Президенттик шайлоо: "Кемпирабадчылар" кыймыл түздү, талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктоодо

Бишкек. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.

27-январга белгиленген президенттик шайлоого талапкерди каттоонун мөөнөтү аякташына аз калды. Ал арада Адахан Мадумаров Исхак Масалиевди колдой турганын кыйытты. Ал эми өздөрүн оппозиция деп атаган "кемпирабадчылар" кыймыл түзүп, демократияны калыбына келтирүү үчүн биригүүгө чакырууда.

Ошентип саясатчы Адахан Мадумаров президенттик шайлоодо мурдагы депутат Исхак Масалиевди сүрөмөй болду. Ал өзү соттуулугуна байланыштуу жарышка катыша албай калды. Масалиев өткөн апта соңунда президенттик кызматка талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган.

Адахан Мадумаров


"Биз -“Бүтүн Кыргызстан” партиясы Коммунисттик партия менен бир келишимге барганбыз. Саясий тараптан ар тараптуу кызматташууга. Биздин тилегибиз да, билегибиз да, ишке ашырар иш пландарыбыз да, бардыгы чогуу. Менимче, Масалиевдин талапкерлигин коюу менен Кыргызстандын саясий талаасы чоң бир жеңишке ээ болду десек болот”, - деди Адахан Мадумаров.

Бул арада "кемпирабадчылар" Бириккен демократиялык кыймыл түзүп, бир канча талапкер чыгара турганын жарыялады. Алардын бири Бектур Асанов бардык демократиялык саясий күчтөрдү, жарандык коомду, жарандарды демократияны калыбына келтирүү үчүн биригүүгө чакырган.

Бектур Асанов.

"Бир талапкер чыгаруу таптакыр туура эмес биздин шартта. Тил комиссиясынан өткөрбөй коюшу мүмкүн. Кол топтой албай калдың деп кулатып коюшу мүмкүн. Ошондуктан, бара беребиз. Биз бүгүнкү бийликтин саясатына макул болбогон бардык талапкерлер менен сүйлөшүү жүргүзөбүз. Балким, алардын бирине токтолобуз. Кимдин программасы биздикинен алдыраак, шайлоого он күн калганга чейин талапкерликти алып койсо болот”.

Активист Адил Турдукулов бийлик тең атаандаштыкка шарт түзүүгө өзгөчө кызыкдар болушу керек деп эсептейт. Саясий талаада ар кандай күчтөрдүн болушу шайлоонун легитимдүүлүгүн камсыздайт дейт ал.

Адил Турдукулов

"Бийлик да, эл да, эл аралык коомчулук да бул шайлоонун легитимдүү болушуна кызыктар. Легитимдүүлүк шайлоо күнү менен бүтпөйт жана башталбайт. Азыркы бийликке атаандаштарды ошол марага жеткирүү да абдан маанилүү. Бул шайлоодо абдан күчтүү деп эсептелген Мадумаров, Ташиев, Равшан Жээнбековдун катышпаганы легитимдүүлүгүнө шек келтирет. Бийлик оппозициячыл күчтөрдү марага жеткирип, андан ары ишмердүүлүк жүргүзгөнүнө өзү кызыкдар болушу керек. Мыйзамдуу талаада ишмердүүлүгүн жүргүзбөй турган болсо, саясатчылар башка радикалдуу топторго ыктап, керек болсо экстремисттик топторго ыктап, башка бир иш-аракеттерди жүргүзүшү мүмкүн”.

Дагы караңыз

Президенттик шайлоо: Жапыкеев бийликтин долбоорубу?


Дагы бир саясат талдоочу, коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев шайлоо алдындагы биригип жаткан саясий күчтөрдүн туруктуулугуна ишене бербейт. Ал муну элдин көңүлүн буруу гана ыкмасы катары кабылдап жатканын белгилейт.

Kyrgyzstan - Almazbek Akmataliev, political sientist


"Азыркы күндө бирдиктүү оппозиция жокко эсе болуп жатат. Алардын “биригип жатабыз, бирдиктүү талапкер чыгарабыз” дегени шайлоо алдындагы стратегия менен амалдын бир түрү. Азыр эч кимге бут тосуу жок. “Кимдин укугу болсо, кол чогулта алса, чыга берсин” деп президент деле айтпадыбы. Мен оппозициямын деп жатышат. Эгер оппозиция болсо, программасын, платформасын айтсын. Азыр эми алардын аракетин элдин көңүлүн буруу деп эле түшүндүм”.

Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.

Президенттик кызмат ордуна талапкерлерди каттоо 13-ноябрда аяктайт. Азырынча Борбордук шайлоо комиссиясына беш адам арыз менен кайрылды. Алар - Аймен Касенов, Сыймык Жапыкеев, Акай Кыдыров, Азамат Эсенбеков, Исхак Масалиев.

Шайлоого бара турганын айткан президент Садыр Жапаров, дагы бир саясатчы Бектур Асанов БШКга азырынча расмий арыз бере элек.