2020-жылдын соңунда Украинанын Харьков шаарындагы «Folio» басма үйү крым татар агартуучусу Абибулла Сейит-Желилдин калемине таандык «Крым татар тили: Үйрөтүү китеби» аттуу окуу куралын латын алфавитинде жарыялады. (Seit-Celil, Abibulla. Qırımtatar tili: Ögretici kitap / Süsleyici ressam O.A.Gugalova-Meşkova. – Kharkiv: Folio, 2020. – 288 s.; res. – ISBN 978-966-03-9239-7.)
Китептеги дарстар жалпысынан 37 сабакка бөлүнүп, анда "Таанышуу", "Тышкы көрүнүш", "Жаратылыш", "Үй-бүлө", "Окуу", "Эс алуу" жана башка темалар камтылган. Ал Украинада расмий кабыл алынган окуу программасына негизденген.
Окуу китеп Украинадагы «Украин тили чет өлкөлүктөр үчүн: Улам жаңы кадам таштоо» ("Українська мова для іноземців. Крок за кроком") деп аталган окуу куралдардын түрмөгүнө удаалаш даярдалган.
Бул китептин мазмуну жогорку окуу жайларынын даярдоо бөлүмдөрү үчүн ылайыкталып уюштурулган. Аны окутуучу да, көп этностуу топтордо иш алып баруучу да колдоно алат. Китеп соңунда айрым крым татар сөздөрүнүн украин тилиндеги кыскача сөздүгү тиркелген.
Бул кызыктуу окуу китебин Крымдан Киевге көчүп барган окутуучу Абибулла Сейит-Жалил мырза даярдаган. Миң нуска болуп чыккан окуу китебинин негизги айырмачылыгы – анда крым-татар тилинин латын алфавитинде жазылгандыгы. Окуу куралдын бөлүмдөрүндө украин жазуучуларынын эмгектери менен катар крым татар жазуучуларынын чыгармаларынан да шилтемелер келтирилген. Демек, бир эле учурда китепте көп этностуу маданияттын орток асыл-нарктары да чагылдырылган.
Ушул окуу китеби тууралуу маалымат крым татар жеткинчектери үчүн “Фейсбукта” негизделген “Кырым жуниор” (“Qirim Junior”) барагында 2020-жылы 11-декабрда шардана кылынды.
45 жаштагы Абибулла Сейит-Желил (Абибулла Шевкиевич Сеит-Джелиль) азыркы тапта Киев шаарындагы Тарас Шевченко атындагы Киев мамлекеттик университетинин филология институтундагы түркология кафедрасында окутуучу болуп иштейт.
Үн тасма. Абибулла Сейит-Желил кабарчы Халисе Зинедин айым менен крым татар тилинин тагдыры тууралуу 2019-жылы 23-февралда орусча маек курган. Крым татар тилин жана адабиятын үйрөнүүчүлөр ушул тапта латынча да, кирилче да тексттерди иликтеши керектигин А.Сейит-Желил баса белгиледи. Анын оюнча, крым татар тилин жөн гана сактап калбастан, өнүктүрүү зарыл.
Мурда Крымда крым татар тилиндеги окуу китептерин басып чыгарган басманын башчысы болгон Ибрайим Бекирович Чегертма мырза, албетте, крым татарлары жана башка этностор үчүн колдонула турган ушул сыяктуу окуу китептерине муктажбыз, бирок бүгүнкү күндө крым татар тилинде таалим алган окуучулар кескин азайып бара жаткан тапта, жалаң гана окуу китеп менен чектелип калышыбыз туура эмес болуп калат, деп айтты.
– 2014-жылдан бери Киевде мамлекеттин эсебинен иштей баштаган «Крым журту» уюмунда ар кандай крым татар ийримдери пайда болду. Алардын арасында, маселен, "Крым үй бүлөсү" ийриминде жаш балдарга крым татар тили, ырлар, бийлер жана үрп-адаттар үйрөтүлөт. Бул балдар украин тилиндеги жана башка тил чөйрөсүндө жашашат. Аларга жумасына бир-эки жолу ийримдерге келип, крым татар тилин кирил жазмасында үйрөнүү абдан кыйын. Өз мектептеринде деле балдарга латын арибиндеги китептерди окутууга өтүп жатышканын билем. Бирок эне тилибизди латын арибинде окутуу – алар үчүн таптакыр башка дүйнө ачууга тете. Крым татар тили чөйрөсүндө чоңойбогон балдарды мажбурлап, дароо латынчага мажбурлоо өтө кыйын болот, бул дагы терс кесепеттерге алып келиши ыктымал.
Крым татар жаштарынын арасында ар кандай ири компанияларда иштеген таланттуу Ай-Ти (маалымат технологиясы, IT) адистери бар. Алардын арасында өз алдынча улуттук интернет барактарын жана крым татарларынын онлайн сөздүктөрүн негиздеп өнүктүрүп жаткандар четтен чыгат. Бирок аларга тилди билген, заманбап тил стратегияларын жана тактикасын аныктап, каржылоо жагын чечкен филолог адистердин колдоосу да керек. Мен «Крым татар улуттук межлисинин» мүчөсү катары крым татар тилинин латын алфавитине өтүшүнө эч каршы эмесмин, бирок азыркы шартта биз бул маселеде өтө этият болушубуз керек, элибиздин көпчүлүк бөлүгү кирил жазмасында окуп, жазып жатышат. . Латын жазмасына өтүү системалуу жүрүм болушу керек, – деди Ибрагим Чегертма.
2014-жылга чейин Крымда басылып чыккан айрым мамлекеттик маалымат каражаттары өзүнчө макалаларды, латын арибиндеги баракчаларды жарыялай башташкан жана буга украин бийликтери тарабынан эч каршылык болгон эмес.
Харьков шаарында басылып чыккан "Крым татар тили", Киев шаарында өткөрүлгөн "Qırım inciri" («Крым инжири») аттуу крым татарларынын адабий сынагына сунушалган китептердин латын алфавитинде ээн-эркин басылышы азыркы тапта да Украинада мурдагы ыргак жана расмий турум сакталып келе жаткандыгын айгинелейт.
Салыштырсак, Украинанын Черновцы жергесинде байырлап жаткан 150 миңдей сандагы румындар украин тилин да үйрөнүп келишет, андан тышкары латын алфавитинде өз эне тилин үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн алышкан жана бул алфавитти өз аймагындагы мекемелеринде да колдонуп келишет.
Ал эми убактылуу Орусия каратып алган Крым жарым аралында өкмөттүн эсебинен крым татар тилинде басмадан чыккан өнүмдөрдө 2014-жылдан кийин латын алфавитин колдонуу кескин түрдө тыйылды. Ал түгүл мезгилдүү басма сөздө түрк тилинде латынча текст жазууга да бул жакта мүмкүн болбой калды.
Эгемен Украинанын курамында кезинде Крымдагы крым татарлардын курултайы өз эне тилиндеги жазмасын латын алфавитине которуу тууралуу чечим да чыгарган болчу.
(Буга салыштырсак, Орусияда да Татарстан бийлиги татар тилиндеги жазманы латын алфавитине которуу тууралуу чечим чыгарган, бирок ал чечимди Кремль кайра жокко чыгарган болчу).
Украинанын Убактылуу баскында калган аймактардын маселелери боюнча министрлиги билдирүү жарыялап, анда 2020-жылдын аягына чейин Украинада крым татар тилин өнүктүрүүнүн стратегиясынын жобосун иштеп чыгуу милдети да каралган. Бул жободо заманбап крым татар тилин латын алфавитине которуу өңүтү да камтылган.
Учурда Украинадагы крым татарлары гана эмес, Казакстандагы казактар да өз жазмасын латын алфавитине өткөрүү камылгаларын көрүүдө.