Дума саясий жигердүүлүктү ооздуктагысы келет

Мамдуманын алдында акцияга чыккандарды камакка алуу. Июнь, 2017-жыл.

Эми Орусияда саясий ишмердүүлүк менен алектенгендер «чет өлкөлүк агент» катары таанылышы мүмкүн. 

Орусиянын Мамлекеттик Думасы 23-декабрда үчүнчү окууда кабыл алган жаңы мыйзамга ылайык, кайсы бир жарандар же коомдук бирикмелер чет өлкөлүк мамлекеттин же эл аралык уюмдардын кызыкчылыгында «саясий ишмердик менен» алектенчү болсо, Орусиянын аскердик ишмердиги туурасында маалымат жыйнаса же чет өлкөдөн каржылык колдоо алчу болсо, анда алар «чет өлкөлүк агент» катары таанылууга тийиш.

Орусияда митингге, жөө жүрүшкө, коомдук дебатка же талкууга катышуу, шайлоонун жана референдумдун өтүшүнө байкоо жүргүзүү, мамлекеттик органдарга же кызматтагы адамдарга коомдук кайрылуу жөнөтүү, алардын чечимдери же саясаты тууралуу оюн ачык билдирүү, коомдук-саясий көз караштарга таасир этүүчү социологиялык изилдөөлөрдү же сурамжылоолорду жүргүзүүнүн баары «саясий ишмердүүлүк» болуп саналат.

Шаршембиде Мамдума депутаттары кабыл алган дагы бир мыйзамда «чет өлкөлүк агент» боуп саналган тараптар каттоодон өтүүдөн же өз ишмердиги тууралуу баяндама берүүдөн баш тартса, 300 миң рубль айып пулдан беш жылга чейин эркинен ажыртылышы мүмкүн деген шарты бар кылмыш жазасы белгиленди.

Ушул эле мыйзамда маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө да эки жылга чейинки мөөнөткө түрмө жазасы каралган.

«Мыйзам өзгөртүүлөрдүн пакетин киргизип жатып, «саясий ишмердүүлүгүңөр үчүн чет жактан акча алсаңар, анда сураныч, чет өлкөлүк агент катары каттоодон өтүп койгула. Орусиянын мамлекеттик органдары жана жарандары силер кайсы өлкөдөн акча алып, кандай саясий иш-чара уюштуруп, акчаны кайда коротуп жатканыңарды билишсин» деп гана айтып жатабыз», - деди демилгечилердин бири Василий Пискарев.

Жалпысынан Мамдуманын депутаттары шаршембиде ондон ашык мыйзам өзгөртүүнү карап чыгып, жактырышты.

Орусияда эми расмий атайын кызмат, укук коргоо органдары, аскер жана сот кызматкерлери тууралуу бардык маалыматтарды ачык жарыялоого тыюу салынды.

Жалган жалаа үчүн кылмыш жазасы күчөтүлүп, Интернетте же маалымат каражаттарында таратылган жалган маалымат үчүн 1 миллион рубль айып пул же эки жылга чейин абакка кесүү киргизилди.

Дагы караңыз

Навальныйды ууландыруу үчүн үч жыл аңдышкан

Юрист Андрей Гривцов эми «Единая Россия» - уурулар менен алдамчылардын партиясы» деп соцтармакта жазылган же айтылган ой-пикир да кылмыш ишине негиз болуп калышы ыктымал экенин эскертет.

«Чынында, аттары ачык айтылбаган белгисиз бир топко эле жалаа жабуу үчүн кылмыш жазасы киргизилгенин көпчүлүк күлкү кылып жатат. Кантип такталбаган адамдардын бир тобунун кадыр-баркы түшүп, абийирине шек келтирилгенин аныкташары белгисиз. Бирок этияттык менен айтам, мындай пикир жалган жалаа болуп калышы мүмкүн, - дейт Гривцов. - Адвокат катары мен соцтармакта катуу, сынчыл пикир жазуудан карманууга чакырам. Чынында мунун баары кооптуу».

Буга кошумча Мамдума жалгыз пикетке чыгууну көздөп кезекке чогулгандарды массалык коомдук иш-чара катары таанууга уруксат берген мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Массалык коомдук иш-чараларды чет өлкөдөн каржылоого тыюу салып, Орусиянын аймагында 500 кишиден көп адам чогулган иш-чараларды каржылоо булактары орусиялык банктар аркылуу өткөрүлүшүн талап кылган өзгөртүү мыйзамдарга киргизилди.

Ал эми трассалар менен шаар көчөлөрүндө автоунаалардын кыймылын тоскондор бир жылдан он жылга чейин эркинен ажыратыла турган болду.

Дагы караңыз

Москвада Путинге каршы жөө жүрүш болдуМосква митингдердин кучагында

Полициянын, Росгвардиянын, Коргоо министрлигинин, Федералдык коопсуздук кызматынын, Федералдык жаза аткаруу кызматынын кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылуу жана алардын талаптарына баш ийбөө үчүн административдик жаза да бир кыйла күчөтүлдү. Айып пулдар бир нече эсе көбөйтүлүп, административдик камакка алуу бир айга чейин узартылды.

Мындан тышкары депутаттар Орусиянын Федералдык көзөмөлдөөчү органы («Роскомнадзор») «Орусиянын аймагында маанилүү маалыматтарды чектеп, орусиялык маалымат каражаттарынын кабарларын басып жатат» деп тапса, «Facebook», «Twitter» жана «YouTube» сыяктуу соцтүйүндөрдү жана интернет-ресурстарга каалаган учурда бөгөт коюп салууга уруксат берген мыйзам долбоорду экинчи окууда кабыл алышты.

Орусиялык Интернет колдонуучулар Мамдумада жактырылган бул мыйзамдарды «репрессивдүү» деп сындап, «деспотизм доору» деп атап жатышат.

Бул мыйзамдар эми Федерация Кеңешине, андан соң кол коюш үчүн президент Владимир Путинге жөнөтүлөт.