Артур Хатто жөнүндө кеп кылганда казак илимпозу Чокон Валиханов тууралуу айтпай кетүүгө болбойт. Анткени Хаттону “Манас” эпосун которууга түрткөн Валихановдун кол жазмасы болгон.
Чокон Валихановдон башталган чыйыр
Казак илимпозу Чокон Валиханов 1856-жылы орус экспедициясы менен Ысык-Көлгө сапар тарткан. Полковник М.Хоментовский жетектеген аскерий-илимий экспедицияны бугу уруусун бийлеген Боромбай манап өзү тосуп алган.
Жаш изилдөөчү Чокон Валиханов жергиликтүү элден манасчылар тууралуу угуп, кызыгып калат.
Ушундан кийин ал белгисиз манасчыдан (Назар Болот уулу деген маалыматтар бар - ред.) “Көкөтөйдүн ашын” жаздырып алган. Валиханов эпостун бул бөлүгүн толук которууга үлгүргөн эмес. 29 жашында оорудан көз жумган.
Анын эпосту кара сөз түрүндө жазган тексти 1904-жылы Николай Веселовскийдин редакциясы астында Орусияда жарык көргөн.
Ал эми кол жазмасын 1964-жылы казак академиги, археолог Алкей Маргулан Ленинграддагы (Санкт-Петербург - ред.) архивден тапкан.
Дагы караңыз
Чокан Валиханов жана кыргыздарМаргуландын 1965-жылы бул табылга тууралуу Казак илимдер академиясынын журналына жарыяланган макаласы жана кол жазманын фотокөчүрмөсү (факсимиле) британ окумуштуусу Артур Хаттонун көңүлүн бурган.
Борбор Азиянын фольклоруна кызыккан окумуштуу "темир көшөгөгө" карабай кадыр-баркын салып жатып, кол жазманын көчүрмөсүн алдырып, которо баштаган. Бул эмгек 1977-жылы Оксфорд университетинин басмасынан жарык көргөн.
Валиханов жаздырып алган араб-чагатай тилиндеги "Көкөтөйдүн ашын" кыргыз тилине биринчи болуп фольклор таануучу, адабиятчы Камбаралы Ботояров которгон. Бул эмгек анын көзү өткөндөн кийин, 1996-жылы чыккан “Көөнөргүс мурас” монографиясына кирген.
Хаттонун эмгеги эмне үчүн баалуу?
Британ окумуштуусу Артур Хаттонун эмгегин кыргызчага тарых илимдеринин профессору Тынчтыкбек Чоротегин которуп, тарых илимдеринин доктору, профессор, фольклор таануучу Сулайман Кайыпов редакциялаган.
Тынчтыкбек Чоротегин бул эмгек ириде илимий чөйрө үчүн маанилүү экенин түшүндүрдү:
Тынчтыкбек Чоротегин
“Артур Хатто текстти биринчи латын графикасына транскрипциялап, берки бетине англисчесин которгон. Рухту англис тилдүү окурмандарга берүүгө аракет кылган. Англисче текстти кыргызчага которуп жатып Хатто кыргызча маанини кармай алганбы, терминдерди туура бергенби, өксүк же табылгасы барбы деп салыштырып көрдүм. Камбаралы Ботояров араб графикасындагы кол жазманы кириллицага оодарган. Мен өзүм ал эмгекке редактор да болгом. Бул жерде кеп британ котормочусу кыргызча текстти кантип которгондугунда. Хатто кээ бир терминдерди такыр түшүнө албай койгон. Бетеге тоо боорунда өскөн, малды семирткен чөп эмеспи. Хатто ошону такыр түшүнө алган эмес. “Жоодураган кырк чоро” дегенди “чаудыраган” деп, аны түшүндүрүү үчүн жаңы этиш сөз ойлоп тапкан. Ушундай өксүктөрү бар. Камбаралы Ботояров түшүнбөгөн, бирок Хатто туура түшүнгөн сөздөр да бар. Ушулардын баарын талдап чыктык. Хатто да, Ботояров дагы түшүнбөй калган сөздөр бар, аларды биз ачык калтырдык. Келечекте дагы изилдениши керек. Мен араб графикасында жазылган түп нуска текстти карадым, ал дагы шашылып жазылгандай көрүндү”.
Артур Хатто түрколог Василий Радлов 19-кылымда жаздырып алган “Манас” эпосунун үзүндүлөрүн дагы англис тилине которгон.
Британиялык манас таануучу Кыргызстанга келе албаганы менен манасчы Сапарбек Касмамбетов менен Лондондо жолугууга үлгүргөн экен.
Айрым манас таануучулар Чокон Валиханов жаздырып алган “Көкөтөйдүн ашы” диний жана саясий канондор кошулбаган, көөнө кыргыз тилиндеги эң таза вариант экенин айтышат.
Филология илимдеринин доктору, профессор Курманбек Абакиров бул эмгектин кайрадан которулушу кыргыз илимине чоң салым экенин белгиледи.
Курманбек Абакиров
“Чокон Валиханов жаздырып алган “Көкөтөй хандын эртегиси” деген вариант манас изилдөөчүлөргө көпкө чейин белгисиз болуп келген. Валихановдун кол жазмасын 1964-жылы Алкей Маргулан архивден тапканга чейин, европалык окумуштуулар Радлов жаздырып алган вариант менен иш жүргүзүп келди. Ачыгын айтканда, “Манас” эпосунун Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаевден жаздырып алган классикалык варианттары азыр дагы чет тилдүү окурмандарга толук жете элек. “Көкөтөйдүн ашы” – бул “Манас” эпосундагы эң маанилүү, түйүндүү бөлүмдөрдүн бири. Анда кыргыз элинин дипломатиялык карым-катышы, салты, философиясы бүтүндөй бир энциклопедиялык түрдө чагылдырылган”.
