Линктер

дүйшөмбү, 17-июнь, 2019 Бишкек убактысы 18:52

1916: Керенскийди ашкере көкөлөтпөйлү


Александр Керенский.

Орусиялык мамлекеттик ишмер, либерал демократ, социалист Александр Керенскийдин бейнесине тарыхчы Б.Абытов кайрылат. Башка атаандаш пикирлер да "Азаттыктын" интернет-барагында жарыяланып келген жана жарыялана берет.

Жакында китепканадагы эски гезиттерди барактап жатып, “Кыргыз Туусу” гезитинин 2016-ж. 19-февралындагы №13 санынын 6-бетине чыккан “Керенскийдин аты унутулбасын” аттуу кайрылуу да көзүмө чалдыкты.

Айрыкча кайрылуудагы “... кыргыз элине жакшылык кылган коомдук ишмер, Мамлекеттик Думанын депутаты Александр Керенскийдин ысымын кыргыз жергесинде түбөлүккө калтыруу зарыл” деген жери дагы бир жолу каяша жазууга өбөлгө түздү.

А. Керенскийдин бейнесине кээ бир штрихтер “Азаттыктын” окурмандары үчүн кызык деген пикирдемин. Анткени кээ бир учурда өзгөчө аша чабуу болуп, ”бөрк ал десе, баш алгандар” да бар. Айрыкча адистиги тарыхчы эмес адамдар тарыхтын көйгөйлүү, талаш-тартыштуу маселелерине киришип, туура келсе да, келбесе да адистерден өтүп өз пикирлерин көпчүлүккө таңуулай баштаган адат пайда боло баштады. Жогорку кайрылуу буга мисал.

Арийне, ар бир адам өз пикирин айтууга укуктуу, бирок ал пикир олуттуу да, омоктуу да, натыйжалуу да болсо кана, атаганат! Тетирисинче, көп учурда адамды өкүндүргөн тарыхый пикирлер пайда болууда. Мисалы, А.Ф.Керенский тууралуу маалыматтар. [1]

Кээ бирлер бул адамды кыргыз элинин негизги генофондун сактоочу, кыргыздарга ченемсиз эмгек сиңирген, зор абройлуу адам катары кароого аракет кылышууда.

Ошондуктан “Азаттыктын” окурмандарына А.Ф. Керенский тууралуу учкай тарыхый маалыматтарды берип коюну туура көрдүк. Чынында эле А.Ф.Керенский деген ким, кандай адам, кандай саясатчы болгон? Убактылуу Өкмөттүн башында туруп, Орусия үчүн, айрыкча анын курамындагы кыргыз эли үчүн кандай жакшылык кылды?

Деги эле ал кыргыздарды колдогон, жактаган, коргогон дегенге кандай негиз бар? Ал эми кээ бир биздин мекендештер айткандай, анын атын Кыргызстанда түбөлүккө калтырууга негиз барбы?

Орус империясынын саясий, тарыхый аренасынын эң трагедиялуу мезгилинде көпчүлүктүн назарын өзүнө оргиналдуу түрдө буруп, бир партиядан экинчи партияга өтө качып, В.И.Лениндин тили менен айтканда “саясий сойкулук” кылып, өз жеке кызыкчылыктарын партиялык, мамлекеттик кызыкчылыктан жогору коюп, дүйнөнү дүңгүрөткөн империянын кыска мөөнөттө кыйрашына зор салым кошкон саясий ишмерлердин бири А.Ф. Керенский болгон.

Орус саясий тарыхында анын ысымын “монархиянын кечирилбеген кыйраткычы”, “саясий туруксуз”, “жеке дымагы күчтүү адам”, “1917-жылдагы окуяларда натыйжасы жаман, жазмыштуу роль ойногон адам”, “аял кийимин кийип Петербургдан качып чыккан орус саясатчысы”, “эң түшүнүксүз орус саясатчысы”, кесиптеши М.Родзянко 1922-ж. айткандай “Орусияга эч ким А.Керенский сыяктуу зор зыян келтирген эмес” деген тариздеги эпитеттер коштоп жүрөт.

Александр Федорович Керенский 1881-жылы 4-майда Симбирскидеги эркектер гимназиясынын мугалиминин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ошол эле жерде 1870-жылы В.Ульянов-Ленин төрөлгөн.

