Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 11:14

Айтматова: Чолпонбай жашоо үчүн өлүмгө тик караган


Роза Айтматова. Сүрөт Айтматованын өздүк архивинен алынды.
Роза Айтматова - физика-математика илимдеринин кандидаты, коомдук ишмер. Айымдардын укугун коргоо жаатындагы жарандык лидерлердин бири. Айтматова 1937-жылы репрессияланган атасы - Төрөкул жана агасы, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жөнүндө эскерүүлөрдү жазып келет.

“... Жашоо үчүн болгон өлүм”

(Майсалбектин катынан )

“Өзү өлсө да, баатыр өлбөйт,

Эрдиги калат кылымга” (Муса Жалил)

Быйыл биз Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгын жана анын 1942-жылдын 6-августунда жасаган эрдигинин 80 жылдыгын белгилеп жатабыз.

Чыңгыз Төрөкуловичтин Чолпонбай жөнүндө айтканы бар эле: “... Чолпонбай биздин жердешибиз, тууганыбыз ( айылдарыбыз жакын жайгашкан, уруубуз да бир - автор). Мен таң калам анын эрдигине... Сыймыктанам!”.

6-август күнү Чолпонбайды эскерүү үчүн анын атындагы паркка такси менен бара жаткам. Таксист жигит менен сүйлөшө кеттик, сөз албетте Чолпонбай жөнүндө да болду. Мен андан Чолпонбай ким экенин билесиңби?, -деп сурасам, жок деди. Андан мурун да отуздар чамасындагы бир жигитке ушул суроону бердим эле. Ал дагы билбейм деп жооп берген болчу. Жаным кашайып кетти:

- Кантип билбейсиң!? Советтер Союзунун баатыры, өзүнүн денеси менен дзотту жаап, советтик армиянын андан аркы чабуулуна жол ачкан кыргыз баатыры бар эмеспи, билбейсиңби?

- Андай бар экенин билем, бирок аты-жөнүн билбейт зкенмин, кечириңиз, - деди.

Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө көп баяндар айтылды, тасмалар тартылды, китептер жазылды. Тилекке каршы, биздин Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин жасаган эрдиги жөнүндө маалыматтар аз болгон окшойт. Анын үстүнө Совет мезгилинде дайыма “Чолпонбай Тулебердиев повторил подвиг Александра Матросова!” деген маалымат каражаттарында бизге айтылчу эле. Биз, мектептин окуучулары, андан эч күмөн санабай толугу менен кабыл алып, ошого ишенчүбүз. Бирок чындык андай эмес экен да. Биринчи болуп көкүрөгү менен дзотту жаап, эрдик жасаган Матросов эмес, биздин Чолпонбай экен. Айтып кетиш керек, бул чындыкты бизге Түлөбердиевдин классташы, жакын кан досу – Ашымбек Шыйкымбаев аксакал далилдеп элге жеткирген. Чолпонбайдын өзүн көрбөсөм дагы Ашымбек Шыйкымбаев менен жакын тааныштыгым болду, анткени ал киши менен кудалык жайыбыз бар эле.

Ашымбек агайдын өзү жашап өткөн өмүр жолу оңой эмес жана ал кишини Кыргызстандын белгилүү инсандарынын катарына толугу менен кошууга татыктуу. Ал Талас облусунун гана эмес, бүтүндөй Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкон адам.

Ашимбек Шыйкымбаев 1925-жылдын 3-февралында Талас облусунун Киров (азыркы Кара-Буура) районунун Чымкент айылында туулган. Мектепте, жогоруда айтылгандай, Чолпонбай Түлөбердиев менен бир класста окуп, дос болушкан экен. Алар 7-классты бүтүп жатканда Улуу Ата Мекендик согуш башталып, мектепте иштеп жаткан мугалимдердин көбү согушка аттанат. Ошондо 7-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан, билими күчтүү жана бардык маселерге олуттуу мамиле кылган Ашымбек ошол өзү окуган мектепке 16 жашында директор болуп дайындалып, иштеп калат.

