Кыргыз паспортун алууга ашыккан орусиялык саясатчылар

Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту.

25-мартта The Moscow Times басылмасы Орусиянын саясий жана ишкер чөйрөдөгү таанымал адамдары кыргыз жарандыгын алып жатышканын жазды. Макалада Кыргызстандын президентинин 2022-жылдын 26-октябрында өлкө жарандыгына кабыл алуу жөнүндө чыгарган жарлыгындагы бир катар адамдардын аты-жөнү жазылган. Transparency International уюмунун Орусия боюнча кеңсеси кыргыз жарандыгын алууда коррупциялык көрүнүштөр болушу мүмкүндүгүн белгилеп жатат.

Орусиялык таанымалдар жана кыргыз паспорту

The Moscow Times басылмасы шилтеме кылган №359 жарлыктагы бир нече ысымдар Орусиянын Тверь облусунун мурунку губернатору Дмитрий Зелениндин, орус өкмөтүнүн Жогорку сот менен Конституциялык соттогу ыйгарым укуктуу өкүлү Михаил Барщевскийдин кызы Наталья Барщевскаянын, “Аромат дүйнөсү” компаниясынын кожоюну Валерий Задориндин Александр жана Михаил аттуу уулдарынын жана Bitzlato криптобиржасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Антон Шкуренконун аты-жөнү, жашаган жери жана туулган жылдары менен дал келери белгиленген.

“Москванын тургундары Кыргызстандын паспортун алууга аракет кыла баштады. Президенттин (Кыргыз Республикасынын – ред.) жарандыкка кабыл алуу жөнүндө соңку жарлыгында 50гө чукул москвалыкты жана Орусиянын башка аймактарынын дагы ошончо жаранын көрүүгө болот”, - деп жазылган макалада.

Мындай окшоштуктарды LawStone Телеграм-каналы менен Baza ресурсу да байкаганын жазган. Ошондой эле, орусиялык бир катар басылмалар аталган инсандардын кыргыз паспортун алганын жазып жатышат.

Жарлыктагы Дмитрий Вадимович Зеленин 1962-жылы туулган, Москва шаарынын тургуну экендиги көрсөтүлгөн. Ачык булактардан карасак, Дмитрий Вадимович Зеленин аттуу адам Орусиянын Тверь облусун 2003-жылдан 2011-жылга чейин башкарган. 2007-жылдын 25-сентябрынан 2008-жылдын 27-майына чейин Орусия Федерациясынын Мамлекеттик кеңешинин президиумунун мүчөсү болгон. “Достук” ордени, “Мекен алдындагы сиңирген эмгеги үчүн” медалы жана бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

Ал эми Наталия Барщевская деген аялдын 1977-жылы Москва шаарында туулгандыгы көрсөтүлгөн. Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн Жогорку сот менен Конституциялык соттогу ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын 2001-жылдан бери Михаил Юрьевич Барщевский аркалап келет. Орусиядагы ачык булактарда Михаил Барщевскийдин 1977-жылы туулган Наталия аттуу кызы бар экендиги белгиленген. Наталия Барщевская жактоочу, финансист жана теле алып баруучу экендиги белгилүү. 2022-жылдын 24-февралында – Орусия Украинага кол салган күнү Фейсбуктагы баракчасына “Сөз жок... Укмуштай алсыздык сезими” деген билдирүү жазган.

Жарлыктагы Михаил жана Александр Валерьевич Задориндер болсо Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында төрөлгөнү жазылган. The Moscow Times басылмасы аларды “Аромат дүйнөсү” компаниясынын кожоюну Валерий Задориндин уулдары экенин божомолдогон. Валерий Задорин Орусияда алкоголдук ичимдиктерди саткан бутиктери менен белгилүү “Аромат дүйнөсү” компаниясынын кожоюну. Тун уулу Михаил Задорин мекенинде ырчы катары белгилүү, ошондой эле Орусиянын Федералдык кызматынын жетекчилик кызматтарынын бирин аркалаган Михаил Шекиндин күйөө баласы.

Жарандыкка кабыл алуу жөнүндө жарлыкта Антон Викторович Шкуренко аттуу адам да бар. Бул ысым Bitzlato криптобиржасынын негиздөөчүлөрүнүн бири, февралдын башында акча адалдоо жана маалымат уурдоого шектелип кармалган адамдын аты-жөнүнө уйкашып турат.

Орус аткаминери жарлыкта аты аталган кишиби же жокпу, расмий аныктоо азырынча мүмкүн боло элек.

Кыргыз тарап да, орус тарап да расмий билдирүүлөрдү жарыялабай турат.

Эл аралык Transparency International уюмунун Орусия боюнча кеңсесинин директору Илья Шуманов дагы жогоруда аталган жарлыкты дыкат талдап чыкканын жана орус элитасы Кыргызстанды дүйнөгө жол ачкан укуктук талаа катары колдонуп жатышканын белгиледи.

"Бул Кыргызстанды экинчи паспорт алууга жардам бере турган укуктук талаалардын бири катары тандашканын билдирет. Ал экинчи паспорт дүйнө кыдырып саякаттаганга, бизнес жүргүзгөнгө чектөөнү алып салат жана банктык чектөөлөрдү жоёт. Бул көпчүлүк орусиялыктар тушуккан кыйынчылыктарды жеңилдетет. Мунун Кыргызстан үчүн кандай тобокелдиктери болушу мүмкүн? Ушундай схеманы криминалдык өтмүшү бар адамдар да колдонуп жатышат. Жакында эле Американын бийлиги акча адалдоо менен алектенген Bitzlato криптовалюталык биржасынын ишмердигинин бетин ачкан болчу. Ошол биржанын негиздөөчүлөрүнүн бири кыргызстандын паспортун алуучулардын тизмесинде аталып жатат”.