Эң кызыгы, ХХ кылымдын башында Орус империясынын тагдырын чечкен эки инсан В.Ульянов-Ленин жана А.Керенский болуп, экөө тең симбирскилик болуп, экөө тең Санкт-Петербург университетинин юридикалык факультетин бүтүрүшкөн (В.И.Ленин оболу 1887-ж. Казан университетинин юридикалык факультетине өткөн, бир нече айдан соң окуудан чыгарылган. Ал эми 1891-ж. ноябрда Санкт-Петербург университетинин юридикалык факультетинин сынактарын экстерн жолу менен тапшырган. - Ред.), экөө тең эмгек жолун адвокаттыктан баштаган.

Эң кызыгы, эбегейсиз зор Орус империясынын тагдыры 1917-жылы дал ушул эки гимназисттин колунда болуп калганы таң калтырат. Бири дүйнөнү дүңгүрөткөн Орус империясынын түбүнө жетсе, экинчиси Кеңеш Өкмөтүнүн башында туруп, жаңы кеңештик империяны негиздеген.

А.Ф.Керенский алгач Орусиянын социалист-революционерлер партиясына (эсерлерге) кошулат. 1912-15-жылдары ал Мамлекеттик Думанын комиссиясында мүчө, анын сол канатынын мыкты оратору, либерал депутаты катары таанылат. Өзгөчө белгилүү кылган жагына 1916-жылкы Түркстан генерал-губернаторлугундагы көтөрүлүш тууралуу Орус Мамлекеттик Думасындагы атайын сөзү да кирет. [2] Баамдаңыз, ал жалаң кыргыздарды эмес, түркстандыктарды айтып жатат.

Александр Керенский.
Александр Керенский.

Февраль революциясын ар тараптан колдогон А.Ф.Керенскийди төмөнкү сапаттарда көрөбүз: 1916-17-жж. IV Мамлекеттик Думанын «эмгекчилер» фракциясынын лидери (эсерлер партиясы эмес); 1917-жылы 26-27-февралында ал Аксакалдар Кеңеши тарабынан түзүлгөн Мамдуманын Убактылуу комитетинин, Аскердик комиссиясынын мүчөсү, Петроград Советинин төрагасынын орун басары; 1917-жылдын 2-мартынан баштап май айына чейин эсерлер менен бирдикте (баамдаңыз, кайрадан эсерлер менен бириккен) Убактылуу Өкмөттүн курамына кирип, юстиция министри болгон; 1917-ж. апрель кризисинен кийин, жаңы коалициялык өкмөттүн курамында; май-сентябрь айларында Керенский Убактылуу Өкмөттүн аскер жана деңиз министри; 1917-жылдын 8-июлунан баштап министр-төрага - премьер-министр же Убактылуу Өкмөттүн башчысы; 1917-ж. 24-июлунда кадеттер менен бирдикте 2-коалициялык өкмөттү түзгөн; Убактылуу Өкмөттүн колундагы толук бийликти 1-сентябрдан баштап 5 адамдан турган Директориянын – А.Ф.Керенский, А.М.Никитин, М.И.Терещенко, А.И.Верховский, Д.Вердеревскийдин колуна өткөрүп, Орусия Республикасын жарыялаган; 1917-жылдын 25-сентябрында Орусия империясынын 3-коалициялык өкмөтү түзүлүп, анын башында А. Керенский турган. [3]

1917-жылы 7-ноябрда эсеп боюнча төртүнчү, “эң солчул” Убактылуу Өкмөт кулаган. А.Ф. Керенскийдин бардык аракеттери жана үмүттөрү таш капкан.

А. Керенскийге Орусиядан качып чыгуу мүмкүн болгону менен өлкөдөгү бийликти кайта алуу мүмкүнчүлүгү буюрган эмес.

А.Ф. Керенский 1970-жылы 11-июнда Америкада көз жумган, бирок «монархиянын кыйраткычы» катары Нью-Йорктогу православиялык чиркөө кызматкерлери аны акыркы сапарга узатуудан, жергиликтүү жайга коюудан баш тартышкан. Ошондуктан анын өзү Америка жергесинде өлгөнү менен, сөөгү баласы жашаган Лондон шаарында бир да конфессияга карабаган, эч кимге кереги жок селсаяктар жайына коюлган. Бул - ал үчүн чоң трагедия.

Эми канчалык деңгээлде Убактылуу Өкмөттүн башында туруп, ошол кездеги анын курамында болгон кыргыз элине кандай жакшылык кылган, ал кыргыздарды колдогону, жактаганы, коргогону канчалык деңгээлде чындыкка туура келет? Чындап эле кээ бир биздин мекендештер айткандай, анын атын Кыргызстанда түбөлүккө калтырууга негиз барбы? Ушул ж.б. маселелерге сөз нугун буралы.

Албетте, А.Керенский Орус империясынын, орус элинин ошол учурдагы абалына жараша бир катар алгылыктуу иштерди кылса кылгандыр, бирок кыргыз эли үчүн анча деле жакшылык кылбаганы да тарыхта маалым. Кыргыздар үчүн кандай жакшылык кылды?

1. Биздин элибиз үчүн кылган эң чоң кызматы - А.Ф. Керенский ошол кездеги Орус империясынын Мамлекеттик Думасын саясий трибуна катары пайдаланып, биздин оор акыбалыбыз, аянычтуу тагдырыбыз тууралуу баяндаганы ырас. Бирок анысы биздин элдин татаал тагдырын ойлогону үчүн эмес, ошол кездеги падышалык өкмөттүн иш-аракетин кескин сынга алуу, падышалык бийликтин негизги саясатын сындоо аркылуу өзүнө тез арада саясий упай топтоо, өзүнүн жеке аброюн жогорулатуу аракетинде болгонун баса белгилөө абзел.

2. Ооба, Орус Мамлекеттик Думасынын Түркстандагы окуялар тууралуу атайын комиссиясынын курамында “Эмгекчилер” ("Трудовики") партиясынын атынан келгени чын. Мындай кадамга анын кыргыздарды өтө жакшы көргөнү үчүн эмес, А.Керенскийдин өзү Түркстан генерал-губернаторлугунун борбору Ташкенде гимназияда окугандыгы үчүн, чөлкөмдөгү түрк элдеринин (байкаңыз, кыргыз элинин эмес) абалынан кабардар Мамдуманын депутаты катары кошулушу толук мүмкүн эле.

3. Түркестандагы, айрыкча кыргыз, казак элдеринин империяга, анын улуттук, агрардык, оторчулук саясатына каршы көтөрүлүшкө чыккан элдин абалын А.Керенский өз кызыкчылыгына пайдаланып, жеке аброюнун жогорулашы үчүн пайдаланды десек да болот. Эгер ал чындап эле кыргыз элинин тагдырына боору ооруп, жакшылык кылуу ниети болсо, эмне үчүн Убактылуу Өкмөттүн башчысы болуп турганда тагдырдын татаал да, катааал да жолунда турган кыргыз элинин абалын жакшыртуу аракетин көрбөстөн, тетирисинче, алардын абалын кыйындаткан?

4. Сөзүбүз курук болбосун үчүн кээ бир фактыларды келтирели. Убактылуу Өкмөттүн башчысы катары 1917-жылдын 30-июнунда Орус империясынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрагасынын, аскер министринин жана солдат депутаттарынын Аткаруу Комитетинин дарегине жазылган Түркстан крайынын Мусулмандар кеңеши жөнөткөн телеграммага көңүл бурган эмес. Ал телеграммада адам чыдагыс оор абалда жашап жаткан кыргыздар тууралуу адамдын төбө чачын тик тургузган маалыматтар айтылган.

Телеграмманын түп нускасын сунуш кылабыз (фотокөчүрмөсү тиркелет):

Министру председателю. Копии: военному министру, исполнительному комитету советов солдатских депутатов. От исполнительного комитета мусульманских депутатов Туркестана.

Наши делегаты сообщают ужасающие положения киргиз Семиречьи. Киргизы беспощадно убиваются поселенцами семиреченцами. Возвращающихся из Китая киргиз не пускают на свои места. За ними форменно охотятся. Киргизы терпят крайнюю нужду. Корма нет, голодают. Продают жен, детей, доходят до того, а сөедают друг друга. Русские поселенцы Семиречья вооружены – киргизы безоружны. Нет слов описать положения киргиз – горе, несчастье, море слез.

Необходимы экстренные меры. Туркестанский краевой мусульманский совет. [4]

Тилекке каршы, Убактылуу Өкмөттүн төрагасы А.Керенский кыргыздардын ушундай оор абалын билип туруп, чара көргөн эмес. Анын мындай мамилесин көрүп туруп, кантип азыркы кыргыздар анын атын эл-жерибизге түбөлүк калтырат? Эгер антсек, ошол кыйынчылыктарды баштан өткөргөн кыргыздардын арбагы бизди кечирбейт.

5. Дагы бир жагымсыз жагдай. Ошол Убактылуу Өкмөт өзүнүн Түркстан комитетине, анын Пржевальск, Пишпек уезддик комитеттерине кыргыз элинин улуттук-боштондук кыймылын канга бөлөгөн Шкапский, Шеболин, Занемойский ж.б. кишилерди дайындоого жол бергендиги болуп эсептелет.

