Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:14

Коомдук каналга жаңы жетекчи тандалды


КТРКнын директору кантип шайланды?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:47 0:00

КТРКнын директору кантип шайланды? (видео)

Коомдук телерадио корпорациясынын жаңы жетекчиси болуп Жайнак Үсөн уулу шайланды. Ага КТРКнын Байкоочу кеңешинин 15 мүчөсүнүн 13ү добуш берди.

Аталган кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү шайлоо таза өтүп, басым болбогонун айтканы менен айрымдар ар кандай оюндар болгонун билдирип чыгышты.

6-мартта жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында Жайнак Үсөн уулу 13, Галина Байтерекова бир, Болотбек Тиллебаев бир добуш алды. Ошентип учурда жеке менчик НТС телеканалын жетектеп турган Жайнак Үсөн уулу КТРКнын башкы директору болуп шайланды.

Ал шайлоонун жыйынтыгы жана коомчулуктагы айрым кеп-сөздөр боюнча «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип, КТРКда аткара турчу иштери тууралуу айтып берди:

- Мени кандай жоопкерчиликтүү иш күтүп турганын азыр сезип жатам. Анткени КТРК корпорациясы - ири ишканалардын бири. Ал көп тармактуу жана эмгек жамааты да көп. Мен өзүмдүн программамды сунуш кылгам. Эми аны ишке ашырганга аракет кылам. Буга чейин топтогон тажрыйбамды, алган билимимди ушул жерге колдоном деп максат коюп турам. Бул коомдук телеканал болгондон кийин эң биринчи коомчулуктун кызыкчылыгын көздөш керек.

КТРКнын учурдагы директору Илим Карыпбековдун мөөнөтү 19-мартта бүтөт жана Жайнак Үсөн уулу ошол күнү ишке киришет. КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев ага чейин Карыпбеков жаңы директорго документтик иштерди өткөрүп берерин билдирди.

КТРКнын директорун шайлоо процессин бир катар массалык маалымат каражаттары чагылдырып, ал Интернетте түз берилди. Жыпар Жекшеев «шайлоодо Байкоочу кеңешке бийлик басым кылды» деген сөздөрдү четке какты:

Жыпар Жекшеев.
Жыпар Жекшеев.

- Ушул күнгө чейин мага эч кандай көрсөтмө болгон жок. Башкаларга да «тигини өткөргүлө, муну өткөргүлө» деген көрсөтмө болгонун уккан жокмун. Анткени акыркы күнгө чейин ким кимге добуш берери белгисиз болду. Мен бүгүн чын эле таза шайлоо болду деп айта алам. Өзүңөр билгендей, оппозициялык телеканалдын директорун улуттук чоң каналга директор кылып шайлап алдык. Ал керек болсо Бабановдун кол астында иштеп, анын жеке менчик телеканалын башкарып келген. Эгер бийлик аралашса «ал Бабановдун кадры. Аны өткөрбөгүлө» деген аракет болмок. Андай болгон жок. Биз өзүбүз тандадык.

Жайнак Үсөн уулу 2015-жылдан бери саясатчы Өмүрбек Бабановго таандык экендиги айтылып жүргөн НТС телеканалын башкарып келет. Буга чейин Байкоочу кеңеш менен болгон маегинде ал КТРКга жетекчи болуп келсе, саясий кызыкчылык болбой турганын жана бир да партияга мүчө эмес экенин билдирген.

Байкоочу кеңештин дагы бир мүчөсү Анаш Кадырова «КТРКнын директорун шайлоого сырттан кийлигишүү болду» деп, күмөн санап жатканын айтты:

- Шайлоо деген шайлоо экен. Шайлоодо ар кандай шайтан оюндар болот. Мен бул жолу оюн болгон жок деп айта албайм. Сөзсүз болот. Ансыз бизде иш жүрбөй калбадыбы. Ошондуктан кээ бир адамдар позициясына турат, кээ бир адамдар ойнойт, кээ бири сатып кетет. Тапыратып эле добуш беришкенине караганда бир нерсе болду окшойт.

КТРКнын директорлугуна талапкерлигин койгон жарандык активист Адил Турдукулов да шайлоонун таза өткөнүнө ишенбейт.​

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Шайлоо процедурасы өзү туура эмес жазылган, - деп жүйө келтирди талапкер. - Ал жерде «Коомдук кеңештин ондон ашык мүчөсү добуш берген талапкер гана КТРКнын башкы директору болот» деп жазылып турат. Бул жерде Коомдук кеңеш менен иш жүргүзмөйүнчө мындай санга жетүү кыйын болмок. Ошондуктан кандайдыр бир тапшырманы аткарганы көрүнүп калды. Бул жерде шайлоо деле болгон жок.

