"Сахарового бардык, бир күн жер төлөдө жаттык". Орусияда намазга келген мигранттар текшерилди

Орусия. Мигранттар. Архив сүрөт.

Санкт-Петербургда полиция намазга келген мигранттарды курчоого алып, айрымдарына аскер комиссариатына чакыруу тапшырды. Акыркы күндөрү соцтармактарда орус полициясына кармалган же алардан жашынган мигранттар тууралуу видеолор тарап жатат.

Расмий органдар 1-10-октябрь күндөр аралыгында Орусияда мыйзамсыз миграцияга каршы “Нелегал-2026” операциясынын экинчи этабы өткөрүлгөнүн маалымдады. Анын натыйжасында 6 500 чет өлкөлүк жаран өлкөдөн чыгарылып, дагы 18 600 мигрантка Орусияга кирүүсүнө тыюу салынганы белгилүү болду. “Азаттык” ар кандай себептер менен мекенге кайтып келген кыргызстандыктарды кепке тартты.

Өткөн аптада Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Сенной базарына жакын жайгашкан мечитте жума намазынан кийин полиция рейд жүргүздү. Базарга жакын аймак курчоого алынып, намазга келгендердин документтери бирден текшерилген. Айрымдарына аскер комиссариатына чакыруу кагаздары берилгени кабарланды.

Акыркы күндөрү Орусиянын башка аймактарында да мигранттарга каршы рейддер жүрүп, кармалгандардын видеолору тарап жатат. Москвага жакында барган Сүйүн да ушундай рейддердин биринде кармалып, Сахарово борборунда 19 күн жаткандан кийин Кыргызстанга кайтып келгенин «Азаттыкка» айтып берди.

Сүйүн Мишка уулу

“9-сентябрда түштүм. Таганскийге барганда ал жерде бир күн жаттык. “Бүгүн эч ким жок” дешти. Эртеси күнү бирөө келип, “айыппул төлөйсүңөр, анан кетесиңер” деди. Алардын мамилеси өтө эле башкача экен. Мигранттарга адамдай мамиле кылбайт окшойт. Кагып-силкип, сөгүп эле. Сахарового бардык, бир күн жер төлөдө жаттык. Жер төлөдөгү шарт начар, темирдин үстүндө уктадык. Мен ошол жер төлөдө бир күн, Сахаровонун өзүндө 19 күн жаттым”, - деди Сүйүн Мишка уулу.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Сахароводо 19 күн жатып, Кыргызстанга кайттым”

“Мен Кыргызстанда, келинчегим Орусияда”

Сүйүн учурда балдары менен Кыргызстанда. Ал эми келинчеги Орусияда калган.

“Ошентип, кайра Кыргызстанга келдим эми. Келинчегим да ушул айдын аягында же кийинки айдын ортолорунда келет. Жок, эми Орусияга чекит коюлду го дейм. Планым - эми Кыргызстанда эле иштейм. Орусияга кайтып баруу ниетим жок”.

Орус басылмалары жазгандай, ушул жылдын 1-октябрынан 10-октябрга чейин “Нелегал-2026” операциясынын экинчи этабы өткөрүлгөн. Москва облусунда эле миграциялык мыйзамдарды бузууга байланыштуу 16 миңден ашык факт аныкталган.

Рейддин жыйынтыгында Москва облусунун өзүнөн эле 6 500 чет өлкөлүк өлкөдөн чыгарылган. Дагы 18 600 мигранттын Орусияга кирүүсүнө тыюу салынган.

“Рейддердин жыйынтыгында Орусиянын миграция жаатындагы мыйзамдарын бузууга байланыштуу жалпы 16 миңден ашык факт аныкталды. Орусияда жүрүү эрежелерин бузганы үчүн 10 миң административдик протокол түзүлдү. Мыйзамсыз эмгек ишмердигин жүргүзгөндөргө карата 1,6 миңден ашык протокол толтурулган. Чет өлкөлүк жарандарды мыйзамсыз жумушка тартканы үчүн иш берүүчүлөргө карата дээрлик 2,4 миң протокол түзүлгөн. Мындан тышкары, Орусиянын аймагынан чыгаруу боюнча мурда кабыл алынган чечимдерди аткарбаган 214 чет өлкөлүк жаран административдик жоопкерчиликке тартылган. Алар чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоо борборлоруна жайгаштырылып, өлкөдөн мажбур чыгарылат” - деп айтылды Орусиянын ИИМнин Москва облусу боюнча башкы башкармалыгынын маалыматында.

Дагы караңыз

"Жалгыз уулубуз жасалма жол менен согушка айдалды”

“Кыздарымды сагынып, келе бердим”

Ал эми Урматбек Орусияда сегиз ай иштеген соң Кыргызстанга келип, кызы менен жолугушканын соцтармакка бөлүшүп, видеосу кызуу талкууга түштү.

“Мен Москвага февралда кеткем. Сегиз айдан бери көрүшө элек болчубуз. Москвадан келе жатканда да эч кимге айткан эмесмин. Кызыма да айтпай, сюрприз болсун дедим”, - деди Урматбек Сатаркулов.

36 жаштагы Урматбек Москвада такси айдап эмгектенчү. Айтымында, миграциялык документтеринде да маселе жаралган эмес:

Урматбек Сатаркулов

“Москвада бардык документтерим жайында болчу. Кыздарымды сагындым окшойт да. Куса болгондо иштери жүрүшпөй, маанай жок, ишке колу барбай калат эмеспи. Менде да ошондой болду окшойт. Акыркы бир-эки жума такыр жумушка маанайым болбой жаткан. Мүмкүнчүлүк болуп, арзан билет чыгып калды. Эч нерсеге карабай алдым да, учуп келе бердим. Буюрганы болот дедим”.

Мигрант жигит Орусиядан мажбурлап чыгарылбай, Кыргызстанга өз жолу менен келсе да орус жеринде мигранттарга текшерүү күчөгөнүн четке какпайт.

“Баары билгендей эле, Орусияда мигранттарга кысым болуп жатат. Бул айдан ачык сөз. Бул жакка келе жатып аэропортто 30-40 чакты адам көрдүм. Депортация кылганы алып келе жатыптыр. Полиция кызматкерлери узатып, алып келет го. Бир жагынан бул жакшы нерсе - өз мекенине жиберип жатат. Ары көздөй [Украинага] алып кеткен жок да. Сөз эмне жөнүндө экенин жакшы билесиздер. Аларга айттым, шүгүр кылгыла, өз өлкөңөргө жөнөтүп жатат. Камап салган жок же андан ары бир нерсе кылып тиги жакка жөнөтүп жиберген жок дедим. Мени деле көп текшерди. Документтериңди карайт. Орусча билгениңди да байкайт алар. Орусча сүйлөп турсаң, “бул киши маселе жаратат” деп ойлойт окшойт. Мени деле көп кармады, бирок анчалык чоң көйгөй жаралган жок”, - дейт Урматбек Сатаркулов.

Дагы караңыз

Миграциядан кайтып келген ишкерлерди салыктан убактылуу бошотуу сунушталды

Садыр Жапаров: “Жакындарыңарды мекенге чакыргыла”

Кыргыз бийлиги мигранттарды Кыргызстанга кайтууга үндөп келет. Президент Садыр Жапаров 11-октябрда Баткен облусундагы эл менен жолугушуу учурунда да мигранттарга өлкөдө жумуш бар экенин айтып, миграциядагы жакындарыңарды мекенге чакыргыла деген.

“Миграция бизде кичине токтоду. Тескерисинче, биз мигранттарды чакырып жатабыз: келгиле, келгиле, келгиле. Жумуш орун бар бизде. Барганда эмне кылам, тиги-бу, үйүм жок деп. Үйү жок болсо МИКтен салып, чекесинен берип жатабыз. Күндүр-түндүр, жайы-кыш дебей иштеп, мамлекеттик ипотекалык үйлөрдү салып берип жатабыз. Мигранттарга берели, элибиз кетпесин, кетип калгандар кайра келсин деп. Бала-чакаңар болсо чакыргыла, келсин. Иш бар, толтура. Жөн эле “иш жок бизде” деп шылтоо кылыш туура эмес”, - деген өлкө башчы.

Ал эми Урматбек Кыргызстанда жумуш болгону менен айлык акынын аздыгы кендирди кесет деген пикирде.

“Келгиле деп чакырып жатышат. Келген мигранттар кайра эле кетип жатышат. Анткени айлык маселеси, ошол эле азык-түлүк, кымбатчылык. “Өнүгүп жатабыз” деген менен жашоо-шарт чындыгында бир аз туура келбей жатат. Ипотекага МИКтен үй берип жатат деп жатышат. Ал жактан карапайым адамдар ала албайт. Себеби бир бөлмө батир алам десең, анын минималдуу баасы 35-40 миң доллар болот. Эки-үч баласы барлардын айлыктары 50-60 миң сом болсо деле ал үй-бүлөсүн багабы же ипотека төлөйбү деген маселе келип чыгат да”, - деп ой бөлүштү Урматбек Сатаркулов.

Дагы караңыз

"Эрте кайрылса согуштан алып калабыз". Мигрантты майданга, энени санаага салган коркунуч

“Кайра Орусияга кетишим мүмкүн”

“Азаттык” маектешкен эки каармандын тең Кыргызстанга келгенине 10 гана күн болду. Алардын бири кайра Орусияга барбайм десе, экинчиси жөнөп кетиши мүмкүн экенин жашырбайт.

“Мурда Москвада жүргөндө мындай катуу рейд болчу эмес. Мигранттарга жакшы мамиле кылчу. Азыр мен баргандагы мамилесин көрүп алып, нес болдум. Сахароводо мамиле өтө орой экен. Кандай десем… Мигрантка абдан катаал экен да. Кыргыздарга, өзбек, тажик, түркмөн туугандарга мамилеси абдан катаал экен”, - деди Сүйүн Мишка уулу.

Ал эми Урматбек Сатаркулов Кыргызстанда ишке ашырууну көздөгөн айрым пландары бар экенин айтууда:

“Бул жакта бир-эки планым бар. Ошону байкайм. Иш болуп кете турган болсо, бул жакта калганга аракет кылам. Эгер болбой калчу болсо кайра эле Орусияга жөнөйм. Элдегидей эле маселе, үй алыш керек, үй-бүлөнү багыш керек. Кичине болсо да бизнес ачып коюп, ошол жакка барбай тургандай, тыңып алса Орусияга эч ким деле барбайт го. Болбосо балдарынан алыска ким баргысы келет?”

Орусияда мыйзамсыз миграцияга каршы “Нелегал” операциясы жылына эки этап менен өткөрүлөт. Бирок мамлекеттик деңгээлде антимигранттык мыйзамдар кабыл алынып, күч органдарынын укуктары кеңейгени чет өлкөлүктөр дээрлик күн сайын текшерүүлөргө кабылат.

Расмий маалымат боюнча, ушул жылдын май айына карата Орусияда 268 миң 460 кыргызстандык миграциялык каттоодо турат. Серепчилер бейрасмий сандар мындан алда канча көп болушу мүмкүн экенин айтып келишет.