Кыргызстан кремацияга расмий тыюу салды. Өлкөдө көрүстөн жетиштүүбү?

Эски көрүстөн. Нарын. ("Азаттыктын" архиви).

мазмуну

  • Кыргызстанда каза болгон адамдын сөөгүн кремациялоого (өрттөөгө) тыюу салган мыйзам күчүнө кирди
  • Кремация тууралуу алгач 2024-жылы кабыл алынган "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" мыйзамда сөз болгон
  • Айрым эксперттер кремациядан баш тартуу келечекте чоң көйгөй жаратышы мүмкүн деп эсептешет
Көз жумгандан кийин сөөгүн өрттөөнү суранган, абакта жатып каза болгондо жакындары табылбаган же тек-жайы белгисиз адамдардын сөөгүн кремациялоо сунушу Кыргызстанда эки жыл мурда мыйзам кабыл алууда талкууланган. Эми ал мыйзамдын айрым беренелери өзгөртүлдү, маркумдун сөөгүн өрттөөгө тыюу салынды.

Крематорий тууралуу жазылган берене толук өзгөртүлдү

"Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" деп аталган мыйзам Кыргызстанда алгач 2024-жылдын 22-февралында кабыл алынган. Анда мамлекеттен маркумду акыркы сапарга узатууга каражат бөлүү, сөөк көмүлө турган жайды санитардык жана экологиялык талаптарга ылайык аныктап, жерин бөлүп берүү, мындагы жемкорлук көрүнүштөрүн жоюу сыяктуу максаттар камтылган.

Мыйзамдын 24-беренеси толугу бойдон "Крематорийлер" деп аталып, өлкөдө "крематорийлер курулушу мүмкүн" экени жазылган, мындай жайлардын иш тартибин аныктоонун жол-жобосу белгиленген.

Быйыл 3-августта аталган мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам бекитилип, президенттин колу коюлду. Парламент аны 25-июнда кабыл алган.

Жаңы мыйзамда 24-берене толук өзгөртүлүп, кремация жасоого (каза болгон адамдын сөөгүн өрттөөгө) мүмкүндүк берүүчү ченемдер алынып салынды.

Крематорийди каза болгон адамдын сөөгүн, бойдон алдырылган же өлүү төрөлгөн түйүлдүктү өрттөө үчүн колдонууга тыюу салынары, андай жай "медициналык иштин натыйжасында пайда болгон адамдын органдарын жана ткандарын санитардык термикалык жок кылуу" үчүн гана колдонулса болору жазылды.

2025-жылы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өзүн башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик “Кыргызстанда крематорийлердин ишмердүүлүк тартибин бекитүү жөнүндө” токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анда маркумдун сөөгүн өрттөө кызматын көрсөтүүчү крематорийлердин иш тартибин санитардык, экологиялык жана социалдык аспекттерге ылайыктоо атайын токтом менен бекитилиши зарылдыгы айтылган.

“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамынын демилгечилеринин бири – Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев. Ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, аталган мыйзамды өзгөртүүгө эмне себеп болгонун түшүндүрдү:

Марлен Маматалиев

“Биз маркум журналист Уланбек Эгизбаевдин көрүстөн сатуудагы коррупциялык иштер тууралуу иликтөөсүнөн кийин “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзам кабыл алып, бул тармактагы коррупциялык иштерди жоюуну максат кылганбыз. Анын алкагында азыр көрүстөнгө жер алуу, ээлеп коюу процедуралары калыпка келтирилип, мыйзамдаштырылды. Биз мыйзамды иштеп жатканда кремация маселеси сунуш катары келип түшкөн. Сунуш ээлери “коркунучтуу ылаң менен ооруган жандыктардын сөөгүн, ооруканалардан операциядан кийин чыккан биологиялык калдыктарды өрттөп жок кылуучу крематорий керек, ансыз болбойт” дешкен жана ал сунуш мыйзам алкагында өтүп кеткен. Кийин биздин мамлекеттик бир мекеме ал мыйзамдын чегинде Кыргызстанда крематорийлердин ишмердүүлүгү жөнүндө токтом кабыл алган. Анда адамдардын сөөгүн да өрттөө тууралуу кетип калган. Ошону байкап каларыбыз менен мен өзүм оңдоо максатында өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, коомдук талкууга чыгаргам. Катачылыктар жоюлуп, кайрадан кабыл алып бергенбиз. Бул мыйзам менен маркумдун сөөгүн өрттөөгө расмий түрдө тыюу салынат”.

"Азаттыктын" журналисти, маркум Улан Эгизбаевдин коомдо резонанс жараткан "Көрүстөндөгү коррупция" аталган иликтөөсү 2018-жылы 30-майда жарыяланган. Анда көрүстөндөгү коррупциялык схемалар ачык айтылып, кабыр сатуу бизнеске айланып кеткени баяндалган.

Маматалиев жаңыртылган мыйзам менен адамдын сөөгү да, адам баласына байланыштуу биологиялык калдыктар да жерге гана көмүлүшү керек экенин белгиледи. Ички иштер органдары тек-жайын аныктай албай койгон, тууган-туушкандары өлүкканадан алып кетпеген сөөк, боюнан алдырган же өлүү төрөлгөн түйүлдүк да жерге көмүлөт.

Көзү өткөндөн кийин сөөгүн кремациялоону өтүнгөндөр боюнча суроого парламент төрагасы:

"Мыйзам боюнча уруксат жок. Анткени бизде адам баласынын сөөгүн өрттөөчү крематорий жок. Кыргызстанда маркумдун сөөгү жерге көмүлүшү керек", - деп жооп берди.

Дагы караңыз

Ошто эски мүрзөнүн ордун жашыл аймакка айландыруу аракети башталды

"Элдин саны өсүп, жер тарып баратат"

Көрүстөн үчүн жер тартыштыгын белгилеген айрым эксперттер кремациялоо жолу туура экенин көп жылдан бери айтып келишет.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси, талдоочу Орозбек Молдалиев кремациялоого тыюу салынышынын себеби коомчулукка түшүнүксүз болуп калганын айтууда:

Орозбек Молдалиев

"Өнүккөн өлкөлөр деле маркумдардын сөөгүн өрттөөгө аргасыздыктан, мүрзөгө орун калбай баратканда барышкан да. Бизде азыр элдин саны өсүп, жер тарып баратат. Айдоо жерлердин баарына там салып алганбыз. Ошондуктан бизде да бара-бара маркумга жай алуу көйгөй болчудай. Бул жерде кремация кылууга эмнеге тыюу салынды, ким каршы чыкты, эмнеси зыян, эмне себептен мыйзам өзгөртүлдү, түшүнүксүз болуп калды. Ошол ачык айтылса болмок".

“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамдын баштапкы вариантында крематорийлер тууралуу сөз болгону менен Кыргызстанда адамдын сөөгүн көзү өткөндөн кийин өрттөө, же, башкача айтканда, кремациялоонун өзү жөнүндө кандайдыр бир укук-ченемдик нормалар болгон эмес.

Муну белгилеген айрым талдоочулар кремациялоо тууралуу мыйзам болбогону менен ага тыюу салуу жөнүндө мыйзам кабыл алуунун деле зарылчылыгы канчалык эле деген суроо коюп жатышат.

Жаңы мыйзам кабыл алынганы тууралуу маалымат чыккандан кийин социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу башталды.

Кыргызстандагы элдин басымдуу бөлүгү мусулмандар экенин айткандар ислам дини андайга жол бербесин белгилеп жатышат.

Талдоочу Эржан Сулайманов Кыргызстанда крематорий курууга муктаждык жоктугун айтууда. Ал мындай жай иштетүүнүн өзү максатка ылайыксыз деп эсептейт:

Эржан Сулайманов

"Биздеги элдин динине маркумдун сөөгүн өрттөө каршы келет. Ошондуктан крематорийдин кызматына суроо-талап жок. Бул талкууланбай тургандай эле маселе. Бир гана исламды эмес, христиан динин тутунган адамдар деле маркумдун сөөгүн өрттөөгө барышпайт. Экинчиден, крематорий куруу да оңой эмес, тиешелүү талаптары бар. Анын курулушу ошол жерде жашаган элди нааразы кылышы мүмкүн. Ошондуктан сөөктү өрттөөгө тыюу салган мыйзам туура эле кабыл алынды. Сөөктү жерге салттуу жана диний жөрөлгө менен коелу, мамлекет болсо кабырдын өлчөмүн - бир маркумдун сөөгү ээлей турган жердин өлчөмүн так аныктап, көзөмөлдөш керек. Себеби төрт сөөк коюуга боло тургандай жерде бир эле адамдын сөөгү коюлган жерлер бар. Андайлар дээрлик ар бир мазарда байкалат. Же болбосо диндер жол бергендей, кайсы бир мөөнөттөн кийин эски мазарлардын жерин башка максатта иштетүү керек. Көрүстөндүн саны көбөйүп, жай жетишсиз болбошу үчүн ушул сыяктуу чаралар көрүлсө жакшы".

Бишкектеги муниципалдык Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин маалыматы боюнча, шаарга караган жети көрүстөн болсо, анын үчөө жабылган. Калаада, мисалы, жыл сайын эки миңдей сөөк жерге берилет.

Административдик аймактык реформадан кийин Бишкектин чет жакасындагы мурда Чүй облусуна караган көрүстөндөр да шаарга кирип калганы менен ал жактагы айыл өкмөттөр көрүстөндөгү жайларга өзүнчө баа коюп алышкан.

Кремация маселеси боюнча дүйнөдөгү тажрыйбага көз чаптырсак, өнүккөн өлкөлөрдө акыркы он жылдыктарда жагдай кескин өзгөрүп, бул акыркы сапарга узатуунун негизги ыкмасына айланып баратканын баамдасак болот. Эл аралык уюмдардын (анын ичинде Улуу Британиянын Кремация коому — The Cremation Society жана АКШнын Түндүк Америкалык кремация ассоциациясы — CANA) расмий маалыматтарына караганда, буга экономикалык фактор (көрүстөндөн орун сатып алуу, кымбат табыт жана эстелик тургузуу чыгымдары үнөмдөлөт), жердин жетишсиздиги (жаңы жер тилкелерин бөлүү чоң көйгөй), диний жана коомдук пикирдин өзгөрүшү, экологиялык себептер (айлана-чөйрөгө зыянды азайтуучу заманбап крематорийлердин ачылышы, жаңы «жашыл» технологиялардын жайылышы) негиз болууда.

Диний жана маданий себептерден улам ислам, иудаизм жана православ диндери үстөмдүк кылган өлкөлөрдө же аймактарда бул практика өтө сейрек.

Борбор Азия чөлкөмүндө кремация жок жана жалпысынан коомчулук аны кабыл албайт. Бул, биринчи кезекте, аймактын калкынын басымдуу бөлүгү ислам динин тутунгандыгына жана кылымдардан бери келе жаткан салттуу жерге көмүү маданиятына, ар бир элдин туруктуу калыптанган каада-салтына байланыштуу.