"Коркунуч болсо чектөө коёбуз". Орусияга учкандарды чочуткан жагдай

Иллюстрация. "Кыргызстан аэропорттору" компаниясынын Фейсбук баракчасына жарыяланган сүрөт.

мазмуну

  • “Кыргыз аэропорттору” компаниясы 3-сентябрь күнү Бишкектен Орусияга жөнөгөн бир нече авиакаттам кармалып жатканын билдирди.
  • Өзбекстан менен Тажикстандан да ушундай кабарлар жарыяланды.
  • Эки күн мурун Украинанын президенти Владимир Зеленский эл аралык авиакомпанияларга Орусиянын аба мейкиндиги украин дрон соккуларынан улам “кооптуу” болуп баратканын эскерткен.
Бишкек менен Оштон Орусиянын Москва, Санкт-Петербург баштаган багыттарына күнүгө бир нече каттам бар. Соңку билдирүүгө Кыргызстандан эч кандай расмий реакция боло элек. Бирок бул ишкердик жана миграция менен тынымсыз орус шаарларына каттаган миңдеген кыргызстандыктарды кооптондурган маселе.

"Кыргыз аэропорттору" 3-сентябрь күнү "Аэрофлот", "Авиатрафик" жана S7 авиакомпанияларынын Бишкектен Москва менен Новосибирскке уча турган каттамдары кармалып турганын билдирди. Кармалуунун себептери түшүндүрүлө элек.

"Азаттыктын" өзбек кызматы Өзбекстанда Фергана жана Анжиян облустары менен Москваны байланыштырган каттамдар бир нече саатка кармалганын кабарлады. Ошондой эле Москванын "Домодедово" аба майданынын жадыбалында Өзбекстандын Карши шаарынан бара турган учактын кармалганы көрсөтүлгөн. Ташкенттен учкан каттамдардын бири Москвага жетпей артка кайтканы, дагы бирөө орто жолдо Казанга конгону белгилүү болду. Буга Орусиянын аба мейкиндигиндеги чектөөлөр себеп болгон.

“Азаттыктын” тажик кызматы болсо 2-сентябрь күнү Орусиядан Тажикстанга эки каттам жана Тажикстандан Орусияга бир каттам токтотулганын жазды. Себеби түшүндүрүлгөн эмес. Эки каттамды тең “Урал авиалиниясы” компаниясы аткарчу.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Белгисиз кырдаал..." Москвага учкан кооптуубу?

Орус президентинин кеңешчиси Антон Кобяков Москва учуулардын коопсуздугун камсыздоо жана өлкө асманы коопсуз болушу үчүн максималдуу чараларды көрөрүн билдирди.

Ушундай кырдаалга карабай Орусияга карай жөнөп жаткан кыргыз жүргүнчүлөрү көп.

"Чынын айтсам, ойлобопмун. Аллага аманат деп эле кетип жатабыз да", - дейт Ош аба майданынан учуп жаткан бир жүргүнчү.

"Тиричилик да, эмне демек элек. Аллага аманат деп кетип жатабыз. Ким билсин эми", - дейт башкасы.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 1-сентябрда эл аралык авиакомпанияларга, камсыздандыруучуларга жана чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө кайрылып, Орусиянын аба мейкиндиги кооптуу болуп баратканын эскерткен. Ал өзгөчө Москва, Санкт-Петербург жана Орусиянын башка ири шаарларына учкан авиакомпанияларга кайрылган:

"Украина жарандык авиацияга же жарандык учактарга коркунуч жаратпайт. Болгону Орусиянын асманында дрондор болорун эске алуу керек. Орус бийлиги зарыл эскертүүлөрдү бербей жатканына карабай Орусиянын аба мейкиндиги иш жүзүндө жабыла баштайт. Орусия баштаган согуш өзүнүн эле асманын жаап жатат".

Зеленский Украина бейкүнөө адамдардын өмүрү кыйылышын каалабайт деп айтып, Киевде жана Москвада иштеген чет элдик дипломаттар бул маалыматты өз өкмөттөрүнө жана авиакомпанияларга жеткириши керек деп белгиледи.

