"Бала кезинен психикалык оорусу бар эле..."
Андрей Илинбаев туугандары менен акыркы жолу 3-октябрда байланышка чыккан. Ал аскердик-медициналык комиссиядан өткөнүн жана Украинадагы согушка жөнөтүлүүгө даярданып жатканын айткан. Ошондон кийин байланышка таптакыр чыкпай калган.
Кийинчерээк ал Башкырстандын борбору Уфага аскердик кызматка катталуу үчүн кеткенин үй-бүлөсү коңшуларынан угушкан.
Жакындарынын айтымында, Башкырстандагы айылдардын биринде туулган Илинбаев бала кезинен бери оор психикалык оорудан жабыркайт. Атасы каза болгондон кийин ал деменцияга чалдыккан апасы менен жашап калган.
Андрейдин тууганы Марина "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна айтып бергендей, аскердик келишимге кол коюунун кесепети кандай болорун ал толук аңдай албай турган адам:
«Ал мага биринчи жолу “атайын аскердик операцияга” байланыштуу комиссиядан өтүп жатканын жазганда тамашалап жатат деп ойлогом. Аны ким алсын? Ал өтө ишенчээк жана акыл-эси тайыз адам».
Илинбаев азыр кайда жүргөнү жана кандай жагдайда согушка жалданганы белгисиз.
Бул окуя согушка жалдоо системасынын кесепеттерин көрсөткөн мисалдардын бири гана. Барган сайын жеке компаниялар менен ортомчуларга таянган бул система мыйзам чегинде иштеп жаткандай көрүнгөнү менен Украинадагы согушта чоң жоготууларга учурап жаткан армиянын катарын толуктап келет. Батыш өлкөлөрүнүн чалгын кызматтарынын байкоосуна караганда, бул согушта набыт кеткендер менен жарадар болгондордун саны кеминде 1,5 миллион адамга жетип калды.
Согушка келишимдик негизде жөнөтүү үчүн адамдарды таап келгендерге аймактык жана муниципалдык бийликтер сый акы төлөшөт. The Insider басылмасынын маалыматына караганда, жалдоочулар ар бир алып келген адам үчүн 1,25 миллион рублга чейин (болжол менен 15,3 миң доллар) ала алышат. Бул орточо айлык акысы 113 миң рублдун (болжол менен 1380 доллар) тегерегинде болгон өлкө үчүн кыйла чоң сумма.
Укук коргоочулардын жана ушундай жол менен адамдарды азгырып иштеп калгандардын айтымында, чоң акчалай сыйлык согушка тартууну өзүнчө кирешелүү тармакка айлантты. Натыйжада анын негизги бутасына коомдун эң аялуу катмарындагы адамдар айланууда.
Ленинград облусу. Орусия коңшусу Украинага каршы согуш ачканына беш жылга чукулдады.
Бизнеске айланган "азгырып жалдоо" ыкмасы
Аймактык бийликтер согушка адамдарды тарткан уюмдарга каражат бөлөт. Алар, өз кезегинде, ошол ишти жүзөгө ашырышат жана жеке агенттерди жалдашат. Адатта, жалдоочулар өзүнө тийиштүү сый акыны жетелеп келген адамы Коргоо министрлиги менен келишим түзгөндөн кийин алышат.
Орусиядагы эркин «Важные истории» иликтөөчү басылмасынын эсебинде, бул система 2024-жылдын аягында ишке киргенден бери согушка жалдоону каржылык жактан кызыктырууга багытталган мамлекеттик программаларга кеминде 8 миллиард рубль (98 миллион доллар) жумшалган. Басылма бул эң кеминдеги эсеп экенин белгилейт.
Свердлов облусундагы Нижний Тагил шаарында жергиликтүү бийлик 2026-жылы жалдоо үчүн төлөнүүчү сыйлыкка 100 миллион рубль (1,22 миллион доллар) каражат бөлгөнү маалымдалат. Аймактык программанын алкагында ар бир алып келинген адам үчүн 400 миң рубль (4,9 миң доллар) төлөнөт.
Орусиянын батышындагы Пенза шаарында да мындай чыгым кескин көбөйгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, жалдоо үчүн берилген сыйлыктарга кеткен каражат 2024-жылы 3 миллион рублдай (36,7 миң доллар) болсо, 2025-жылы дээрлик 31 миллион рублга (379,6 миң доллар) жеткен.
Төлөмдөрдү берүү тартиби толук ачык эмес болгондуктан акча кимдерге берилип жатканын аныктоо оңой эмес.
Өткөн жылдын сентябрында Нижний Тагилдин прокурору мындай сый акыны жоюуну сунуштап, ал кылмыштуу топтордун аракеттерине жол ачып, аскердик кызмат өтөөгө жараксыз адамдарды да тартууга түрткү болуп жатканын билдирген.
Бирок шаар бийлиги бул сунушту четке каккан. Алардын айтымында, акчалай сыйлыктар аскер кызматкерлерин жалдоо боюнча пландарды аткарууга жардам берет. Октябрдын аягында шаарда айрым чектөөлөр киргизилип, аскер комиссариаттарынын кызматкерлерине, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге мындай бонус алууга тыюу салынган. Ошентсе да жалдоо үчүн сыйлык төлөө механизми күчүндө калган.
