Канада парламенти: Кытайда уйгурлар геноцидге кабылууда

Бекем кайтаруудагы "кайра тарбиялоо лагери". Хотан шаарынын сырты, ШУАР, КЭР. 2019-жылдын 31-майы.

Канаданын парламентинин Өкүлдөр үйү расмий Бээжин уйгурларга карата ыдык көрсөтүп жаткан саясатты “геноцид” деп баалоо тууралуу чечимди добушка салып жактырды. Расмий Бээжин болсо өз өлкөсүндөгү этностук азчылыктарга карата мамилени адамзат өрүшүнүн жаркын бир өрнөгү катары шардана кылды. КЭРдин Борбордук Азиядагы коңшулары бул маселени дээрлик билмексенге салышууда.


Кытайдагы уйгурлар “геноцидге кабылып жүргөн жана азыр да кабылууда” деген тыянак камтылган токтом Канада парламентинин Өкүлдөр үйүндө дүйшөмбү күнү, 22-февралда бир добуштан кабыл алынды.

Канада парламенти, ошондой эле, эгерде уйгурларга карата зомбулук мамиле азыркыдай улантыла берсе, анда 2022-жылы Бээжинде өткөрүлөөрү белгиленген Кышкы Олимпиада оюндарын башка жайга көчүрүү керек деген түзөтүү сунушун да добушка салып кабыл алды.

Бээжинде болчу 2022-жылкы Кышкы Олимпиаданын эн белгиси. Бээжин. 2017-жылдын 15-декабры.

Быйыл 3-февралда 180 укук коргоочу уюмдан турган коалиция ачык кат жарыялап, 2022-жылы кышында Бээжинде өтө турган Олимпиада оюндарын бойкоттоого чакырышкан.

Андан мурдарак АКШдагы сенаторлор тобу Бээжиндин уйгурларга жасаган мамилеси, Гонконгдогу адам укуктарын бузганы, Тайвандын дарегине жасаган коркутуулары үчүн 2022-жылы өтө турган кышкы Олимп оюндарын Кытайда өткөрбөө боюнча резолюция долбоорун сунушташты.

Өткөн аптада премьер-министр Жастин Трюдо Шинжаңдагы мыйзам бузуулар жөнүндө олуттуу кабарлар түшкөнүн билдирген.

Дагы караңыз Байден менен Си Цзинпин телефондон сүйлөштү


КЭРдин батышындагы Шинжаң Уйгур автоном районунда (ШУАР) байырлап жаткан уйгурлардын ичинен бери дегенде 1 миллиондой киши, алардан башка да чөлкөмдөгү казак, кыргыз сыяктуу этностук азчылыктардын миңдеген өкүлдөрү лагерлерде азап тартып жатышкандыгын укук коргоочулар айтып келишет.

Тасма. Казакстандагы шинжаңдыктар кеңири коомчулук билбеген маалымат менен бөлүштү.

Казакстанга жана Кыргызстанга качып келген айрым кытайлык жарандар 2018-жылдан тартып уйгурлардан башка этностук азчылыктардын жигердүү өкүлдөрү да он миңдеген кишилер “кайра тарбиялоо лагерлери” деп аталган абак жайларга кармалып жатышканын ачыкташкан. Расмий Бээжин алардын далилдүү сөздөрүн жалганга чыгарып келет.

ШУАРдагы адам укуктарынын одоно бузулушу жаатында Канадада парламенттик деңгээлде жаңы күч менен айтылган чакырыктарга үндөш кайрылууларды Батыштын башка мамлекеттеринде да жасап келишет.

Дагы караңыз Байден Кытайды Шинжаңдагы саясаты үчүн сындады


АКШ буга чейин эле Кытайдын бийликтеринин уйгурларга жасап жаткан мамилесин “геноцид” сөзү менен сыпаттаган. Бээжин болсо лагерлер кесиптик билим берип жатат жана ашынган исламчыл түшүнүккө каршы күрөшүүгө багытталууда, деп актанып келет.

Кытайдын тышкы иштер министри Ваң И 22-февралда Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинде чыгып сүйлөп, ШУАРдагы уйгурлар жана башка этностук азчылыктар дин тутуу эркиндигин жана эмгек укуктарын пайдаланышаарын баса айтып, аларга карата мамилени Кытайдын адам укуктары жаатындагы алдыга карай ири өрүшүнүн "жаркын мисалы" катары жогору баалады.

