Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:47

Токтогулова: "Оскар" саясатташып кеткен


Гүлжан Токтогулова, сценарист.

Америка киноакадемиясынын «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземине саналуу күндөр калды. Эмне себептен быйыл абройлуу сыйлыкка көрсөтүлгөн фильмдердин көбү коомчулукту иренжитти? Быйылкы номинанттар мурдагылардан эмнеси менен айырмаланат?

Ушул жана башка суроолордун тегерегинде "Салам, Нью-Йорк!» фильминин жана "Таш, Кайчы, Кагаз" ("Камень, Ножницы, Бумага") сериалынын сценаристи Гүлжан Токтогулова «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Оскар-2018 сыйлыгын тапшыруу аземине саналуу күндөр калды. Буга чейин абройлуу бардык кинофестивалдар өттү жана алардын жыйынтыгы менен "Америка киноакадемиясынын башкы сыйлыгына ким татыктуу болот" деген божомолдор жүрүп жатат. Маселен, «Алтын глобуска» татыгандар «Оскарга» ээ болот деген пикир калыптанып калган. Быйыл кандай болушу мүмкүн?

Гүлжан Токтогулова: Адатта “Алтын Глобустун" аземи "Оскардан" мурда өтүп, кино жаатындагы мыктылардын башын кошот. Ошондуктан бул эки сыйлык бири-бирине үндөш катары кабыл алынып калган.

2013- жылдагы эсептөөлөргө таянсак, соңку жыйырма беш жыл ичинде «Алтын глобус» алгандардын 48 гана пайызы кийин “Оскарга” татыган экен. Анткени чет элдик журналисттердин сыйлыгы ("Алтын Глобус") эки номинация боюнча мыкты фильмге ыйгарылат: биринчиси - драма же комедия, экинчиси - мюзикл.

Ал эми «Оскарда» мыкты фильм бир эле номинацияда тандалат. Башкы айырмачылык - «Алтын глобустун» жеңүүчүсүн чет элдик журналисттер аныктаса, “Оскарды" ар кыл өлкөдөн келген кино адистери аныктайт. Албетте, алардын саясий көз карашы бири-биринен айырмаланып турат.

Ошондуктан “Оскардын” саясатташып кеткенинен күмөн санабаса деле болот. Андан тышкары эки салтанаттын ортосунда эки айлык убакыт бар. Бул азыркы маалымат доорунда кылымга тете деп айтса болот.

“Азаттык”: Ал эми АКШнын Продюсерлер гильдиясынын сыйлыгы тууралуу эмне айта аласыз? «Телеграмм» социалдык тармагындагы өзүңүздүн баракчаңызга (Guljan TV) "дал ушул сыйлыктын жеңүүчүсү - “Оскарга” татый турган башкы талапкер" деп жазыптырсыз. Быйыл гильдиянын жеңүүчүсү болгон "Суунун формасы" фильминин мүмкүнчүлүгү канчалык деп ойлойсуз?

Гүлжан Токтогулова: Статистикага таянсак, Продюсерлер гильдиясынын жеңүүчүлөрүнүн 68 пайызы “Оскардын” башкы сыйлыгын утат. Анткени гильдиянын курамына ошол эле киноакадемияга мүчө адамдар кирет. Бирок соңку эки жылда гильдия менен академиянын тандоолору бири-бирине шайкеш келген жок. Азырынча «Суунун формасы» алдыда келатат, антсе да «Эббингдин чегиндеги үч көрнөк, Миссури» тасмасын да көз жаздымда калтырууга болбойт.

Анткени ал «Алтын глобустун» башкы сыйлыктарынын бирине татыган. Буга кошумча, «Жогол» ("Прочь") деп аталган триллер да күтүүсүз жеңүүчү болуп калышы ажеп эмес. Бул фильм кинотеатрларда бир жыл мурда көрсөтүлгөн. Бирок ушул убакыт ичинде ал өз жанрындагы фильмдердин арасында оңбогондой каражат тапты. Андагы реалдуу окуялардын негизинде тартылган расизм тууралуу фактылар жеңишти камсыз кылышы мүмкүн.

“Азаттык”: Быйылкы талапкерлер тизмеси мурдагы жылдагылардан эмнеси менен айырмаланат? Эч ким күтпөгөн тасма жеңүүчү болуп кетиши мүмкүнбү?

Гүлжан Токтогулова: Негизгиси - талапкерлер арасындагы гендердик жана расалык өзгөчөлүк. Маселен, “Леди Бердду” тарткан Грета Гервиг "мыкты режиссура" номинациясына көрсөтүлгөн тарыхтагы бешинчи аял болду. “Жогол” ("Прочь") тасмасынын режиссеру Жордан Пил болсо ушул эле номинацияда ат салышып жаткан бешинчи афроамерикалык. Экөөнүн тең режиссердук дебюттары.