Теги москвалык, учурда Кыргызстанда жашап жаткан Михаил Жуховицкий аттуу финансист өткөн жылдын 22-ноябрында социалдык тармактагы баракчасына орусиялык досторуна кыргыз паспортун алып бергендиги тууралуу билдирүү жазган. Ал финансы чөйрөсүндөгү жергиликтүү тааныштарына ыраазылыгын билдирген. Жуховицкий аз күн мурда орусиялыктар үчүн кыргыз паспортун алуу темасына дагы бир ирет кайрылып, маселени чечүүнүн көп жолдору бар экенин жазган.

“Кыргызстандын президентинин жарандыкка кабыл алуу жөнүндө соңку жарлыгын ачып карагыла. Анда 400 кишинин 50сүнүн аты-жөнү жана туулган жери нукура орусча болуп турат. Тизмеде орусиялык абдан таанымал ишкерлер да бар. Дагы бир жолу айтам, бир эле жолу бар – ал Борбор Азиянын паспортуна ээ болуу. Анын негизинде анан Евробиримдикке визасыз кире алган аралдардын паспортун жасаса болот. Кароо мөөнөтү – чечиле турган маселе. Жарым жыл күтпөй эле, 3-4 айга тездетсе болот. Кандай болбосун, кагазда жазылгандар көп деле маанилүү эмес. Башкысы, иш жүзүндө чечилет”.

Жарандык алууда коррупция барбы?

Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуунун тартиби мыйзамдар менен белгиленет. Мыйзамда жалпы тартип жана жеңилдетилген тартип каралган. Жалпы тартипте чет өлкө жараны кыргыз жарандыгына өтүү үчүн Кыргызстандын аймагында беш жылдан кем эмес туруктуу жашашы зарыл. Ал эми качкындар, инвесторлор жана суроо-талапка ээ кесиптин ээлери үчүн үч жылдык мөөнөт да каралган.

Санарип өнүгүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаментинин Жарандык жана миграция бөлүмүнүн башчысы Назгүл Абакова Kaktus Media басылмасына курган маегинде 2022-жылдын тогуз айында Орусиянын 1631 жараны кыргыз жарандыгын алуу жөнүндө кайрылганын билдирген.

Transparency International уюмунун өкүлү Илья Шуманов орусиялыктар кыргыз паспортун алууда коррупция болушу мүмкүн деп эсептейт.

“Кыргызстандын жарандыгын алуунун жол-жобосу белгилүү бир убакытты талап кылат. Мындай кызматты сунуштаган ортомчулар 6-9 айлык мөөнөт тууралуу айтышат. Менин түшүнүгүм боюнча, бул кыргыз мыйзамдары белгилеген укуктук алкакка туура келбейт. Бул жерде кызматтык кыянаттык орун алышы толук мүмкүн. Менин байкоомдо, Орусия тараптан ушундай ортомчулар пайда болгон. Алар дүрбөлөң жаратып турат. Согушка чейин орусиялыктар Европа жана Кариб өлкөлөрүнөн “алтын паспортту” 100 миң доллардан сатып алып турушкан. Мен билгенден Кыргызстанда ортомчулардын ошондой кызматы Европадагыдан алда канча арзан, 5 миңден 30 миң долларга чейин болууда. Буга документти баштан-аяк даярдап, колуна тапшыруу кирет”.

Расмий маалыматтарга ылайык, кыргыз президенти Садыр Жапаров 2022-жылы “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” 18 жарлык чыгарган. Жарлыктарда 4545 адам өлкө жарандыгына кабыл алынса, 591 адам чыгарылган.

Өткөн жылдын ноябрь айында Санариптик өнүгүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров парламент жыйынында Кыргызстанга инвестиция салган чет элдиктерге “алтын паспорт” берүү мыйзам долбоору даярдалып жатканын билдирген.

“Сиз айткан маселе боюнча азыр мыйзам демилгелөө иши жүрүп жатат. Буюрса, бул мыйзам демилгеленип келет. Ал жерде “алтын паспорт” деген терминология бар. Ошол 10 миллион сомдун тегерегинде инвестиция киргизгендерге өлкөгө кирүү жана жарандык алуу шарттарын жеңилдетүү боюнча өкмөттө ушундай топ бар. Жакын арада, эртең-бүрсүгүнү бул боюнча жумушчу кеңешме болот. Кызуу иштелип чыгып атат азыр”.

Өлкөгө инвестиция салган чет элдиктерге кыргыз жарандыгын жеңилдетилген тартипте берүү жөнүндө мыйзам же кандайдыр бир укуктук акты тууралуу андан кийин кеп боло элек.

2022-жылдын февраль айында Орусия Украинага кол салгандан кийин орусиялык ишкерлер менен санарип адистердин жапырт миграциясы башталган. Жай айларында Экономика жана коммерция министрлиги чет өлкөлүк IT-адистерге “санарип көчмөн” макамын ыйгаруунун жобосун иштеп чыккан. Ал макамды алган адистер жана алардын жакын туугандары Кыргызстанда каттоосуз жана жумушка уруксатсыз жайгашып, ишмердик жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк берилет.