Бул арада өзүн соцтармактарда ислам шарияты боюнча таалим-тарбия устазасы, эмгек сиңирген педагог деп тааныштырган Өктөмхан Абдувалиеванын күйөөсү бар келиндерге арналган видео ролиги кызуу талкууга түштү. Адистер адам тагдырына байланыштуу контент жасагандар ар дайым коом алдындагы жоопкерчилик маселесин эске ала жүрүшү керектигин белгилеп жатышат.
"Коомго зыян келтирүүчү маалыматты таратпасын"
Ал видеороликте күйөөсүнөн токмок жеп, үйүнө ыйлап келген келинди апасы арыктагы сууга бетин жууп, бешиктеги баласы ойгонгуча үйүнө барып, күйөөсүнө жана кайын журтуна кызмат кылууга буйруп жатканын көрүүгө болот.
Роликти дин темасынан аялдарга сабак өтүп жүргөн Өктөмхан Абдувалиева соцтармактагы баракчасына жайгаштырган. Абдувалиева видеонун чоо-жайы тууралуу "Азаттыкка" айтып, соцтармакка чыгарылганда кыскартылганын билдирди.
Өктөмхан Абдувалиева
"Блогерлер Баткендеги окуянын башына мени кесип коюп, "Муфтият кайда карап отурат" деп жазып жатышат, мында Муфтияттын не кереги бар? Мен мечитте тартылган эмесмин. Ар бир эле апа келген кызын кетирип жибере бербейт, кеңири сүйлөшөт. Роликтеги ошонун баарын айтканымды кесип салышыптыр. Чыгарбагыла десем болбой, чыгарып салышыптыр".
Жакында Баткендин Кызыл-Кыя шаарында 24 жаштагы Дилфуза аттуу келин киши колдуу болду. Ал ата-энесинин үйүнө келип, жолдошу менен жашагысы келбей турганын, ажырашууну каалап жатканын айткан. Бирок аны кайнатасы сүйлөшүп алып кеткенден кийин үйгө келиндин өзү эмес, сөөгү келген.
Маркумдун жакындары ал күйөөсүнүн зомбулугунан улам мерт болгонун айтып жатышат. Бул окуя коомчулукта талкууланып жаткан чакта жогорудагыдай маанидеги роликтин жарыяланышы соцтармактарда акыл үйрөткөн адамдардын жоопкерчилигине байланыштуу маселени козгоду.
Мектепте көп жыл мугалим болуп иштеген педагог Ташбү Жамилова Өктөмкан Абдувалиеванын ролиги бир тараптуу болуп калганын айтууда. Ал авторлор мындай мүнөздөгү материалды жарыялап жатканда анын таасири жана тобокелчиликтерин терең ойлонушу керек деп эсептейт.
Ташбү Жамилова
"Үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон келиндерибиз ансыз да көп болуп, кабыргабыз кайышып турган учурда Өктөмхан Абдувалиеванын ролиги чыгып калды. Анда ал үйүнө күйөөсүнөн токмок жеп келген кызын "эмне болду, күйөөң неге урду, не себеп болду" деп сураган да жок, "менин сендей кызым жок, күйөөң сенин кожоюнуң" деп кайра кууп жибергени тартылган. Андай ролик кыздарга да, эркектерге да терс таасирин тийгизет. Кыздар "үйгө качып барсам апам кабыл албайт" деп түшүнсө, эркектер аялдарды "болушары жок" деп эсептеп, менчигиндей көрүшөт. Адам бир нерсени толук түшүнгөндө гана башкаларга ошону айтканы туура. Ислам дини аялды "бар дагы күйөөңө баш ий, ага кулсуң, айтканынан чыкпа" дебейт, "аялды барктагыла, аял Аллахтын аманаты, сенин тукумуңду улоочу, сенин балаңды багуучу, жакаңды агартуучу" деп айтат. Өктөмхан эже менен биз бир мектепте чогуу иштегенбиз, мугалим, бирок исламий билими тууралуу маалыматым жок. Тилекке каршы, азыркы жаштар өздөрүн коуч, психолог жана башкамын дегендердин сөзүн көбүрөөк угушат. Ошолор коомго зыян келтире турган маалыматты таркатпай эле койсун".
Кыргызстанда интернетте диний контент даярдоочу жана таратуучулар Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктен атайын күбөлүк алууга милдеттүү. Бул эреже октябрдын башында киргизилген. Ага ылайык, диний контент таратуучулар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына же башка уюмдардан диний билими бар-жогун тастыктоого тийиш. Туура эмес ишмердик жүргүзүп, ошондой идеологияны таратып же мыйзам бузууга баргандар “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамдын негизинде жоопкерчиликке тартылары эскертилген.
