1992–1995-жылдардагы Босния согушу учурунда геноцид жана адамзатка каршы кылмыштарды жасаганы үчүн эл аралык сот күнөөлүү деп тапкан босниялык сербдердин аскердик командачысы Ратко Младич 84 жашында каза болду.
Сербиянын мамлекеттик RTS телеканалы 27-августта Младич бир нече жолу инсульттан кийин Гаагадагы түрмөнүн ооруканасында көз жумганын кабарлады.
Нидерландда жайгашкан мурдагы Югославия боюнча эл аралык кылмыш трибуналы 2017-жылы Младичти адамзатка каршы беш кылмыш жана төрт согуш кылмышы үчүн күнөөлүү деп тапкан.
Өкүм ага расмий айып тагылгандан 20 жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин чыгарылган.
«Босниянын касапчысы» деген ат менен белгилүү болгон Младич 1995-жылы Сребреницада жети миңден ашуун эркек кишини жана уул баланы кырууга буйрук бергени үчүн күнөөлүү деп табылган.
Бул Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан берки Европада жасалган эң оор кыргын болуп эсептелет.
Трибунал өкүм чыгаргандан кийин Сребреницадагы кыргында каза болгондордун такталган саны сегиз миңден ашканы белгилүү болду.
Эл аралык трибунал Младичти Босниянын борбору Сараевону курчоого алуу жана аткылоо үчүн да жооптуу деп тапкан.
Сот бул окуяны адамзатка каршы кылмыш деп баалаган.
Трибуналдын маалыматы боюнча, курчоо маалында 4548 босниялык жоокер жана 4954 жайкын тургун каза болуп, 50 миңдей адам жараат алган.
Трибунал аныктагандай, Босния жана Герцеговинадагы сербдер басымдуулук кылган аймактын согуш учурундагы президенти Радован Каражич геноцидге алып келген саясатты аныктаганын, ал эми анын башкы аскердик командачысы Младич бул пландарды ишке ашырганын аныктаган.
Младич менен Каражичке Боснияны серб эмес калктан тазалоону көздөгөн операцияларды жетектеген деген айып тагылган. Бул үчүн адамдарды кыйноо, коркутуу, үйүнөн күч менен чыгаруу жана жапырт өлтүрүү ыкмалары колдонулган.
Серб улутчулдары жана босниялык сербдердин көбү Младичти баатыр катары көрүшөт.
Ал 100 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган 1992–1995-жылдардагы Босния согушунда босниялык серб күчтөрүн башкарган.
Сребреницадагы кыргын
Эл аралык трибуналдын корутундусуна ылайык, 1995-жылдын июль айында Сребреница босниялык серб күчтөрүнүн колуна өткөндө Младич аймактан качууга аракет кылган босниялык эркектер менен өспүрүм балдарды кармап, өлтүрүүгө түздөн-түз буйрук берген.
Кийин босниялык серб күчтөрү геноциддин далилдерин жашыруу максатында курмандыктардын сөөгүн кайра казып чыгып, Сребреницанын айланасындагы жапырт мүрзөлөргө көмүшкөн.
Сребреницадагы кыргын ал шаарды Бириккен Улуттар Уюму Босния жана Герцеговинанын башка аймактарындагы согуштан качкан адамдар үчүн коопсуз жай деп жарыяланганына карабай жасалган.
Сараевонун курчоосу
Трибунал Младич 1992-жылдын апрелинде башталып, үч жылдан ашык созулган Сараевонун курчоосун жетектегенин да аныктаган.
Младичтин командачылыгындагы аскерлер Сараевону 1992-жылдын апрелинен 1996-жылдын февралына чейин курчап турган.
Ошол учурда Сараевонун блокадасы заманбап согуш тарыхындагы эң узак шаар курчоосу болуп саналган.
Радован Каражич 2016-жылы геноцид, анын ичинде Сребреницадагы кыргын боюнча күнөөлүү деп табылып, 40 жылга эркинен ажыратылган.
2019-жылдын мартында анын апелляциялык арызы четке кагылып, жаза мөөнөтү өмүр бою түрмөгө кесүүгө өзгөртүлгөн.
