Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Крымда оппозициячыл крым татарлардын жаңы тобу кармалды


Маркум укук коргоочу Вежие Кашка айым.
Маркум укук коргоочу Вежие Кашка айым.

Орусиянын копсуздук күчтөрү Украинадан каратып алынган Крым жарым аралында 23-ноябрда жаңы камоолорду жүргүзүштү. Бул жолку кармоо учурунда 83 жаштагы укук коргоочу Вежие Кашка айым каза тапты. Украин бийликтери Орусиянын соңку аракеттерин айыпташты.

Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматы (ФКК, орусча - ФСБ) баштаган күч түзүмдөрүнүн 23-ноябрдагы атайын иш-чарасы Крымдын борбору Симферопол (Ак-Месчит) шаарында таңга маал өткөрүлгөн.

Катардагы полиция эмес, атайын коопсуздук күчтөрдүн да өкүлдөрү тартылган кармоо амалынын жүрүшүндө Орусиянын каратып алуусуна нааразы крым татар саясатчыларынын кеминде үчөөсүн Симферополдогу кафелердин биринен кармашты:

- Кармоо кыйла эле катаал түрдө болгон. Аларды колдорун кайрып полго жыгышкан. Натыйжада Вежие Кашка өзүн жаман сезип, ага тез жардам унаасын чакырышкан. Бирок бул аял ооруканага жетпей, жолдо каза тапкан. Мунун артынан кармалгандардын жашаган жерлеринде, Крымдын Феодосия, Судак райондордунда тинтүүлөр жүргүзүлгөндөй. Тинтүүлөрдүн натыйжасында кармалгандардын жеке буюмдары, компьютерлери алынган, - деп “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын Крымдагы кабарчысы Антон Ноумлюк маалымдады.

"Азаттыктын" кабарчыларынын маалыматына караганда, атайын коопсуздук күчтөрү кафеге кирип келгенде, 83 жаштагы Вежие Кашка айым анын сыртында турган.

Бейшемби күнкү коопсуздук чарасы учурунда жалпысынан крым татар тегиндеги жигердүү саясатчылардын бешөөсү кармалган.

Крым татар өкүлдөрүн кармоо учуру. Симферопол. 23.11.2017.
Крым татар өкүлдөрүн кармоо учуру. Симферопол. 23.11.2017.

Ал эми бул окуя учурунда ооруканага алып бара жаткан жеринен каза тапкан Вежие Кашка - крым татарларынын улуттук кыймылынын ардагер жана таанымал өкүлү. Бул айым кезинде советтик диссидент Андрей Сахаров менен кызматташканы маалым.

Орусиянын мамлекеттик медиасы ФККга шилтеме жасоо менен бул кармалгандарды крым татарларынын өзүн-өзү башкаруучу коомдук уюмунун - расмий Москва мыйзамсыз деп тапкан "Улуттук Межлистин" - мүчөлөрү жана алар Түркия жаранын 7000 миң АКШ долларын бер деп опузалаган деп кабарлады.

Күч түзүмдөрүнүн ысымын атабаган өкүлү РИА-НОВОСТИ агенттиги менен маегинде Вежие Кашка “стресстен” улам мерт болгонун белгилеп, улгайган адамды Түркия жаранынан акча опузалагандар өз кызыкчылыгында пайдаланган, бул - барып турган "жүзүкаралык" деп баалаган.

Крым татар саясатчысы Бекир Дегерменжи кармалган учур. Симферопол. 23.11.2017.
Крым татар саясатчысы Бекир Дегерменжи кармалган учур. Симферопол. 23.11.2017.

Бирок Крым татарларынын Межлисине киргендердин бири - Гаяна Юксел журналисттер менен маегинде кармалгандар бул коомдук уюмдун мүчөлөрү эместигин белгиледи.

Межлистин Крымдан кетүүгө мажбур болгон төрагасы Рефат Чубаров “Фейсбуктагы” баракчасында ФККнын (ФСБнын) коопсуздук чарасын Межлистин "беделин түшүрүү" (“дискредитациялоо”) далаалаты деп мүнөздөп, Орусия бийликтери кызыкчылыгын коргоп жаткан Түркия жараны Юсуф Айтануну “чагымчы” деп атады.

Крым татар коомдук ишмерлеринин бири Нариман Желалдын айтымында, тескерисинче, Түркия жараны Вежие Кашканын үй-бүлөсүнүн ишенимине кирип, алардын акчасын уурдап алган.

Украина президенти Петро Порошенко Крымдагы соңку окуяга Брюсселде иш сапарда жүргөн жеринен мындайча баасын айтты:

- Мен Европа кеңешинин президенти Дональд Тускка Крымда бүгүн орун алган коркунучтуу окуялар тууралуу кабар бердим. Крым татар активисттерине кысым көрсөтүү, тинтүү, кармоо учурунда аларды коргоонун чоң тарыхына ээ активист (Вежие Кашка) каза тапты. Бул үрөй учурган окуялар үчүн Орусия жооп бериши керек. Баса белгилеп кетейин, крым татарларын коргоонун жалгыз жолу - Крымды баскынчылыктан кайра бошотуу.

Украин тышкы иштер министри Павло Климкин болсо Твиттердеги баракчасында Вежие Кашканы “каарман аял” деп мүнөздөп, анын өлүмү “Орусиянын Крымдагы жек көрүмчү жазалоолорунун дагы бир трагедиясы”, - деп жазды.

Батыш өкмөттөрү жана бир катар укук коргоо уюмдары 2014-жылдын март айында Крым Орусия тарабынан каратып алынгандан бери жарым аралдагы Кремлге карата кайчы ой туткан жергиликтүү татарлар кысымга кабылып жатканын ырааттуу белгилешүүдө.

Маселен, эл аралык “Хьюман Райтс Уотч” уюму быйыл 14-ноябрда жарыяланган баяндамасында крым татарларына карата “куугунтук алардын тарыхый мекенин Орусия тартып алганына каршы чыккандыгы үчүн күчөгөндүгүн” белгилеген.

Орус бийликтери болсо крым татарларына карата көрүлгөн коопсуздук чараларды алардын өкүлдөрүнүн “мыйзамсыз иштерине” байланыштырышат.

Симферополдо кармалган крым татар саясатчысы бошотулду (тасма)
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:51 0:00

Эл аралык коомчулук өкүлдөрү Крым жарым аралы Орусия тарабынан каратылып алынгандан бери крым татарларынын эгемендикти жана Украинага кайра кошулууну эңсеген өкүлдөрүнө карата куугунтук күчөгөнүн тастыктап, Кремлдин мындай саясатын терең айыптап келишет.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG