Мигранттардын балдарын мектепке берүүдөгү көйгөй

Орусиянын Екатеринбург шаары. Архивдик сүрөт.

Орусияда улутуна же тегине карабай бардык балдардын билим алуусуна Конституция кепилдик берет. Бирок иш жүзүндө мигрант же качкындардын балдарын окуу жайга кабыл алууда түрдүү тоскоолдуктар бар. Мисалы, туруктуу каттоосу жок болсо же орус тилин билбесе, мектепке кабыл албай да коюшат.

Эмгек миграциясында жүргөн Гүлбарчын 2015-жылы Москвага 6-класста окуган уулун алып келип, мектепке киргизе албай кайра Кыргызстанга жөнөтүүгө аргасыз болгон. Балаcын үчүнчү жылы гана кабыл алышкан. Ал кезде азыркыдай бирдиктүү мамлекеттик сайт болбогонун журтташыбыз айтып берди:

"Баламдын билим деңгээлин текшергенде жетиштүү болчу. Математикадан жакшы окучу, бирок "орус тилинен кийин кыйынчылык жаратат" деп биринчи жылы алышкан эмес. Экинчи жылы документтердин айынан албай коюшту. Кыргызстандын жараны экенсиңер деп айтышкан. Үчүнчү жылы сайт аркылуу катталып, мектепке кирип калганбыз. Окуудан калбасын деп Кыргызстанга жөнөтүп турдум. Каттоо жок болсо бала-бакчага да орноштуруу кыйын. Менчик жайларга мигранттардын чамалары чак келбейт, кээ бирлери балдарын үйгө таштап коюшат".

Азыр уулу 10-класста окуп жатат. Кичүү балдары Орусияда төрөлгөндүктөн, мектепке жаздыруу оңой болгонун Гүлбарчын кошумчалады.

Москва. Иллюстрациялык сүрөт

Мигранттардын балдарын мектепке орноштурууга Москвадагы "Жарандык көмөк" комитети жардам берет. Орус бийлиги аны "чет өлкөлүк агенттер" тизмесине киргизген. Былтыр эле алардын колдоосу менен 122 жеткинчек окуй баштаган. Жыл сайын комитет билим алуу укугу бузулган 50 чакты учурду көзөмөлгө алат. Ыктыярчылар балдарга орус тилин жана мектеп программасындагы башка сабактарды үйрөтүшөт.

Долбоордун адвокаты Мария Красованын айтымында, көпчүлүк учурда балдарды каттоосу жок деп окуу жайга албай коюшат.

Юрист Мирбек Токтошев да ага жакында эле балдарды мектепке киргизүү маселеси менен кайрылышканын, негизинен каттоого байланыштуу көйгөйлөр пайда болорун айтат.

"Эмне дегенде батирин ижарага берип жатканда кожоюндары расмий келишим түзүп, бирок салыктан качуу максатында квартиранттарды миграциялык каттоого коюшпайт. Негизи эле Орусияда жүргөн кыргызстандыктардын көпчүлүк маселелери ошол миграциялык каттоого барып такалат".

Юрист Красова экинчи тоскоолдук – орус тилин билбегени жана программадан артта калуусу экенин белгиледи. Себеби, Борбор Азия өлкөлөрүнүн окуу программалары Орусияныкынан айырмаланат. Анын үстүнө көп учурда мигранттардын балдары бөбөктөрүн карап, үйгө жардам берип, жылдап мектепке барбай калышат. Натыйжада аларды бир-эки класс ылдый отургузуп коюшат.

Дагы караңыз Орусияда мигранттар үчүн виза киргизүү сунушталды

Орусияда мигранттардын балдарын колдоо боюнча мамлекеттик программа жок. Аларга фонддор менен кайдыгер эмес жарандар жардам берет.

Кыргызстандыктардын Тюмендеги диаспорасынын жетекчиси Канзада Сманова каттоого туруу өңдүү бардык мыйзам-эрежелер сакталса, балдарды мектепке берүү жеңил экенин, атүгүл балдарын мектепке жибербеген ата-энелерге чара көрүлөрүн айтат. Сманова жаз айларынан тарта көзөмөл күчөгөнүн, мектептерде канча чет өлкөлүк окуп жатканын, каттоосунун бар-жогун текшере башташканын белгиледи.

"Эгерде каттоосу менен жашаган жери дал келбесе, анда мектепке бериш чындап эле кыйын болот. Мектепке албай жатышат деп кайрылгандар болот. Мектептин директору каттоону сурап, ошол эле мыйзамга такап коюшу мүмкүн. Тюменде мүмкүн болушунча балдардын көбү эле окуйт, окутам дегендер көп. Бирок кээ бир ата-энелер өздөрү иштеп, өзгөчө жалгыз бойлор, балдарын караганга мүмкүнчүлүгү болбогондуктан Кыргызстанга туугандарына жөнөткөндөр былтыр көп кездешти".

Мигранттардын балдары үчүн уюштурулган сабак. Пермь, 2017-жыл. ТАСС

Марттын этегинде мигранттардын балдарынын билим алуусу Кремлде президент Владимир Путиндин катышуусунда өткөн жыйында талкууланган. Ошондо президент жалаң мигрант балдар окуган мектептер пайда болушу мүмкүн деген камтамасын билдирген.

Көп өтпөй дагы бир кеңешмеде президент аппаратынын жетекчисинин орун басары Магомедсалам Магомедов Орусияда мигранттардын 800 миңдей баласы бар экенин, бирок 140 миңдейи гана орто билим алуу системасына камтылганын айткан. 2019-жылкы маалыматка ылайык, Орусияда 16,5 миллион бала мектепте окуйт. Ошентип, мигранттардын балдары 0,85% түзөт. Ал эми бардыгы мектептерге бара алса, анда бул сан 4,85% болмок.

Юрист Мария Красова президенттин сөздөрүн комментарийлеп, жалаң мигранттар окуган мектептердин пайда болушу туура эместигин белгиледи. Себеби адамдарды улутуна карап бөлүү, сегрегацияга жол берилбеши керек, балдар орус маданий чөйрөдө гана Орусиядагы эреже-нормаларды сиңирип алышат деп эсептейт.

Макалага "Настоящее время" телеканалынын маалыматы камтылган.