Медиа коомчулук КТРК тууралуу мыйзамга нааразы

КТРКга караштуу телеканалдардын микрофондору. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда медиа коомчулук КТРКны кайрадан мамлекеттик каналга айландыруу саясатына нааразы. Алар мындай аракет башкы каналдын ишин демократиялык негизде жүргүзүүгө каршы келерин айтышууда.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Коомдук канал Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн гана кызыкчылыгын көздөп калганын сындап, аны мамлекеттин карамагына өткөрүү керектигин билдирген. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Коомдук телерадиокорпорация эфирде криминалдык тасманы көрсөткөнүн сындап чыкты.

"Макамды эмес, мазмунду өзгөртүү керек"

“Кыргыз телерадиокорпорациясы жөнүндө” мыйзам долбооруна каршылыгын билдирген медиа коомчулук өкүлдөрү бул мыйзам кабыл алына турган болсо, демократиялык принциптер бузулат деп эсептешет.

Алар мындай чочулоону камтыган кайрылууну 29-октябрда таратышты. Кайрылуу ээлери Коомдук канал мамлекетке кайтарылса, бийликтин камчысын чаап, жалпы кызыкчылыкты көздөбөй калат деп эскертишүүдө.

Онлайн кайрылууга алгачкы үч саат ичинде эле 20 чакты медиа уюм, журналисттер, редакторлор кол коюшту.

Дагы караңыз

Медиа коомчулук өкүлдөрү “Телерадиокорпорация жөнүндө” мыйзамга каршы чыгышты

Кайрылууну колдогондордун бири, медиа-эксперт Авланбек Жумабаев мурдагы улуттук телеканалды коомдук телеканалга айландыруу үчүн көп аракет жумшалганын айтты.

Авланбек Жумабаев.

"Коомдук макамы бар телеканалга айлануу менен КТРКнын материалдык-техникалык базасы кыйла чыңдалган. Демократияны өнүктүрүү жаатында иштеген бир катар эл аралык уюмдардын каржылоосу менен кабарчылардын колундагы диктофонунан тартып студияларына чейин оңдолуп, жаңыланган. Техникалык мүмкүнчүлүгү чыңдалган. Эми аны мамлекеттик канал кылып коюудан эч кандай пайда болбойт. Башкы коркунуч - КТРК бир жактуу маалымат берип, бийликтин гана сөзүн сүйлөй баштайт. Сөз эркиндигине доо кетет. Кыргызстандын коомдук телеканал тууралуу эл аралык милдеттенмелери бузулуп, 1990-2010-жылдардагы “улуттук-мамлекеттик” деген макамга кайтат, коомдук көзөмөл жүргүзүү үчүн түзүлгөн Байкоочу кеңеш жоюлат жана башкы директорду президент өзү дайындай баштайт".

Башкы телеканал "коомдук" деген макамга 2010-жылкы апрель окуясынан кийин ээ болгон. Ага чейин Кыргыз телерадио комитети, КТР, Улуттук телерадиокорпорация деп аталып келген мекеменин маалыматтык саясаты коомчулук тарабынан такай сындалып келген.

Мурдагы президенттер Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин тушунда "кара жащик" деген каймана атка конгон.

"Журналисттер" коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев КТРК коомдук макамга ээ болуп, Байкоочу кеңештин көзөмөлү алдында болгон алгачкы жылдары жакшы иштегени менен, кийинчерээк бийликтин саясатын жүргүзгөн мурунку калыбына кайтканын белгилейт.

Марат Токоев.

"Коомдук телеканал болуп түзүлүп, жакшы мыйзам кабыл алынган. Редакциялык саясат иштелип чыккан. Бирок телеканал коомдук деген озуйпасын жеткиликтүү алып кете алган жок. Башында бир топ өзгөрүүлөр болгон. Убактылуу өкмөттүн тушунда түзүлгөн Байкоочу кеңеш коомдук телеканалды жылдырууга аракет кылган активист жарандардан турган. Элден сурамжылоо жүргүзгөндө да КТРКга ишеним өскөнү байкалган. Бирок барган сайын Байкоочу кеңештин курамы өзгөрүп, телеканалды баягы "кара жащикке" кайтаруу аракети жүрүп отурду. Аталышы коомдук болгону менен, маалыматтык саясаты бир тараптуу, бийликтин сөзү сүйлөнүп жатканы көбүрөөк байкала баштады".

