Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Өкмөт мамлекеттик медианы реформалайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт мамлекеттик маалымат саясатын өзгөртүп, мамлекеттин карамагындагы жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) реформалоонун алгачкы этабы башталганын жарыялады.

Өткөн аптада 2020-жылдын бюджети талкууланды. Анда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев мамлекеттик маалымат каражаттарын оптималдаштыруунун алкагында аларга бөлүнгөн акчаны азайтуу боюнча парламенттин буга чейинки талабы аткарылбай келатканын айтып чыкты. Анын сөзүнө караганда, акыркы жылдары мамлекеттик ЖМКга бөлүнүп келе жаткан чыгымдар өзүн актабайт.

Депутат Дастан Бекешев алдыдагы жыл үчүн да республикалык бюджеттен 613 млн. сом каралып жатканын айтып, мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын каржылоо эмнеге азайтылбай жатканына кызыкты:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

- Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын каржылоону азайталы десек, сиздер тескерисинче алдыдагы жылга кайра алардын чыгымдарын көбөйтүп көтөрүп келипсиңер. Мисалы, мамлекеттештирилген «Бешинчи канал» менен «Пирамида» телеканалдарын кармоого жаңы жылга 40 миллион сомдон бөлүп жатасыңар. Кийинки жылга 10,5 млн. доллар кетет экен. Мына ошонун ичинен «Кабар» агенттигине 22 млн. сом, КТРК менен ЭЛТРге 552 млн. сом бөлүнүп жатат. Мындан сырткары 80 млн. сом мамлекеттик 49 гезит-журналга каралып жатыптыр. Ушул каражаттарды кыскартабыз деген элек. Эмнеге кыскартылбай калды?

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өкмөт учурда бюджеттик чыгашаларды оптималдаштыруу максатында мамлекеттин карамагындагы жалпыга маалымдоо каражаттарын бирдиктүү медиа корпорацияга бириктирүүнүн үстүндө иштеп жатканын билдирди. Анын айтымында, бул долбоорго ылайык, бирдиктүү корпорацияны түзүү аркылуу бюджеттин акчасын гана үнөмдөбөстөн, натыйжалуу жана иштиктүү жаңы мамлекеттик маалымат саясатын иштеп чыгып, ошонун негизинде өкмөт ырааттуу иш алып барууга белсенүүдө.

Алтынай Өмүрбекова азыр райондук гезиттер жоюлуп, облустарда медиа борборлор түзүлсө, кийинки кадам катары ири мамлекеттик маалымат каражаттарын бирдиктүү корпорацияга бириктирүү милдети турганын билдирди:

Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

- Азыр облустарда медиа борборлорду түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Былтыр айрым депутаттар кээ бир жагдайлар боюнча маселе коюп, анын алдыга жылышын токтотуп салышкан. "Ал борборлордун канчалык зарылдыгын карап чыккыла" деген маселе болгон. Облустарда медиа борборлорду уюштуруу жөнүндө чечим ошол боюнча калды. Райондук гезиттерди оптималдаштырып, кыскартчусун кыскартып, бардыгын азыркы жаңы маалымат технологиясына өтүүгө ыңгайлаштырып жатабыз. Ошол эле кезде республикалык маанидеги «Кабар» маалымат агенттиги, «Бешинчи канал», «Пирамида» сыяктуу мамлекеттик маалымат каражаттарын бириктирип туруп, бирдиктүү медиа корпорация түзүп, аларды дагы оптималдаштыруу маселеси күн тартибине коюлат.

Өкмөттүн мамлекеттик бюджеттин каражаттарын үнөмдөөнү максат кылган жалпыга маалымдоо каражаттарын оптималдаштыруу саясатын сындап чыккандар да болду. Айрым депутаттардын баамында, азыркы учурдагы оптималдаштыруу саясаты Маданият жана маалымат министрлигинин карамагында турган аймактык гезит-журналдар менен телерадио компанияларына гана тиешелүү болуп, жыл сайын миллиондогон сом акча бөлүнгөн мамлекеттик «медиа гиганттарды» каржылоону кыскартуу иши четте калып кеткен. Ошондуктан аларды өз алдынча эркин «сүзүүгө» жөнөтүүгө жана медиа тармагындагы атаандаштыкка чыгарууга мүмкүнчүлүк берүү саясаты ишке ашпай калып жатканы айтылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бул реформанын логикалык маңызы туура эмес экенин айтып, сынга алды:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

- Эмне үчүн мындай маңызы жок реформа баштап жатасыңар? Азыр райондук гезиттерди жоюп, жалпысынан 64 штаттык бирдиктерди кыскартып, ошонун эсебинен болгону 3 млн. сом үнөмдөп жатыпсыздар. Биз мындай оптималдаштырууга каршы болгонбуз. Сиздер ойлогондой, оптималдаштыруу деген жоюу, жок кылуу эмес да. Ал деген сапатын жакшыртуу, оңдоо-түздөө деген эмеспи. Эгерде сиздердин логикага таянсак, анда медиа борборлор аркылуу райондук-облустук гезиттерди жоюп, алардын бардыгын облустук телеканаладарга берет экенсиңер. Андай болсо, республикалык «Кыргыз Туусу» менен «Эркин Тоо» гезиттерин деле КТРК менен ЭлТРге өткөрүп бергиле. Эгерде аймактык гезиттердин окумдуулугу жок болуп жатса, анда бул республикалык гезиттерди деле эл окубай калганы качан. Эмне үчүн аларды калтырып койдуңуздар?

Кыргызстандагы мамлекеттик маалымат саясатын өзгөртүп, анын натыйжалуулугун арттыруу үчүн мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалоо маселесин 2009-жылы ошол кездеги түзүлгөн президенттик катчылыктын жетекчиси Оксана Малеваная көтөргөн. Анда жалпы мамлекеттик башкаруу тутумун өзгөртүү концепциясынын алкагында, натыйжалуу мамлекеттик маалымат саясатын иштеп чыгуу демилгеси келип чыккан. Анда райондук, облустук маалымат каражаттарын республикалык бюджетке өткөрүп, бардык маалымдоо каражаттарын бириктирип, республикалык медиа холдинг түзүү долбоору иштелип чыгып, бирок ишке ашпай калган. Андан соң бул маселе мурдагы маданият жана маалымат министри маркум Султан Жумагуловдун учурунда кайрадан көтөрүлүп, бирок аягына чыкпай калган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG