Сыйлык алгандардын сап башында турган Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге “Эмгек баатыры” наамы берилди.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиевге, ички иштер министри Улан Ниязбековго, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге I даражадагы “Манас” ордени ыйгарылды.
Президенттин жарлыгы менен булардан башка мамлекеттик кызматта отурган жоон топ адамдар да ар кандай сыйлыктарга татыды.
Анда алар сый-ургалга Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Кыргызстандын эгемендигин белгилөөгө арналган иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө салым кошкону үчүн татыктуу экени жазылган.
Тизмеге мамлекеттик кызматкерлер менен кошо эстрада ырчысы Мирбек Атабеков да кирген. Ага "Эл артисти" наамы берилди.
Дагы караңыз
Ырчы Мирбек Атабековго Эл артисти наамы берилдиАдаттагыдай эле бул жолку сыйлык тапшыруу дагы коомдо ар кандай пикир жаратты.
Айрымдар борбордо тыгын күчөп, ыш каптап жатканда мэрдин же эл аралык уюмдар Кыргызстанда сөз эркиндиги буулуп, бир катар журналисттер, активисттер камалганын сындап жаткан тушта ички иштер министринин сыйланышы канчалык жөндүү деген суроо коюшууда.
Саясат талдоочу Эмилбек Жороев мындай пикирлердин жаралышы мыйзам ченемдүү экенин айтты:
Эмилбек Жороев
"Менимче элдин көзүнчө анчейин туура эместей көрүнүп жатат. Ал кишилердин жогорку сыйлыктарга татыктуубу дегени өзүнчө маселе. Бирок жетекчиликтин кол астындагыларга мамлекеттик сыйлык менен коштолгон баа бериши ар кандай суроо туудурат. Албетте, буга чейин болуп келген нерсе деңизчи. Дайыма эле жетекчилер өз командасындагы адамдарды баалап келет. Андай маанай мекемелерде деле болот. Бирок мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө мыйзам кабыл алынып, президент өзү "сыйлыктар оңго-солго берилип келген" деп айткандан кийин премьер-министрге баатыр наамын бериши эл ичинде түшүнбөстүк жаратпай койбойт".
Эске сала кетсек, апрелде "Мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар жана мамлекеттик сый акылар жөнүндө” мыйзамына кол коюлуп, мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын 46 түрү кыскартылып, 22ге түшүрүлгөн.
Сентябрда "өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн" ондогон адам сыйланган.
Дагы караңыз
"Жаратман" жана "сыймык". Ардагер Акматов, химик Сартбаева, сүрөтчү Айтиев алган сыйлыкПрезидент Садыр Жапаров анда мамлекеттик сыйлыктардын кадыр-баркын, аброюн көтөрүүгө далалат кылганын белгилеген.
"Сыйлык берүү системасын иретке келтирүүгө, адилеттүүлүктү, калыстыкты жана ачык-айкындуулукту орнотууга багытталган мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеште кылдат талкууланып, электен өтүп кабыл алынгандан кийин, 21-апрелде кол койгонмун. Мыйзам аркылуу сыйлык берүү системасы жаңыртылып, мамлекеттик сыйлыктардын кадыр-баркын, аброюн көтөрүүгө далалат кылдык. Жаңы мыйзамга ылайык, сыйлыктардын саны оптималдаштырылып, алардын салмагы артты. Эми сыйлык чындап татыктууларга берилиши керек деген принцип катуу кармалышы кажет", - деген Садыр Жапаров.
Анткен менен кыл кыякчы Нурбек Серкебаев сыйлык, наам берүүдө калыстык жоктугун көптөн бери айтып келет. Ал бул жолу да кыргыз маданиятына чындап эмгеги сиңгендер унутта калганына кейиди:
Нурбек Серкебаев.
"Буга чейин Курал Чокоев, Акбар Сүйүнбаев деген ырчылар наам алышты. Ошол эле учурда булардан мыкты эмгек кылгандар наам алган жок. Турдакун Керимбеков деген гитарада ойногон агай бар. Музыкалык мектептер ал жазган китептерди окушат. Ал киши азыр инсульт болуп ооруп жатат. Үйү да жок. Ошол кишиге "Эмгек сиңирген артист" наамы бериле элек. Кыргыз обондорун гитарага түшүрүп, китеп жазган. Ал китеби дагы чыкпай турат. Карамолдо Орозов атындагы оркестрде иштеген Гүлнара Сыдыкбекова эжебиз рак болуп ооруп, тышка барып дарыланып жүрөт. Булардын ордуна тойдо ырдаган, жашоосу жакшы ырчылар алып жатат. Андай болсо музыкалык билим алып, оркестрде иштебей эле фонограмма менен ырдап кетели. Курал Чокоев азыр Сүймөнкулду аткарып, филармонияда иштеп жатат. 1984-жылдан бери иштеген музыканттарды калтырып, ага "Эмгек сиңирген артист" наамын беришти. Ал болсо чет өлкөгө барып, ич кийимин көрсөтүп көчөдө басып жүрөт. Биздин маданияттын жүзү ошондой адамдарбы? Анын социалдык баракчаларын көргөн жаштарга кандай үлгү болуп жатат? Музыканттар оркестрде иштеш үчүн адам он жылдап окуйт. Ал эми ырчылардын көбү нота тааныбайт, соцтармакта катталуучусу көп деп эле ишке алып, наам берип, академиялык билими барлар унутта калды".
Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. Дээрлик эки айдан кийин азыркы президент Садыр Жапаров баштаган бир катар талапкерлер шайлоого ат салышат.
Дагы караңыз
Шайлоо: Садыр Жапаровго кимдер атаандаш болот? | Жаңылыктар | 28.10.2026Саясат талдоочу Эмилбек Жороев чоң саясий процесстин алдында бийликтин кандай аракети болбосун, шайлоо алдындагы даярдык катары көрүнөрүнө токтолду:
"Азыр президент эмне гана кылбасын, ошонун призмасынан көрүнө берет. Ички иштер министринин, премьер-министрдин эң жогорку наам алышы ар кандай пикирлерге жем таштайт. Эми сыйлык алган кишилер өзүнө "чын эле ушуга татыктуумунбу?" деген суроо берсе керек. Батыш өлкөлөрүндө, АКШда деле сыйлык тапшырылат. Бирок ал ар кайсы тармактагы өтө татыктууларга гана берилет. Саны жагынан деле биздегидей көп эмес, менин билишимче. Эми сыйлык-наамдарды таптакыр жоюп салса деле коом өнүгө берет дечи. Эгер ушул институт бар болсо анын критерийлери өтө дыкат талкууланууга тийиш".
Эксперт Руслан Акматбек сый-ургал башынан эле кайтарым байланыштын куралы, авторитардык режимдерге мүнөздүү, советтик доордон калган көрүнүш экенин белгиледи:
Руслан Акматбек
"Бул кыргыз бийлигинин башкаруу ыкмасы, кыргыз бийлигине мүнөздүү маданият. Буга таң калуунун деле кереги жок. Бийликтин сый акы берүүсү кайтарым байланыш, мотивация. Өзгөчө авторитардык системаларга мүнөздүү көрүнүш. Алар элиталарын сыйлап, наам менен эмгегин, берилгендигин бааларын билдирип турат. Кээде жаңы бир ашууларды ашар алдында ушундай мотивацияларды берет. Авторитардык режимдерде туруктуулук элдин ыраазычылыгы, элдин колдоосу менен эмес, элитанын бекемдигине байланыштуу болот. Бизде ушул сыйлыктар кандай критерий менен ыйгарылары башынан эле ачык-айкын эмес. Авторитардык режимдер күч органдарына таянып, өз таасирин маданият аркылуу жайылтат. Мындай карасак, өнүккөн өлкөлөрдө маданий ишмерлерге биздегидей наам берилбейт. Бирок андан алардын маданияты өспөй, жаңы чыгармалар жаралбай, токтоп калган жери жок. Сый-ургалдар советтик өтмүштөн арыла албай, ошол доордон калган ооруларды багып, сактап келе жатканыбыздын бир белгиси".
Былтыр август айында президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 1-январына чейин мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарууга, ардак наамдарды жана мамлекеттик сый акыларды берүүгө мораторий киргизген. Ага ылайык, мамлекеттик сыйлык жана ардак наамдар өлкөгө жана коомго пайда алып келгендерге мораторий учурунда президенттин демилгеси менен гана тапшырыла турганы айтылган.
Мамлекеттик сыйлыктар тууралуу мыйзамга ылайык, сыйлыктарга жана ардак наамдарга сунуштамаларды өлкө президентине Жогорку Кеңеш, өкмөт, Жогорку сот, президенттик аппарат жана башка мамлекеттик мекемелер, акыйкатчы, кесиптик кошуундар бере алат.
Сунуштамаларды Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия карап, баа берет жана президентке сунуш киргизет.
Президент Садыр Жапаров жана Кыргызстандын башка расмий жетекчилери өлкөдө авторитардык башкарууга жол берилбей турганын, сөз эркиндиги бар экенин кайталап, жарандык активисттердин, журналисттердин жоопкерчилиги жана тактыгы тууралуу маселени көтөрүп келишет.
2024-жылы 6-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы сапары учурунда сүйлөп жатып Жапаров Кыргызстанда туруктуулук орноп, акыркы үч жылда бир да митинг болбогонун айткан.
Ал эми ошол эле жылдын 31-августунда Эгемендик күнүнө карата мамлекеттик тууну көтөрүү иш-чарасында ал Кыргызстанда авторитардык башкарууга жол бербей турганын билдирип, сөз эркиндиги, адам укуктарынын корголушу, мамлекеттин бүтүндүгү жана күчтүү экономика эгемендиктин өзөгүн түзө турганын белгилеген.
Садыр Жапаров
"Азыр деле “Кыргызстан авторитардык мамлекетке айланып баратат” деген баш адаштырган азгырма жол менен кетүүнү таӊуулап жатышат. Биз буга эч качан жол бербейбиз. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө коопсуздукка суроо-талап болушунча өсүп жатканына күбө болуп келебиз. Азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарына адекваттуу башкаруу системасы гана тийиштүү деңгээлде жооп бере алат деп баса белгилеп айтар элем", - деген Жапаров.
2025-жылдын 25-26-декабрь күндөрү Бишкекте өткөн Элдик курултайда жарандардын митинг-пикет өткөрүү укугу тууралуу маселеге байланыштуу комментарий берип, ал нааразылык акциясына чыгууну каалагандарга тыюу жок экенин, каалоочулар Максим Горький атындагы бакчага чогула берсе болорун айткан. Бийликти мактабай, ачык сын-пикир билдирүүгө чакырган.