Мунай, көмүр жана газ колдонуудан баш тартуу маселеси боюнча өлкөлөр бир пикирге келе алган жок. Европа Биримдиги жана бир катар мамлекеттер акыркы документте казылып алынуучу отун тууралуу так милдеттенмелер жок экенин сынга алышты. Натыйжада “Анталья пакты” деп аталган документ расмий түрдө кабыл алынган жок.
Саммиттин Кыргызстанга таасири
Саммит 9–20-ноябрда Түркиянын Анталья шаарында өттү. COP31 бир гана экологиялык маселелер менен чектелген жок. Анда дүйнөлүк саясат, энергетикалык коопсуздук, газ жана мунай тармагынын келечеги жана өнүккөн өлкөлөрдүн климаттык жоопкерчилиги дагы талкуунун чордонунда болду.
Кыргызстандын делегациясын президенттин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова жетектеп барды.
Ал тоолуу аймактарды климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттеринен коргоо тууралуу маселени алып чыгууну пландаганын айтты. Бирок тоолор маселеси конференциянын баштапкы расмий күн тартибине кирген жок.
Кыргызстан 12 өлкөдөн турган тоолуу өлкөлөр тобуна төрагалык кылат. Топто Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Армения, Монголия, Пакистан, Албания, Андорра, Буркина-Фасо, Бутан жана Непал бар.
Динара Кемелова
“Кыргызстан тоо маселесин үч жылдан бери көтөрүп келебиз. Биздин демилге менен 2024-жылы эксперттик диалог өткөрүүгө жетишкенбиз. Ал жерде климаттын өзгөрүшү тоолорго кандай кесепеттерин тийгизди деген темада талкуу болгон. Климаттын өзгөрүшү боюнча IPCC (Intergovernmental Panel on Climate Change) деп аталган өкмөт аралык эксперттик топ бар. Алар ошол кесепеттерди изилдеп чыгат. Мөңгүлөрдүн тез эриши айыл чарбасына, энергетикага жана туруктуу өнүгүүгө терс таасирин тийгизүү менен бирге табигый кырсыктардын тобокелдиктерин жогорулатууда”, - деди Кемелова.
Тоолуу өлкө акыркы он жылдыкта кургакчылыктын айынан энергетикалык кризиске кабылууда. Мунун кесепети айыл чарбасына, ал аркылуу дыйкан, фермерлерге дагы тийүүдө. Айрым аймактарда майда мөңгүлөр эрип кетип, кээ бир айылдарда сугат суу чоң көйгөй болуп калды.
2022-жылы Geophysical Research Letters аттуу илимий басылмага акыркы 35 жылдагы Борбор Азиянын климаты боюнча изилдөө жарыяланган. Анда Кытай, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын аймагындагы табияттын өзгөрүүсүнөн улам алдыдагы он жылдыкта аймактын көп бөлүгү чөлгө айланары айтылат. Изилдөөнүн авторлору тездик менен эрип жаткан мөңгүлөр суунун мол болушуна убактылуу пайдасын тийгизгени менен келечекте өтө чоң тартыштык жараларын белгилейт.
COP31ге көз карандысыз эксперт катары катышкан Азамат Темиркулов төмөнкүлөргө токтолду:
Азамат Темиркулов
“Мөңгүлөрдүн тез эрип жатышын 100% токтото албайбыз. Климат бүтүндөй планетада өзгөрүп жатат. Биз анын үлүшүн бир аз азайтууга аракет кылсак болот. Колдон келген ишти жасап жатабыз. Бирок бизге эксперттик тажрыйба, билим, техникалык жардам жана каражат керек. Биз ушул аянтчадан ошол маселелерди чечүүнүн жолун издеп жатабыз.
Кыргызстанга бөлүнгөн каражат
Кыргызстан ARISE глобалдык инвестициялык программасынын катышуучусу болуп, өлкөгө экономиканын климаттык тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатуу үчүн 30 млн доллар жеңилдетилген каржылоо бөлүндү. Бул каражат климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана туруктуулукту жогорулатуу үчүн жумшалышы керек.
Дастан Абдылдаев
“Биз муну ийгиликтүү долбоорлордун бири деп атасак болот. Мындан тышкары, мен Santiago Network уюмунун жыйынына катыштым. Бул климаттын өзгөрүшүнүн кесепетинен улам жоготууларга жана зыянга учураган өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө техникалык жардам көрсөтүүгө багытталган БУУнун эл аралык механизми. Биз Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен жаратылыш кырсыктарынан улам кыйроого учураган аймактарды калыбына келтирүү үчүн долбоор иштеп чыкмай болдук. Аны ишке ашырууга дал ошол Santiago Network уюму көмөк көрсөтмөй болду”, - деди президенттин тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын климаттык дипломатия боюнча эксперти Дастан Абдылдаев.
COP31дин алкагында Кыргызстан өзүнүн улуттук павильонун уюштурду. Ал жакта өлкөнүн экологиялык уюмдары панелдик талкууларды уюштурду.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин экология жана климат башкармалыгынын жетекчиси Айзада Бариева сүйлөшүүлөрдүн бир нече жыйынтыгын белгиледи.
Айзада Бариева
“Глобалдык климаттык сүйлөшүүлөргө катышуу аркылуу өлкөбүздүн экономикасынын ар кандай тармактарына кошумча инвестиция тартууну көздөп жатабыз. Бул климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана анын кесепеттерине туруштук берүү үчүн зарыл. Акыркы жылдары Глобалдык климаттык фонд эки ири аймактык долбоордук сунушту жактырды. Алардын биринчиси Германиянын GIZ уюму менен биргеликте иштелип чыккан CLICA программасы. Бул аймактык программа климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин алдын алууга багытталган. Ага Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан катышат. Программа айыл чарба, жерди башкаруу, жаратылыш ресурстары жана жайыттар тармактарын камтыйт. Мындан тышкары, Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте мөңгүлөрдүн эришинин кесепеттерин азайтууга багытталган аймактык программа даярдалды. Бул программаны ишке ашыруу айыл чарба тармагына, өзгөчө суу жана жер ресурстарын башкарууга багытталат”.
Кыргыз павильону
Президент Садыр Жапаров 2021-жылы Шотландиянын Глазго шаарында өткөн климаттын өзгөрүшүнө арналган COP26 саммитинде Кыргызстан 2030-жылга чейин абага чыккан зыян газдарды 44% кыскартып, 2050-жылга чейин көмүрдөн баш тартып, гидроэнергетикага өтөрүн айткан. Президент буга байланыштуу тиешелүү долбоорлор даяр экенин белгилеп, бул үчүн 7 миллиард доллар зарыл экенин кеп кылган.
Кыргызстан “Климаттын өзгөрүшү тууралуу БУУнун алкактык конвенциясы боюнча 2015-жылдагы Париж макулдашуусун” 2019-жылы ноябрда ратификациялаган.
Париж келишими 2015-жылдын 12-декабрында Франциянын борбору Париж шаарында өткөн COP21 конференциясында кабыл алынып, 2016-жылдын 4-ноябрында күчүнө кирген. Анын негизги максаты глобалдык температуранын өсүшүн өнөр жайга чейинки деңгээлге салыштырмалуу 2°Cден кыйла төмөн деңгээлде кармоо жана аны 1,5°C менен чектөөгө аракет кылуу болуп саналат. Келишимге ылайык, өлкөлөр буулануу газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтууга, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга, улуттук климаттык милдеттенмелерин (NDC) ар беш жыл сайын жаңыртып турууга, ошондой эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө каржылык жана технологиялык колдоо көрсөтүүгө милдеттенишет. Ага дүйнөнүн 193 өлкөсү жана Европа Биримдиги катышат.
COP31 жыйынтыктоочу макулдашуусуз аяктады
Саммиттин жыйынтыгы катуу сын-пикирлерди жаратты. Эксперттер саясий лидерликтин кризисине көңүл бурушса, климаттык активисттер өнүккөн өлкөлөрдү жана конференциянын төрагалыгын өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн жетиштүү аракет көрбөгөнү үчүн сынга алышты.
