Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:11

Байкоочу кеңешти "чайкоо"


КТРК.
КТРК.

Жогорку Кеңештин жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоо жараяны кызуу талкууга жем таштады.

Байкоочуну шайлоодо мыйзам талаптары аткарылдыбы? Президент аппаратынын ж.б. таасирдүү адамдардын басымынан улам депутаттар эки жолу добуш берүүгө аргасыз болдубу? Эл өкүлдөрүнүн жоопкерчилигине кандай баа берүүгө болот?«Арай көз чарай» берүүбүздө ушул маселелерди талкууладык.

Талкууга Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө талапкер, журналист Чынара Капарова жана «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Тулегенов катышты.

«Азаттык»: Чынара айым, сөздү сизден баштасак. Жогорку Кеңеште КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө беш талапкердин бири болуп катыштыңыз. Биринчи добуш берүүдө сиз эң көп добуш алып, шайланып, токтом кабыл алынганына карабай иш аягына чыкпай калганын кандай түшүндүрүп бересиз?

Чынара Капарова: Жогорку Кеңеште мен күткөн, бирок коомчулук күтпөгөн окуя болду. Биринчи добуш берүүдө мен 79 депутаттын добушуна ээ болгом. Анын негизинде токтом чыгып, «Байкоочу кеңештин мүчөсү шайланды» дегенден кийин ал чечимди депутаттар бузууга аргасыз болду. Анткени буга ар кандай оюндар таасир этти деп айта алам. Айрым депутаттар вице-спикер Аида Касымалиеваны да курулай эле жемелешип, процесстин нугун башка жакка бурууга аракет кылышты.

«Азаттык»: Клара айым, депутаттар биринчи добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарып, экинчи жолу добуш берүүгө мүмкүнчүлүк бергени канчалык мыйзамдуу чечим болду?

Кыскасы, шайлоо мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте болгон жок. Өз максаттарына жетпеген топтор шайлоону башаламан кылып жиберишти.
Клара Сооронкулова.

Клара Сооронкулова: Бул маселеде Жогорку Кеңеш коомчулуктун алдында уят эле болду. Алар үчүн мындай жоруктар көнүмүш адатка айланып калгандай. Өзгөчө депутат Асылбек Жээнбеков максатына жетиш үчүн өзү каалагандай калчап келет. Мыйзамда Байкоочу кеңештин жалпы курамы кандай шайланары белгиленген, ал эми бош орундар болуп калганда кантип шайланары көрсөтүлгөн эмес.

Мыйзамда «талапкер комитетте шайланат, чоң жыйында бекитилет» деп турат. Регламентте да шайлоо тартиби жок. «Байкоочу кеңешке көрсөтүлгөн бир талапкер келбей калса кандай чечилет?» деген суроо да мыйзамда каралган эмес. Кыскасы, шайлоо мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте болгон жок. Өз максаттарына жетпеген топтор шайлоону башаламан кылып жиберишти. Бул абдан жаман көрүнүш болду.

«Азаттык»: Чынара айым, коомчулукта «кечээги шайлоого президенттин аппаратынан, башка депутаттар тарабынан басым-кысым болгону үчүн ушундай натыйжа болду» дегендер бар.

Чынара Капарова: Парламент жыйынында отурган мен эмес, сырттагы коомчулук да социалдык тармактарда шайлоо боло электе эле Сарыбаева шайлана турганын айрым депутаттардын сөзүнө таянып жазып жатышты. Ошого карабай мен эл өкүлдөрүнүн эркине ишенип киргем.

2011-жылы КТРК жөнүндө мыйзамда «Байкоочу кеңештин мүчөлөрү шайлоонун рейтингдик жолу менен тандалат» деп турат. Алардын арасынан эң көп добушка ээ болгон талапкер шайланышы керек болчу. Эгер шайлоого талапкердин бирөө кечигип жатса, келгенден кийин эле ага өзүнчө добуш берип чечип койсо болорун депутаттар өздөрү айтып отурушту. Тилекке каршы, депутаттар андай жолду тандай алышкан жок. Эң негизгиси, айрым адамдар, депутаттар шайлоонун жүрүшүнө, натыйжасына кийлигишкенин мага чейин эле депутаттар өздөрү айтып чыгышты. «Өкмөт башчы же КТРКнын башкы директорун шайлап жатсак бир жөн, Байкоочу кеңештин кичинекей мүчөсүн шайлоого кийлигишип жатканыңар уят» деген таризде депутат Жанарбек Акаев ачык айтты. Депутат Момбеков да жогору жактан кысым болуп жатканын белгиледи. Дастан Бекешев да туура эмес иштер болуп жатканын айтты.

«Азаттык»: Марс мырза, КТРКнын Байкоочу кеңешине кимдер мүчө боло алат? Алар кандай кесиптик, адамдык сапаттарга ээ болуш керек, критерийлер барбы?

Бул мурдатан эле күтүлгөн саясий оюнга жакындап жатат. Биринчи добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөрүү акылга сыйбас нерсе болду.
Марс Тулегенов.

Марс Тулегенов: Кечээги болгон шайлоого коомчулукта көп нааразылык болду. Бул мурдатан эле күтүлгөн саясий оюнга жакындап жатат. Биринчи добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөрүү акылга сыйбас нерсе болду. Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирген чоң мүчүлүштүк кетти. Биз, «Журналисттер» коомдук уюмунун өкүлдөрү бул маселени талкууладык. Мыйзамда Байкоочу кеңешке келиш үчүн журналисттик жогорку билими, белгилүү эмгек стажысы керек, саясий партиянын мүчөсү болбош керек деген ж.б. талаптар бар. Парламенттин тиешелүү комитети ага карабай талапкерлерди кандай критерийлер менен тандап алганы түшүнүксүз.

Клара Сооронкулова: 2011-жылы КТРКнын мыйзамы кабыл алынганда Байкоочу кеңешке чоң укуктар берилген. Реформанын негизги максаты КТРКга коомдук көзөмөлдү Байкоочу кеңеш аркылуу күчөтүү болчу. Тилекке каршы, андай болгон жок. Байкоочу кеңеш өз милдетин аткара албады. «Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны Байкоочу кеңешти шайлайт» деген норма мыйзамда жок. Бул Конституцияга да каршы келет…

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG