Бийликке кол шилтеген журналисттер

Ербол Мандибек

Журналист Ербол Мандибек элдин анык көйгөйүн чагылдырбайт, бийликтин айтканынан чыкпайт деп "Казакстан" телеканалынан кетип калды. Ушундай эле маселелерден улам акыркы айда Беларуста да жоон топ журналист ыктыярдуу кызматтан кетишти.

«Чыдамым түгөндү. Мындан ары мындай арсыздыкка, бетсиздикке бара албайм».

34 жаштагы Ербол Мандибек “Азаттыктын” казак кызматына маегин ушинтип баштады. Ал 2-сентябрда мамлекеттик «Казакстан» телеканалындагы кабарчылык кызматын өз ыктыяры менен тапшырды.

Мандибек он жылдай президент катышкан иш-чараларды чагылдырып, акыркы үч жылдан бери атайын кабарчылыкты аркалап келген. Акордо менен Маалымат министрлиги редакциялык саясатка такай кийлигишерин, ал эми телеканал анык көйгөйлөрдү чагылдырбай келгенин айтты:

«Ал жерде биринчи кезекте элдин проблемасы эмес, бийликтин тапшырмасы орундалат. Жетекчилигиме айттым, “куру карап отурбай кичине болсо да ачылалы, көрсөтөлү, жазалы" дедим. Мисалы, көрүп атасыз, ачууланган көп балалуу энелер көчөгө чыгууда. Акимчиликтин, министрликтин, өкмөттүн, жада калса Акордонун алдына чейин барышты. “Эмне үчүн бул маселе жаралып жатат?” деген маселени биз ачык көрсөткөн жокпуз. Эч кандай мамлекеттик телеканал ачык жазып, көрсөткөн эмес».

Мандибек "Казакстан" телеканалы үчүн сюжет жасап жүргөн учур.

Ошентип ал бийликке карата сын камтылган жаңылык-баяндарды мамлекеттик телеканалдан чыгарта алган эмес.

Ербол Мандибек жетекчилиги менен талашып-тартышкан күндөрүн ачуулана эскерди.

«Неге жарыялабайбыз? Неге айтпайбыз? Неге иштебейбиз?” десең бир эле жооп келет. “Өзүңүз билесиз – система. Аны бузуу мүмкүн эмес" дешет. Көрдүңүзбү?!».

Телеканалдын эфиринен кетире албаган соң журналист Мандибек экс-президент Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев, президенттик иш башкармалыктын мурдагы башчысы Болат Утемуратов өңдүү миллиардерлердин байлыгы, COVID-19 пандемиясы маалында дары-дармек жетишпеген жарандар тууралуу билдирүүлөрдү социалдык сайттардагы жеке баракчалары аркылуу таратып келди. Бул үчүн жумуштан кетердин алдында эскертүү да алган. Анткени телеканалга ишке алынарда эмгек шартына кошумча бир талап коюларын белгиледи:

«Анда эмне деп жазылган? Мисалы, мен иштегенде мага мындай шарт коюлду. “Мен мамлекеттик телеканалда иштей турган болсом өкмөттү, бийликти, дегеле аткаминерлерди сындоого болбойт. Алардын беделине шек келтирүүгө болбойт».

Ал эми “Казакстан” телеканалынын өкүлү “Мандибектин жумушуна чектөө болгон эмес” деген кыска гана комментарий менен чектелди. Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги ар бир мекеменин ички тартиби бар экенин, журналист редакциялык саясатты сакташы керектигин билдирди.

Көз карандысыз журналист жана активист Бэлла Орынбетованын айтымында, Мандибек сыяктуу журналисттер аз эмес. Тек маселе алардын социалдык абалында дейт ал.

«Мамлекеттик медиадагы журналисттер эфирге айтпаганы менен жеке сүйлөшө келгенде “Ушундан чарчадык. Биз да оюбузду түз айткыбыз келет. Ашканада отурганда эле эмес, элге да ачык айткыбыз келет. Бирок айла жок, кредиттерибиз бар деп такай эле айтышат. Алар Казакстанда көз карандысыз каналдар жок экенин билишет. Ошондуктан бара турган жери, баса турган тоосу жок».

Бэлла Орынбетова

Эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун “пресса эркиндиги” боюнча акыркы рейтинги быйыл апрелде жарыяланган. Анда Казакстан 180 өлкөнүн ичинен 157-орунду ээлеп, “сөз эркиндигинин абалы оор” өлкөлөрдүн катарына кошулган.

Бийликке каяша айткан беларус журналисттери

Ал эми Беларус бул рейтингде 153-катарда турат. Ушул тапта түмөндөгөн элдин толкуп, бийликке каяша айтып чыгып жатышы беларус журналисттери үчүн да сынак болуп, көбү кызматын тапшырды.

Алардын бири “Беларус 1” телеканалында жаңылыктарды алып барган Сергей Козлович. “Настоящее время” телеканалына маегинде ал тогуз жыл иштеген каналдан кетүү чечимин шайлоонун эртеси кабыл алганын билдирди:

«Таңкы эфирде нөөмөттө элем. Түнкүсүн болуп өткөн окуялар тууралуу айтып беришим керек эле. Анан түшүндүм... Окуп атканым [жаңылык] менен макул эмес элем. Менин да тааныштарым, досторум ал каршылык акцияларына катышып жүрүшкөн. Мен маалымат чын болушу мүмкүн экенин түшүнүп жаттым, бүтүндөй эле жалган деп айта албайм. Бирок ушунчалык бир жактуу болчу, түнү болуп өткөн ал окуялар тууралуу таптакыр башка элес жаратып жаткан».

Андрей Макаёнок

Кийинчерээк башка да жоон топ журналист Козловичтин жолун жолдошту. Алардын белгилүүлөрү президент Александр Лукашенконун ишмердигин такай чагылдырган Дмитрий Семченко, мамлекеттик “Белтелерадиокомпаниясынын” алып баруучулары Вера Каретникова, Евгений Перлин, Андрей Макаёнок жана башкалар.

Андан тышкары 17-августтан тартып Белтелерадиокомпания, ОНТ, СТВ телеканалдарынын, БЕЛТА агенттигинин жүздөгөн журналисттери да иш таштоого кошулган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​