Дагы караңыз
"Аалым блогер эмес". Кыргызстанда диний контенттер жөнгө салынабы?"Сабатсыз психологдор элдин башын айлантты"
Бул арада Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары бүбү-бакшы кызматын көрсөтүүгө жана тиешелүү билими жок туруп психолог катары кызмат көрсөтүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун коомчулуктун назарына сунуштады. Демилгечилер кызмат көрсөтүүнүн мындай түрүнө «Жарнама жөнүндө» мыйзамда да тыюу салынганын белгилеп, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мыйзамдардын жалпы ченемдерине туура келбесин белгилешет. Демилгечилердин бири - Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева алдап же ишенимге кирип көрсөткөн кызматы үчүн акча алса кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек деп эсептейт:
Гүлшаркан Култаева
"Психологиялык кызмат адамдын психикасына жана эмоционалдык абалына таасир этүүчү кесиптик ишмердик. Ошондуктан, биз психолог кызматын да кесиптик жогорку билими бар гана адистер көрсөтө алат деп талап кылып жатабыз. Азыр "мен психологмун" деп кызматын сунуштагандарды соцтармактардан көп эле көрүп жатабыз".
Ал эми мистикалык оккульттук кызмат көрсөтөм деп алдап, жарандарга зыян келтирүүгө биротоло тыюу салуу сунушталды. Депутат Гүлшаркан Култаева мыйзам долбоорунда мындай кызмат көрсөтүүнү тике жарнамалоо менен катар эле соцтармактарда, түз эфирлерде блогерлер аркылуу жайылтып, жарыялоого да тыюу салынарын кошумчалады.
Дин, жашоо-турмуш, аял-эркек мамилеси, ишкерлик жана башка маселелер боюнча билгенин айтып, анысы үчүн акча алып жаткан устаза, психолог, коучтардын кызматынан "пайдаланып жүрөм" деген бир нече адамды сөзгө тарттык.
Диний темадагы таалим-тарбия сабагына барып жүргөн Бегимай аттуу студент кыз бул сабактарга барганга чейин динден да, үй-бүлөдөгү мамиленин сырларынан да маалыматы болбогонун айтты.
"Менин ата-энем экөө тең намаз окушпайт. Туугандарыбыз, курбуларым деле динден алыс адамдар болушчу. Бишкекте жогорку окуу жайына окуй баштагандан кийин намаз окуган кызга дос болдум. Ал мени өзү менен кошо диний таалим сабагына ээрчитип барды. Чындыгында ислам дини, андагы аялдын, кыздын орду тууралуу таптакыр маалыматым жок болчу. Сабактардан көп маалымат алдым. Албетте, анын пайдалуусун жана пайдасызын электен өткөрүп, өзүмдүн ой-жүгүртүүмө жараша кабыл алып жатам".
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Кызым "психологго" алданып ажал тапты"
Бишкектеги мектептердин биринде мугалим болуп иштеген Сайра үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөн улам соцтармактан өзүн "психолог" деп тааныштырган бирөөгө байланышып, онлайн "дарыланганын" айтып берди:
"Укмуш сүйлөп, адамдын ичи-койнуна кирип жатса, күчтүү психолог деп ойлоптурмун. Биринчи сеансына 5 миң, калгандарына миң сомдон бересиң деп, аны да алдын ала онлайн төлөтүп алган. Эч кандай жеңилдик сезгеним жок, анын айткандарын соцтармактарда эле толтура киши айтып, акыл-эс үйрөтүп отурушат. Акчамды кайтарып берүүсүн талап кылсам блоктоп салды".
Бишкектин дагы бир тургуну Аида сабатсыз психологдордон жаштарды коргоо зарыл деп эсептейт:
"Менин билишимче, бизде бир нече жогорку окуу жайда психологдорду даярдайт. Ошолордун бүтүрүүчүлөрү кайда? Мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга психологдор керек деп атабыз, бирок ал жакка кызматка кабыл алууда жалаң жогорку билимдүү, дипломдуу адистер алынышы керек. Антпесек, коомубуз оорулуу болуп калчудай".
Кыргызстанда соңку жылдары үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көбөйүп, адам өмүрүн алган үрөй учурган окуялар катталууда.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын алгачкы алты айында өлкөдө 21 миң 138 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 29,8% же 4 миң 854 фактыга көп. Укук коргоочулар зомбулукту алдын алууга комплекстүү чаралар зарыл экенин, жарандарга реалдуу укуктук, психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик органдар менен коомдук уюмдардын кызматташтыгын күчөтүү маанилүү экенин белгилеп келишет.