Боомдо эскерилген Үркүн

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Тарыхта “Үркүн” деген ат менен калган 1916-жылдагы кандуу көтөрүлүштүн 100 жылдыгын утурлаган иш-чаралар башталды. Апта соңунда Улуттук китепканада 1916-жылдагы окуяларга арналган «Тарыхтын эскирбес тагы» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды. Эскерүү иш-чарасы андан ары уланып, Боом капчыгайында тарыхый окуянын курмандыктарына арналып курулган эстеликтин жанында митинг-реквием өттү.