Кыргызстандын бийлиги Киевдин билдирүүсүнө байланыштуу расмий позициясын же аткара турган иш-аракеттерин жарыялай элек.

Жарандык авиация агенттиги Орусиядагы дрон чабуулдарынын күчөшүнө байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча кандайдыр бир атайын иш-чараларды жарыялаган эмес. Агенттиктин жетекчисинин орун басары Канат Төлөгөнов жарандык учууларды ар дайым көзөмөлдөп турушарын билдирди:

Канат Төлөгөнов

"Негизи учактар эң чоң бийиктикте учат, дрондор төмөн бийиктикте учат. Чектешпейт деле. Биз деле ар дайым ушундай кырдаалдарды көзөмөлдөп турабыз. Эгерде коркунуч бар болсо, өзүбүз чектөө коёбуз. Ар бир учууга авиакомпания өзү деле карап, абалга карата коопсуздук деңгээли ылайыктуу болсо, ошондо гана учат. Орусия тарап өздөрү деле эгерде коркунуч болсо, жерге баарын түшүрөт. Же аба майданды жаап таштайт. Эгерде ошондой коркунучтар болсо кандайдыр бир чектөөлөрдү өздөрү коёт. Алар өздөрү деле өзү тараптан коопсуздукту камсыз кылып берет".

Орусиянын аба мейкиндигиндеги коопсуздук маселеси Кыргызстан үчүн да маанилүү. Бишкек менен Орусиянын шаарларынын ортосунда аба каттамдар арбын. Азыркы жадыбал боюнча Бишкектен Орусияга тогуз авиакомпаниянын учактары түз учат.

Авиакаттамдар Москвадан тышкары Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Казан, Красноярск, Махачкала, Сочи жана Сургут сыяктуу шаарларга аткарылат.

Ош менен Бишкектен орус шаарларына көбүнчө кыргыз ишкерлери, мигранттары жана алардын үй-бүлөлөрү учушат.

Украина соңку айларда Орусиянын аймагындагы мунай иштетүүчү заводдорго жана башка объектилерге дрон соккуларын күчөткөн. Вайлдберриз, Озон маркетплейстеринин кампаларына урулган дрон соккуларынан бир катар борборазиялык жаран каза болду.

Транспорт жана коммуникациялар министринин мурдагы орун басары Максатбек Дыйканов кыргыз өкмөтү жүргүнчүлөрдүн коопсуздук тобокелдиги төмөн болгон башка шаарларга альтернативдүү багыттарды караштырып жүрүшү зарылдыгын айтат:

Максатбек Дыйканов

"Эки мамлекет тең бири-биринин инфраструктураларынын негизги түзүмдөрүнө кол салып атпайбы. Азырынча биздин эл ташыган жарандык авиациянын учактарына залакасы тие элек. Тийбесин деген үмүттөбүз. Эгерде ушундай бир аз эле коркунуч пайда болсо, анда тез чара көрүш керек. Азырынча алдын ала эле бардыгын токтотуп коюш кыйын. Себеби, турмуш жүрүп атат, элибиз тынбай каттайт экен. Бул жагын ойлонушубуз керек. Бул жакта биздин Жарандык авиация бийлиги Орусиянын Жарандык авиация бийлиги менен тыгыз иштешип, маалыматты тыгыз алып турушу керек".

Авиациялык коркунучтарды баалаган Osprey Flight Solutions компаниясы да Орусиянын аймагына жасалган дрон жана ракета чабуулдары 2026-жылдын аягына чейин дээрлик күнүмдүк көрүнүшкө айланышы мүмкүн экенин эскертти.

Мындай шартта жарандык учакты жаңылыш атып алуу же абадан коргонуу системаларынын ишинен улам коркунуч жаралышы мүмкүн экенин адистер белгилөөдө.

Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын аймагын күн сайын дрон жана ракета менен аткылап келатканына бешинчи жыл болуп баратат. Соңку жылдары Орусиянын өзүнүн аймагы да бутага көп алынууда. Украина Орусиядагы чабуулдарга адатта комментарий бербейт, болгону, Москванын согуш машинасын токтотуу үчүн анын мунай жана аскердик продукция чыгаруучу ишканаларын жарактан чыгаруу керек деп эсептей турганын айтып келет.