Ал кезде жаш өспүрүмдөр согуштун кесепетинен эрте жетилип, чоң кишилердин жумушун аткарганга аргасыз болушкан. Ойлоп көрсөң, азыркы турмушта он алты жаштагы балдар кайдан мектептин директору боло алсын? Мына ушундай жогорку сапаттары үчүн Ашымбек жаштыгына карабай бир мекемени башкарган. Ошентип көп узабай 1943-жылы Ашымбек 18ге толгондо майданга өз ыктыяры менен суранып кеткен.

Адегенде Беларус фронтунда андан кийин Венгриянын Будапешт шаарын бошотууга катышкан. Советтик армиянын катарында эчен-эчен душман менен бетме-бет салгылашкан тайманбас, эр жүрөк жоокерлердин бири болгону чын. Эки жыл бою согуш жолдорун басып өтүп Улуу Жеңиш күнүн Чехословакиянын борбору Прага шаарында тоскону да тарыхый факт. Бирок ал үйгө, Талас жергесине, 1947-жылы гана кайткан. Себеби согуш аяктаганда Украинаны “бендеровчулардан” бошотууга катышып, дагы эки жыл куралды колунан түшүрбөй, талыкпас жоокер болуп өтөдү. Баш-аягы төрт жыл - майданда, бул оңой иш эмес. Ашымбек аксакалдын басып өткөн жолу бул баатырлардын жолу деп эсептесем мен түк жаңылышпайм.

Ошентип 1947-жылы өзүнүн туулган жерине кайтып келип согуштан кийинки турмушту оңоп, жөнгө салыш үчүн өз районунда ар кандай жетекчилик жумуштарда күжүрмөндүк менен иштейт. Дагы баса белгилеп кетчү нерсе, Ашымбек агайдын билимге умтулганы. Белгилүү болгондой ал Фрунзедеги Кыргыз Мамлекеттик университетинин тарых факультетин сырттан окуп бүтүрүп, андан соң тарых мугалими болуп мектепте иштеген. Кудайдын буйругубу, турмуш он алты жашынан эле агайды мугалимдик кесиптин ээси болоруна багыт берип коюптур. Ошондуктан мен ойлойм, негизи бул киши тарыхчы болуп калганы да бекер эмес окшойт. Балдарга сапаттуу, терең билим бергенден башка, өз досунун согуштагы тарыхый изин, эрдигинин фактыларын изилдеп чыкканы жана элибизге чындыкты жекиргени бул да бир баатырлыкка тете талыкпас эмгек.

Сөзүмдүн башында айткандай, 1979-жылы кудайдын буйругу менен биздин үй-бүлө Ашымбек Шыйкымбаев менен кудалашып калды: менин бир тууган кайним ал кишинин кызына үйлөндү. Ал кезде Ашымбек куда Чолпонбайдын эрдигинин тарыхын изилдеп, мемориалдык комплекс куруу маселесин көтөрүп жаткан мезгили экен. Ошентип биз ал киши менен жакын катышта болуп калдык. Албетте жакшылыкта жүз көрүшүп чай ичиштик. Ал киши болсо өткөн-кеткенди эстеп бизге далай нерселерди айтып берди. Бир жолу ушундай күндөрдүн биринде мен Ашымбек кудадан:

- Чолпонбай бала кезинде кандай эле, кандай окучу эле? - деп кызыгып сурап калдым.

Ал болсо биртике ойлонуп мындай окуяны айтып берди:

- Чолпонбай экөөбүз 6-класста окуп жүргөн кезибиз. Мектепке барып келиш үчүн Кара-Буура суусун кечип өтөбүз. Жаз мезгили, суу кирип турган кез. Мен жаш кезимде арык, кичине бала болчумун, сууга сүзгөндү да билчү эмесмин. Дарыяга кирип эки-үч аттаганда эле жыгылып, мени суу алып кете баштады. Ошондо Чолпонбай ойлонбостон туруп сууга боюн таштап, мени суудан чыгарып алды. Ким билет бул окуя эмне менен бүтөт эле. Мени ошентип ал сактап калган. Анын келбеттүүлүгү, шамдагайлыгы, эр жүрөктүгү болбосо, кудагый, азыр силер менен отурар белем, –деп ошондо бир жылмайган.

Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу китептин мукабасы.
Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу китептин мукабасы.

- Чолпонбайдын окуганы болсо жакшы болчу. Класста алдынкы окуучулардын бири болгон,- деп кудадан уккам.

Ошондо Ашымбек кудага дагы бир суроо узаттым.

- Эмне себептер менен жана кандайча Чолпонбайдын согуштагы баскан жолу менен кызыктыңыз?

- Бул кызык окуя болду,- деп ал ошондо шашпай сөзүн баштады. - 1968-жылы согуш ардагери катары мүмкүнчүлүгүм болуп, согушта басып өткөн жолдорумду эскериш үчүн Воронеж шаарындагы тарых жана край таануу музейине барып калдым. Музей менен таанышып жатсам, бир бурчта турган Чолпонбайдын бюстун көрүп калдым. Баарынан кызыгы, ага арналган атайын бурч экен. Музейдин кызматкерлери менен сүйлөшсөм, алар "Чолпонбай жөнүндө материал аз, эч жерден ала албай жатабыз" дешти. Ошондон баштап Воронеж менен тыгыз байланышта болдум. Ушул күнгө чейин Чолпонбайды изилдөө ишин улантып келе жатам, - деп айткан ошондо.

Ашимбек Шыйкымбаев изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Матросов эмес - Чолпонбай Түлөбердиев Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхында биринчи болуп 1942-жылы 6-августта душмандын дзотунун амбразурасын көкүрөгү менен тосуп, советтик жоокерлерге Селявное кыштагын ээлеп алууга жол ачкан деген фактыны алып чыккан. Кандай жол менен ал далилдеген деген суроо туулушу мүмкүн. Бул маселени чечиш үчүн Ашымбек Шыйкымбаев бүтүндөй Советтер Союзунун тиешелүү аймактарын кыдырып, Воронеж, Урал, Кавказ, Москвага барып Чолпонбайдын эрдиги тууралуу күбөлөргө жолугуп, архивден керектүү документтерди көтөрүп изилдеп, далилдеп тастыктап чыккан.

Ошентип Ашымбек Шыйкымбаевдин аркасы менен кыргызстандык жоокер Чолпонбай Түлөбердиев ок чачып жаткан душмандын ДЗОТунун амбразурасын денеси менен жаап, советтик жоокерлерге андан ары чабуул жасаганга жол ачып бергендигинин так датасы аныкталган. Бул жөнүндө 1985-жылы расмий түрдө айтылган жана “Комсомольская правда “ газетасына жарыяланган. Ушундай талыкпас мээнетинин натыйжасында Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхында жогоруда сөз болуп жаткан эрдикти биринчи болуп кыргызстандык жоокер Чолпонбай Түлөбердиев жасаганы далилденди.

Ошентип, ал киши болбосо Чолпонбайдын эрдиги 1942-жылдын 6-августунда, ал эми Матросов 1943-жылдын 27-февралында жасагандыгын ким далилдеп чыгат эле? Агайдын дагы бир эрдигин айта кетиш керек. Ал Чолпонбайдын туулуп-өскөн айылына анын эрдигине арналган музей ачкан. Керектүү маалыматтарды, экспонаттарды Орусиянын шаарларын кыдырып, архивдерден документтердин алгачкы нускаларын таап чыккан. Ашимбек агай ошонун негизинде Чолпонбайдын өмүр баянын, жасаган эрдиги жөнүндө китеп жазган инсан. Ал китеп жакында кайра басылып чыгат.

Таласка, айылыбыз Шекерге баратканда Чолпонбайдын айылынын жанынан өтөбүз. Ошондо сөзсүз Чолпонбайды ойлойсуң, анан дагы менин эсиме Чыңгыз-акемдин “Саманчынын жолу” деген повестинин башкы каарманы Толгонайдын уулу Майсалбектин энесине фронттон жазган акыркы каты түшөт. Ал повесть 1963-жылы жарыкка чыккан. Ошондо, биринчи жолу эмнегедир каттын саптарын окугандан кийин көз алдыма Чолпонбайдын элеси даана көрүндү. Алиге чейин, Чыңгыз ошол баатырыбыздын образын Майсалбекке берген деп ойлойм. Чыгармадагы ушул катына, дагы бир кайрыла кетейин дедим.

“Апаке, ак сүтүңдөн айланайын апакем. Мен сенин кандай киши экениңди билбесем бул катты жазбайт болчумун. Сенин акылмандыгыңа, кайратыңа күчүңө ишенип, жазып отурам. Ошентсе да эмне деп түшүндүрүп, эмне деп айтууга сөз табалбай, алакандай ак кагазды тиктеп отурган кезим.

Апа, акыры менин кылган ишимди туура деп табарсың, мен ага өзүмө ишенгендей ишенем. Ооба, апа, сөзсүз мени туура дээрсиң... антсе да, түшүнсөң да жүрөгүңдүн түпкүрүндо мага деген айтылбаган сурооң калар: “Балам, кантип өз өмүрүңдү кыйдың? Адамга бир гана жолу берилчү бул жарык дүйнө менен кантип өзүң эле коштошуп кете бердиң? Мен сени эмнеге төрөп, эмнеге өстүрүп чоңойттум?” Ооба, апа, энесиң, сенин бул сурооңо кийин тарых жооп берер. Ал эми менин айтарым, согушту биз тилеп алган жокпуз, бул көптүн башына түшкөн кыйын иш, бүткүл адам баласына балта урган зулум күч. Биз аны менен күрөшпөй коё албайбыз, аны үчүн кан төгүп, аны үчүн жан берип, аны кыйратып жок кылууга милдеттүбүз. Мен согушта жүрүп, эрдик көрсөтөйүн деп эч качан эңсеген эмес элем....

Бир сааттан кийин мен Мекеним тапшырган ишке барып кайра кайтпаймын. Душмандын талылуу жерине барып, аны кыйратып өзүм да жок болом. Мекен үчүн, эл үчүн, жеңиш үчүн, дүйнөнүн бардык жакшылыгы үчүн.

Бул менин акыркы катым, акыркы калам шилтешим, акыркы сөзүм. Апа миң бир эки апа десем да, кадырыңа жетер белем, түшүнгүн: бул жөн эле өлүп берүү эмес, бул жөн эле жан кечтилик эмес, бул өмүр сүрүүнүн эң бир эбегейсиз түрү. Кулакка, балким жат угулса да, бул жашоо үчүн болгон өлүм. Мен өз ыктыярым менен ушуну туура таптым. Мен эч кандай кылчактаган жерим жок. Мекеним бул ишти мага тапшырганы үчүн сыймыктанам....

Ыйлаба апа, эч ким ыйлабасын. Мындай өлүм үчүн эч ким ыйлабасын. Кош, түбөлүккө кайыр кош!

Кош, карааныңдан айланайын, Ала-Тоо! ".

Повесттин ушул бөлүгүн окуганда менин көз алдыма Чолпонбайдын образы келип, ии, Майсалбектин прототиби Чолпонбай турбайбы деп ошондо ойлогонум чын.

Мына эки киши: Чыңгыз акем жана Ашымбек кудам Чолпонбайдын элесин бизге урпактарыбыз Чолпонбайдай эр жүрөк, мекенчил болушса экен деп түбөлүккө сактап кетишти.

Бүгүн биз мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгын майрамдап жатабыз. Бул күнгө жетиш үчүн Чолпонбайга окшогон мекенчил баатырларыбыздын жасаган эрдигин азыркы жаштарыбыз билсе, алардан үлгү алса дейсиң...

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG