Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Депутаттар КТРКга шайлоодогу жоопкерчилигин эскертти


10-июнда Жогорку Кеңеш Коомдук Биринчи каналдын (КТРК) Байкоочу кеңешинин 2019-жылдагы отчётун карады. Айрым депутаттар каналдын редакциялык саясатын кескин сындап, саясий окуяларды бейтарап чагылдырбай жатканын айтышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Байкоочу кеңешти, КТРКнын жетекчилигин саясий окуяларда бейтараптуулуктан тайып, бийликке жагынууга аракет кылууда деп айыптады.

Депутат айыптоосуна далил катары жакында өткөн саясий иш-чараны чагылдырбай койгонун мисалга кылды.

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

«Өткөн жуманын этегинде бир нече саясий партия жана ишмерлер биригип, шайлоого ынтымак менен баралы деп жарыяладык. Ошону «эки мүнөттүк сюжет кылып көрсөтүп койгула» десек, үгүт иштеринин тарифи менен 176 миң сом алып, кайра кечинде «болбойт экен» деп баш тартып койду. Муну кандай түшүнсө болот? Акаевдин убагында Карыпкулов, Атамбаевдин убагында Карыпбеков да мындай карасантайлыкка барган жок эле го. Эмитеден элди экиге бөлө баштадыңарбы? Силер ушундай кызматыңар менен президенттин саясатына саботаж кылып жатасыңар. Шайлоо баштала электе шайтан оюндарды баштадыңар», - деди Момбеков.

Байкоочу кеңештин жетекчиси Азамат Болгонбаев айтылган маселе кеңештин жыйынында ортого салынарын айтканы менен депутаттын дооматына так жооп бере алган жок. Ал эми Коомдук биринчи каналдын башкы директору Жайнак Үсөн уулу мындай жооп берди:

Жайнак Үсөн уулу
Жайнак Үсөн уулу

«Расмий үгүт иштери баштала элек болгондуктан бардык саясий партияларга тең мүмкүнчүлүктү түзүү үчүн позициябыз ушундай болгон. Буга чейин да партиялар кайрылышкан, алардан да баш тартканбыз. Биз калыс болсун деген позициядабыз».

Өлкөнүн мамлекеттик негизги каналына саясий бейтараптуулук боюнча Жанарбек Акаев, Дастан Бекешов, Наталья Никитенко, Курманкул Зулушев, Алтынбек Сулайманов сыяктуу бир топ депутаттар сын пикирин айтышты.

Эл өкүлү Курманкул Зулушев Болгонбаевдин чындыкты айткан акын экенин эске салып, «Байкоочу кеңештин башчылыгында акыйкаттыкты эмнеге айта албай жатасыз?» деген суроо салды. Болгонбаев «бейтараптуулукту карманууга аракет кылып жатам» деп жооп берди.

Ал эми депутат Жанарбек Акаев алдыда парламенттик шайлоо келатканын айтып, тарыхтан сабак алып, бийликтин камчысын чапканды токтотууга чакырды.

«Силер кепеде отуруп иштесеңер да элге чындыкты, бардык саясий күчтөрдү бирдей көрсөтүп, калыс, бейтарап болсоңор оңдолгон болот. Жалтыраган имарат курганы менен өзөгү өзгөрбөсө бир тыйын. Калыс болууга чакырам, бизде тарых бат өзгөрөт. Бул заман бир-эки жылдык», - деди Акаев.

Азамат Болгонбаев өзү Байкоочу кеңештин башчылыгына жаңы келгенин, бир жылдан бери КТРКнын жаңы жетекчиси менен эриш-аркак иштеп, колдон келишинче бардык саясий күчтөрдүн пикирине эфирде орун берилип жатканын белгиледи. Ал Байкоочу кеңештин негизги милдети канал жетекчилигине калыс болууга багыт берүү экенин айтып, дооматтарга жооп берди.

«Жаңы директор шайланганда калыс, акыйкат болуу талабы коюлган. Бир жылдан бери Байкоочу кеңештин ар бир мүчөсү сиздер айткан кырдаалда калыс болууга аракет кылып жатабыз. Шайлоо учурунда да калыстыктан тайбоого аракет кылабыз. Оппозицияга быйыл бир топ орун берилди. Так маалымат десеңиз, тизмесин берели. Биз чын дилибизден аракет кылып жатабыз, бул иш уланат».

Бирок, парламент жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Анаш Кадырова Азамат Болгонбаевди жетекчиликке кошомат кылбоого чакырып, каналдын берүүлөрүнөн баштап, каржылык иштер, кадр тандоо, саясий окуяларды чагылдырууда алешемдиктер арбын экенин улам-улам сөз алып айтып жатты.

Кадырова каналдын жетекчисин «өз билгенин кылып жатат» деп айыптап, КТКРнын 2019-жылдагы отчетуна жалгыз каршы добуш бергенин белгиледи.

«Болгонбаев айтып жатат, «эки тараптуу кылып, укмуш берип жатабыз» деп. Мен андайды көргөн жокмун, мына Массалык маалымат каражаттары боюнча арыздарды кароо комиссиясына түшкөн арыздарды карагыла. Абдан көп. Эч кандай эки тараптуулук жок. Андай болсо элдин баары эле бизди көрбөйт беле».

2019-жылы мамлекеттик казынадан КТРКга 396 миллион сом бөлүү каралган. Бирок, 358 миллион сом гана бөлүнгөн. Ал эми канал өзү жарнамадан 58 миллион сом киреше тапкан. Учурда бул каналда 910 кызматкер эмгектенет. Айрым эл өкүлдөрү казынадан ири каражат кеткен КТРК контент жагынан Интернет каналдарга, башка маалымат булактарына атаандаш боло албай жатканын белгилеп, анын рейтинг маселесине токтолушту.

Парламент депутаты Алтынбек Сулаймановдун пикиринде мамлекеттик телеканалдардын коомчулукта рейтинги төмөн. Андыктан депутат ири каражаттар талаага кетип жатканын айтып, мамлекеттик телеканалдарды жоюп салууну сунуштады.

Алтынбек Сулайманов
Алтынбек Сулайманов

«400 миллион сом деген бул 10 мектептин баасы. 10 мектеп пайда береби же ушул КТРКбы? Миңдей кызматкер же жарытып айлык албайт. Булардын баарын менчикке берсек, мамлекетке үнөм болот. Ал эми менчикте эркин атаандашуу менен өнүгүү болот.​ Ошондо бир жактуу маалымат болбойт. Рейтинг 5% экенин билесиңер. Элдин баары Интернетке өтүп, КТРКны эч ким көрбөйт».

КТРК жетекчилиги өлкө спорт, маданият, билим берүү тармагында өз саясатын жайылтуу үчүн мамлекеттик телеканалдардын ролу чоң экенин айтышты. Парламентте каналдын жетекчилигин мактагандар, Байкоочу кеңеш өз милдетин так аткарып жатат деген депутаттар да болду. Депутат Каныбек Иманалиевдин баамында, КТРК ашкере саясаттан алыстап, оппозициялык саясатчыларды каралоо азайды.

«Коомдук канал оппозицияны жамандаганга адистешип, калыстыктан тайган болчу. Бүгүн бир жагдай, ашкере саясатташкандан кайтып, кээ бир кемчиликтерди эске албаганда ниети оңолду».

Жылына казынадан 400 миллион сомдой каражат бөлүнгөн телеканал кайсы президенттин тушунда болбосун, саясий окуяларды бир беткей чагылдырат деген сындан арылбай келет. Буга чейин Жыпар Жекшеев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн кетип жатып, каналды коомдук кыла албай койгонун, буга мыйзамдагы карама-каршылыктар да тоскоол болгонун айткан жайы бар. Ал эми мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков КТРК мамлекеттен каржылангандыктан бийликке көз каранды экенин айткан болчу.

Жарандык активист Адил Турдукулов КТРКнын башчылыгына ат салышкандардын бири. Анын пикиринде, КТРКнын чындап коомдук боло албай жатканынын бир себеби Байкоочу кеңеш курамынан көз карандылыгы болуп жатат.

«Байкоочу кеңеш өз ишин формалдуу аткарып жатканына күбө болуудабыз. Анткени анын мүчөлөрү болуп мурда мамлекеттик кызматта иштеп кеткен ардагерлер шайланышкан. Алар жогору жактан көз каранды. Укуктары дагы чектелүү болуп жатат».

2010-жылы бийлик алмашкандан кийин Мамлекеттик телканал коомдук деген макам берилген. Анда бийлик каналдын бейтарап иштөөсүнө шарт түзүүнү көздөгөн. Ага байланыштуу каналдын редакциялык саясатын көзөмөлдөө үчүн Байкоочу кеңеш түзүлгөн. КТРКнын Байкоочу кеңеши 15 адамдан турат. Анын бешөөнү өлкө президенти, бешөөнү парламент жана калган бешөөнү жарандык коомдун сунушу менен беш жылдык мөөнөткө Жогорку Кеңеш шайлайт.

КТРКнын башкы директору Байкоочу кеңеш тарабынан төрт жылга шайланат. Коомдук биринчи каналдын курамында учурда алты телеканал: «КТРК», «КТРК Музыка», «Маданият-Тарых-Тил», «Баластан», «КТРК Спорт» жана «Ала-Тоо 24» обого чыгууда. Ошондой эле аталган медианын Кыргыз радио бирикмесинде беш радио: «Биринчи радио», «Кыргыз радиосу», «Миң кыял», «Достук», «Балдар FM» радиолору бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Пикирлерди көрүңүз (8)

XS
SM
MD
LG