Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

Шерниязова: Азияда киночу аялдар көбөйдү


Асель Шерниязова
Асель Шерниязова

24-октябрда Лос-Анжелесте Эл аралык Азия кинофестивалы (Asian World Film Festival) башталат. Быйыл төртүнчү ирет өтө турган фестиваль режиссер, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген.

Иш-чаранын ачылышында АКШ-Индия биргелешип тарткан «Сонияны сүй» деген аталыштагы тасма көрсөтүлөт. Фестиваль тууралуу кененирээк анын башкаруучу директору Асел Шерниязова "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Фестивалдын ачылышына саналуу күндөр калды. Даярдык катуу жүрүп жатса керек?

Асел Шерниязова: Албетте, адаттагыдай эле катуу даярдык көрүп жатабыз. Ошентсе да жүз пайыз даяр болуу такыр мүмкүн эмес. Фестивалдын табияты ушундай. Эмне дегенде, бизде көрсөтүлгөн негизги фильмдер «Оскарга» же «Алтын глобуска» ат салышып жатат.

Аталган абройлуу сыйлыктарга ар кайсы мамлекеттерден тасмалар август айынын аягында көрсөтүлө баштайт жана ал сентябрдын этегине чейин уланат.

Ошол бир ай ичинде биз жадыбал түзүп, тасмаларды өз тизмебизге киргизип, аларга чакыруу жөнөтүүгө үлгүрүшүбүз керек. Биздин ишибиз бул кыска убакыт аралыгында иштелип чыга турган командалык аракеттердин жыйынтыгы десем болот.

"Азаттык": Быйыл төртүнчү ирет өтө турган фестивалдын темасы катары «Азия киноиндустриясындагы өсүп бара жаткан аялдардын таасири жана ролу» тандалыптыр. Буга эмне түрткү болду?

Асел Шерниязова: Биринчиден, соңку кездери жалпы дүйнөдө болуп жаткан көрүнүштөр мындай теманы тандообузга түрткү болду. Аялдардын үнү катуураак жана так чыга баштады. Бул киноиндустрия тармагында да байкалып жатат.

Кино тармагында азыр аялдар абдан көп. Ошол эле биздин Борбор Азия мамлекеттеринде да жылдан жылга аял продюсерлер, операторлор, сценарий жазгандардын саны көбөйүп баратат. Атургай бул жаатта мурда бир гана эркектер аркалай алат деген кесиптерди да аялдар ээлей баштады.

Экинчиден, тилекке каршы дал ошол Азия мамлекеттеринде аялдардын укуктары жакшы корголбойт. Биз түз колдоо көрсөтүүнү эмес, «өзгөрүүлөр болуп жатат жана эч нерсеге карабай мындан ары да боло берет” деген ишенимди айтуу менен башкаларга дем берүүнү көздөйбүз.

"Азаттык": Бул жолу фестивалдын алкагында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар өтөт экен. Мурдагы жылдардан айырмаланган дагы кандай өзгөчөлүктөр каралууда?

Асел Шерниязова: Ооба, 30-октябрдагы иш-чаралардын бардыгы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналат. Анын чыгармаларынын негизинде тартылган үч тасма көрсөтүлөт.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева менен Кыргызстандын АКШдагы элчиси Кадыр Токтогуловдун келишин күтүп жатабыз. Жергиликтүү коомдор жигердүү катышып жатат. Мурдагы жылдарда фестивалдын алкагында Корей тасмаларынын күндөрү уюштурулуп келген. Быйыл бизге филиппиндер кайрылышты.

Биз Филиппин, Саудия фильмдеринин ретроспективаларын өткөрөбүз. Андан тышкары түрк киносунун күндөрү өтөт. Ал эми быйыл биринчи жолу ар кандай кыска программадагы иш-чараларды өткөрүүнү да боолгоп жатабыз.

"Азаттык": Быйыл кинофестивалга канча фильм катышары күтүлүп жатат?

Асел Шерниязова: Ушул тапта «Оскарга» талапкер катары каралып жаткан он тогуз жана «Алтын глобуска» ат салышып жаткан он тасма бар.

«А» класстагы фестивалдарда ар кандай сыйлыктарга ээ болгон тасмалар катышат. Ошондой эле бир катар даректүү фильмдердин, кыска метраждуу тасмалардын, ретроспективалардын атайын көрсөтүүлөрү болот. Фестиваль тогуз күнгө созулат, 1-ноябрда жабылат.

"Азаттык": Былтыр кинофестивалдын атайын коногу актриса Анжелина Жоли болду эле, андан мурдагы жылы Шерон Стоун барган. Ал эми быйыл ушундай даражадагы инсандардын кимисин күтүп жатасыңар?

