"Кыргызстан менен Тажикстан жер алмашканда үйсүз калдым". Лейлектик тургундун арызы, бийликтин жообу

Ыкыбал Абдувалиева

Лейлектин тургуну Ыкыбал Абдувалиева кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн жер алмашуусунда үйсүз калган. Анын Кайрагачтагы төрт бөлмөлүү тамы Тажикстандын балансында, үй-бүлө мүчөлөрү Кыргызстандын жарандары болгон. Жер алмашууда тажик тарап үйдү кыргыз тарапка өткөрүп берген.

Турак жайсыз калган Ыкыбал Абдувалиева 52 жашта. Бишкектеги “Дордой” базарында картон куту терип, жан бакканына бир жылдай болгонун айтып, "Азаттыкка" кайрылды.

2022-жылкы кыргыз-тажик чек арасында ал үй-бүлөсү менен туугандардын үйүндө баш калкалаган. Жаңжал басылганда кайра барып, үйүнөн колго илинер эч нерсе таппай калган.

“Үйгө барсам, эч нерсе жок. Пол да жок. Эшиктер да калбаптыр. Кыпкызыл пол бар эле, ал да калбаган. Баарын сүйрөп кеткен. Эч нерсе жок. Тоноп кеткен”, - дейт Абдувалиева.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Чек арада жер алмашканда үйсүз калдым”

Ал кайындарынын үйүндө убактылуу жашап жүргөндө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда талаштуу аймактарды алмашуу иши башталган. Тизмеге анын талап-тоноодон калган төрт бөлмөлүү тамы да кошулган.

Ошентип Тажикстандын балансында турган анын үйүн тажик бийлиги кыргыз тарапка өткөрүп берет. Бирок Абдувалиева үй алган эмес.

Ыкыбал Абдувалиеванын үйү

Ыкыбал Абдувалиева учурда жолдошу экөө “Дордой” базарында соодагерлерден калган картон кутуларды сатып жан багууда. Бул жерге жакын жайдагы конуштан бир бөлмөлүү батирди ижарага алышкан. Жолдошу экинчи топтогу майып.

"Мен да ооруйм. Кээде ооруп, кээде соомун. Балдарымды багам деп картон куту терем. Башым көп ооруйт. Нерв болом. Эки балам бар. Эки баламдын бири оорукчан. Кичинем курулушта иштеп, жакында белин оорутуп алыптыр. Ага акчаны мен каяктан табам? Кыйын болду мага. Кыйналдым. Күнүнө 500 сом табам. 500 сом эмне болот? Эч канча болбойт. Кыйналдым. Кутуларды килограммын төрт сомдон сатам. Бир күндө болжолдуу 25-30 килограмм чогултам".

Ыкыбал Абдувалиеванын маселеси 22-июнь күнү жергиликтүү бийликтин Кулунду айыл аймагындагы эл менен жолугушуусунда да көтөрүлгөн. Булак-Башы айылынын тургуну Камал Турдубаев Кайрагач тилкесиндеги үйлөр тонолгон бойдон турганын, жашоочулар батирлеп жүргөнүн айткан.

“Былтыр май айында акимчиликке кайрылганыбызда бизге кат берген. Чек ара такталып, зым тосулгандан кийин бул маселени карайбыз деген. Ал жер Кыргызстанга өткөн. Ошол маселе эми кантип чечилет? Туугандар батирлеп, алды Бишкекте жүрөт. Жаздын жарымы өттү. Ушул маселени чечип берсеңиздер, үйүн оңдоп-түзөп жашаса дейбиз”, - деген айыл тургуну.

Лейлек району, Абдувалиеванын үйү

Ага жооп катары Лейлек районунун акими Асылбек Жеңишбек көз карандысыз комиссияга кайрылып көрөрүн айткан.

"Бул боюнча көз карандысыз комиссия келип, иштеп жатат. Иш бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Биз сиздин арызыңыз менен көз карандысыз комиссияга кайрылалы. Эгер оң корутунда чыкса, маселе чечилет".

Ал эми президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов бул маселе боюнча Министрлер кабинетинин чечими күтүлүп жатканын билдирген.

“Баткендеги үйлөр боюнча Министрлер кабинетинин чечими 10-15 күндө чыгат. 2021-2022-жылдары жабыркагандарга [экинчи үйлөрү бар, салынбай калгандарга] Баткен жактан үй берип жатабыз. Лейлек райондук администрациясында комиссия бар. Министрлер кабинетинин чечими чыккандан кийин ошол комиссиянын бүтүмү менен үйлөр берилет. Бул маселе чек аранын тосулган же тосулбаганына карабайт”, - деген президенттин өкүлү.

Бирок Ыкыбал Абдувалиева айыл өкмөт жарытылуу маалымат бербей жатканын айтып, маалымат каражаттарынын эшигин каккылап жүрөт: “Эч нерсе дешпейт да. Өткөндө айыл өкмөткө барып келдим. Бир жактуу кылып чечиңиз, квартирант катары өз үйүмдө жашайын. Электр жарыгын бериңиз дедим. "Ток жок" деди”.

Облустук бийликтин жообу

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы Абдувалиеванын көйгөйү тууралуу видеоматериал "Азаттыкка" чыккандан кийин 15-июлда атайын маалымат таратты.

"Азаттык" үналгысында чагылдырылган Ыкыбал Абдувалиева белгилеген, Лейлек районунун Кайрагач участкасындагы турак жай 2025-жылга чейин Тажикстандын аймагында жайгашып турган. Чек араны тактоонун жана аймактарды алмашуунун жыйынтыгында бул турак жай Кыргызстандын аймагына өткөн. Турак жайлар жергиликтүү бийликтин башкаруусуна өткөрүлгөндөн кийин бул маселе мыйзам чегинде каралат", - деп жазылган ал маалыматта.

Облустук бийликтин билдирүүсүндө, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгында айрым аймактарды алмашуу боюнча макулдашууга ылайык эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча мекемелер аралык жумушчу топ тарабынан бекитилген кыймылсыз мүлктү инвентаризациялоо тартибинин негизинде эки тараптуу комиссия алмашылуучу айылдардагы кыймылсыз мүлктөрдү инвентаризациялоо иштерин аяктаган. Натыйжада, Баткен облусундагы 259 турак үйгө, ал эми Тажикстандын Согд облусундагы 214 турак үйгө тиешелүү актылар түзүлгөн. Турак жайы Кыргызстандан Тажикстандын аймагына өткөн жарандар үчүн мамлекет тарабынан Баткен районундагы Жаңы-Достук айылында жана Лейлек районундагы Раззаков жана Максат айылдарында жалпысынан 257 турак үй курулуп, ээлерине тапшырылган. Ал эми Тажикстандан Кыргызстандын аймагына өткөн турак үйлөр учурда Мамлекеттик мүлк фондунун эсебинде каттоодо турат. Бул турак жайларды 2021–2022-жылдардагы чек ара окуяларында турак жайыны зыян келтирилгендерге экинчи үй катары бөлүп берүү макулдашылган.

"Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими кабыл алынат. Чечимге ылайык, жеринде түзүлгөн комиссия тарабынан турак жайлар мыйзамдын негизинде бөлүштүрүлөт. Ал эми калган турак жайларды пайдалануу менен Лейлек районунун Кайрагач участкасындагы жарандардын маселесин чечүү мүмкүнчүлүгү каралууда", - деп билдирди Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Чиеленген маселе

Абдувалиеванын чиеленген көйгөйү муну менен эле бүтпөйт. Анын Кайрагачтагы үйү кайын энеси Нишанова Гүлсананын атында болгон. Кайын энеси үйдүн документ иштерин чечүүгө үлгүрбөй, бир жыл мурда каза тапкан. Буга байланыштуу ал президент Садыр Жапаровго кайрылууда.

Садыр Жапаров, сизге кайрылам. Бизге кичине болсо да үй берсеңиз жакшы болот эле. Наныбызды таап жей берет элек. Кыйналдык”.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталган. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы төрт жыл ичинде такталып, эки өлкө айрым конуштуу аймактарды бири-бири менен алмашты.

Анын негизинде Лейлек районунан 76 турак жай Кыргызстандан Тажикстанга өткөрүлдү. Мамлекет бул турак жайлардын ээлери үчүн Лейлек районунун Раззаков айылына 60 үй, Максат айылына 16 үй куруп берген. Учурда бул турак жайлар толугу менен бүткөрүлүп, жашоочуларга берилген.