"Согушка баргыча өзүм өлүп алсамбы...". Орусиянын капасында калгандар

Дайынсыз болуп жаткан Азамат Тилек уулу, эжеси Зарина Төрөкулова жана Алибек (аты өзгөртүлдү). Коллаж.

“Көз алдыма балдарым келип жатат” деген Алибек Орусиядан “Азаттыкка” WhatsApp аркылуу байланышка чыкты. Ал “тылда иштейсиң” деген убадага ишенип, келишим түзгөнүн, эми фронтко жөнөтүлүү алдында турганын айтты.

Манас шаарынан Элистан Токтогуловдун окуясы тууралуу видео жарыялангандан кийин жакындарын согушка алдап же мажбурлап алып кетишкенин айтып, “Азаттыкка” кайрылгандар көбөйдү.

Алибек (аты өзгөртүлдү) “Азаттык” менен Орусиядагы аскердик машыгуу полигонунда жүргөн жеринен байланышка чыкты. Аны менен WhatsApp аркылуу кыскача гана сүйлөшүп, айрым суроолорго жооп алууга үлгүрдүм.

«Жан дүйнөмдө ар кандай ойлор болуп жатат. Кыйналып жатам. Кээде туруп: “Согушта минага жарылып өлүп, сөөгүм ошол жакта калганча, бул жактан эле турган жеримде өлүп алсамбы?” деген ойлор келет», - деп сөзүн баштады Алибек.

“Тылда айдоочу болосуң” дешкен

Коопсуздугуна байланыштуу анын атын өзгөртүп, шарттуу түрдө Алибек деп атадык. Быйыл апрель айында ал Орусиянын Хабаровск шаарына айдоочу болуп иштөөгө барган.

Айлыгы улам кечигип, акчасыз калган соң, “Авито” сайтына жумуш издеп, жарыя жайгаштырган. Көп өтпөй ага өзүн Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү катары тааныштырган адам чалып, келишим түзүүнү сунуштаган:

Алибек жакындары менен

«Коргоо министрлиги менен контракт түзгөндө: “Согушкабы?” десем, “Жок, башка өлкөнүн жарандарын согушка алып барбайбыз” деди. “Тылда иштейсиң, бул жакта кандай унаа айдап жүрсөң, ал жакта да ошондой эле машине айдайсың” деди. D категориясынын айлыгы 230 миң рубль, E категорияныкы 280 миң рубль деди. “Ар айдын 10унда кечиктирбей берилет” деди. “Азыр каяктасың?” деп сурады. Хабаровск крайынын Высокогорный айылында иштеп жатканымды айтсам, “Якутияга келе аласыңбы?” деди. Макул болдум. Якутияга билет алып беришти. Кечинде саат 10до аэропорттон тосуп алышты. Машине менен алып барып, бир имаратка киргизишти. Ошол бойдон чыгарган жок».

Алибек Якутияда 10 күндөй болуп, бул убакыт аралыгында аны медициналык текшерүүдөн өткөрүп, аскердик келишимге кол койдурууга жетишишкен.

Дагы караңыз

Орусия тарапта согушкан чет элдиктердин 11 миңинин өлүмү тастыкталганы маалымдалды

«Эми бул мамлекеттик жумуш да» деп, менин оюма жаман нерсе келген жок. «Эртең менен саат төрттө Ростовго учасың, ошол жакта иштейсиң» деди. Жарайт деп, Новосибирск аркылуу учуп бардым. Ал жерде кыргыз балдардан бешөө болчубуз. Тажиктер да бар экен. Түнкү саат 1де келип түшкөндө анан согушка келгенимди билдим да. Жатакана, эч нерсе жок. Жердин астындагы окоптордо жашайт экенбиз. «Ай, биз айдоочу болуп келбедик беле?» десек, «Аны ким айтты?» деди. Бизди алып келген куратор Алексей айтты десек, «Жок, бул жакта айдоочулук жумуш жок. Силер кол койгонсуңар, бүттү. Үч жума “учебка” кыласыңар, андан кийин согушка кетесиңер» деп ачык эле айтты», - дейт мигрант жигит.

“Согушка жакында алып кетет деп жатышат...”

34 жаштагы Алибек Ысык-Көл облусунун тургуну. Ал үй-бүлөдөгү жалгыз уул, чиедей үч баланын атасы. Акыркы төрт жылдан бери Орусияга барып-келип иштеп жүргөн. Кыргызстандын жараны Алибек учурда Орусия менен Украинанын чек арасына жакын аймакта аскердик машыгуудан өтүп жатканын билдирди:

Алибек

«Кол койгондон кийин: “Коргоо министрлигинен 3 млн 400 миң рубль акча берилет. Бир жыл иштеп беришиңер керек болот” деп айткан эле. Акчадан да жок, айдоочулук жумуштан да жок. Банк картасын ачып, аны колума берген жок. Телефондогу онлайн банкинг гана иштеп жатат. Эч кандай акча түшкөн жок. Качып кетейин десем, акчам жок. Аскерлер автоматтары менен кайтарып турушат. Тамак-аш, таңкы тамак жок. Аз-аздан түштө жана кечинде гана берет. Бир күнгө бир литр суу берет. Согушка жакында алып кетет деп жатышат. Үй-бүлөмдү, бала-чакамды, апамды ойлоп жатам. Ошолорду багам деп ушул Орусияга келдим эле. Жакшы айлык дегенинен акчага да азгырылып калдым окшойт. Урматтуу Садыр Нургожоевич, Украинадагы согушта жүргөн кыргызстандык мекендештерди алып кетүүңүздү, жардам берүүңүздү суранат элем».

Дагы караңыз

"Кароолчу болосуң деп алдаптыр". Орусия кан майданга айдаган мигранттар

Алибектин иши боюнча анын Кыргызстандагы жакындары кыргыз бийлигинен жардам сурап, кайрылуу жолдоп жатышат. Бир тууган карындашы Ширин (аты өзгөртүлдү) буларды билдирди:

«Тышкы иштер министрлигине жаздым. Жазгандан кийин бир жумуш күнү өтпөй мага байланышка чыгышты. Сураштырып, баарын айтып бердим. “Кайсы шаардасың?” дешти. “Якутиядамын” дедим. Ошондон кийин мага Якутиядагы консул байланышып чыкты. Алар деле: “Ачыгын эле айталы. Кол койгонго чейин мага кайрылганыңда, Кыргызстанга кетирмекмин” деди консул».

“Инимдин дайынын таппай жатам”

Дагы бир кыргызстандык Азамат Тилек уулу согушка кеткенин анын эжеси Зарина Төрөкулова эки ай мурун гана билген.

Зарина Төрөкулова

«Акыркы жолу көргөнүм... 2023-жылы мен да Москвада болчумун. Чогуу иштеп жатканбыз, чогуу жашачубуз. Ал "Яндекс таксиде" иштеп жаткан. Эртең менен мени жумушка алып барып, кечинде алып келчү. 2023-жылдын 23-августунда Кыргызстанда күйөөм каза болуп калды. Аэропортко барып билет алдым. Иним мени салып жиберип: “Эже, кыжалат болбоңуз, силерди багабыз, акча салып турам. Иштебей эле үйдө отура бергиле” деген. Өзү ошол жакта калды. Иштеп жүрдү. Чалышып, байланышып турчубуз. Эки-үч күндө мага 2-5 миңден акча салып турчу», - деп эскерет Зарина Төрөкулова.

Орусиядан келгенден сегиз ай өткөн соң иниси баңгизатка байланыштуу иш боюнча кармалып, камакка алынган. Москва шаарынын Кузьминки райондук соту аны жети жылга эркинен ажыраткан. Ошондон кийин Азамат менен байланыш үзүлгөн:

Азамат Тилек уулу

«Ошондон бери такыр байланыш жок. Түрмөгө жиберилгенден кийин достору барып, кабар алып турушчу экен. Кагазга жазып, бизге WhatsApp аркылуу жөнөтүп турушчу. Кабары бар экен деп жүрчүмүн. Өйдө жакка кайрылып, инимди бул жактагы түрмөгө которсом деген оюм бар болчу. Каякка кайрыларымды билбей, мээм иштебей калды... Москванын түрмөсү ушундай катаал окшойт деп ойлоп жүрө бердим да».

“Түрмөдөн ары согушка кетиптир, дайынсыз дешти”

Зарина Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине инисинин кабарын билип берүү өтүнүчү менен кайрылган. Ошондо гана Азамат абактан ары согушка кеткени тууралуу маалымат келген:

«2025-жылдын 16-августунда Орусиянын Оренбург облусундагы Жаза аткаруу кызматынын №4 түзөтүү колониясынан аталган жаран боюнча Москвадагы консулдук бөлүмдүн дарегине билдирүү келип түшкөн. Консулдук бөлүмгө белгилүү болгон маалыматтарга ылайык, Тилек уулу Азамат Орусиянын Коргоо министрлиги менен атайын аскердик операцияга катышуу үчүн контракт түзгөн. Азыркы учурда жаран №95378 аскер бөлүгүндө каттоодо турат жана 2025-жылдын 14-сентябрынан тартып дайынсыз жоголгондордун тизмесине киргизилген», - деп жазылган Тышкы иштер министрлигинин 2026-жылдын 24-октябрында Заринага жөнөткөн катында.

Ошентип абактагы бир боорунан кабар күткөн Зарина эми согуштан маалымат акмалаганга өттү. Анын колунда азыр ДНК-тестти кайда тапшырууну түшүндүргөн куш тилиндей гана кагаз бар. Аны көтөрүп алып, бирде Орусиянын Кыргызстандагы элчилигине барса, бирде Тышкы иштер министрлигинин эшигин каккылап жүрөт.

Зарина Төрөкулова журналист Гүлжан Эшбаева менен

«Согушка кеткенден кийин анын дайынын ким биле алат? Биздикилерден ким биле алат? Бир кабарын угуп, аны бул жакка кантип кайтарып келет? Урматтуу Садыр Нургожоевич, буга чейин каякка кайрыларымды билбей жүргөм. Кеч болуп калды, ошентсе да мага жардам берүүңүздөрдү суранам. 2024-жылы келишим түзүп, согушка кетиптир. Ошондон бери эки жылга жакын убакыт өттү, дайынсыз. Ошол инимди таап, өз көзөмөлүңүздөргө алып, жардам берүүңүздөрдү суранам», - деди көз жашын тыя албаган Зарина.

“Кеминде 150 кыргызстандык каза болгон”

Би-би-си жана “Медиазона” басылмалары ыктыярчылар менен бирге ачык булактардагы маалыматтарды талдап, Украинадагы согушта каза болгон 285 023 орусиялык аскердин аты-жөнүн аныкташкан.

Авторлордун баамында, бул сан Орусиянын жалпы жоготууларынын 45–55 пайызын гана түзүшү мүмкүн. Украинанын Орусия аннексиялаган Донецк жана Луганск аймактарындагы орусиячыл күчтөрдү, согушка тартылган түндүк кореялыктарды кошкондо Орусиянын жоготуулары 541 миңден 659 миң кишиге чейин жетиши ыктымал.

Былтыр ноябрга карата Украинанын “Жашагым келет” (Хочу жить) долбоору орус армиясынын катарында согушуп каза болгон 150 кыргызстандыктын аты-жөнүн тактаган. Долбоор бул эсепке аты-жөнү аныкталган гана кыргызстандыктар киргенин белгилеген.

Андан бери бир жыл өттү. Бирок орус армиясынын катарында согушуп, каза болгон кыргызстандыктардын саны тууралуу так маалымат жок. Бул боюнча кыргыз бийлиги да азырынча маалымат бере элек.

Дагы караңыз

"Эрте кайрылса согуштан алып калабыз". Мигрантты майданга, энени санаага салган коркунуч

Быйыл 13-октябрь күнү Жогорку Кеңеште Украинадагы согушка тартылып жаткан кыргызстандыктардын маселеси көтөрүлгөн. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев депутаттын суроосуна жооп берип жатып, “келишимге кол койгонго чейин билип калсак жарандарыбызды алып калууга аракет кылып жатабыз” деген.

Бул кыргыз бийлигинин Украинадагы согушка тартылып жаткан кыргызстандыктар тууралуу айткан алгачкы билдирүүсү болуп калды.

Жээнбек Кулубаев

«Эгерде биз убагында билип калсак, аларды токтотуп калып жатабыз. Аскер комиссариаттарында же чакырып, тергөө изоляторуна алып барып, кол койдуруп алып кетип жатышпайбы. Эгер ошону билип калсак, биз көптөгөн мигранттарды токтотуп калдык. Бирок кээ бир мигранттар айтпай кетип калып, баргандан кийин ата-энелери билип, бизге кабар берип жатышат. Эгер ошондойлор болсо, бизге арыз жазышса, Украинадагы элчилик аркылуу аларга чыгып, чыгарып келүүгө аракет кылып жатабыз. Көпчүлүгү айтпай кетип жатышат, жарадар болгондо же каза болуп калганда гана билинип калып жатат. Ата-энелери деле билбей калып жатат. Согушка кетип калгандан кийин чыгарып келүү бир топ оор болууда. Эгер кайсы аскер бөлүктө, кайсы жерде экенин билсек, аракет кылабыз», - деген министр Кулубаев.

Буга чейин кыргыз өкмөтү бул согушка карата нейтралдуу позицияда экенин жана башка өлкөнүн аймагындагы аскердик аракеттерге катышкан кыргызстандыктар кылмыш жообуна тартыларын гана эскертип келген.

“Бийлик Орусия менен мамилесин бузгандан коркот”

Активист Адил Турдукулов муну менен ТИМ пассивдүү позицияны карманып жатат деген пикирде.

Ал кеч болсо да мындай реакция жасалып жатканы жакшы экенин, бирок министр Кулубаевдин айтканына кошулбай турганын белгиледи:

Адил Турдукулов.

«Ал активдүү эмес, пассивдүү позицияны карманып жатат да. “Бизге кайрылса гана бир чара көрөбүз” деп жатат. Бул түп тамырынан туура эмес. Анткени мигранттарды мажбурлап, провокация жасап, кылмыш иштерин козгоп, жада калса маңзаттарды атайын таштап коюп, алдап, согушка алып кетип жатышпайбы!? Ошондуктан алдын алуу, профилактикалык чараларды көрсө жакшы болмок. Биздин дипломаттар мигранттарды согуш талаасына жеткирбей, консулдук кызмат көрсөтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, юридикалык кеп-кеңеш берип, согушка баруудан кайтарууга аракет кылса болот. Буга мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок эмнеге андай иштер жүргүзүлбөй жатат? Анткени Бишкектен, Дүйшөмбүдөн, Астанадан, Ташкенттен эч кандай саясий инструкция же буйрук жок. Биздин бийликтегилер Орусия менен мамилесин бузуп алуудан коркот».

Ал арада жакындарын согушка мажбурлап жөнөтүшкөнүн же фронтко кеткен туугандарынан кабар жоктугун айтып, “Азаттыкка” кайрылгандардын саны улам көбөйүүдө.

Дагы караңыз

"Согушка жөнөткөнү жатат". Алданып Орусияга кеткен Элистан

Өткөн аптада Манас шаарында Элистан Токтогуловдун жакындары аны согушка алдап алып кетишкенин айтып, бийликтен жардам сурашкан. “Азаттыктын” бул тууралуу видеоматериалы жарыялангандан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусия тарапка нота жөнөткөнүн маалымдаган:

«Кыргыз Республикасынын жараны Э.Т. алдамчылык аракеттеринин натыйжасында Орусия Федерациясынын аймагындагы аскер бөлүктөрүнүн биринде жүргөндүгү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган репортажга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы элчилиги аталган жарандын мекенине тез арада кайтарылышын камсыз кылуу маселеси боюнча Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине тиешелүү Нота жөнөттү. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын элчилиги бул факты боюнча ар тараптуу текшерүү жүргүзүү, күнөөлүү адамдарды аныктоо жана мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартууну камсыз кылуу тууралуу Орусия Федерациясынын компетенттүү органдарына расмий каттарды жөнөттү. Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагы Элчилиги Э.Т. аттуу жарандын жакын туугандары менен туруктуу байланышта болуп, аталган маселени өзгөчө көзөмөлүнө алган жана зарыл болгон жардам көрсөтүү боюнча иштерди мындан ары да улантат».

Алибек

Макала даярдалып жаткан учурда машыгуу полигонунда жүргөнүн айткан Алибек (аты өзгөртүлдү) менин каттарыма жооп бербей калды.

Жакындары да аны менен үч күндөн бери байланыша албай жатканын билдиришти. Алибек согуш талаасындабы же бир нече убакыттан кийин жакындары менен кайра байланышка чыгабы, белгисиз.

Анын азыр кайда жана абалы кандай экени тууралуу да маалымат жок.