Алардын тил билүүсүн текшерген “Кыргызтест” мекемеси баары талаптагыдай эле бирдей суроолор менен өткөнүн тактады. Шайлоо алдында талапкердин тил билүүсүн текшерүүнү ашыкча талап катары көргөндөр да бар. Бул сынак талапкерлерди электен өткөргөн тоскоолдук эмеспи?
Президенттикке талапкер болуу ниетин билдирген Сыймык Жапыкеев менен Өмүрбек Суваналиев кыргыз тил деңгээлин текшерген “Кыргызтесттин” сынагынан өтпөй калды. Жапыкеев мектепте, университетте кыргыз тилинде билим алып, мамлекеттик кызматта эне тилди колдонгонун айтып, төмөн баа алганын кабыл ала албай турат:
Сыймык Жапыкеев. Архив сүрөт.
“Андан кийин канча жыл прокуратура кызматында иштедим, тергөөчү болдум. Бүт иш кагаздар кыргыз тилинде жүрчү. 150дөй кылмыш ишин тергедим, ошонун 90% кыргыз тилинде болчу. Ушунча жүрүп өзүмдү накта кыргызмын, кыргызча так сүйлөйм деп жүрсөм, “Кыргызтесттен” өтпөй калдык. Мен да, Суваналиев да 4-5 балл жетпей калдык. Комиссия ушинтип чечип койду”.
Эки генерал сынакты 8-октябрда тапшырган. Анда жалпы беш түрдүү тапшырма: тест, суроо-жооп жана жазуу түрүндө болот. Президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн ортодон жогору же В2 деген деңгээлде болушу керек.
Өмүрбек Суваналиев бул талапкер үчүн жогору деңгээл деп эсептейт:
Өмүрбек Суваналиев
“Биз юрист, саясатчы болгондон кийин жалпак тил менен сүйлөп жүрөбүз, жазуу практикабыз жок да. Анын үстүнө мен көп жылдан бери жетекчи кызматында жүрүп, көп жазган жокмун. Себеби аппарат жазат, сен окуйсуң, көрсөтмөлөрдү бересиң. Мурда мен президенттик шайлоого барам деп сынак тапшырганда “билет”, билбейт” деген эле жыйынтык болчу. Мыйзамга В2 деңгээлин киргизип коюптур. Бул аябай чоң деңгээл да”.
Кыргызстанда президенттикке ат салышам деген саясатчы кыргыз тилин билиши керек деген талап 1993-жылы эле башкы мыйзамга кирген. Бирок аны аныктоо, баалоо системасы улам өзгөрүп келди.
Маселен, 2017-жылы “Кыргызтест” расмий түрдө алгачкы жолу талапкерлерден сынак ала баштап, 2021-жылдагы шайлоодо да бир аз өзгөргөн шарт менен өткөргөн. Системалаштырылган жана компьютердин жардамы менен баалоо ошол жылы кирген.
Дагы караңыз
Президенттик жарыш: БШК талапкерлерге тегиз карайбы?Бийликтин ишмердигине сын менен караган эки саясатчынын сынактан кулаганы коомчулукта ар кандай талкууланып жатат. Айрымдар муну атайын уюштурулган деген пикирин да ортого салууда.
“Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская баарына тең бирдей талап болорун айтууда:
“Адам деген адам да. Кээ бир жерден ката кетирет. Ошол үчүн болор-болбос 4-5 эле упай жетпей жатат. Эгер тилди такыр билбеген адамдар болсо, андай көрсөткүч болмок эмес. Баарын “өйдө жактан тапшырма болуп жатат” деп... Бирөөбүз катуураак жөтөлсөк деле ошентип ойлойт экенбиз. Мен ушуга ынандым. Баарын эле жогору жактан көрөбүз. Чынында андай эмес”.
2021-жылы өткөн президенттик шайлоо алдында кыргыз тили боюнча сынак берген саясатчыларга мөөнөтсүз сертификаттар ыйгарылган. Алар ошол документти Борбордук шайлоо комиссиясына берсе болот.
“Кыргызтесттин” жетекчиси мындан улам бул шайлоого катышарын жарыялаган президент Садыр Жапаров “тил сынагын тапшырууга милдеттүү эмес” деп түшүндүрдү.
Дагы караңыз
Клара Сооронкулованын каалгасын сүрөткө ким тарткан?Ал эми Жапыкеев менен Суваналиев сынактын жазуу боюнча тапшырмаларын үч күндүн ичинде кайра берсе болот. Саясатчылар кайра сынакка кирип-кирбешти чече элекпиз деп жатышат.
Коомчулукта эки генералдын сынактан кулашы боюнча нааразы пикирлер да бар. Айрымдары алар кыргыз саясатында активдүү болуп, билдирүүлөрүн жалаң кыргыз тилинде жасап келгенине көңүл бурууда.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Узарбек Жылкыбаев шайлоодо талапкерлерге карата көп чектөөлөр болбошу керек деген пикирде:
Узарбек Жылкыбаев
“Суваналиев деле, Жапыкеев деле кыргыз тилинде кенен сүйлөйт, кыргыздын илгертен келаткан макал-лакаптарын кошуп, уйкаштырган сөздөрүн маектеринен көрүп жүрөбүз. Бүгүнкү күндө ушул талап керекпи? Азыр 21-кылымда жашап жатабыз, мүмкүн алып салса деле болот. Мисалы, президенттикке талапкер болууда жогорку билим жөнүндөгү диплом талап кылынбайт. Орто билимдүү жарандар да ат салыша алат. Бул – туура. Баш мыйзамдын талабы ушундай, ал жерде ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу экени жазылган. Өткөн парламенттик шайлоодо талапкерлерге беш жылга чейин чет өлкөдө жашабаган болсун, диний ишмерлер катышпасын дегендери бар эле. Жогорку билим дегени андан мурдагы шайлоодо кошулган. Ушул сыяктуу талаптарыбыз көбөйүп эле баратат. Аны көбөйтүүнүн кереги жок. Эл – тараза. Акыркы чекитти шайлоочу коёт. Ошондуктан мүмкүнчүлүктү элге бериш керек. Канчалык көп талапкер чыкса, тандоо ошончолук жакшы болот”.
Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов талапкерлер мамлекеттик тилди билиши керек деген талапты колдой турганын, бирок сынак ашыкча тоскоолдукка айланып калбашы керектигин билдирди. 16-октябрда ал Фейсбукка бул маселеге байланыштуу пикирин кенен жазып, талапкер үчүн мындай татаал талаптардын киргизилишине бир кезде дал өзү себепкер болгонун эстеди. Айтымында, ошол кездеги президент Аскар Акаев андан атаандаш болуп калышы мүмкүн деп чочулап, мамлекеттик тилди билүү боюнча сынак киргизүүнү чечкен.
Кулов мамлекет башчысы эл менен кыргызча сүйлөшө алып, өз оюн жеткиликтүү түшүндүрө билиши зарыл экенин, бирок бул сөзсүз эле филолог болушу керек дегенди билдирбей турганын айтууда:
Феликс Кулов
"Тапшырмалардын саны, убакыттын чектелиши, грамматикалык тапшырмалардын татаалдыгы жана жазуудагы тесттердин жандуу сүйлөө менен болгон катышы суроо жаратат. Айрыкча экзамен толугу менен компьютерлештирилип, талапкер монитор менен жалгыз калган шартта. Албетте, автоматташтыруу баалоодогу субъективдүүлүктү азайтат. Бирок ал өзүнчө максатка айланып кетпеши керек. Анткени биз кыргыз филологиясынын мугалимин эмес, мамлекетти башкара турган, оор чечимдерди кабыл алып, экономикага, коопсуздукка, эл аралык мамилелерге жана миллиондогон жарандардын жыргалчылыгына жооп бере турган адамды тандап жатабыз".
Кулов президенттикке талапкерлер үчүн колдонулган «Кыргызтесттин» учурдагы усулдарын көз карандысыз адистердин катышуусунда кайра карап чыгуу керек деген пикирин кошумчалады.
Борбордук шайлоо комиссиясы кыргыз тили боюнча сынакты өткөрүү процессине кийлигишпей турганын, сертификаттын чын-бышыгын гана текшерерин түшүндүрдү.
Кыргызстанда президенттик шайлоо келерки жылдын 27-январында өтөт. Учурда талапкер ниетин билдирип, арыз жазган жалгыз жаран Аймен Касенов болду. Мындан тышкары президент Жапаров, саясатчылар Суваналиев жана Жапыкеев ат салышуу ниетин ачык билдирген.