Орусиядагы кризистин эпкини: Кара май канчага жетет?

Москвадагы май куюучу жайардын бириндеги кезек. 30-июнь, 2026-жыл.

мазмуну

  • Украин армиясы Орусиянын 10 негизги мунай иштетүүчү заводуна сокку урду. Күйүүчү май менен камсыздаган ишканалардын айрымдары толук токтоду.
  • Орусияда кара май кризиси күндөн-күнгө курчуп баратат. Май куйган жайларда карапайым айдоочулар бензин талашып урушуп жатса, президент Путин күйүүчү майды коңшу өлкөлөрдөн импорттоого жол берген мыйзамга кол койду.
Орусиядагы кара май каатчылыгынын кесепети Борбор Азияга да жетти. Чөлкөмдүн өлкөлөрү кандай чара көрүп жатат? Кыргызстан кара майды кайдан алат?

Украин армиясынын Омскиге чейин жеткен дрондору

Омскидеги мунай иштеткен завод орус-укрин чегинен 2500 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жергиликтүү тургундар заводго 12 дрон тийгенин айтышат. Reuters агенттиги өз булактарына таянып жазгандай, заводдун иши азырынча токтоду.

6-июлга караган түнкү соккудан заводдогу суткасына 24,5 миң тонна чийки мунай иштеткен жабдык бузулуп, өрт чыккан.

Бул ишкана жыл ичинде 22 миллион тонна кара майды кайра иштетет. Бул Орусиядагы жалпы көлөмдүн болжол менен 10% барабар.

Reuters агенттиги жазгандай, 2024-жылы завод беш миллион тонна бензин жана сегиз миллион тоннага жакын дизел чыгарган.

Алыскы Сибирдеги заводго чейин жеткен дрондор согуштун географиясын гана кеңейтпестен, Украинанын алыс аралыкка учуучу дрондорунун күчүн көрсөттү.

Украинанын дрондорунун чабуулунан кийин Омск мунай иштетүүчү заводунда өрт чыкты. 6-июль, 2026-жыл.

"Омск жарандык бирикмесинин" негиздөөчүлөрүнүн бири Даниел Чебыкиндин айтымында, бул завод жергиликтүү блогерлерди жана маалымат каражаттарын каржылап келген. Алар өз кезегинде 6-июлга чейин Омск коопсуз экенин кайталап келишкен.

"Бирок ошол учурда эле шаарда чалгындоочу дрондор байкалган болчу. Ошентсе да алар "Чет элдик агенттер дүрбөлөң салып жатат, аларга ишенбегиле, расмий маалыматты гана уккула" дешкен. Ошондуктан заводго жасалган дрондордун чабуулу жергиликтүү тургундарды катуу нес кылды. Айрымдар учкучсуз аппараттар Украинадан бери жетпейт эле, аларды Казакстандан же жүк ташуучу унаалардан учурушкан деген божомолдорду айтышты. Эл эмне болгонун түшүнбөй, баштары маң болуп калды. Көптөр эми бийликке ишенбейт. Көз карандысыз маалымат булактарына кызыгуу кескин өстү. Андан соң адамдар май куюучу жайларга агылып, ансыз деле араң турган күйүүчү май кризисин дагы курчутушту. Бир ай мурда эле бул аймакта бензин сатууга чектөө киргизилгендиктен, Topline жана Газпромнефть май куюучу жайларында узун кезектер пайда болду", - дейт Чебыкин.

Даниил Чебыкин.

Омск мунай иштетүүчү ишканасы "Газпром нефть" компаниясына карайт жана Орусиядагы 40тай мунай иштетүүчү заводдун эң ириси деп эсептелет. Кыргызстандын мунай рыногунда да мааниси чоң. Бул тууралуу алдыда дагы кеңири сөз кылабыз. Азыр Орусиядагы кырдаалды улантсак.

Соңку бир нече жумада украиналык дрондор Нижегород, Самара, Тюмень облустарындагы, Башкырстандагы жана Краснодар крайындагы мунай иштеткен заводдорго бир нече жолу сокку урду.

"Азыр Орусияда Украинанын чабуулуна кабылбаган бир да ири мунай кайра иштетүүчү завод калган жок", - деди украин президенти Владимир Зеленский Анкарада өткөн НАТОго мүчө мамлекеттердин лидерлеринин жыйынында сүйлөп жатып.

Белгилей кетсек, 6-июлга карай Киевдин дрондору Орусиядагы эң ири 10 мунай заводдун баарына – Ленинград облусунан тартып Омскиге чейин чабуул койду.

Алар:

  1. Киришиннефтеоргсинтез (Ленинград облусу)
  2. Лукойл-Волгоград нефтепереработка (Волгоград)
  3. Лукойл- Нижнегороднефтеоргсинтез (Ленинград облусу)
  4. Лукойл-Пермьнефтеоргсинтез (Пермь)
  5. Москва мунайды кайра иштетүүчү заводу (Москва)
  6. Рязань мунайды кайра иштетүүчү заводу (Рязань)
  7. Ярославнефтеоргсинтез (Ярославль)
  8. Туапсе мунайды кайра иштетүүчү заводу
  9. Танеко (Татарстан)
  10. Омск мунай кайра иштетүүчү заводу (Омск)

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун айтымында, Орусияга өзүнүн аба мейкиндигин коргоо кыйын боло баштады.

"Биз бул жагдай согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө шарт түзөт деп үмүттөнөбүз", - деди мамкатчы.

Украин армиясы мындай тактикасы менен Кремлдин согуштук машинасын токтотууну көздөйт. 2022-жылы Украинага ар тараптан согуш ачкандан бери орус армиясы дээрлик күн сайын абадан сокку урат. Кыш маалында Украинанын энергетикасын бутага алган. Көптөгөн далилдерге карабастан расмий Москва карапайым калк жашаган райондорго сокку уруп жатканын моюнга албайт.

Киев кандай дрон менен сокку урууда?

Украинанын Dnepr Osint долбоорунун маалыматына караганда, Омск мунай заводуна алыс аралыкка уча алган, жаңыланган FP-1 үлгүсүндөгү дрондор сокку урган. Бул дронду украиндер өздөрү курап, күн-түн дебей жердеги объектилерди бутага алат. Конструкциясы өтө жөнөкөй, асманга учурган жагы дагы жеңил. Мындай бир дрондун баасы болжол менен 55 миң доллар.

Жаслама интеллект менен жабдылган дрондор буга чейинки учуучу аппараттар кайсы жерде атып түшүрүлгөнүн, радарлар кайда экенин жана кайсы маршруттар колдонулганын талдайт. Орусиянын абадан коргонуусундагы алсыз жерлерин аныктап, бутага жетүү үчүн жаңы жолдорду табат.

Төрт жылдан ашуун согушка баткан Украинанын Коргоо министрлигинин башына былтыр IT адиси, мурунку санарип министри, 35 жаштагы Михаил Федоров келгенде, "эми согуштун нугу такыр башка жакка өзгөрөт" деп айтышкан.

Орусия өз стратегиялык объектилерин, анын ичинде мунай заводдорун кантип коргой алат?

"Свобода" радиосунун иликтөөчү журналисти Марк Крутов белгилегендей, бул жерде эң негизги маселе – украиндердин арзан дрондору менен Орусиянын кымбат абадан коргонуу ракеталарынын таймашы болуп жатат.

"Панцирь" сыяктуу системалардын бир ракетасы эле өтө көп акча турат. Муну Жакынкы Чыгыштагы акыркы согуштан да көрүүгө болот. Канчалык күчтүү абадан коргонуу системасы болбосун, эч бир шаарды же объектини арзан дрондордон толук коргой албайт. Себеби абадан коргонуу системаларын чыгаруу кымбат жана көп убакыт талап кылат. Ал эми арзан дрондорду массалык түрдө тез өндүрүүгө болот", - дейт Крутов.

Анын пикиринде, дрондорго каршы "Панцирь" сыяктуу ракеталык комплекстерди коюу менен коргонуш кыйын болот. Анткени каршы тарап жүздөгөн дронду жаадырса, алардын айрымдары тосмодон сөзсүз өтүп кетет. Ага чейин эле абадан коргонуу системасынын ок-дарысы түгөнүп калышы мүмкүн.

Орусиядагы мунай кризиси

Мунай заводдор байма-бай чабуулга кабылгандыктан чийки кара майды кайра иштетүүнүн көлөмү суткасына 4,1 миллион баррелге чейин азайды. Бул былтыркы көрсөткүчтөн дээрлик төрттөн бирге аз. Орусиянын шаарларында күйүүчү майга сааттап кезекке тургандар мушташкан учурлар болду. Дээрлик бардык аймактарда бензин, дизел сатууга чектөө киргизилди.

Пенза, Иркутск облустарында жана Забайкалье крайында май куюучу жайларда полиция же Росгвардия күзөттө турат.

Краснодарда бензинди кайра сатып, пайда көрөм дегендер кармала баштады.

Айрым жергиликтүү бийлик элди менчик машинеден баш тартып, коомдук транспортко отурууга чакырды.

Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак 8-июлда дизелди чет өлкөлөргө сатууга толук тыюу салынганын жарыялады.

Ошол эле күнкү жыйында президент Владимир Путин Орусиянын энергетикалык системасы дүйнөдөгү эң туруктуу системалардын бири экенин айтты.

Борбор Азияда күйүүчү май тартыш

Ушул тапта Бишкекте АИ-95 жана АИ-98 бензини тартыш болууда.

Кыргызстан күйүүчү майдын 90% ашыгын, ал эми Тажикстан мунай продукциясынын 84% Орусиядан сатып алат. Москва бензин экспортун чектесе дагы, бул эки өлкө үчүн өзгөчө шарт каралган.

Бирок соңку кризис эч нерсеге кепилдик жоктугун көрсөтүп жаткандай.

Мындан улам Кыргызстандын Энергетика министрлиги июнь айынын башында күйүүчү-майлоочу май алуу боюнча Орусия, Беларус, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанга суроо-талаптарды жөнөтүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаганы кабарлаган.

