Кыргыз киносу киреше табууну үйрөнө элек

"Ата" тасмасынан кадр.

Бүгүн кыргыз киносу реформага муктаж. Статистикага таянсак акыркы кезде толук метраждуу көркөм тасма тарткандардын саны азайды.

Айрым кино ишмерлери бул көрүнүш сандан сапатка өтүүнү ырастайт десе, экинчи жагы улуттук кино тартуунун машакаты дээрлик өзүн-өзү актабай жатканын жүйө келтиришти.

Ушу күндө кино жаатында жеке менчик студияларда да, мамлекеттик ишканаларда да көйгөйлөр арбын.

Кыргызстанда 2011-2012-жылдары ар бир жылда жүзгө чукул көркөм тасма тартылса, быйыл жыл башынан бери болгону онго жетпеген тасма тартылды.

"Бул мындан он беш жылдай мурда күтүрөп өнүгө баштаган улуттук кино өндүрүшүнүн кризиске учураганынан кабар берет", - деди режиссёр Таалай Кулмендеев.

Таалай Кулмендеев.

“Жалпы кино жүгүртүү болгону Бишкек шаары менен эле Ошто. Калган кинотеатрлардын баары иштебей турат. Мамлекет аларды сактап турууга акча бөлөт. Бирок алардын кино коюп же башка иш-чара өткөрүп мамлекетке акча кайтаруусу такыр эле жокко эсе. Кыргыз кинолору сыртка сатылган учур болбойт. Иштөө системасы СССР мезгилиндей”.

Кулмендеевдин айтымында эл аралык кино фестивалдарга катышып сыйлыкка ээ болуп жаткан тасмалар ээсине кургак атак-даңктан башка эч кандай каражат алып келген жок. Эгер бул тармак ушул нукта кете берсе, алдыда улуттук кино тармагынын келечеги күмөн экенин айтат.

Адистин пикиринде мамлекеттик кино башкаруу тармагында "Кыргызфильм" студиясы менен Мамлекеттик кинематография департаменти бирин-бири кайталаган ишкана. Бул мекемелер ички кино жүгүртүүнү уюштуруу, тартылган тасмаларды чет мамлекеттерге сатуу, эл аралык фестивалдарга жылдыруу сыяктуу заманбап милдеттерди аткарбайт.

Жаш режиссёр Чолпонай Бөрүбаева улуттук кино өндүрүш азайганынын дагы бир себеби: учурда жаш муундагы жеке режиссёрлор Интернет каналдары үчүн кыска-нуска окуяларды тартууга өтө баштаганын айтып, өзү учурда Youtube каналы аркылуу видеотүрмөктөрдү жайылтууга умтулуп жүргөнүн кошумчалады.

Биз азыр кичинекей балдар үчүн арналган кыска сериалдарды тартып атабыз. Азырынча көп көрүүлөр боло элек. Бирок аны жакшы алып кетсек, үстүнөн тынбай иштесек бара-бара ийгиликтер болушу мүмкүн. Биздин кинотеатрлардын саны аз. Эгер кино тартып аны элге көрсөтүүдөн акча табам десең анда Казакстандын же Өзбекстандын актёрлору менен да иштешип, алардын аудиториясын тартууга туура келет. Албетте, бул да каражатка такалат.

Дагы караңыз «Кызыл көйнөкчөндү» ээрчиген көч

Чолпонайдын пикиринде, улуттук кинонун өнүгүшү үчүн Кыргызстанда кино мейкиндиги жана аудитория аябагандай эле тар. Эгерде режиссёр сапаттуу, жаңы технологияны, графиканы колдонуп, визуалдык жактан күчтүү тасма тартса чыгымы бир топ болуп, тасма өзүн актай албай калат.

Режиссёр Бакыт Турдубаев жогорудагы пикирлерге кошулбайт. Анын пикиринде учурда кыргыз киносунда сандан сапатка өтүү учуру жүрүп жатат.

Жаш режиссёрлор клип тартып атышат. Социалдык тармактарга иштеп жатат. Аны да бирөөлөр кылыш керек да. Туура кылышат. Күчү жетпесе ошол тармакта иштешсин. Эгер мүмкүнчүлүгү жетсе классикалык, салттуу кинолорду тартыш керек. Бул жерде менимче табигый эле тандоо жүрүп жатат. Бул көрүнүштү системалык кризис деп айта албайм”.

Мамлекеттик кинематография департаментинин алдындагы көркөм кеңештин төрагасы, режиссёр Темир Бирназаров учурда чынында эле мамлекеттик кино башкаруу тармагына реформа керек экенин белгилеп, анын эң негизгиси - тартылган тасманы сата билүү экенин айтты:

Темир Бирназаров.

“Мамлекеттик кинолорду уюштуруу, кинолорду жарнамалоо, өндүрүштү жаңы техникаларга ылайыктоо, кино жүгүртүү, чет өлкөгө сатуу багытында реформа керек. Анткени бизде мамлекеттин акчасына тартылып, ошол бойдон бир-эки жолу гана көрсөтүлүп, фестивалга катышып, анан эле унутулуп калган тасмалар бар. Эң башкысы биз азыр өзүбүздүн эмгекти сатуу жагын өздөштүрө албай жатабыз”.

Бирназаров өкмөт эгемендик жылдарынан бери кыргыз киносун заманбап башкарууга өткөрүүгө кызыкпай жатканын кошумчалады.

Маданият министри Азамат Жаманкулов өткөн жумада Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыккан.

Жыйынтыгында анимациялык фильмдерди тартуу үчүн чоң мульти-цех куруу, киностудиянын, мамлекеттик архивдин алтын казынасындагы сакталган көркөм жана даректүү фильмдерди санариптештирүү, мамлекетке пайда алып келүүчү коммерциялык кинолорду тартуу жана киностудиянын аймагында универсалдуу кино тартуучу атайын күркө куруу маселелери талкууланган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.