Дагы караңыз
"Согушка жөнөткөнү жатат". Алданып Орусияга кеткен ЭлистанАялуу катмар
Укук коргоочулардын айтымында, согушка жалдоочулар көбүнчө басымга бат, оңой моюн сунган адамдарды тандашат. Алардын катарына психикалык оорусу же ар кандай көз карандылыгы барлар, ири карызга баткандар жана коргоп калчу жакындары жок адамдар кирет.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосуна маек курган укук коргоочулар менен мурдагы жалдоочулардын айтымында, мүмкүн болгон "талапкерлер" тууралуу маалыматтар медициналык мекемелердин кызматкерлеринен, банктардан, коллектордук агенттиктерден, сот аткаруучулар кызматынан жана турак жай-коммуналдык чарба уюмдарынан келип турушу мүмкүн. Бирок чын эле ошондойбу, тастыктоо мүмкүн эмес.
Өзүн Семён деп тааныштырган укук коргоочу Уфадагы жалдоо пунктуна психикалык жактан оорулуу адамдарды алып барышканына байланыштуу ондогон арыз түшкөнүн билдирди.
Анын айтымында, бир жолу адистер "акыл-эсинин өнүгүүсү орточо деңгээлде бузулган" деп, ал эми сот "аракетке жөндөмсүз" деп тапкан жаш жигитти үйүнөн алып чыгып, жалдоо пунктуна жеткиришкен.
Орусиядагы оорулардын расмий тизмесине ылайык, мындай диагнозу бар адамдар аскердик кызматка таптакыр жараксыз деп эсептелет.
Семёндун белгилешинче, кийин психиатр бул адамды кызмат өтөөгө жарактуу деп таап, анын атынан келишимге башка бирөө кол койгон.
«Жалдоочулар аны башка шылтоо менен үйүнөн алып чыгышкан», — дейт Семён.
Учурда бул келишимдин мыйзамдуулугу сотто каралып жатат. Ал эми документтер жасалмаланганбы же жокпу, азырынча расмий аныктала элек.
Жалдоо пункттарында кадр тандоо боюнча кызматкерлер, дарыгерлер жана банк өкүлдөрү иштейт. Ошондуктан "талапкер" бир күндүн ичинде эле медициналык кароодон өтүп, документтерин бүтүрүп, банк картасын ала алат.
The Insider басылмасы октябрь айында жарыялаган «Коммуникациялык стратегиялар агенттиги» аттуу жалдоо компаниясынын ички документтеринде согушка тартуу коркунучуна кабылгандардын негизги бөлүгү социалдык жактан аялуу катмардагы адамдар экени көрсөтүлгөн.
Алардын ичинде банкрот болуу коркунучунда тургандар, микрокаржы уюмдарынын кардарлары, мурда соттолгондор, жакыр райондордун тургундары, ошондой эле алкоголдук ичимдикке, баңгизатка же кумар оюндарына берилип кеткен адамдар бар.
Дагы караңыз
"Кароолчу болосуң деп алдаптыр". Орусия кан майданга айдаган мигранттар"Ишендире апыртуу"
Согушка адамдарды жалдаган компаниялар айдоочу, транспорт тармагынын кызматкери, ашпозчу же дрон оператору сыяктуу бош орундар тууралуу жарыяларды да жайгаштырышат. Анда талапкерлерге бекер жатак жай, тамак-аш жана документтерди бүтүрүүгө жардам убада кылынат.
Мурда «Воевода» аттуу жалдоо пунктунда болжол менен бир жарым жыл иштеген Николай "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна айтып бергендей, жаңы кызматкерлерди адамдарды көндүрүү ыкмаларына атайын үйрөтүшөт.
Анын айтымында, аларды кулагына ишенимдүү угула турган «окуяларды ойлоп табууга» үйрөтүшкөн.
«Адамдар телефон чалып, кайрыла турган борбордун операторлору керек деген жарыяларды “Авитого” чыгарышат. Анан эки күндүк окуу өткөрүп, “кардарлар менен иштөөнү”, башкача айтканда, адамдарды ишендирип калп айтууну үйрөтүшөт. Сизди чабуулга жөнөтүшпөйт, дрон операторлугуна гана окутушат деп айтышат. Андан кийин эле ишке киришет», — дейт Николай.
Жалдоочулар, анын билдиришинче, атайылап материалдык абалы өтө оор адамдарды издешет. Анткени мындай адамдарга сунушталган акчадан баш тартуу кыйла кыйын болот.
Дагы караңыз
Согуштан кайткандар: Борбор Азияга жеткен коркунучЖалдоочуларга да акча берилбей калат
Ортомчулар да алдамчылыктын курмандыгы болуп калышы мүмкүн. Николайдын айтымында, 2025-жылы жалдоо менен алектенген компаниялар агенттерге убада кылган акчаны кечиктире баштаган. Мунун айынан айрымдары сотко кайрылууга аргасыз болушкан.
2025-жылдын ноябрында Орусиядагы «Верстка» эркин басылмасы кеминде беш жалдоочу «Эксперт» аттуу аскер кызматкерлерин жалдоочу компанияны сотко бергенин жазган. Алар 1,2 миллиондон 5,4 миллион рублга чейин (14,7 миңден 66,1 миң долларга чейин) төлөнбөй калган акчасын өндүрүп берүүнү талап кылышкан.
Компания болсо төлөмдөрдүн кечигишин кардарлар өздөрүнө тиешелүү каражатты которбой жатканы менен түшүндүргөн.
Жалдоочулар үчүн алар алып келген "талапкердин" чындап эле аскердик келишимге кол койгонун далилдөө да оңой эмес. Анткени аларды медициналык кароодон өтүүгө жөнөткөндөн кийинки документтер ортомчулардын колуна берилбейт, көрсөтүлбөйт дагы. Ошентип, ал адамы өттүбү, келишим түздүбү же түзбөй калдыбы, маалыматы жок болот, демек, сый акысын алууга тийиштүү документ топтоодо кыйналат.
Николай бул жагдайды «Сен бирөөнү алдайсың, акырында өзүң да алданып каласың» деп сүрөттөдү.
Макаланын авторлору