"Кайра тарбиялоо жайы" катары жоромол кылынган кайтаруудагы имарат. Ак-Тоо, ШУАР. 2019-жылдын 4-июну.


Кытайдын батышында акыркы үч жыл ичинде ири өзгөрүүлөр болуп жаткандыгы анын пост-советтик коңшулары болгон борбордук азиялык жумурияттарда да дүрбүсүз эле байкалууда.

Дагы караңыз Кытайлык данакер илимпозго колдоо керек


ШУАРдан бул өлкөлөргө мурдагыдай чарбалык, маданий, илим-билим жаатындагы жана туристтик максат менен ээн-эркин өтүп келген карапайым калайыктын жана айдыңдардын топтору кан буугандай тыйылды.

Борбордук Азия өлкөлөрүнөн Шинжаңга телефон чалууга, интернет аркылуу кат алышууга жана баарлашууга мүмкүн болбой калды.

Дагы караңыз Турсунай: Лагерде зордуктоого туш болдум


Шинжаңдык окумуштуулар жана өнөрпоздор 2017-жылдын күзүнө чейин Борбордук Азиядагы, маселен, Кыргызстандагы маданий жана илимий жыйындарга ээн-эркин келишчү. Эми алардын чет өлкөгө чыгууга уруксат кылынчу паспорттору жыйылып алынгандыгы маалымдалууда. Ал түгүл шинжаңдык окумуштуулар Борбордук Азиядагы илимий шеринелерге интернет аркылуу онлайн да катыша албайт.

Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына пикетке чыккан Байболат Күнболот уулу. 2021-жылдын 9-февралы. (Ал бул нааразылык иш-чарасы үчүн 10 күнгө камалды).


Ал эми Кытай менен бирге Шанхай Кызматташтук Уюмуна мүчө болгон жана түздөн-түз эки тараптуу кызматташтыкты өөрчүтүп келген жакын коңшуларынын бийликтери ШУАРдагы адам укуктары маселесин козгоодон өздөрүн оолак тутуп келишет.

Коңшу өлкөлөрдүн айрымдары бийликтеги тамыр жайган жемкорлуктун айынан бээжиндик насыяларды өз багытында колдонбостон, эми улам кощумча пайызы көбөйгөн Кытайга карата сырткы карызын төлөөнүн айласын таппай келишет.

Дагы караңыз Си Цзинпин Садыр Жапаровду Бээжинге чакырды


Айрым укук коргоочулардын айтымында, мурдагы президент Доналд Трамптын тушунда Борбордук Азиядагы демократиялык жүрүмдөргө Ак Үй жана жалпы Батыш да дээрлик кайдыгер мамилесин көрсөтүп, анын айынан чөлкөмдөгү жергиликтүү режимдер ого бетер Орусия, Кытай сыяктуу авторитардык мамлекеттердин ар тараптуу таасир чөйрөсүнө кабылууда.

Мындай шартта алардан ШУАРдагы акыбалга карата калыс турумду күтүү да кыйынга турат.

Кашкар шаары, ШУАР. 2005-жылдын 27-марты.

Албетте, эл аралык коомчулук бир кездеги СССРдеги сталиндик жазалоолор доорун элестеткен жана “маданий ыңкылап” делген атка конгон 1966–1976-жылдардагы каргашалуу окуялардан тарыхый сабак алган Бээжин ШУАРдагы катаал саясатын да өзгөртөөрүнө үмүт байлайт.

Маданий ыңкылап жылдары миллиондогон айдыңдар, кызматкерлер, студенттер шаардан алыскы элет жайларына "тарбия алуу үчүн" күч менен айдалган, алардын арасында ири мамлекеттик ишмер Дэн Сяопин, азыркы президент Си Цзинпин да бар болчу. Кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамай да сүргүндө болгон.

Дагы караңыз Руху күчтүү Дэң Пуфаң

Маданий ыңкылап жылдары Кытайда жазыксыз өлтүрүлгөн кишилердин саны кеминде миллиондон ашуун болду деп эсептелип жүрөт.

1976-жылдын 9-сентябрында Мао Цзэдундун каза болушу "маданий ыңкылаптын" да аякташы катары каралып келет.

Кийинки Кытай лидери Дэн Сяопин жарыялаган ачыктык урааны КЭРдин ар тараптуу реформаланышына жана азыркы ийгиликтерине жол ачкан.