“Роза Айтматова - кыргыздын Умай энесиндей эле”

Роза Айтматова

Белгилүү коомдук ишмер, агартуучу Роза Айтматова 89 жашында акка моюн сунду. Ал бир тууган Айтматовдордун эң кичүүсү эле. Буга чейин эки агасынын, эжесинин көзү өтүп кеткен.

Тарыхый эс тутумга таасир эткен ишмер

Кыргыз коомчулугу аны залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы гана эмес, коомдук иштерге активдүү аралашып, кыргыздын нарк-насилин мыкты билген даанышман, репрессия тууралуу эскерүүлөрдү жазган калемгер, аялдардын укугу үчүн күрөшкөн активист катары да таанычу. Өмүрүнүн соңунда атасы Төрөкул Айтматов тууралуу эскерүүлөрдү, сталиндик репрессиянын аялдар менен балдарга тийген запкысын жазып кетти.

“Адегенде, беш айлык кезимде калып, атамды билбей калдым эле, кайсы эскерүүлөрүмдү жазмак элем деп, көп ойлондум. Кыргызда “Атам өлсө да, атамды көргөндөр өлбөсүн” деген накыл кеп бар эмеспи, ушул сүйлөмдүн маңызын түшүнө албай эле, атам өлгөндөн кийин башкалардын мага эмне кереги бар деген да ойго батып жүргөм. Бирок, ушул эмгегимди жазып жаткан мезгилде бул чын эле элдин акылынан чыккан терең мазмундуу сөз экенине ынандым”, - деп жазган Роза Айтматова 2009-жылы жарык көргөн “Тарыхтын актай барактары” китебинде.

Роза Айтматованын өмүр жолун мына ушул окуялардан бөлүп кароо мүмкүн эмес. 1937-жылдагы сталиндик репрессия, атасыз өткөн балалык, кыргыз айылында торолуп, өскөнү, залкар жазуучунун бир тууганы болгону, атасынын сөөгү атылгандан 53 жылдан кийин табылышы, “Ата Бейит”... Ушунун баары Роза Айтматованын өмүрүнө из салган окуялар.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Ата-Бейитте” ачылган сыр

Роза Айтматова 1937-жылы 8-мартта Москва шаарында туулган. Ошол мезгилде 1935-1937-жылдары атасы, кыргыздын саясий жана мамлекеттик ишмери Төрөкул Айтматов Москвадагы Кызыл профессура институтунда окуп жүргөн.

Төрөкул Айтматов репрессияланышы анык болуп калганына көзү жетип, аялы Нагима Айтматованы төрт баласы - Чыңгыз, Илгиз, Люсия, Роза менен Таласка жөнөтүп жиберген. Апасы Нагима Айтматованын тарбиясы, атасынын бир тууган эже-карындаштары Карагыз менен Гүлайымдын айткан-дегендери бир туугандарынын баарынын мүнөзүнө, кандай адам болушуна таасирин тийгизгенин кийин алар көп жолу эскеришкен.

“Айымкүл апамы да көрбөгөнүм менен, Карагыз апамдын колунда көп жүрдүм. Жайында каникулдун учурунда ага жеткизип коюшар эле. Алар менен жакын жерге жайлоого чыкчубуз. Алардын үйүндө талашып жүрүп кой саап, эчки саап жүрчүмүн. Анан Карагыз апам жомокторду жакшы айтчу эле. Башынан өткөн тарыхын да жакшынакай кылып айтып берчү. Көп нерсени Гүлайым апамдан угуп калдым. Мен аспирантурада окуп жүргөндө кызым төрөлүп, багарга киши жок, анан Гүлайым апам келип багып берди. Бул 1965-жыл эле. Ошондо Гүлайым апам менен абдан жакын болуп сүйлөшүп калдым. Ал ар бир нерсени сонун кылып айтып берер эле. Анда Карагыз апамдын күйөөсү Досалы жездем тирүү. Бир күнү айтат: “Ай, ушул Досалы жездең картайып калды, кокус өлүп калса, ага кошок кошуш керек”. “Жок, Гүлайым апа, мен кошок кошушту билбейм да, тим эле коюңузчу”, - дедим. “Жок, менин көзүм тирүүсүндө кошокту жазып ал”, - деди. Анан бир дептерди алып жаздым. Досалы жездемдин өмүрүн, мергенчи киши эле, мергенчилигин, анын адамгерчилигин – бүт баарын сүрөттөп, кошок кылып жаздырды. Анан ошол дептер жүрчү. Кийин жездем өлгөн жок, жездем көпкө жашады. Андан мурун Карагыз апам кетип калды. Ошону менен ал дептер жоголуп кетти”, - деп эскерген эле Роза Айтматова “Азатыкка” курган маегинде.

Мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматов жубайы Нагима менен (1930-жж.). Т.Айтматов 1937-жылы декабрда жазыксыз камалып, 1938-жылы 5-ноябрда атылган.

Роза Айтматова өмүрүнүн соңунда эскерүү китептеринен сырткары ондогон маектерди берип, коомдук иш-чараларга активдүү катышты.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көзү өткөндөн кийин гана Роза Айтматова эскерүү китептерин, чыгармаларды жаза баштаган.

“Роза эженин ыймандуулугун карабайсызбы? Мурун эле жазып чыкса болмок ушу китептерин. Агасы Чыңгыз Төрөкуловичтин көзү өтүп кеткенден кийин жарыкка чыгарбадыбы. Ушунда эле эмне деген ыймандуулук жатат. Агам менен тең жарышып, китеп чыгарбайын дегени турбайбы деп түшүндүм да. Бул ички чоң ыймандуулук. Болбосо ал китепти 30 жашында же 40 жашында чыгарса болмок. 70тен ашкандан кийин чыгарды. Айрыкча, ошол эки китеби окурмандардын арасында кызыгууну жаратты. Мен үчүн да кызыктуу болду”, - дейт Кыргызстан Жазуучулар бирлигинин төрагасы Каныбек Иманалиев.

Роза Айтматова “Тарыхтын актай барактары” (2009), “Өмүр белеси” (2020), “Кат келди” (2022) деген китептердин автору.

“Тарыхтын актай барактары” аттуу эмгеги сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон атасы, үй-бүлөнүн трагедиясы, ошол доор тууралуу. Анда кандай кыйынчылык болсо дагы адамдагы улуу сапаттарын сактап калган кишилер тууралуу сөз болот.

Атасынын сөөгү 53 жылдан кийин, 1991-жылы Бишкектин четиндеги Чоң-Таш айылына жакын жерден табылган. Анда сталиндик репрессия туу чокусуна жетип турган маалдагы - 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылган сөөктөрдүн арасында Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлү болгон.

Маркумдардын сөөгү 1991-жылы 30-августта арууланып, кайра жерге берилген. Төрөкул Айтматовдун сүрөтүн көтөргөн туугандары.

Маркумдардын сөөгү 1991-жылы 30-августта арууланып, кайра жерге берилген. Ал жерге "Ата-Бейит" деген аталышты Айтматов өзү ыйгарып, азыр улуттук тарыхый-мемориалдык жай болуп калды.

Кызыгы, сөөктөрдү казып алып жаткан учурда Төрөкул Айтматовдун айыптоо кагазы табылган. Бул тууралуу Роза Айтматова “Тарыхтын актай барактары” китебинде кеңири жазып, ошол маалда Чоң-Таштагы казуу иштерине катышкан прокуратура кызматкери Шайлоо Аймамбетов айыптоо корутундусун тартып алган сүрөтүн көрсөткөнүн эскерет.

“Роза Айтматова кыргыз элинин руханий дагы, даанышмандыгы жагынан дагы бизге берген насааты жагынан дагы, жазуучулук жагынан дагы Умай эне болуп калган эле. 2008-жылы Индияга барып, Нью-Дели университетинде Айтматовду эскерүү иш-чарасын өткөздүк. Үч күн Нью-Дели университетинде өттү. Ошондо, Роза эженин Чыңгыз Айтматов жөнүндө докладын угуп, абдан таң калдым. Мындай жогорку деңгээлдеги жазуучулардай, окумуштуулардай, академиктердей доклад жазганына таң калдым. Аны Нью-Дели университетинде ушунчалык сыйлашат экен. Айтматов боюнча жактаган 12 илимдин кандидаты, доктору бар экен. Анан Айтматовду нукура өз тилинде үйрөнөбүз деп атайын кыргыз тил кафедрасын ачышыптыр. Ошо жакта магистратурада окуган эки кыргыз кыз кафедрада сабак берет экен да. Мына, Айтматовдун бир кичинекей эле таасири. Экинчиси, мындан эки жыл мурун сынак болуп, авторлордун ысымы аталбай, жеңүүчүлөр аныкталды. Ошол чоң жазуучулардын ичинен Роза Айтматова жеңип алганы биз үчүн күтүүсүз болду да. "Кат келди" деген жөнөкөй аңгемеси шедевр. Мен билгенден кыргызча, орусча, казакча, өзбекче, түркчө, азери тилдерине которулду. Роза Айтматова ошол аңгемеси үчүн биздин жыл сайын берилүүчү Мукай Элебаев атындагы сыйлыкты жеңип алган” , - дейт Каныбек Иманалиев.

Аялдар укугу жана Роза Айтматова

“Ата-Бейитке” жашырылган сталиндик репрессиянын курмандыктар жөнүндө жыйында. 2023-жылдын 20-ноябры.

Нагима Айтматова “Эл душманынын” балдары деген кодулоодон балдарын калкалап, Таласта эрезеге жеткирип, мектепти ошол жактан окуткан. Кийин Роза Айтматова Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика факультетинде билим алган. Илимдер академиясында илимий кызматкер болуп иштеп, кристаллография багыты боюнча физика-математика илимдеринин кандидаты даражасын алган. Ошол эле Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда жогорку окуу жайында окутуучу жана тарбия иштери боюнча проректор болуп эмгектенген.

Кыз-келиндерге билим берип, насаатын айтып, алардын көйгөйлөрүн жакшы билген. Ошондон улам аялдар укугу боюнча маселе көтөрүп, бел байлап күрөштү. 1995-жылы Роза Айтматова Бээжинде өткөн Аялдардын абалы боюнча төртүнчү дүйнөлүк конференцияга катышкан. 1996-жылы кесиптештери менен Аялдарды колдоо борборун ачып, аны жетектеген. Кыргызстандагы аялдар кыймылынын калыптанышында анын ролу зор болгон.

1997-жылы Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенцияны кыргыз тилине которгон. Ошондой эле бул негизги документтин мазмунун түшүндүрүүгө багытталган атайын тренингдерди иштеп чыгып, колдонмолорду басып чыгарган жана эл арасында тараткан. Аялдар шайлоого жана башкарууга өжөр аракеттердин арты менен аралашып жатканын, өз укуктарын пайдаланууга тең мүмкүнчүлүктөр али түзүлө электигин айтып, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген аялдарды окутуп, коомдук иштерге катышууга көмөкчү болгон. Анын “Гендердик мектебин” окугандар арасында Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, белгилүү ишкер айымдар жана коомдук ишмерге айлангандар болду.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Роза Айтматова: Аялдарга тең мүмкүндүк түзүлө элек

"Роза Айтматова өмүр бою илим-билимге, аялдардын коомдогу ордун көтөрүүгө жана тарыхый акыйкаттыкты калыбына келтирүүгө зор салым кошкон кайраттуу инсан эле. Катаал тагдырга моюн сунбай, бүт өмүрүн элге, агартууга арнаган замандашыбыздын жаркын элеси элибиздин жүрөгүндө түбөлүк сакталат", -деп жазды соцтармактагы баракчасына "Эсимде" изилдөө аянтчасы.

“Аны айрымдар залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууганы деп тааныганы менен өзүнүн эл, коомчулук үчүн кылган эмгеги зор. Маселен, ал эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы аялдар кыймылын түзгөн. “Тарыхтын актай барактары”, “Ата-Бейит” деген китептери аркылуу бизге эркиндиктин баасын түшүндүрүп, мындагы аталардын эмгегин, көргөн азап-кордугун баяндоо менен терең баалуулукту түшүндүргөн. Аалам тааныган Айтматов деген фамилияны алып жүргөнү менен дайыма жөнөкөй, сыпайы бойдон жүрдү. Анын атагы сыяктуу эле адамгерчилиги да дайыма бийик болду. Эженин топуктугу, жөнөкөйлүгү, кыраакылыгы, бийик акыл-парасаты эсибизде түбөлүк сакталат” , - деп эскерди Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахаб Нурбаев.

Роза Айтматова жазган эмгектеринде кыргыздын нарк-насилин, адамдагы баалуулуктар тууралуу сөз кылып, кийинки өсүп келе жаткан муунга өрнөк болор өмүр сүрдү. Соцтармактарда аны эскерген ондогон пикирлер жазылууда.

Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун жетекчиси Султан Раев эскергендей, Төрөкул Айтматовдун балдарынын ичинен бул бүлөнүн бардык арманын көргөн, аларды жоктоп, эскерип жүргөнү Роза Айтматова эле.

“Акыркы жолу эженин көзүнө, айтматовдордун ааламы менен арманы баткан көзүнө батынып карадым эле. Бул көз Төрөкулдун өлгөнүн укканда көз жашка толду эле, Нагима актыкка баш урганында “апалап” какшыды эле, эжеси Люциянын ажалга баш урганын көтөрө албай кан какшап зарлады эле, кенже агасы Илгизди жоготууда да арманы ичке батпай жан какшап алды эле. Агасы Чыңгыз өткөндө ааламы көчүп, дүйнөсү өчкөн көзүндө. Айтматовдордун жоготуусун, качандыр бир убакта апасы Нагима кандай көтөрсө, Роза Айтматова да ошондой көтөрүп келди”, - деп жазды Раев.