейин. Бул материалдар азыр да Ташкентте сакталууда. Ибрагимбектин тобунда 16 киши болгон. Бул иштер үч томдон турат. Акталгандан кийин бул адамдар тууралуу эркин жазууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бирок ага чейин эле айрым изилдөөчүлөр, анын ичинде өзүм дагы архивдик материалдардын негизинде жазып келгенбиз.
Өзбекстандык белгилүү тарыхчы Кахроман Ражабовдун китеби
Расмий түрдө акталгандан кийин бул темага болгон мамиле өзгөрүп, жаңы этап башталды. Өзбекстанда 2017–18-жылдардан кийин саясий өзгөрүүлөр болуп, ачык-айкындык болуп калды. Азыркы президент Шавкат Мирзиёев жүргүзгөн ачык саясаты мурдагы Ислам Каримов доорунан айырмаланат. Мурда бир сөз үчүн да жоопко тартылган учурлар болгон, ошондуктан көп китептер жарык көрбөй келген. Советтер Союзу 1991-жылдын 26-декабрында расмий жоюлганы менен анын айрым саясий таасири кыйлага уланган. Биздин ата-бабаларыбыздын күрөшү абдан маанилүү. Анткени алар мекенди коргоонун, элге берилгендиктин үлгүсү. Эгер эл өз жерин коргобосо, кулчулук күтөт. Маселен, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов дагы ушул темаларга кайрылган. Бишкекке келгенде анын бейитине дагы барып келдик.
- Архивдерди изилдеп жатканда кыргыздарга тиешелүү материалдарды дагы көп жолуктурсаңыз керек. Өзбекстандын архивдеринде ушул доордогу кыргыз тарыхына байланышкан материалдар көп деп айтылып келет.
- Бар, албетте. 1917–1924-жылдары Түркстан болуп турган мезгил да. 1924-жылга чейин Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан деген өзүнчө мамлекеттер болгон эмес. Бул аймактар бирдиктүү Түркстан катары каралган. Ошондуктан ушул мезгилдеги көп маалыматтар Ташкент архивдеринде сакталган. Мисалы, 1923-жылы 231 корбашы атылып өлтүрүлгөн. Бул тизмени азыр көрсөтөм. Фергана облусундагы совет өкмөтүнө каршы аракет кылган корбашыларга берилген мүнөздөмөлөр бар. Бул документтерде совет бийлиги аларды колго түшүрө электе эле ар бирин изилдеп, мүнөздөмө берип жатканын көрөбүз. Бул 1923-жылга тиешелүү. Ал учурда эгеменчил кыймыл кыйла майдаланып, бөлүнүп кеткен болчу. Бул жерде аймактар боюнча бөлүнгөн: Кокон, Маргалаң, Наманган, Анжиян району, ошондой эле Алай өрөөнү. Мына караңыз, Алай өрөөнүндөгү корбашылардын айрымдары: Нурмат миңбашы, Хамракул паңсат, Манас, Хакимбек, Корабай Токсаба, Молдо Шади. Эми Ош уездин карайлы, Аскар, бул Мойдунбектин, көбүрөөк Жолчунун паңсаты болгон. Паңсат деген беш жүз кишиге башчы болгонун билесиз. Бобожон жүзбашы, Колдош, Жолборс, Даврон. Даврон болсо Шермухаммад бектин корбашысы болгон. Пулат болсо Ахмад палвандын паңсаты болгон.
- Бул ошол сиз изилдеген архивден чыккан материалдарбы?
- Албетте, мен буларды Москванын архивине чейин барып алып келгем. Булар тууралуу материалдар Ташкент архивдеринде дагы, ошондой эле Фергана облусунун архивинде да бар. Дагы бир тиркемеде 1923-жылдын 11-июнунан 1-августуна чейинки мезгилде Кызыл аскерлер тарабынан жок кылынган 91 корбашынын тизмеси берилген. Бул дагы ошол эле документтен алынган. Мен бул маалыматтарды 1993-жылы жарыяладым. Эми сизди кызыктырган бөлүмгө өтөйүн. Алай өрөөнүндө Шермухаммадбектин бир тууганы Рузмат кармалган. Манас паңсат, Хамракул. Бул 1923-жылдын жазында болгон. Ошондой эле Алайда Токтомат, Ашырбек, Хамракул, Өмөрали, Нурмат миңбашы сыяктуулар өлтүрүлгөн. Бул тизмени мен биринчи жолу Фергана облустук архивинен таптым. Кийин ошол эле документтин көчүрмөсүн Москвадан да таптым. Себеби, Кызыл Армиянын командачылыгы бул документти Ферганада түзүп, бир нускасын ошол жерде калтырып, экинчисин Москвага жөнөткөн экен. Балким, Ташкентке да кеткендир, бирок мен ал жактан таба алган жокмун.
- Архивдерде дагы кандай маалыматтар бар? Кылмыш иштери, сурак, сүрөттөрү барбы?
- Облустук архивдерде корбашылардын сүрөттөрү дээрлик сакталган эмес. Алардын тергөө иштери дагы да өтө сейрек. Жалпысынан делолору, ага тиркелген каттары бар. Алар араб арибинде жазылып, жанында орусча котормосу берилген. Бирок бул котормолор дайыма эле так эмес. Маселен, Ибрагимбек кармалгандан кийин 16 жолу суракка алынган. Ал ошол маалдагы Сталинабаддан Ташкентке алып келинген. Ошол мезгилде Ташкент бүтүндөй чөлкөмдү башкарган борбор болуп турган. Бул жерде совет өкмөтүнүн башкаруу органдары жайгашкан. Ошондуктан көптөгөн архивдик материалдар, анын ичинде корбашыларга байланышкан делолор Ташкентте сакталган.
1918–1919-жылдары согуш шартында ар бирине кылмыш ишин ачууга убакыт болгон эмес. 1925-жылдан тарта кармалган корбашылар тергөөдө сурак берип, аларга иш ачылган. Ошол эле Ибрагимбек жана анын тобундагылар боюнча бир нече томдон турган үч чоң кылмыш иши бар. Бирок айрым учурларда кишилерди сот боло электе эле атып салышкан. Ошондой эле кылмыш иштериндеги маалыматтар бири-бирине карама-каршы келип калган учурлар да бар. Бул корбашыларга гана тиешелүү эмес. Репрессияга кабылган, башка мамлекеттик ишмерлердин дагы кылмыш иштеринде кездешет. Маселен, 4-октябрда атып өлтүрүлгөнү көрсөтүлсө, документте 5-октябрда атууга өкүм кылынганы тууралуу чечим турат. Машинкада терилген маалымкат бар. Аны атып коюп, анан эртеси күнү өлүм жазасына өкүм чыгарып жатышат. Мына бул эми коркунучтуу нерсе... Бул сүрөттөр 1918-жылдын февралында большевиктер тарабынан тартылган. Муну Ташкенттеги КГБ архивинен алганбыз. Биринчи жолу 1990-жылдары жарыяладым. Карасаңыз, бул жерде жапжаш жигиттер өлүп жатат. Булардын колунда куралы жок, аскерлер эмес. Мындай сүрөттөр көп болгон. Бул 1918-жылдын февралындагы сүрөттөр. Башка китептериме да киргизгем. Фергана өрөөнүндөгү эгеменчил кыймылдар тууралуу изилдеп жүрүп архивден айрым ысымдарды биринчи жолу көрдүм.
- Өткөндө ушул биз сүйлөшүп жаткан доордун каармандарынын бири Төрөкул Жанузаков тууралуу дагы ушул жерде кыргыз тарыхчысы менен маек курудк эле. Ал тууралуу алгач ушул өзбек тарыхчылары жазып чыккан экен.
- Корбашылардын идеологдору болгон. Эгер идея болбосо, анда мындай кыймыл дүйнөдөгү эң күчтүү мамлекеттердин бири болгон Советтер Союзуна каршы кантип 18 жыл күрөшмөк? Жадиддер бир тараптан, уламалар экинчи тараптан идея беришкен. Ал эми Төрөкул Жанузаков жадид да эмес, улама да эмес. Ал мурда советтик мекемелерде иштеген. Турар Рыскулов Түркстан АССРинин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болгондо, аны Ташкентке чакырып, өзүнө орун басар кылып дайындаган. Кийин Рыскулов Ленинге “Түркстан комиссиясын жана фронтун жоюп салууну” сунуштап, эл кыйналып жатканын айткан. “Мурункудан да катуу эзүү болуп жатат” деп билдирген. Ленин макул болгон эмес, аны кайра Түркстанга жиберген. Рыскулов баштаган топ 1920-жылы майда Ленинге барып жолуккан. Москва архивинде бул документтер бар. Рыскулов “Түрк коммунисттик партиясын” жана “Түрк республикасын” түзүүнү сунуш кылган. Бирок өзү 1920-жылы жайында кызматтан алынган. Кийин Рыскуловду Москвага чакырышып, кайрадан “коммунисттик тарбия” беришкен. Төрөкул Жанузаков бул окуялардан кийин абал оор экенин көргөн. Ошентип ал большевиктерге каршы чыккан. Ал бай үй-бүлөдөн чыккан, өзү билимдүү болгон. Кийин Фергана өрөөнүнө барып, корбашылар тарапка өткөн. Орус тилин жакшы билгендиктен үгүт жүргүзгөн, атайын баракчаларды жазган, Кызыл армиядагы жоокерлерди өз тарабына тартууга аракет кылган. Москвадан 1922-жылы чыккан китепти таптым, ошондо ал материалдар бар. Азыр мен өзүмдүн китебимден үзүндү окуп берейин. Мен китебиме дагы киргизген элем. “Улуттук боштондук кыймылынын идеялык жетекчилери” деген бөлүм бар. Караңыз, бул бөлүк толугу менен Төрөкул Жанузаковго арналган. Ушул жерден башталат. Көрдүңүзбү? Эми маанилүү жерин окуп берейин.
“Төрөкул Жанузаковдун мындай ишмердиги большевиктердин жетекчилеринин ачуусун келтирген. Жогоруда айткандай, ал күчтүү публицист болгон. 1921-жылдын июль айында Анижиянда Исраилбек корбашынын аскердик штабынын басмаканасында орус тилинде басылып чыккан материал бар. Жанузаков “Ташкент шаарындагы эки жолдоштун маеги” деген фельетон жазган. Бул кишилерди өз тарабына тартуу үчүн жазылган. Анда эки адам сүйлөшүп жаткандай көркөм формада берилет. Бул чыгарманы ал атайын көркөмдөп жазып, элге тараткан. Орус тилинде жазылган, анткени аны орус тилдүү адамдарга, жайылтуу дагы максаты болгон”.
Бул фельетондо советтик режимдин чыныгы маңызы ачылып көрсөтүлгөн. Өзгөчө курч юмор менен жазылган. Мен муну өзбекчеге которуп бергенмин. Анткени мен ошол баракчанын өзүн тапкам. Мага “муну диссертацияңдан алып сал” дешкен. Бирок мен “алып салбайм” дегем (1990-жылдары). Анткени бул архивдик документ. Мен бул документти 1999-жылы Жанузаковдун тууганы Кемелбек Кожомкуловго бергемин. Кемелбек Кожомкулов 1951-жылы Чүйдүн Сокулук районунда туулуп-өскөн, кыргызстандык тарыхчы, коопсуздук кызматынын отставкадагы подполковниги. Экөөбүз 2000-жылдары бир нече жолу кезигип, Жанузаков тууралуу маалыматтарды жазып алган. Кийин дагы байланышып турганбыз.
- Өзүңүз айтып өткөндөй “совет мезгилинде тарых бурмаланып, идеологиянын негизинде жазылган” деп, 80-жылдардын орто ченинен тарта тарыхты кайра жазуу аракеттери башталды. Мурдагы бурмаланган, актай калган барактарды толуктоо үчүн тарыхты изилдеп, жазууга кириштик. Андан кийинки жазган тарыхыбызга ашыкча боёк сүртүлүп, ар ким өз көмөчүнө күл тартып, жазып алган жокпу? Биз реалдуу тарыхты жаза алдыкпы?
- Мындай учурлар да бар. “Бул тарыхчы туура жазат, тигиниси туура эмес жазат” дегеним чекилик болор. Совет мезгилинде тарыхты реалдуу жазууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Бул Советтер Союзунун идеологиясына байланыштуу эле. Биз кайсыл бир улутту даңазалашыбыз керек болчу. Алар биздин “чоң агабыздай” көрсөтүлгөн эле. Тарыхчылар эле эмес, адабиятта акындар, жазуучуларыбыз дагы ошондой макташкан. 1991-жылдан кийин эгемендүү өлкөлөр пайда болгондо, ар бир улут өзүнүн тарыхын жазышы керек болду. Азырга чейин ушул иштер уланып келет. Тарых калыс, чындыкка негизделип жазылышы керек. Бул өтө татаал жараян. Өмүрүнүн көп бөлүгүн коммунисттик идеология менен өткөргөн тарыхчылар муну дароо кабыл ала бербеши табигый нерсе. Эгемендикке 35 жыл болсо дагы ошол эски көз караштан кете албай жүргөндөр бар. Бул албетте, убакыттын маселеси. Убакыт өтсө, муун алмашат. Бирок жаш муун дагы түшүнбөсө, анда бул трагедия болот. Азыркы жаш муун эгемендүүлүк жылдары төрөлүп, эр жеткендер. Алар совет доорун көргөн эмес. Бүгүнкү күндө алды 35 жашка келип калды. Эгер алардын арасында да коммунисттик идеяларды колдогондор болсо, бул өтө коркунучтуу. Айрым жерлерде азырга чейин Лениндин эстеликтери турат. Өзбекстан алардан 1992-жылы баш тарткан. Анткени Лениндин Бишкекке да, Ташкентке да, Бухарага да түздөн-түз тиешеси жок. Ал бул жерлерде төрөлгөн эмес, ал кыргыз да, өзбек да эмес. Улут мындай нерселерден канчалык эрте баш тартса, анын аң-сезими ошончолук таза болот. Мен чек арадан өтүп келдим. Чынын айтсам, жолдо дагы деле ошол доордогудай жер-суу аталыштарына күбө болдум. Маселен, сиздердин кеңсе турган көчө Дмитрий Фурманов атында экен. Фурманов ким экенин билебиз. Ал Жанузаковду каралап жүргөн, Чапаев жөнүндө роман жазган. Албетте, бул деле белгилүү бир идеологиялык көрүнүштөр.
Менимче, тарых калыс жазылышы керек. Ким болбосун ушундай каталарга жол бербеши керек. Мисалы, ар бир тарыхчы өз өлкөсү үчүн жазат. Кыргыз тарыхчысы Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт. Бул табигый нерсе. Мен да өзбек тарыхчысы катары Өзбекстандын кызыкчылыгын коргойм. Бирок бул нерсе тарыхый калыстыктан жогору турбашы керек. Совет доорунда ошентип бир тарапка ооп кетишкен. Бир тарапты гана даңазалаганбыз. Ошол сыяктуу ашыкча бурмалоолордон алыс болушубуз зарыл.