Марат Токоев муну менен телеканалдын макамын өзгөртүү эмес, анын чыныгы "Коомдук телеканал" деген статусун кайтарып берүү зарыл экенин белгиледи. КТРК иш жүзүндө коомдук телеканал болушу үчүн бийлик “телеканалдын редакциялык саясатына кийлигишүүнү” токтотушу керектигин айтты.

"КТРК мамлекеттин кызыкчылыгын көздөшү керек"

“Кыргыз телерадиокорпорациясы жөнүндө” мыйзам долбоору "Маалымат каражаттары тууралуу", "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө" мыйзамдар менен кошо коомчулуктун талкуусуна 13-сентябрда чыгарылган. Медиа коомчулук 30-сентябрда президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, мыйзамдарды өзгөртүүгө каршы экенин билдиришкен.

Президент 23-октябрда өткөн маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, телеканалдын Байкоочу кеңеши коюлган максат-милдеттерди аткара албай жатканын айткан.

"КТРКнын Байкоочу кеңеши деген 15 адамдан турган топтун кызыкчылыгына иштейт. Мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынбай эле ошол адамдардын кызыкчылыгын карап калган. КТРКнын башчысы болуш үчүн ошол сегизи менен сүйлөшөт. Жеке кызыкчылыктар үчүн эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттин идеологиясын көргөзүп, социалдык программаларды чыгарып турушу керек. Ошондуктан, реформа кылабыз деген планыбыз бар. Муну жашырбайбыз".

Дагы караңыз Жылдык жыйын: Чек ара, шайлоо жана Матраимов

30-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да КТРКнын Байкоочу кеңешин сындап чыкты.

Ал "Твиттердеги" баракчасына Коомдук телеканалда криминалдык тасманын көрсөтүлүшү "кылмышка тете көрүнүш" деп жазды.

Байсалов "Азаттыкка" берген комментарийинде канжалаган, жаман сөздөр колдонулган тасманы коомдук каналдан көрсөтүү туура эмес деген оюн бышыктады:

Эдил Байсалов.

"Азыркы коомдук телеканал биздин коомубуздун да, элибиздин да талаптарына жооп бербейт. Биз чара көрүшүбүз керек. Албетте, биз алардын саясатына кийлигише албайбыз, анткени Байкоочу кеңеш бар. Бирок биз карап да тура албайбыз, анткени булар мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Чара көрүлөт", - деди Эдил Байсалов.

Каналдын байкоочу кеңешинин төрагасы Кубат Болотканов Байсаловдун көрсөтүү тууралуу сынын жөндүү деп эсептейт. Ошол эле учурда мыйзамга ылайык бийлик өкүлү телеканалдын ишине кийлигишпеши керектигин, Байкоочу кеңеш КТРКнын иши үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Кубат Болотканов.

"Байкоочу кеңештин курамын 79-80 талапкердин ичинен парламент тандап, шайлап берген. Ошондуктан, Байкоочу кеңештин иши КТРКнын редакциялык саясаты үчүн өтө маанилүү. Эгер Байкоочу кеңеш болбосо, телеканал бейтараптуулукту кармана албайт. Көбүнчө бийликтин сөзүн сүйлөгөндөргө гана мүмкүнчүлүк берилип, ошолор экранды ээлеп алганын көрүп эле келгенбиз. Байкоочу кеңештин азыркы мүчөлөрүн эл тааныйт. Биз колубуздан келишинче канал коомдук деген макамды акташына салым кошуп келе жатабыз".

КТРКнын Байкоочу кеңешинин 15 мүчөсү бар. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент жана калган беш мүчөсүн жарандык коом сунуш кылган талапкерлердин арасынан парламент тандап алат. Байкоочу кеңеш телеканалдын башкы директорун тандайт. КТРК мамлекеттик бюджеттен каржыланат.