Дагы караңыз
Радован Каражич өмүр бою абакта болот16 жыл издөөдө жүргөн
Младич Сербиянын аскер кызматкерлеринин, согуштагы союздаштарынын жана үй-бүлөсүнүн жардамы менен 16 жыл бою кармалбай жүргөн.
Ал 2011-жылдын май айында Сербиянын түндүгүндөгү Зренянин шаарына жакын Лазарево айылында камакка алынган.
Милицияга Младичке окшош адамды көргөн кишиден жашыруун маалымат түшкөн.
2012-жылдын май айында соту башталгандан тартып Младич өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын айтып келген.
Соттун алгачкы отурумдарынын биринде ал Сребреница кыргынында баласынан ажыраган энеге карап, колу менен кекиртегин кескендей ишарат жасаган.
2017-жылдын ноябрында өкүмдүн кыскача мазмунун окуган төрагалык кылуучу судья Альфонс Ори жасалган кылмыштарды «адамзат тарыхындагы эң оор кылмыштардын катарына кирет» деп мүнөздөгөн.
«Өлүм жазасын күтүп турган эркектер менен балдардын көбүн сөгүп, мазактап, коркутушкан. Аларды серб ырларын ырдоого мажбурлап, сабашкан», — деген судья.
Трибуналдын башкы прокурору Серж Браммерц өкүмдү «тарыхый учур» деп атаган. Анткени Младич серб эмес он миңдеген адамды лагерлерде кармоо, сабоо жана зордуктоо, ошондой эле Босниянын демографиялык түзүлүшүн өзгөртүү максатында бир миллиондон ашуун кишини күч менен жер котортууга да жооптуу деп табылган.
Өкүм жарыяланардан бир нече мүнөт мурда Младич сот залында ачууланып:
«Силердин айтканыңардын баары калп. Уят! Мунун баары калп!» — деп кыйкыргандыктан залдан чыгарылган.
Өкүмдөн кийин курмандыктар жана «Сребреницанын энелери» уюмунун өкүлдөрү чечим элдешүүгө жардам берет деген үмүтүн билдиришкен.
Ошол эле учурда алар Младичтин бардык айыптар боюнча күнөөлүү деп табылбай калганына өкүнүшкөн.
Сребреницадагы кыргында жакындарын жоготкон үй-бүлөлөр Младичке ылайыктуу жаза жок экенин айтышкан.
«Ал миң жолу жашап, миң жолу өмүр бою түрмөгө кесилсе да, адилеттик толук орнобойт», - деген Сребреницадагы геноцидде 42 тууганынан ажыраган Айша Умирович өкүмдүн алдында.
Дагы караңыз
Сребреницада кандын жыты кете элекМладичке чыгарылган өкүм 1990-жылдардын башындагы Балкан согуштарында жасалган кылмыштарды иликтөө үчүн 1993-жылы Гаагада түзүлгөн трибуналдын акыркы өкүмү болгон.
2021-жылдын июнунда Гаагадагы БУУнун соту Младичтин апелляциялык арызын четке кагып, өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырган.
2025-жылы БУУнун согуш кылмыштары боюнча соту ден соолугуна байланыштуу Младичти тез арада Сербияга бошотуу өтүнүчүн четке каккан.
Соттун чечиминде анын саламаттыгынын келечеги бүдөмүк болгону менен абалы туруктуу экени жана Гаагадагы түрмөдө тиешелүү деңгээлде дарыланып жатканы айтылган.
Ратко Младич 1942-жылы 12-мартта Калиновикте төрөлгөн. Ал кезде бул аймак Экинчи дүйнөлүк согуш маалында нацисттик Германиядан көз каранды болгон Хорватиянын эгемен мамлекетинин курамында болчу.
Югославиянын Коммунисттер союзунун мүчөсү болгон Младич 1965-жылы бул өлкөнүн Элдик армиясында аскердик карьерасын баштаган.
Ал Югославия Федеративдүү Республикасы ыдырагандан кийин тутанган Балкан согуштары маалында кеңири таанылган.