“Мадбаунд фермасы” фильминдеги эмгеги үчүн Мэйчел Моррисон - «мыкты операторлук иш» номинациясына көрсөтүлгөн алгачкы аял. Ал эми “Стронг-Айленд” даректүү тасмасын тарткан Янс Форд – номинацияга илинген алгачкы трагсгендер режиссер.

“Азаттык”: Соңку мезгилде айымдарга ыдык көрсөтүү боюнча Голливудда чыккан жаңжалдар быйылкы талапкерлердин тизмесине таасирин тийгиздиби?

Гүлжан Токтогулова: Быйыл Голливуд актрисаларга ыдык көрсөтүү боюнча ызы-чууларга абдан курч жана ыкчам реакция жасап жатты. Буга айдан ачык мисал келтирейин. Ридли Скотт «Дүйнөнүн бардык акчасы» деген фильмдин бет ачарына бир ай жарым калганда актер Кевин Спейсини ойдо жок жерден Кристофеор Пламмерге алмаштырды. Ал түгүл каарманга тийиштүү өзгөчөлүктөрдү өзгөртүп, кайра тартып чыкты. Жыйынтыгында Пламмер «экинчи пландагы эркек каармандын ролу» номинациясына талапкер катары каралууда.

Маселен, Жеймс Франко «Жараксыз жаратман» деген тасмадагы ролу үчүн фавориттердин бири катары саналчу. Бирок «Алтын глобустагы» жеңишинен кийин анын жүрүм-туруму тууралуу ар кандай кептер пайда болуп, жыйынтыгында бир да номинацияга илинген жок.

Андан тышкары “Шамалдуу дарыя” деген тасманы да белгилей кетсем болот. Бул Америкадагы түпкүлүктүү элдердин жабык коомундагы аялдарга жасалган зордук-зомбулук тууралуу фильм. Ал бир нече номинацияга көрсөтүлгөнү жаткан. Бул фильмдин продюсерлеринин бири Харви Вайнштейн болчу. Голливуддагы чуунун борборунда ошол киши турбадыбы. Эгер ызы-чуу болбосо Харви өз фильмин кандай гана болбосун бир номинацияга талапкер кылмак.

«Эббингдин чегиндеги үч көрнөк, Миссури» тасмасынан алынган кадр
«Эббингдин чегиндеги үч көрнөк, Миссури» тасмасынан алынган кадр

“Азаттык”: Жакында эле "Guardian" басылмасы "быйыл көп фильмдер коомчулукту иренжитти" деп жазып чыкты. Маселен, «Эббингдин чегиндеги үч көрнөк, Миссури» тасмасын расизмге айыпташса, «Мени өз атымдан ата» деген фильмден бачабаздыктын белгилерин таап жатышат. Башкы номинанттар мурда деле ушундай көңүл борборунда болчу беле же быйыл көбүрөөк чуу болуп жатабы?

Гүлжан Токтогулова: Эгер мурдагы жылдардагы талапкерлерге көз чаптырсак, албетте, бардык эле фильмдерден кандай гана болбосун кемчилик тапса болот. Бирок быйылкы номинациялардын мурдагылардан айырмасы - коомдун көңүлүн ооруткан учурга туш келип калды. Бирок эң негизгиси - адамдар азыр мурдагыдай унчукпай калбайт.

“Азаттык”: Гүлжан айым, эми сценарист катары «Мыкты сценарий» деген тасмага ат салышып жаткан фильмдер тууралуу өз пикириңизди айта кетсеңиз.

Гүлжан Токтогулова: Мен Аарон Соркиндин эмгектерин өтө баалайм. Мага анын атактуу диалогдору, идеалист каармандары жагат. Ошол себептен ал качан гана «мыкты сценарий» деген наамга ат салышпасын, аны колдоп, жан үрөйм. Азырынча бардык талапкерлердин арасынан мен Соркиндикин гана окуп чыктым.

Калгандарынын сценарийлеринин айрым гана бөлүктөрү менен таанышууга үлгүрдүм. Бирок быйыл «Чоң оюн» деген фильми үчүн Соркин сыйлыкка татыбай калат го. Менимче "мыкты сценарий" сыйлыгын «Мени өз атымдан ата» фильминдеги алгачкы сүйүү жөнүндөгү сезимди козгогон баяны үчүн Жеймс Айфори алса керек.

Ал эми оригиналдуу сценарийди алсак, менин сүйүктүү сценарийим - «Леди Берд». Анда аялзатынын өсүп жетилиши тууралуу мыкты баян чагылдырылган. Бирок азырынча «Жогол!» деген тасмасынын сценарийинин да утуп кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү жогору. Анткени бул фильм Сценаристтер гильдиясынын да сыйлыгына татыган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG