Казакстандык укук коргоочу айымдар

Казакстандын коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү нааразылык жыйынга чыккан аялдарды күч менен кармап кетүүдө. Нур-Султан шаары. 2019-жылдын 21-сентябры.

29-ноябрда укук коргоочу аялдардын эл аралык күнү белгиленди. Бул күнү айрым казакстандык укук коргоочу аялдар ишмердигинде кандай кыйынчылыктарга туш болгонун айтып чыгышты.

Төрт жыл мурун полиция кызматкерери казакстандык укук коргоочу Маржан Аспандиярова айымды тынчтык митинги маалында эч кандай каршылык көрсөтпөсө да кармап кетишкен. Кийин сот ага "тынчтык митингин уюштурду" деген берене менен чоң айып пул салган.

30 жылдан бери карапайым жарандардын укугун коргоп келген активист Маржан Аспандиярова өз ишиндеги тоодой тоскоолдуктарга токтолду:

Маржан Аспандиярова.

"Биздин иш өтө кыйын. Анткени тынчтык митингине катышкан ар бир жаран куугунтукталышы мүмкүн. Көп жарандардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, камакта отурушат. Бул нерсе саясий тапшырма болгондуктан, албетте полиция кызматкерлери дароо протокол жазып, соттоп жиберишет", - деди укук коргоочу Маржан Аспандиярова.

Ал эми жарандык активист Бахытжан Торегожинанын айтымында, казак бийлигинин кысымы укук коргоочулардын иштеген чөйрөсүнө жараша болот.

Мисалы, коомдук жана маданий чөйрөнүн укугун коргоо бир аз коопсуз деп каралса, саясий себептер менен укугу тепселенгендерди коргоп чыккан активисттер өздөрү бийликтин капканына кабылышы мүмкүн.

Ал тургай алардын арасында көп жылдар бою куугунтукталып, "эл душманы" атка конгондoру бар.

Дагы караңыз Казакстан: өз жанын кыйган аялдар саны өстү

Укук коргоочу Торегожина казакстандык бийлик жигердүү укук коргоочу айымдарды эл алдында жаманатты кылып, алардын үй-бүлө мүчөлөрү аркылуу ар кандай коркутуулар жана кысымдар болгонун айтат:

Бахытжан Торегожина.

"Мен бул ишти баштаганда үй-бүлөмө коркутуулар келип турган. Мен дароо үй-бүлөмдүн ар бир мүчөсү менен байланышымды токтотком. Апам мага "сенин айыңан туугандарга коркутуулар келип жатыптыр" дегенинен, мен туугандар менен катышты да токтотком. Алдыга койгон максаттарымды ишке ашыруу үчүн дээрлик 10 жылдан бери бир туугандарым менен көрүшпөй калгам. Акыркы жылдары гана бийликтин кысымы бир аз азайгандан кийин бир туугандарым менен телефондон сүйлөшүп калдым. Анткени үй-бүлө аял үчүн өтө аярлуу нерсе деп ойлойм".

Дагы бир казакстандык белгилүү адвокат Елена Семенова айым абакта бейкүнөө жаткан жарандардын укуктарын коргоп келет. Ал кесибинин айынан бир канча жолу өзү да ар кыл кысымдарга кабылган. Ошондой эле Елена Семенованын үстүнөн түзөтүү мекемелериндеги мыйзам бузууну ашкерелегендиги үчүн 10дон ашык арыз жазылган.

Ал көп жылдан бери Казакстандын абактарындагы кыйноо учурларын ашкерелеп жазып, ырааттуу адилеттик издеп келген саналуу активисттердин бири. Семенова ага үй-бүлөсү аркылуу кысым жасалганын жашырбайт.

Елена Семенова.

"Аял кишиге кысым жасоонун эң оңой жана натыйжалуу жолу - бул үй-бүлө аркылуу коркутуу деп айта алам. 2012-2013-жылдары мага балдарымды айтып коркутушкан. Ал эми аял үчүн, негизи, үй-бүлө маанилүү болгондуктан, укук коргоочу аялдарды да балдары менен коркутуу учурлары биздин өлкөбүздө кеңири жайылган".

Эл аралык уюмдар Казакстанды адам укуктары одоно бузулган өлкөлөрдүн катарына кошуп келет. Ал эми казакстандык укук коргоочу аялдар кандай гана кысым болбосун, жардамга муктаж ар бир жаранга жардам берүүгө дилгир экенин баса белгилешет.

Дагы караңыз Казакстанда аткаминер аялдар аз

Акыркы жылдары коңшу Казакстанда нааразылык иш-чараларына чыккан активисттер жана журналисттер куугунтукталып, айрымдарына кылмыш иши да козголгон. Муну менен катар быйыл Батыш өлкөлөрү Бириккен Улуттар Уюмунда Казакстандын бийлигинин баяндамасын угуп жатып, казак бийлигине журналисттерди коргогон мыйзамдардын аткарылышын жана адвокаттар менен укук коргоочуларды коркутуп-үркүтүү фактыларын иликтөөнү сунуш кылышкан.

Эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун “басма сөз эркиндиги” боюнча акыркы көрсөткүчүндө Казакстан дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 157-орунду ээлеп, “сөз эркиндигинин абалы оор” өлкөлөрдүн катарына кошулган.