Дүйнөлүк ресурстар институтунун (WRI) жетекчиси Ани Дасгупта COP31 саммитинин жыйынтыксыз аякташын өлкөлөрдүн климаттык кризиске каршы күрөшүүдөгү жалпы жоопкерчиликтен көрө өздөрүнүн улуттук гана кызыкчылыктарын жогору койгону менен түшүндүрдү.
"Илимий маалыматтар климаттын өзгөрүшүнүн негизги себептеринин бири казылып алынуучу отун экенин ачык көрсөтүп турган шартта, өлкөлөр анын аталышын жыйынтыктоочу документке киргизүүгө да макул боло албаганы жол берилгис көрүнүш", - деди Дасгупта.
COP31 Жыйындар залы
Анын айтымында, дүйнөдө глобалдык жылуулуктун деңгээли 1,5°C чегинен ашары күтүлүп, токой өрттөрү жана суу ташкындары сыяктуу кыйратуучу жаратылыш кырсыктары көбөйүп жаткан шартта, климаттын өзгөрүшүнө өзгөчө аялуу өлкөлөр адаптацияга бөлүнүүчү каржылоону үч эсеге көбөйтүү боюнча так планга жетише алышкан жок.
Ошол эле учурда Дасгупта Париж келишимин климаттык кризиске каршы күрөшүүдөгү алмаштыргыс эл аралык механизм деп атап, азыркы туңгуюктан чыгуунун жолу көп тараптуу кызматташуудан баш тартууда эмес, тескерисинче анын натыйжалуулугун арттырууда экенин белгиледи.
Эл аралык Climate Action Network (CAN) уюму болсо Антальядагы саммиттин жыйынтыгын «эң начар саммиттердин бири» деп баалады.
Дагы караңыз
БУУда Жапаров санкция саясатын, Ысык-Көлдү коргоону айттыАктивисттер бай өлкөлөрдү, айрыкча Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерди климаттык каржылоо жана энергетикалык адилет өтүү боюнча маанилүү чечимдердин кабыл алынышына тоскоол болду деп айыпташты. Ошондой эле алар конференцияга төрагалык кылган Түркия менен Австралияны корпоративдик жана мунай-газ тармагынын кызыкчылыктарынын климаттык күн тартибинен үстөм болушуна жол берди деп сынга алышты.
«Өлкөлөр казылып алынуучу отундардын атын түз атаганга да макул боло алышкан жок. Бирок көмүртекти ири көлөмдө кармоо жана келечекте гана ишке ашышы мүмкүн болгон технологиялар үчүн документтен орун табылды. Электрификация боюнча максат да макулдашылды, бирок ал кайра жаралуучу энергия булактары менен байланыштырылган жок», - деди CAN уюмунун өкүлү Джанет Милонго.
Уюм ошондой эле Антальяда көмүртекти кармоо, пайдалануу жана сактоо (CCUS) технологияларын илгерилеткен лоббисттердин саны рекорддук деңгээлге жеткенин белгиледи.
Дагы караңыз
"Суу тартылууда". Жаратылышты тооруган коркунуч, Рамсар конвенциясына кирген көлдөрCAN өкүлдөрүнүн айтымында, каржылоонун жеткиликтүүлүгү боюнча сүйлөшүүлөр өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн бай мамлекеттер алышы керек болгон реалдуу каржылык милдеттенмелердин ордун баса албайт.
Эксперттердин эсебинде, 2035-жылга чейин өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусу үчүн жыл сайын 305-420 миллиард доллар талап кылынат.
Антальяда жыйынтыктоочу документ кабыл алынбай калганы менен, активисттер Бразилиянын Белен шаарында өткөн COP30 саммитинде негизделген Адилеттүү энергетикалык өтүү механизми (Belém-Antalya Mechanism) боюнча жетишилген макулдашуулар күчүндө калганын белгилешти. Бул багыттагы ишти улантууга мүмкүнчүлүк сакталды.
Климат боюнча кийинки ири сүйлөшүүлөр 2027-жылы Эфиопиянын борбору Аддис-Абебада өтө турган COP32 саммитинде уланат.