Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:21

Навальныйды ууландыруу үчүн үч жыл аңдышкан


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Журналисттер Навальныйды ууландыргандарды таап чыгышты.

Орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйды ууландыруу артында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) турушу мүмкүн.

«Bellingcat», орусиялык «Insider» иликтөө сайты, «Der Spiegel» жана CNN менен чогуу жүргүзгөн иликтөөдө Навальныйга карата ууландыруу боюнча операция кеминде 2017-жылдан бери даярдалганы белгиленет.

Иликтөөдө оппозициячыны ууландырууга шектүү делген ФКК кызматкерлери Алексей Навальныйдын артынан калбай аңдып, 2017-жылдан бери саясатчыны ээрчип, 30 жерге чогуу учуп барышканы баяндалат. Алар ич ара улам алмашып, аты-жөнүн өзгөртүп турушканы белгиленет.

Иликтөөнүн авторлору муну аба каттамдары, уюлдук байланыш маалыматтары менен бекемдешкен. Бирок, бул маалыматтар кандай булактардан алынганы айтылган эмес.

44 жаштагы Навальный 20-августта Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, өзүн начар сезе баштаган. Дааратканада эстен танып жыгылгандан кийин учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон. Алгач Омскидеги ооруканага жаткырылган Навальный бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген. Навальный 19 күндөн кийин гана эсине келген.

«Bellingcat» басылмасы Навальныйды биринчи Новосибирскиге, кийин Томскиге ФККунун үч кызматкери ээрчип барганын жазды.

Иликтөөдө алардын ысымдары Алексей Александров, Иван Осипов жана Владимир Паняев деп көрсөтүлгөн.

Алексей Александров, Иван Осипов, Владимир Паняев
Алексей Александров, Иван Осипов, Владимир Паняев

Биринчиси – 40 жаштагы Алексей Александров дагы бир Алексей Фролов деген ысымды колдонот. Ал Москвада медициналык окуу жайын бүтүп, бир нече жыл «Тез жардам» кызматында, андан кийин аскер дарыгери болуп иштегени ачыкталган. Айрым маалыматтар боюнча ал Федералдык коопсуздук кызматына 2013-жылдан тарта иштей баштаган.

Экинчиси – 44 жаштагы Иван Осипов же Иван Спиридонов. Ал дагы кесиби боюнча дарыгер. Айрым маалыматтар боюнча Федералдык коопсуздук кызматына 2012-жылдары ишке кирген.

Үчүнчүсү – 40 жаштагы Владимир Паняев. Ал ФККнун Криминалистика институтуна чейин чек ара кызматында иштеген, кийин антибактериалдык лампаларды саткан компанияны негиздеген.

Журналисттер Паняев Навальныйдын ууландырылышына чейин аны менен Москвада көп кабаттуу үйдө бирге жашаганын, кийин дарегин өзгөрткөнүн таап чыгышкан.

Журналисттердин иликтөөсүндө Навальныйды ууландырууга ФККнун Криминалистика институтунун кеминде дагы беш кызматкеринин катыштыгы, алар саясатчы Омскиде ооруканага түшкөндө ал жакка учуп барганы айтылат.

Алардын арасынан Олег Таякин, Константин Кудрявцев, Алексей Кривощеков, Михаил Швецтин ысымдары ачыкка чыккан.

Буга кошумча Томскиге чейин эки ай мурда Калининградда Навальныйды ууландырууга биринчи аракет жасалганы, бирок анда саясатчынын аялы Юлия Навальная жабыркаганы белгиленет.

Бул тууралуу оппозициячы Алексей Навальный өзүнүн блогунда жазган.

«6-июлда аялым экөөбүз Калининграддын алдындагы Янтарный кыштагына барганбыз. Эртең менен сейилдөөгө чыгып, бир топко эшикте жүргөнбүз. Мейманканадагы бөлмөбүзгө кайтып эле түшкү тамакты ичүү үчүн көл жээкке чыгып кеткенбиз. Жолдо Юлия өзүн жаман сезе баштады. Кафеге жеткенибизде ал отура албай да калды. «Эмнең ооруп жатат? Жүрөкпү? Жардам чакырайынбы?» деп сурасам, Юлия өзүнүн абалын да айтып бере албады. Ал бөлмөгө зорго жетип, бир сааттан кийин уктап калган. Эртеси күнү эч нерсе болбогондой эле туруп кеткен», - деп жазат Навальный.

ФККнын Москвадагы Криминалистика институту
ФККнын Москвадагы Криминалистика институту

«Bellingcat» жана өнөктөштөрү иликтөөдө алар ФККында адамдарга каршы колдонулган химиялык куралдарды даярдаган атайын программа жана кызматкерлердин тобу бардыгын тастыктап чыгышканын белгилешет.

Иликтөөнүн авторлорунун бири Христо Грозев «Азаттыктын» орус кызматына буларды баяндап берген.

«Биздин иликтөөнүн эң коркунучтуу, ошол эле кезде эң маанилүү бөлүгү бул чабуулчулардан турган атайын топтун ачыкка чыкканы. Кеп Навальныйдын ууландырылышында гана эмес, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматында бир топтон бери кишилерди ууландырып жүргөн атайын бир бөлүмдүн ишинде. Бул бөлүм ФСБнын Криминалистика институтуна караштуу. Алар кылмыштарды өздөрү уюштуруп, аткарбастан, кылмыштарды иликтеши керек эле. Институт өзү Москванын түштүгүндөгү Теплый стан метростанциясындагы Варга академигинин көчөсүндө жайгашкан. Ал эми лабораториялары жана башка бөлүмдөрү Королев шаарчасы менен Вернадский көчөсүндөгү ФСБнын Академиясында орун алган. Бул командада кеминде 20дай адам бар. Алардын үчтөн бири – догдурлар. Бул өтө коркунучтуу. Дагы бир бөлүгү – химия жаатында билими бир аскер адамдары, калгандары Федералдык коопсуздук кызматында атайын операцияларда иштеген тажрыйбалуу адамдар».

Иликтөөчү журналист Грозев химиялык куралдарды жасап чыгып, Орусиянын аймагында колдонгон ФККнын кызматкерлери тууралуу «Кремлге маалым» деп эсептейт.

«Бул жакта чечимдер Федералдык Коопсуздук кызматынын Атайын техника борборунун башчысы Владимир Богданов аркылуу жасалат. Ал ФСБнын Илимий-техникалык кызматынын жетекчи орун басарынын милдетин да аткарат. Бул кызматта ал түз эле ФСБнын башчысы Александр Бортниковго баш ийет. Бортников бул иш жөнүндө эч нерсе билген эмес, анын аткарылышын буйруган эмес деген ойлорду биз дароо четке кагабыз. Бортников өз кезегинде Кремль менен макулдашып, уруксат алган эмес дегенге да болбойт».

Иликтөө Алексей Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөш фондунун баракчасына жүктөлүп, анда оппозициячы «мени ким өлтүргүсү келгенин билем» деп жарыялады. Буга чейин ал ууландырууга Кремлден көрсөтмө болгонун айтып келген.

Германиядагы жана башка Европа өлкөлөрүнүн эксперттери Навальный «Новичок» тобундагы ууга ууландырылган деген жыйынтыкка келген.

Европа Биримдигиндеги бир катар өлкөлөр Москваны фактыны иликтөөгө чакырган. Биримдиктеги бир нече өлкө жана АКШ Навальныйга кол салууга тиешеси бар экени айтылган орусиялык бир нече аткаминерге санкция салган.

Расмий Москва оппозициячынын ууланышына тиешеси жок экенин айтып, бардык айыптарды четке кагып келет.

Жаңы жарыяланган иликтөө боюнча Кремль үн ката элек. «Азаттыктын» орус кызматы ФККнын Криминалистика институтуна байланышып, бирок, расмий комментарий берилген эмес.

Буга чейин октябрда «Азаттыктын» орус кызматы «Bellingcat», орусиялык «Insider» иликтөө сайты, «Der Spiegel» журналынын журналисттери менен биргеликте Москвадагы «Сигнал» илимий борбору жөнүндө иликтөө чыгарышкан.

Владимир Богданов
Владимир Богданов

Анда «Сигнал» борборунун башчысы Артур Жиров менен Санкт-Петербургдагы Аскер медицинасын сыноо институтунун башчысы Сергей Чепуровдун аты аталып, бул борбордо «Новичок» тобундагы уулуу заттар жасалары болжолдонгон.

Жаңы иликтөөдө аларга телефон чалуулардын тыгыздыгынан ФККнын полковниги Станислав Макшаков, ФККынын генералы, Криминалистика институтунун башчысы Кирилл Васильев, ФККнын Атайын техника борборунун башчысы Владимир Богдановдун ысымдары белгиленет.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG