Расмий маалыматта соңку жылдары ВИЧти жыныстык жол менен жугузуп алгандар көбөйдү. Адистер социалдык жоопкерчилик төмөн коомдо турмуш кура турган улан-кыздардын текшерилишин туура кадам деп эсептешет.
Жаштарды үйлөнөрдөн мурда медициналык текшерүүдөн өткөрүү тажрыйбасы коңшу Өзбекстанда, Тажикстанда бар. Түркияда болочок жуптар генетикалык анализге чейин тапшыра турганы айтылып келет.
Гүлноза он бир жылдан бери ВИЧ статусун алып жүрөт. Ал жолдошу дарыланбай жүрө берип оору жугузганын айтып берди:
“Жолдошум мага ВИЧ менен ооруганын айтпай эле үйлөнгөн. Мурда маңзат колдончу экен. Бир жылдан кийин “менде ВИЧ бар, дары ичкен жокмун” деп айтып койду. Анан кетип каламбы? Жашай бердим. Эгер менде мурда маалымат болгондо күйөөмө дарыны тынбай ичирет элем. Дары ичип жүргөн кезинде вирусу төмөн болуп, мага жуккан эмес. Эки уулум соо төрөлгөн. Кийин дары ичпей коюп дарты СПИД стадиясына өтүп, өлүп калды. Мага дагы жуктурду. Мен болсо дарыны убагында ичтим. Азыр иммунитетим жакшы. Кечээ жакында умрага да барып келдим. Бизде стигма күчтүү да. Ооруга чалдыккандар айтпай үйлөнүп алып, жубайын кошо оорутат. Аларга айтаар элем, дары ичсе, өзүн караса, ВИЧ түгөйүнө жукпайт. Балдары соо төрөлөт”.
Дагы караңыз Мигранттардын СПИД жуктурган жубайларыКан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордун маалыматында, Кыргызстанда ушу тапта ВИЧ менен 15 миңдей адам каттоодо турат.
Алардын арасында ооруну миграциядан келген түгөйүнөн жуктурганын айткандар да бар.
Жогорку Кеңештин депутаты Нуржамал Төрөбекова Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер комитетинин 24-февралдагы отурумунда ушул маселени көтөрдү.
Нуржамал Төрөбекова
"Никеге турган жарандарды милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүшүн сунуштайт элем. Мисалы, Өзбекстанда үйлөнө турган жаштар ВИЧке, боор ооруларына анализ тапшырышат. Бул бири-бирине инфекция жуктурууну алдын алуу болмок. Мисалы, Москвада жүрүп, түрдүү ооруларды, анын ичинде ВИЧ жуктуруп алып, бул жакка келип үйлөнүшөт. Бирок оорусу тууралуу айтпайт. Ата-энелери билсе да айтышпайт. Анан оорусу аялына жугуп, оорукчан болуп калат. Экинчиден, оору тууралуу көбүрөөк маалымат берип, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Анан миграцияны көзөмөлгө алууну сунуштайт элем", - деди Төрөбекова.
Кыргыз мигранттарынын көбү ушу тапта Орусияда жүрөт. Дүйнөлүк маалыматка карасак, бул өлкө ВИЧ менен жашагандардын саны жагынан алдыңкы бешилтикке кирет.
Дагы караңыз "Сактанганды билбейт". Жаштар арасында жайылган ВИЧКыргызстандын Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө боюнча республикалык борбор мигранттарды аралыктан каттоого алып, дарылап жатканын билдирип келет.
Орусиянын өзүндө четтен баргандарды “Сахарово” борборунда текшерип, ВИЧ, гепатит же башка оорулар жукканы аныкталса, депортация кылган учурлар катталган.