КТРКнын башкы директорлугуна башта жалпысынан 22 киши документ тапшырып, анын ичинен сегиз адам финалдык баскычка өткөн. Алар: Ибраим Нуракун уулу, Мирлан Самыйкожо, Замирбек Казакпай уулу, Галина Байтерекова, Жайнак Үсөн уулу, Болотбек Тиллебаев, Адил Турдукулов жана Сураган Босумбаев болчу. Алардын арасынан Мирлан Самыйкожо 6-мартта өз арызы менен талапкерлигин алып салды.

Аты аталгандардын ичинен Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу менен Жайнак Үсөн уулунун мүмкүнчүлүгү жогору бааланып жаткан. Бирок Ибраим Нуракун уулу бир добуш ала алган жок. Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы журналист Жанарбек Акаев мындай жыйынтыкка таң калганын жашырган жок:

- Мен өзүм деле Жайнак Үсөн уулу менен Ибраим Нуракун уулунун бирөө тандалат деп күтүп жаткам. Ибраим Нуракун уулунун бир да добуш албай калганы күтүүсүз болду. Жайнак Үсөн уулун чабал менежер деп айта албайм. Ал менежер катары телеканалды каржылык жактан ирдентип, жаңы долбоорлорду алып келет деп ишенем. Анткени ал мамлекеттин колдоосу таптакыр жок НТС телеканалын мамлекеттен жарым миллиард сом акча алып иштетип жаткан телеканалдарга теңеп иштетип жаткан киши да. ​Жайнак Үсөн уулу жетекчи катары менежментти дагы жакшыртышы мүмкүн, бирок КТРКнын табиятын өзгөртүп, калыс телеканал кылыш үчүн саясий эрк керек. Ошон үчүн мен жетекчи алмашканы менен КТРКнын бийликчил саясаты өзгөрөт дегенден күмөнүм бар.

КТРКнын жетекчисине сын жана баа
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:54 0:00

​КТРКнын учурдагы директору Илим Карыпбеков да талапкерлигин коюп, кийинчерээк андан баш тарткан.

Коомчулукта КТРКга негизинен «саясий буйруктарды аткарат, бийликтин оппоненттерин негизсиз каралайт» деген сын көп айтылат.

Медиа-эксперт Кубан Абдымен Коомдук телеканалдын жетекчилигине НТС телеканалынын мурдагы жетекчиси Жайнак Үсөндүн шайланганы өлкөдөгү негизги медиа каражат болгон КТРКга пайдалуу болду деп эсептейт.

Мындай пикирин ал «Азаттык» менен бөлүшүп, өзүн мыкты менежер катары көрсөтө алган адиске 700дөн ашуун киши иштеген эмгек жамаатынын колдоосу да мааниге ээ экенин айтты:

Кубан Абдымен.
Кубан Абдымен.

- Жайнак Үсөн уулу буга чейин да телекомпанияда иштегендиктен, анын технологиясын, коомдук пикирди эске алуунун жолдорун жакшы үйрөнгөн. Мен Жайнактын буга чейин иштегенин көргөндүктөн, айта алам: ал ийкемдүү, адамдар менен тил табыша билген адис. Ошондуктан, КТРКны өнүктүрүп кетүү жагынан ага эч кандай күмөнүм жок, бирок албетте, ага каршы чыккандардын саны ашып, бут тосуу көбөйүп кетпесе. Коомдук телеканалда 700дөн кем эмес киши иштейт, жамаат чоң. Ал жердеги буга чейинки жетекчилер түптөп кеткен каада-салт менен жаңы жетекчиликке кандай багытта иш алып барууга, жаңы иш жүргүзүүгө кол кабыш кылышса жакшы. Ал эми нааразылык көбөйүп кетсе анда татаал болот.

Жайнак Үсөн уулу 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган. 1998-жылы ушул эле университеттин финансы жана насыя факультетин бүтүргөн. Ал буга чейин «Мөл булак финанс» ишканасында жана FINCA ишканасынын бир нече филиалдарында иштеген.

КТРКнын башкы директору Байкоочу кеңеш тарабынан төрт жылга шайланат.

Коомдук биринчи каналдын курамында учурда алты телеканал: «КТРК», «КТРК Музыка», «Маданият-Тарых-Тил», «Баластан», «КТРК Спорт» жана «Ала-Тоо 24» обого чыгууда. Ошондой эле аталган медианын Кыргыз радио бирикмесинде беш радио: «Биринчи радио», «Кыргыз радиосу», «Миң кыял», «Достук», «Балдар FM» радиолору бар. Телеканалга мамлекеттен жылына 400 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG