Соңку жылдары бир катар журналисттер камалып, медиа каражаттарына басым-кысым болгону белгилүү. Эксперттер бул окуялардан улам ЖМК өкүлдөрү өзүн чектей баштаганын айтышат.
HRW баяндамасы
HRW баяндамасында 2025-жылы апрель айында укук коргоочу Рита Карасартова Facebook баракчасына жарыяланган катка байланыштуу кармалганын эске салган. Алты айга чукул абакта отурган укук коргоочу беш жылга эркиндигин чектөө жазасына жана 50 миң сом айыпка жыгылганы белгиленген.
Уюм Канышай Мамыркулованын ишине да көңүл бурган. Журналист март айында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны тактоо келишиминин айланасындагы ачык-айкындуулуктун жоктугун сындаган Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн кармалган. Июль айында сот аны күнөөлүү деп таап, алты жылга кесип, төрт жылдык пробация жазасын чегерген. Бул аралыкта ага социалдык медиада пикирин билдирүүгө тыюу салынган.
Баяндамада июль айында Бишкектин райондук соту бийлик тууралуу “мыскылдуу жана шакабалуу” билдирүүсү үчүн “Апрель ТВ” телеканалын жапканы айтылган.
Дагы караңыз Байсалов: Бири-бирибизге сын айтканга укуктуубузСентябрда “Клооп” басылмасынын төрт кызматкери жапырт башаламандыкка чакырган деген айып менен соттолгонуна көңүл бурулган. Эки оператор беш жылдан эркинен ажыратылса, эки эсепчи үч жылга чейин соттолгон. Прокуратура алар Temirov LIVE иликтөөчү долбоору менен кызматташкан, жогорку деңгээлдеги чиновниктерди сындоо менен “маалыматты бурмалап, бийликти алмаштырууга үндөгөн” деп айыптаган.
Эске сала кетсек, өткөн жылы ноябрда Бишкек шаардык соту “Клооп” басылмасынын мурдагы операторлору Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовду пробация менен сот залынан бошоткон.
Фейсбукту кантип тыят?
Эл аралык уюмдун баяндамасында маалымат жана сөз эркиндигин чектеген мыйзамдык өзгөртүүлөргө да көңүл бурулган.
Өткөн жылы январда Укук бузуулар кодексине киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирген. Ага ылайык, Маданият министрлигине “жалган маалымат” үчүн сотсуз эле 20 миң сомдой айып пул салуу укугу берилгени эске салынган. Мындан тышкары, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамга ылайык, мамлекеттик көзөмөл күчөтүлүп, бардык медиалар үчүн милдеттүү каттоону киргизилгени белгиленген.
Медиа эксперт Алмаз Исманов мыйзамдар көбүнчө медиа өкүлдөрүнө каршы иштеп жатканына көңүл бурду.
“Менин оюмча, айрым мыйзамдар маселени толук изилдебей эле кабыл алынып жатат. Буга чейин жолугушууларда “Фейсбукту жабыш керек” деген пикирлер да айтылган. Бирок анын платформа экенин, жабуу оңойго турбасын эске алышкан жок. Азыр маалымат жана аны таратуу алгоритмдери өзгөрдү. Мурда колдонуучулар журналисттер жазганды бөлүшсө, азыр өздөрү эле маалымат таратууда. Бирок аларда баланс, этика, анализ деген сакталган жок. Чечим кабыл алгандар аны эске албай эле маалымат таратуучуларга журналист катары карап жатат. “Кайсы жерден окудуң?” десең, Фейсбукту айтышат. Ушундай тенденциядан улам мыйзамдар кабыл алынып кетти да. Бирок анын кесепети журналисттерге, айрыкча иликтөөчүлөргө тийип жатат. Анткени бизди табыш оңой. Ал эми эл социалдык тармактарда сынды жазып эле жатышпайбы”.
Дагы караңыз "Мээнет талаага кетти". Медиа өкүлдөрүн нааразы кылган ЖМК мыйзамыКыргызстанда соңку жылдары журналисттер жапырт кармалып, пробациялык жаза алып, абакка кесилген учурлар катталууда. Буга чейин Temirov Live, “Айт, айт десе” жана “Клооп” медиа-долбоорлорунун негиздөөчүлөрү Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги экстремисттик деп табылган.
Temirov Live, “Айт, айт десе” долбоорлорун жетектеген Махабат Тажибек кызы эки жылдан бери абакта жатат.
Медиа сын боюнча китеп жазган, бир катар долбоорлордо иштеген публицист Жыргалбек Касаболотов журналисттер басым-кысым күчөгөндө фактыга так болушу керектигин белгилейт.
“Бийлик органдары чыгарган фактыларды сын үчүн колдонсо болот. Бирок ал жерде эч кандай эмоционалдык-экспрессивдүү элементтер болбошу керек. Карыз боюнча макала жазса, мурдагы менен азыркы көрсөткүчтү кургак сан менен бериш керек. Кайсы бир фигура тууралуу кеп болгондо өмүр баянындагы эч ким тана албай турган фактыны алып чыкса болот. Фактылар менен кургак жана муздак иштегенди билиш керек. Чыныгы максат - сын айтуу эмес, маселенин чечилиши болууга тийиш. Коомду сергек кармап туруш үчүн маалыматтык сабаттуулукту арттыра турган материалдарды жасаш керек. Элдин маанайын сөзсүз чагылдыруу керек. Бирок көп нерсе чечим кабыл алуучу тараптардын ыйман-ынсабына көз каранды болуп жатат. Камалды дегендердин иш-аракетинде мыйзамсыз нерселер болгонун камаган органдар да далилдей албаган учурлар бар. Бул жерде маселе экспертизага, ал канчалык калыс жана так жыйынтык чыгарганына байланыштуу болууда”.
Бийликтин жообу: Сөз эркиндиги бар
Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги буулганын четке кагып, бул жаатта абал жакшы экенине ишендирип келет.
Кыргыз президенти Садыр Жапаров бийликке келгенинин беш жылдыгына карата курган маегинде Кыргызстанда сөз эркиндиги да, демократия да бар экенин белгилеген. Социалдык тармактарда, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарандар "каалаганын айтып жатканы" демократиянын белгиси экенин билдирген.
"Укук коргоо органдары сүйлөп же сындап койгондорду кармап жаткан жери жок. Кармалгандар сөз эркиндигине жамынып алып, өлкөдө башаламандык болуп кетсе деп тымызын иш алып баргандар. Же ачыктан-ачык эле конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык жасагандар", - деген ал.
Дагы караңыз "Кой-ай деген эч ким жок". Сөз эркиндиги тууралуу бийлик менен жарандык коомдун пикириЖурналисттер бирикмесинин төрагасы Илязбек Балташев өлкөдө сөз эркиндиги жоголуп баратат дегенге кошулбайт. Ал буга мындай жүйө келтирди.
“Эл аралык деңгээлде ушундай жыйынтык чыкканы бизди да түйшөлтөт. Бирок сөз эркиндиги бар, аны баарыбыз эле билебиз. Кайсы бир нааразылык болсо аны социалдык тармактарга ачык жазып жатышат. Ошол эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын өлкө жетекчисине “бизге тийишпегиле” дегенин журналисттер жарыялашты. Эгер сөз эркиндиги жок болсо, анын баары чыкмак эмес да. Бизде кылмыштардын бирдиктүү реестри түзүлбөдү беле. Менимче, оператор же журналист суракка чакырылса деле ошого катталып, кысым күчөгөндөй көрүнүп жатса керек. 2025-жылды ала турган болсок, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин өзүнө дагы, анын үгүт иштерин жүргүзгөндөргө дагы эскертүүлөр берилди. Үгүтчүлөр - журналисттер менен пиарчылар. Ошолордун көбү айыпка жыгылды. Анын баарына жаңы кабыл алынган мыйзамдар таасир этти деп ойлойм. Балким бирөөлөргө сөз эркиндиги жоктой сезилиши мүмкүн. Бирок эл менен иштегендер анын баарын байкайт. Менимче, сөз эркиндигине кысым кылам дегендер жаңылат. Сөз эркиндигине кысым болбошу керек”.
Балташев бирикме бардык эле журналисттерге колдоо көрсөтүүгө аракет кыларын, бирок каражатка байланыштуу чектелип жатышканын кошумчалады.
Дагы караңыз Борбор Азиядагы цензура: Санариптик куугунтукка кабылгандарКыргызстанда соңку жылдардагы кырдаалдан улам журналисттерде ички цензура пайда болгону, айрымдары кесибин алмаштырып жатканы айтылып келет.
Бирок юрист Нурбек Токтакунов мындай жүйөнү курулай шылтоо деп эсептейт.
“Сөз эркиндиги деген журналисттин ичинде да. Азыр баары эле коркутуп атат деп унчукпай калса кандай болот? Альпинисттер кооптуу деп тоого чыкпай койгонун элестетиңиз. Журналистика - тобокелдик дайыма коштой турган кесип. Эгер коркуп калса, демек аларда сөз эркиндиги мурда эле жок болчу. Илгери деле акындар коркпой ырдачу да. Навальныйдын деңгээлиндеги иликтөө кылсаңар айтат элем. Укук бузууну ийне-жибине чейин иликтеп, аягына чыгаргандар жокко эсе. Азыр бийлик да журналисттердин кандай иштей турганын билип калды. Бир жаңылык болгондо баары дуу этип кыйкырып чыгат, көп өтпөй ал унутулат. Эч ким маселени аягына чейин изилдебейт”.
Кысымдын коомго таасири
Кыргыз бийлиги бийликке нааразылык билдирем дегендерге Бишкекте Максим Горький сейил багына чыгууну сунуштаган. Борбордук аянтта, административдик имараттардын, элчиликтердин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салынып, ал улам узартылып келатканына төрт жылга чамалады.
Сот соңку ирет былтыр 31-декабрда чектөөнүн мөөнөтүн мартка чейин узарткан.
Талдоочу Руслан Акматбек Кыргызстанда укук коргоо органдарынын таасири күчөгөнүнө көңүл бурду. Ал сөз эркиндигинин чектелиши өлкөнүн өнүгүү жолуна терс таасир этет дейт.
“Тилекке каршы, акыркы жылдары кошуналарга окшоп өлкөнү укук коргоо органдары менен башкарып жатышпайбы. Алардын колу менен журналисттерди, укук коргоочуларды кысып жатышат. Себеби алар адилетсиздикти, укук бузууларды, каталарды айтып чыгат да. Чектөөлөрдүн айынан каталар айтылбай, негизги процесстер бийликтин айланасында эле болуп жатат. Коом чечим чыгаруу процессине катышпай, демилге көтөрбөй калды. Эл арасында демократия, сөз эркиндиги десе, Фейсбукка оюна келгенди жазганды түшүнгөндөр арбын. Бирок демократия деген бийликтин тең салмактуулугу, сот адилетүүлүгү, укук коргоо органдары чындап жарандарды коргойт деген сөз да. Бул мамлекеттеги саясий-экономикалык институттардын табиятына жараша иш алып баруу. Бизде бийлик чыгарган чечимдер коомго жакпай калса, көйгөй менен эмес, аны айткандарга каршы күрөш жүрө баштады. Бул укук органдарынын күчтөнүүсүнө, көзөмөлүнө алып келди”.
Дагы караңыз "Укук коргоочулардын өздөрү коргоого муктаж". Кыргызстандагы адам укуктарынын абалыHRW баяндамада гендердик зомбулуктун өсүшүн кооптуу тенденция катары белгилеген.
Саясий оппозицияны куугунтуктоого Темирлан Султанбековдун камалышы мисал келтирген.
Муну менен катар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара боюнча тарыхый келишимге кол коюлуп, майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргогон жаңы мыйзамдар кабыл алынганын кубаттаган.
Кыргызстандын бийлигин сөз эркиндигин коргоого, мыйзамдарды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө жана укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти камсыздоого чакырган.
Мындай билдирүүнү буга чейин дагы бир катар эл аралык уюмдар жасаган. Былтыр Freedom House (FH) эл аралык уюму Кыргызстанды бешинчи жыл катары менен “эркин эмес” мамлекеттердин катарында калтырган. Буга себеп катары кыргыз өкмөтү пикирин билдиргендерди куугунтуктоону жана чектөөлөрдү күчөткөнү көрсөтүлгөн.