Түрк тилдүү элдердин эпосторунун түбү бирби?
Курманбек Абакиров 29-сентябрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде таанытымы өткөн “Манас жана Райхл” (“Түрк эпостору: салттуу түрү, поэзиялык түзүлүшү”) китебин редакциялаган.
Түрколог, манас таануучу, Бонн университетинин профессору Карл Райхл кыргыз, өзбек, каракалпак ж.б. элдердин эпосторунун варианттарын түп нускасында иликтеп, англис жана немис тилдеринде жарыялап келет.
Райхлдын эмгегин кыргызчалаган тарых илимдеринин кандидаты, манас таануучу Чолпон Субакожоева түрк тилдүү элдердин эпостору көп жагынан окшоштугун, бирок илимдеги байланыштын жоктугунан алар изилденбей, окурмандарга жетпей жатканын айтты:
Чолпон Субакожоева
“Биз дүйнөлүк булак таанууну окубай, таанышпай эле “Манасты” дүйнөдөгү эң чоң эпос деп майрамдык маанайда карап келгенбиз. Бул эмгекти орус тилинен кыргызчага которушума окумуштуу Анатолий Дмитревич Функ себепчи болду. Функ шорлордун акыркы кайчысы Владимир Таннагашевден бул элдин эпосун жаздырып алган. Орусиянын жоголуп бараткан майда элдеринин эпосторун Орусиянын илимдер академиясы жаздырып алууга үлгүрдү. Ошонун негизинде биз дагы изилдешибиз керек. Айталы, “Алпамыш” эпосу түрк тилдүү элдердин көбүндө кездешет. Бирок илимий чөйрөдөгү байланыштын жоктугунан ошол окшоштуктар изилденбей, окурмандарга да жетпей келет”.
Салтанаттуу иш-чарада окурмандар Чолпон Субакожоева жазган “Жаңы манасчынын тиби жаралдыбы?” аттуу китеби менен таанышты.
Илимпоз бул китепте “Манасты” аян түшүп айткандар азайып баратканына токтолуп, бул өнөрдүн эволюциясын манасчылар менен чогуу изилдеген.
“Алтайлык этномузыкант, кай өнөрүнүн ээси Ногон Шумаров менен Тоолуу Алтайдан Новосибирскиге чейин чогуу баргам. Ал киши ошондо “Биз кайды кайталап айтып калдык, айыл аралап көмөкөй менен ырдоо техникасын үйрөтүп, дүйнө башка форматка өткөнүнө байланыштуу жасалма түрдө өнүктүрүп жатабыз” деген эле. Менин жаңы чыккан китебимде да Кытайдагы кыргыздарда вариант жараткан манасчылар азайып, Жусуп Мамайдын вариантын кайталап айтып калышканы сөз болот. Китепте манасчылык өнөрдүн эволюциясын, чөйрөсүн манасчылар эпосту аян түшүп айткан Кубанычбек Алмабековдун, Табылды Актановдун жана Замирбек Баялиновдун маектери кирген”, - дейт Субакожоева.
Технологиянын өнүгүшү менен китеп окугандар азайып баратканы маалым. Манасчылык өнөрү боюнча үч китепти чыгарууга ишкер, мецанат Карганбек Самаков колдоо көрсөткөн.
Карганбек Самаков
“Артур Хатто менен Карл Райхл могикандар. Манасты изилдеп, аны дүйнөгө таанытып, жалпы эле түрк тилдүү элдердин баарынын эпосторун которушкан. Карл Райхлга жазында Германияга барганда жолуккам. Манас таануучуларга, адабиятчыларга, жалпы эле окурмандарга керек болуп калабы деп котортуп чыгартып жатабыз. “Манастан” башка эмнебиз бар? Эки брэндибиз бар, бири – “Манас”, экинчиси Чыңгыз”, - деди Самаков.
- Чокон Валиханов “Манас” эпосун илимге тааныштыргандан он жыл өткөндөн кийин 1862-1869-жылдары айтылуу түрколог Василий Радлов азыркы Кыргызстандын аймагына келип, Ысык-Көл жана Чүй өрөөндөрүндөгү манасчылардан эпосту жаздырып кеткен. Анын эмгеги Валихановдукунан көлөмдүү чыккан. Ал жаздырып алган варианттар 1885-жылы орус жана немис тилине которулуп китеп болуп чыккан.
Дагы караңыз
Радлов жазып алган “Манас” эпосу Германияда басылып чыкты- 1900-1906-жылдары мажар окумуштуусу, чыгыш таануучу Дьерд Алмаши Нарынкол тараптагы белгисиз манасчыдан “Манас баатырдын уулу Семетей менен коштошконун” (айрым булактарда "Чубак менен Манастын Бээжинге аттанганы" деп жүрөт) жаздырып алган. 72–73 саптан турган текстти Алмаши 1911–1912-жылдары Будапешттеги эл аралык Keleti Szemle (“Чыгыш кабарлары”) журналына немис жана мажар тилдеринде жарыялаган.