Ал эми Казакстан чек арадан кирген бардык машинелерге чектөө киргизди. Энергетика министринин орун басары Кайырхан Туткышбаев эми андай автоунаалар Казакстандын чек арасына суткасына бир жолу гана кирерин билдирди.

Буга чейин орусиялыктар автоунаасына май куюу үчүн Казакстанга каттай башташкан.

"Казакстан азыр чоң май куюучу жайга айланып калды. Мурда да сунуштагам, азыр да ошол эле пикирдемин - чет өлкөлүк бардык унааларга күйүүчү май казакстандыктар үчүн коюлган баада эмес, өзүнчө тариф менен сатылышы керек. Бул жүк ташуучу унааларга эле эмес, жеңил автоунааларга да тиешелүү. Анткени биздин өлкөдө башка мамлекеттердин номуру менен жүргөн машинелер көп. Алар транспорт салыгын төлөшпөйт, бирок эмне үчүн казакстандыктар менен бирдей баада май куюшу керек?"- дейт мунай-газ рыногу боюнча эксперт Олжас Байдилдинов.

Расмий маалыматка ылайык, Казакстан ички күйүүчү майга болгон муктаждыгынын негизги бөлүгүн өлкөдөгү үч мунай иштетүүчү завод аркылуу камсыздайт.

Былтыр коңшу өлкөдө дээрлик 6 миллион тонна бензин өндүрүлгөн. Ал арада Reuters агенттиги жазгандай, Казакстан июль жана август айларында эки мунай иштетүүчү заводдон өндүрүлгөн 50 миң тонна АИ-92 жана АИ-95 бензинин Орусияга "гуманитардык жардам" катары берүүгө макул болгон.

Расмий Астана өлкөдө күйүүчү май тартыштыгы жаралат деген коркунуч жок экенин билдирүүдө.

Тажикстан авиациялык күйүүчү май импорттоо боюнча Казакстан, Түркмөнстан жана башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу 8-июлда бул өлкөнүн Жарандык авиация агенттигинин директору Хабибулло Назарзода билдирди.

Өзбекстанда да күйүүчү майдын негизги бөлүгү өлкөнүн өзүндө өндүрүлгөнү менен, ички керектөөнү толук жаба албайт. Андыктан бензин, дизел жана авиациялык майдын импорту көбөйүп жатат. Авиакеросиндин баасынан улам Uzbekistan Airways айрым каттамдарын кыскартууга аргасыз болду.

Эксперттер белгилегендей, Борбор Азиянын энергетикалык системалары дагы эле Орусиянын күйүүчү майына, куурларына жана логистикасына көз каранды. Орусиядагы кризис канчалык созулса, анын чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн экономикасына тийгизген кесепети ошончолук күчтүү болушу мүмкүн. Мындай пикири менен Глазго университетинин евразиялык изилдөөлөр боюнча профессору Лука Анчески бөлүштү:

"Бирок ошол эле учурда бул өлкөлөр үчүн энергетикалык саясатын кайра карап чыгууга түрткү бере турган кезең да болушу мүмкүн. Албетте, кризистин таасири бардык өлкөлөргө бирдей эмес. Эң туруктуу абалда Казакстан турат. Өзбекстандын абалы орточо. Ал эми эң чоң тобокелдик Кыргызстан менен Тажикстанда. Себеби бул эки өлкө бензин, дизел жана башка мунай продуктыларын алууда Орусияга өтө көз каранды. Мындан тышкары, алардын өзүндө күйүүчү майды жетиштүү көлөмдө кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү да жок. Ошондуктан бул кризис электр энергиясын өндүрүүгө эмес, биринчи кезекте күндөлүк жашоонун кымбатташына таасир этет. Күйүүчү май кымбаттаса же тартыш болсо, анын кесепети дароо эле транспортко, айыл чарбасына жана жалпы экономикага тийет. Өзбекстан бир аз жакшыраак абалда. Бирок кризис узакка созулса, анын таасири бул өлкөгө да жетет. Биз Украина Орусиянын энергетикалык инфраструктурасына соккусун дагы күчөтүп, алар мурдагыдан да натыйжалуу болот деп күтөбүз. Бул Орусиянын өндүрүш мүмкүнчүлүгү дагы кыскарат дегенди билдирет. Мындан улам баары Борбор Азия лидерлеринин чечимине байланыштуу болот. Алар кадимки режимден чыгып, чыныгы аймактык-энергетикалык рынок түзүүгө, бири-бирине реалдуу жардам берүүгө жана энергетикалык булактарын диверсификациялоого даярбы же жокпу - негизги суроо ушул. Бул импортту гана эмес, өлкөлөр ортосунда энергетикалык тең салмактуулукту да өзгөртүүнү талап кылат. Менимче, орто жана узак мөөнөттөгү эң чоң коркунуч - баанын кымбатташы"-дейт Анчески.

Эксперттер кризис дагы созулса чөлкөмдө күйүүчү май кымбаттап, өлкөлөрдүн экономикасында олуттуу көйгөйлөр жаралышы мүмкүн деп эскертишет.