Асел Шерниязова: Дүйнөгө таанымал адамдардын иш графиги да абдан тыгыз болору маалым. Ошол себептен тиги же бу жылдыз келет деп ишенимдүү айтуу кыйын. Мен бул тууралуу кимдир бирөө келгенден кийин гана айта алам го. Албетте, биз бул процесстин үстүнөн иштеп жатабыз жана чакыруу жөнөтүлгөндөрдөн сөзсүз бирөө келет деген үмүттөбүз. Негизинен алар биздин миссияны колдоо максатында өз ыктыяры менен кинофестивалга баш багышат. Алар менен эч кандай каржылык же башка негиздеги келишимдер түзүлбөйт.​

Asian World Film Festival дын уюштуруучулары жана белгилүү актриса Анжелина Жоли. Калвер сити, 2017-жыл.
Asian World Film Festival дын уюштуруучулары жана белгилүү актриса Анжелина Жоли. Калвер сити, 2017-жыл.

"Азаттык": 2015- жылы фестивалдын негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз Asian World Film Festivalдын башкы максаты - дүйнө коомунун көңүлүн азия кинолоруна буруу экенин айткан. Фестивал өз максатына жеттиби?

Асел Шерниязова: Азия чөлкөмүнөн чыккан фильмдерге болгон көз караштын өзгөрүшүнө биздин фестивалдын да салымы бар деп ишенгим келет. Дүйнөдөгү эң башкы фестивалдарда биз Азиядан чыккан тасмаларды көп көрө баштадык, Азия чөлкөмүнөн чыккан киночулар көп сыйлыктарга татып жатышат.

Фестивалдын статистикасы да көрсөтүп тургандай, төрт жыл аралыгында чоң жылыштар болду. Биздин иш-чарага болгон жергиликтүү бийликтин мамилеси абдан жакшы. Кинофестивалыбыз жыл сайын өткөн Калвер сити шаарынын мэриясына ар тараптан колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазыбыз.

"Азаттык": Быйыл жарык көргөн «Чириген бай азиаттар» тасмасы бир топ чуу жаратты, көп көрүлгөн тасмалардын катарына кирди. Негизи азия фильмдеринин уникалдуулугу эмнеде?

Асел Шерниязова: Андай деле уникалдуулук жок деп ишенгим келет. Анткени азия тасмалары бул Кытайдын же Жапониянын эле тасмалары эмес. Азия киносу дегенде биз Борбор Азия тасмаларын, Индия, Пакистан, Бангладеш, Түштүк Чыгыш Азиянын фильмдерин түшүнүү керек. Географиялык жактан алганда Азия тасмаларынын катарына Грузия жана Араб мамлекеттериники да кирет.

Ошол себептен уникалдуулук же кандайдыр бир өзгөчөлүк тууралуу айтууга болбойт. Буга чейин калыптанып калган стереотип өзгөрөт деп ойлойм.

Фестивалдын директору Жорж Шамшум жана Асель Шерниязова.
Фестивалдын директору Жорж Шамшум жана Асель Шерниязова.

"Азаттык": Кинофестивалды ача турган фильм тууралуу айтып берсеңиз?

Асел Шерниязова: «Love Sonia» же «Сонияны сүй» – АКШ менен Индия биргелешип тарткан фильм. Башкы ролдорду белгилүү индиялык актриса Фриеда Пинто менен Голливуд жылдызы Деми Мур ойнойт. Тасма учурда «Алтын глобуска» ат салышып жатат. Ал Индиядагы эң курч көйгөйдү көтөргөндүктөн Бириккен Улуттар Уюмунда да көрсөтүлгөн.

Анда Индиядагы сексуалдык кулчулук, бир тууганын бул мүшкүлдөн куткарууга аракет кылган каармандын окуясын көрүүгө болот.

"Азаттык": Ал эми фестивалдын ачылышында көрсөтүлө турган тасманы кантип тандайсыңар?

Асел Шерниязова: Кинофестивалдын ачылышында жана жабылышында көрсөтүлгөн тасмалар конкурстук программадагы же фестивалга катышып жаткан фильмдерден кескин айырмаланат. Ошондой эле биз ал үчүн бир нече мамлекет биргелешип тарткан тасманы тандоого аракет кылабыз.

Маселен, былтыр Түштүк Корея менен Түркия биргелешип тарткан «Айла» деген фильмди тартуулаганбыз. Ал эми мурдагы жылы Азербайжан менен Британия биргеликте жараткан «Али менен Нино» деген кино көрсөтүлгөн.

"Азаттык": Маалым болгондой, кинофестивалды мурдагы үч жылы жеке ишкерлер каржылап келишкен. Ал эми быйылкы демөөрчүлөр кимдер?

Асел Шерниязова: Ошондой эле жеке ишкерлер жана фонддор. Бирок азыркы учурда аларды негизги колдоочулар деп атай албайбыз. Анткени фестиваль өзүн жергиликтүү демөөрчүлөргө жана коммерциялык эмес уюмдарга сунуштай ала турган деңгээлге жетти. Мындан улам бизде өнөктөштүк келишимдерди түзүүгө жана гранттарды алууга мүмкүнчүлүк бар.

Кинофестивалдын алкагында биз Кыргызстандын аймагында өтүп жаткан эл аралык долбоорлорду да жайылтканга аракет кылып келебиз.

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын» туруктуу өнөктөшүбүз. Андан сырткары Кыргызстандагы «Барстарды коргоо боюнча фонд» менен да кызматташабыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG