Рыспаев: Бабановдун сөзүнөн чагымды көргөн жокмун

Бакыт Рыспаев

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Ошто Амир-Тимур кварталындагы жолугушуусунан тартылган видео боюнча Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Бакыт Рыспаевди кепке тарттык.

"Азаттык": Бакыт мырза, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун кечээ Ошто өзбек тектүү жарандар менен жолугушуусундагы сөздөрүнүн кыска видеосу интернетте тарап, бир топ терс пикирлерге жем таштады. Талапкердин штабы да билдирүү таратып, анын сөздөрү жалпы контексттен суурулуп алынганын айтты. Бирок ушундан улам суроо жаралат да президенттик талапкерлер шайлоо өнөктүгү учурунда аз улуттар менен жолукканда же улуттар аралык маселелерди көтөргөндө эмнелерди эске алышы керек?

Мен видеонун толук версиясын көрүп чыгып, анда жалпы Бабановдун эл алдында сүйлөгөн сөзүнөн улуттар аралык маселени козута турган сөздөрдү таба алган жокмун.

Бакыт Рыспаев: Талапкердин кечээги жолугушуусунан алынган кыска видеону көрүп, бүгүн эртең менен мен дагы айрым маселелер орунсуз айтылып калган окшойт деп ойлогом. Бирок чынында ал видеону атайын кесип берип коюптур. Мен видеонун толук версиясын көрүп чыгып, анда жалпы Бабановдун эл алдында сүйлөгөн сөзүнөн улуттар аралык маселени козута турган сөздөрдү таба алган жокмун.

Бирок негизинен талапкерлер көп улуттар жашаган Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, анан этностор жыш жайгашкан Чүй облусунда, негизинен бир тектүү улут менен жолугуп жаткан учурда, айтыла турган сөздөрдү тандап, абайлап сүйлөш керек. Бир улутту бир улуттан өйдө коюу же ылдый коюу сөзсүз түрдө экинчи тарапты кемсинткенге алып келип коюшу мүмкүн.

Ал киши өзбек тектүү тургундар менен жолугуп жатканы үчүн “өзбек элим” деп кайрылып аткандай эле сезилди, бирок андан башкача терс чакырыктарды көргөн жокмун.

"Азаттык": Талапкерлер кайсы бир улут өкүлдөрү менен жолуккан учурда кандай кайрылууларды жасашы керек? Анан эмнелерди айтуудан карманып, кайсы маселелерде этият болушу зарыл?

Бакыт Рыспаев: Кайсы бир улут өкүлдөрү менен жолуккан учурда да талапкерлер жалпы “кыргызстандыктар” деп атап, кайрылганы туура болот. Себеби Кыргызстандын жарандарынын баары кыргызстандык болуп саналат да.

Экинчиден, бизде мамлекеттик тил статусу бар, ал боюнча кабыл алынган концепция бар, ал ар дайым жогору болушу керек. Ошондуктан ар кайсы улуттар менен жолугушкан учурда алардын тилдерине байланыштуу убадаларды берүүдөн, өзгөчө бир статус беребиз, тил класстарын киргизебиз деген сыяктуу нерселерди айткандан кармануу керек.

Андан сырткары ошол эле бир этностун өзүнө тиешелүү убадаларды берген туура эмес. Жалпы Кыргызстанга байланыштуу, элге байланыштуу убада берүү керек.

"Азаттык": Ал эми президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун өзүнө байланыштуу “апасы түрк улутунан экен” дешип, кийин “аялы чечен экен, казак экен” деген сыяктуу да маалыматтарды тараткандар болду. Негизи ушундай чоң саясий өнөктүктөр учурунда ушундай практикаларды алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?

Бакыт Рыспаев: Шайлоо дегенден кийин, бул бизде гана эмес, бүт дүйнө жүзүндөгү бардык эле мамлекеттерде шайлоолордо "кара пиар", каралоолор жүрөт. Бирок мынчалык ыпыластыкка түшпөш керек эле. Айрыкча энесинин улутуна асылып маалымат тараткандары уят иш болуп калды. Эгер ошентип каныбызды чындап текшергибиз келсе, анда биздин тарыхыбызда деле көп маселелер бар да.

Ошол "кара пиарды" колдонуп жаткандар деле каршылаш тарабынан тажрыйбасын, басып өткөн жолундагы алешемдиктерин, буга чейинки аракеттери жөнүндө айтса жакшы болмок да.

Негизи бул биринчи кезекте ошол эле саясатчылардын, экинчи тандап жаткан элдин саясий маданияттуулугуна байланыштуу болот окшойт. Дегеним, мисалы, Англияда Пакистандан барып автобус айдап жашаган кишинин баласы Лондондун мэри болду. Канаданын коргоо министри Индиядан барган мусулман, АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын деле теги кениялык мусулман да. Ошондуктан глобалдашуу маселесинде жанагындай ыпыластыктарга барбаш керек эле.

"Азаттык": Негизи эле шайлоодо талапкерлер ар кайсы улуттар менен жолугушкан учурда алардын өкүлүн катарына кошуп, анан үгүт жүргүзгөн практика бар эмеспи. Бирок кээде муну деле “тигилерди катарына кошуп алды, добушун алгысы келип жатат” дегендер болуп калат. Анда бул жаатта шайлоочулардын ошол эле сиз айткан саясий маданияты же түшүнүктөрү калыптана элек десек болобу?

Иллюстрация

Негизи улут аралык маселелерди курчутуу же курчутпоо көп мезгилде журналисттерден, массалык маалымат каражаттарынан көз каранды. Алар айтылып жаткан сөздөрдү туура берип, туура реакция жасашы керек.

Бакыт Рыспаев: Ооба, ошондой нерсе бар. Себеби бир эмес, эки жолу чоң кандуу окуя болду да. Бул көп адамдардын жан дүйнөсүндө өчпөс так болуп калды. Мындан биз тез эле башка өңүткө өтүп кетебиз да кыйын. Ошон үчүн адамдар ичинде саясий өнөктүктөр учурунда ар кандай ой-пикирлер айтыла берет. Эл деген эл да, анын ичинде билимдүү, билимсизи бар, эмоцияга көп алдырганы бар, саясий жүрүштөрдү, саясий пикирлерди ар кандай кабылдап, жоромолдогондор болот.

Эл ошондой болуп жаткандан кийин элдин жүгүн аркалайм дегендер бул маселелерге аяр мамиле жасашы керек деп ойлойм. Ошондуктан биринчи кезекте ошол саясатчылар саясий маданияттуулугун көрсөтүп, туура багытты тандап алса жакшы болот эле.

Негизи улут аралык маселелерди курчутуу же курчутпоо көп мезгилде журналисттерден, массалык маалымат каражаттарынан көз каранды. Алар айтылып жаткан сөздөрдү туура берип, туура реакция жасашы керек. Ал эми социалдык тармактарда бир улутка байланыштуу ар кандай терс пикирлерди таратып жаткандар коом өнүккөн мезгилде эле калат окшойт.

Анын азыр үстүнө саясий үгүт учурунда бирөөлөрдүн деңгээлин ылдый түшүрүү үчүн социалдык тармактарда иштеген топтор бар да. Аны жашырганда эмне, ар бир талапкер өзүнүн кишилерин коюп, адамдар ал маселелерди көп талкуулабаса деле, улам-улам жайылтып учурлары да бар да. Ошондуктан азыр улут маселеси козголуп жатат деген эч кандай чоң коркунуч жок. Сак болуу керек, бирок чоң бир нерсени козутуп ийет дегенден алысмын.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.