Москвада көп жылдан бери жашап, орун-очок алган Замирбек миграцияда жүргөн көпчүлүк кыргыз жаштарынын адеп-ахлагы төмөн экенин айтууда:
“Айрымдар бул жакка келгенде “кой дээр кожосу жок” жүрүшөт. Көзөмөл кылган эч ким жок. Өз көзүм менен көрдүм. Үч кыргыз кыз бир бөлмөмдү ижарага алышты. Чачтарач болуп иштейбиз дешкен. Бир жолу түндө короодо кыргызча ыр жаңырып жатканда бардым. Ошол кыздар экен, пиво ичип отурушуптур. “Бул эмне кылганыңар?” десем, “Ишиңиз болбосун, батирдин акысын төлөбөдүкпү” деп жатпайбы. Болбосо, үчөө тең кызым менен тең. Жиним келип акчасын кайтардым да, эртеси үйдөн чыгарып койдум. Анан менде булар чын эле чачтарачта иштешеби деген ой жаралды. Жигиттерибиз деле ошол. Каалагандай жүрүшөт. Миграцияга баргандар үйлөнөрдүн алдында текшерилсин деген сунуш туура эле. Анткени булар өзү ооруганы аз келгенсип, Кыргызстанга барып соо адамды да оорутуп жатышпайбы”.
Жогоруда күйөөсүнөн дарт жуктурганын айткан каарманыбыз Гүлноза учурда ВИЧке чалдыккандарга жардам берген уюмда иштейт. Ал коомдо жыныстык этика жоктугунан улам оорулар жайылып жатканын айтты:
“Адам түгөйүнүн оорусу бары-жогун билүүгө укуктуу. Азыркы заманда ар бир кеселдин дарысы бар. Бейтап дарылануу, өзүнө кароо менен жакындарына да кам көрөт. Азыр мигранттар арасында ар кандай жыныстык ооруга чалдыккандар көп. Анын баары билбестиктен болууда. Жыныстык этика деген бар. Бизде аны сактамак турсун билишпейт. Жада калса, презерватив алгандан уялышат. Адамдар ишенчээк. Бирок сактыкта кордук жок да. Жаштардын жыныстык сабатын ачуу керек. Исламда муну колдобогондор арбын, “уят болот” деген стереотип да бар. Ошон үчүн энелер балдарына көп нерсени түшүндүрбөйт. Адам баласы тамак жемейинче жашай албайт. Тукум улоо – бул инстинкт. Жыныстык жашоону дагы туура жашоо керек”.
Дагы караңыз "Кыздарга гинекологго барганды, гигиенаны үйрөтүү керек"Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда соңку беш жылда ВИЧти жыныстык жол менен жугузуп алгандардын саны көбөйдү. Каттоодо тургандардын 60% эмгекке жарамдуу адамдар.
Анткен менен жыныстык сабаттуулукту ачуу үчүн мектептерде атайын сабак өтүүгө каршылар жок эмес. 2013-жылы “Репродуктивдүү ден соолук альянсы” бейөкмөт уюмунун өспүрүмдөрдүн сексуалдык кат-сабатын ачууга багытталган китепчесине бир катар диний уюмдар каршы чыккан.
Уролог-андролог Илияс Эратов мектептерге барып, лекция окуп турат. “Азаттыкка” курган маегинде ал түшүндүрүү иштери маанилүү экенин, айрыкча эркектин саламаттыгын чыңдай турган программа керектигин белгилеген:
Дагы караңыз "Жыныстык оорулар эркекти тукумсуз кылат"“Жаш жигиттер жыныстык сабаты төмөндүгүнөн миграцияга барып, оору жугузуп алып жатат. Жакында мага Москвадан бир жигит келди. Төрт-беш жыл мурда мейманканада иштеп жүрүп оору жугузуп алган экен. Догдурга барбаптыр. Мага АКШ, Европа, Орусияда ушинтип иштегендер көп кайрылат. Рулда сааттап отурганда белден ылдый кан айланбай, уюп калат. Кан уюган жерде, албетте, оору пайда болот. Соңку кезде үйлөнөрдүн астында "бир текшерилип коеюнчу" деп келгендер көбөйдү. Биз аларга жыныстык инфекцияларга анализ тапшыртууну сунуштайбыз. Жыныстык органдарды ультра үндүү текшерүүдөн өткөрөбүз. Анан, албетте, уруктун сапаты. Бул анализдердин баасы ашып кетсе 7-8 миң сом турат. Бул акчаны бизде кафеге же той-ашка деле коротуп коюшат. Ага караганда анализге жумшоо болочок үй-бүлөгө инвестиция эмеспи”.
Тышкы иштер министрлиги 2025-жылдын январында 608 миңден ашуун кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөрүн, анын ичинен 377 миңдей адам Орусияда миграциялык каттоого алынганын маалымдаган.