6. Ошол эле Убактылуу Өкмөттүн Түркстан комитети 1917-жылдын 19-апрелинде Кытайдан азып-тозуп, ачарчылыкта кайтып келген кыргыздарды өз мекенине Пишпек, Пржевальск уезддерине келүүгө тыюу салып, Нарындын тоолуу райондоруна айдоо тууралуу чечим кабыл алган. [5]

7. Убактылуу Өкмөттүн башына келгенден кийин Керенский 1916-жылдагы кандуу окуялардын күнөөкөрлөрүн, көтөрүлүштү канга бөлөгөн аскер адамдарын жазага тартууну сунуш кылып же талап кылган жок. Кыязы, ал бир жылга жетпеген убакыт мурда Мамдумадагы жалындуу сөзүн өзү бийликке келээри менен унуткан окшойт.

Негизи А.Керенский жетектеген Убактылуу Өкмөт улуттук боштондук берүүнүн ордуна, падышачылыктын аёосуз улуттук колониалдык саясатын уланткан. Оор абалдагы кыргыз элинин тагдырын андан да оорлоткону, көтөрүлүштүн катышуучуларын, Кытайдан кайткан кыргыздарды жазалоону жана куугунтуктоону күчөткөнү маалым.

Ушундан кийин кантип ошол Убактылуу Өкмөттү жетектеген А.Ф. Керенскийдин ысымын кыргыз жеринде түбөлүккө калтыра алабыз? Демек жогорудагылардын баары А.Керенский 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук кыймылын, аны басуудагу кандуу карателдик жазалоону өзүнүн кызыкчылыгы үчүн кызыл кулактык менен саясий упай, жеңил, кыска мөөнөттө зор аброй топтош үчүн пайдаланган деген ойду айтууга болот.

Анын 1916-жылы айткан сөзү менен 1917-жылы кылган ишинин чоң, теңирден тескери айырмасы чыгып калды.

Мына ушуларды билип туруп анан кантип Кыргызстанда А.Керенскийдин ысымын түбөлүккө калтырууга болсун?

Биздин пикирибизде Керенскийдин ысымын кыргыз элинде, жеринде түбөлүк калтыруу маселеси тап-такыр орунсуз көрүнүш, ал ага татыксыз саясатчы экенин белгилөө туура. Демек анын ысымын кыргыз элинде түбөлүк калтырууга эч кандай негиз жок.

Колдонулган адабияттардын тизмеси:

1. Суюнбаев М. Доклад А.Ф. Керенского о событиях 1916 года в Туркестане на закрытом заседании Государственной думы//Акипресс «История Кыргызстана»,13 декабря 2015 г.; Сборник документов Восстание 1916 года в Средней Азии: Выступление А.Керенского в Государственной Думе 13 декабря 1916 года. (Стенографический отчет). // Акипресс «История Кыргызстана»,12,14.12.2015; Т. Кененсариев. Опубликованный «доклад Керенского» не является оригиналом, и задача кыргызских историков найти его//Акипресс «История Кыргызстана», 01.12.2015; Т.

Чоротегин Т.К. В своем докладе А.Керенский весьма обьективно отразил ситуацию // Акипресс «История Кыргызстана», 01.12.2015;

Ногойбаева Э. Доклад Керенского приоткрывает завесу над одним из самых трагических периодов истории колониальных народов Туркестана // Акипресс. «История Кыргызстана», 30.11.2015; “КыргызТуусу”газетасы

2016-ж. 19-феврал. №13 6-бет.

2. Басманов М.И., Герасименко Г.А., Гусев К.В. Александр Федорович Керенский. – Саратов, 1995; Милюков П.Н. Воспоминания. - М.,1991. - С.475-478; Четвертков Н.В. Адвокат А. Ф. Керенский. // Актуальные проблемы политики и права. - Вып. 2. - Пенза, 2001.

3. Колоницкий Б.И. Александр Федорович Керенский в его речах (1917 год). - СПб, 2001, № 1; Басманов М.И., Герасименко Г.А., Гусев К.В. Александр Федорович Керенский. - Саратов, 1995; Иоффе Г.З. Семнадцатый год: Ленин, Керенский, Корнилов. - М., 1995.

4. РГВИА. Ф. 400. Оп. 1. Д. 4639. Л. 110.

5. Зима А.Г. Великий Октябрь в Киргизии. - Фрунзе, 1987. – С. 30, 45.

Байболот Абытов, тарых илимдеринин доктору, профессор, РТИА мүчө-корреспонденти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG