Эмнеге Азербайжандын президенти согушка түз баа бере алат, ал эми Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын президенттери андан айбыгат?
«Оккупацияга эч качан макул болбош керек!»
Азербайжандын президенти 2026-жылы Шушада өткөн медиафорумда сүйлөп жатып, бир жыл мурда Киевге берген кеңешин дагы кайталады: "Оккупацияга эч качан макул болбош керек!".
"Биз Украинанын аймактык бүтүндүгүн дайыма колдоп келгенбиз жана колдой беребиз. Өлкөнүн суверенитети - чек аранын бүтүндүгү. Бир дагы мамлекеттин чек арасы ошол өлкөнүн элинин макулдугу жок жана күч менен өзгөртүлбөшү керек. Биз бул маселеде мурдагыдай эле бекем позицияны карманабыз. Мурда айткандай, украин элине колдон келген жардамды беребиз", - деген Илхам Алиев.
Баку позициясын өзүнүн тарыхый тажрыйбасына таянып түшүндүрүп келет. Азербайжан өзү басып алынган деп эсептеген Тоолуу Карабакка жана анын айланасындагы райондорго көзөмөл орнотуу үчүн дээрлик 30 жыл күрөштү. Баку жерди 2020-жылы армян күчтөрү менен 44 күндүк согуштан кийин толук кайтарып алды.
"Экинчи Карабак согушу башталганда баары тезинен токтотууну талап кылышкан. Коркутуп-үркүтүп дагы чалышкан. Баары биздин токтошубузду, баары мурдагыдай калышын каалашкан. Азербайжанга өз аймагын кайтарып алууга жол бербөө максаты да коюлган. Бирок ал максат ишке ашпады, анткени элдин эркин сындыруу оңой эмес, көз карандысыздыкка, иденттүүлүгүн сактап калууга умтулган элди жеңүү кыйын", - деди Азербайжандын президенти.
Азербайжан президенти Илхам Алиев Шушада өткөн медиафорумда.
Мындай билдирүүдөн кийин Кремлдин реакциясы көп күттүргөн жок. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва Азербайжандын президентинин турумун "жаңылыш" деп эсептей турганын жана ага макул эместигин билдирди.
Борбор Азия сактыкты тандады
Орусиянын Украинага каршы согушунда Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү бейтарап позицияда экенин жарыялашкан. Чөлкөмдөгү бир дагы өлкө 2014-жылдагы Крымдын аннексиясын жана 2022-жылдагы Украинанын төрт облусун басып алууну тааныган эмес. Бирок президенттер согуштун өзүнө ачык баа берүүдөн карманып келишет.
Борбор Азиянын президенттери Чолпон-Атада, 21-июлл, 2022-жыл.
Арасынан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев гана 2022-жылдагы Петербург экономикалык форумундагы билдирүүсү менен айырмаланган. Владимир Путиндин жанында отуруп ал Казакстан Украинанын чыгышындагы "ДЭР" жана "ЛЭР" деп аталган жикчил түзүмдөрдү тааныбай турганын айткан. Токаев аларды жалган мамлекеттик аймактар деп атаган.
"Эгер улутта өзүн аныктоо реалдуулугу бүткүл Жер шарында болсо, анда БУУга кирген 193 мамлекеттин ордуна жер бетинде 500 же 600 мамлекет пайда болот. Албетте, бул башаламандыкка алып келет. Ушундай себептерден улам биз Тайванды да, Косовону да, Түштүк Осетияны да, Абхазияны дагы тааныбайбыз. Бул принцип жалган мамлекеттик аймактарга да колдонулат, биздин көз карашта Луганск жана Донецк дагы ошондой", - деген анда Касым-Жомарт Токаев.
Владимир Путин жана Касым-Жомарт Токаев Петербург экономикалык форумунда, 17-июль, 2022-жыл.
Ал кезде Токаевдин айтканы жыл ичинде эң көп талкууланган саясий темалардын бири болгон. Көптөр муну Казакстандын позициясы катары кабылдашкан. Бул талкуулар анын 2019-жылы Deutsche Welle каналына маек куруп, 2014-жылы Крымдагы окуяны "аннексия" деп эсептебей турганын айтканын жууп кеткендей болгон.
Бирок андан кийин расмий Астананын риторикасы байкаларлык токтоо тарткан.
"Касым-Жомарт Токаев согуш тууралуу мүмкүн болушунча бейтарап билдирүү кылат. Мисалы, былтыр Орусия согуш талаасында жеңилгис деп айта баштады. Бул туюнтмалар Казакстандын Орусияга көз каранды экенин көрсөтүп турат. Биздин лидерлер Москваны капа кылбоого, өздөрүн каршы позицияга койбоого аракет кылат", - дейт PaperLab көз карандысыз изилдөө борборунун жетекчиси, социолог Серик Бейсембаев.
Көз карандылык риториканы аныктайт
Бейсембаевдин айтымында, Украинадагы согушка байланыштуу Азербайжан менен Борбор Азиянын ортосундагы айырма Орусияга көз карандылыкка байланыштуу.
"Баку саясий жактан да, экономикалык жактан да Москвага азыраак көз каранды. Азербайжан Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна да (ЖККУга Орусиядан тышкары Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кирет; Армения мүчөлүгүн токтоткон), Евразия экономикалык биримдигине да (ЕАЭБге Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия мүчө) кирбейт. Азербайжан газынын негизги экспорту Грузия менен Түркия аркылуу ишке ашат, ал эми башкы тышкы саясий өнөктөшү Анкара. Азербайжан менен Орусиянын мамилеси 2024-жылдын аягында, Azerbaijan Airlines компаниясынын Грозныйга жакындап калган жүргүнчү ташуучу учагын Орусиянын абадан коргонуу күчтөрү атып түшүргөндөн кийин сууп кеткен.
Серик Бейсембаев
Баары билгендей, Казакстан мунайды Орусиянын аймагы аркылуу өткөн КТК (Каспий куур консорциуму - ред.) аркылуу экспорттойт жана бул өлкөнүн талуу жери болуп саналат. Орусия буга чейин айрым себептерден улам мунай ташууну токтоткон учурлар болгон, бул албетте, Казакстандын экономикалык абалына терс таасирин тийгизген. Мындан тышкары, Борбор Азия өлкөлөрү саясий жактан дагы аялуу. Казакстандын кыйла жери Орусия менен чектешип турат. Биз ЖККУнун алкагында Орусия менен союздашпыз. Ушул маселелер биздин лидерлердин Украинадагы согуш тууралуу билдирүүлөрүн чектеп турат", - деп түшүндүрдү эксперт.
Аналитиктердин пикиринде, Кыргызстан менен Тажикстанда мындай сезимтал көз карандылык өтө күчтүү. Бул өлкөлөр Орусиядан келген күйүүчү майга толугу менен көз каранды. Ал эми Орусиянын эмгек рыногу көп жылдардан бери аймактагы жүздөгөн, миңдеген эмгек мигранттары үчүн негизги киреше булактарынын бири.
Кыргызстандын Азербайжандагы мурдагы элчиси Кайрат Осмоналиевдин айтымында, дал ушул себептен улам өлкө президенттеринин ар кандай кескин билдирүүлөрү реалдуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Кайрат Осмоналиев
"Элестетип көрүңүз, ушул өлкөлөрдүн биринин президенти Алиевге окшоп сүйлөдү дейли. Андан кийин эмне болушу мүмкүн? Куугунтуктар, (мигранттар - ред.) депортациялар башталат, тигилер кайтып келип, нааразы боло башташат, "алысты көрө албаган саясатчы, ойлонбой сүйлөйт" деп сындагандар, ар кандай чечмелөөлөр болушу мүмкүн, бирок бул нааразылык толкунун жараткан тобокелдикке негиз болот. Кырдаал курчуп, эл чайпалса, бийлик кошо чайпалат. Социалдык-экономикалык кризистер ар дайым режимдерди алмаштырган негизги кыймылдаткыч болуп келет. Ошондуктан президенттер Алиевге окшоп сүйлөгүсү келсе да тобокелдиктерди эске алууга аргасыз", - дейт Кайрат Осмоналиев.
Үндөбөгөн президенттер
Орусиянын Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачканына төрт жылга аяк басты. Ушул аралыкта Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын президенттери бир да жолу Украина аймактарынын оккупацияланышы же согуш үчүн Орусиянын жоопкерчилиги тууралуу ачык айтышкан жок.
Алардын билдирүүлөрү адатта, согуштук аракеттерди мүмкүн болушунча эртерээк токтотуу жана саясий-дипломатиялык жол менен чечүү жолдорун издөө зарылдыгынын айланасында болуп келет. Согуштун өзү жөнүндө чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн президенттери үстүрт гана айтышат. Мисалга Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёевдин 2026-жылдын 6-ноябрында өткөн "Борбор Азия - АКШ" саммитиндеги сөзүн тартсак болот.
Борбор Азия президенттери "АКШ- Борбор Азия" саммитинде. Вашингтон, 6-ноябрь, 2025-жыл.
"Өзбекстанда "Президент Трамп - тынчтыктын президенти" деп айтышат. Сиз абдан көп нерсе жасадыңыз - сегиз согушту токтото алдыңыз. Мен Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту дагы токтото аларыңызга ишенем. Биз буга үмүт кылабыз", - деген Мирзиёев Трампка кайрылып.
Согуштун алгачкы күндөрүндө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун позициясынын айланасында да түшүнүксүз (эки ача) кырдаал жаралган. Владимир Путин менен Жапаров телефондон сүйлөшкөндөн кийин Кремл "Кыргызстандын лидери Орусиянын Донбасстагы тынч жашоочуларды коргоо аракеттерин колдорун билдирди" деп кабарлаган. Бирок Жапаровдун администрациясынын расмий билдирүүсүндө мындай туюнтмалар камтылган эмес.
Садыр Жапаров жана Владимир Путин Москвада, 7-февраль, 2025-жыл.
Байкоочулардын айтымында, бул эпизод Бишкектин согушуп жаткан тараптардын бирин тикелей колдоо катары чечмелениши мүмкүн болгон ар кандай билдирүүлөрдөн болушунча карманганын көрсөтүп турат.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Украинадагы согуш тууралуу бир дагы ачык жана түз билдирүү жасай элек.
Постсоветтик аймактагы өзгөчөлүк
Бүгүнкү күндө Илхам Алиев Орусиянын постсоветтик мейкиндиктеги кошуналарынан айырмаланып (Балтика өлкөлөрүн эсепке албаганда) Украинанын аймактарынын оккупацияланышын таанууга жол берилбестигин ачык билдирген жалгыз мамлекет башчысы бойдон калууда.
Владимир Зеленский жана Илхам Алиев Бульбоакада, Молдова, 1-июнь, 2023-жыл.
Ошол эле учурда Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы саясий мекемелери мамлекеттердин аймактык бүтүндүгү жана эл аралык деңгээлде таанылган чек аралардын кол тийбестиги боюнча принциптерди колдоо өзгөрбөсүн келишет. Бирок президенттер же унчукпоону, же этият риториканы артык көрүшөт.
Жыйынтыгында, чөлкөмдөгү өлкөлөр формалдуу түрдө эл аралык укуктун бирдей принциптерин карманганы менен, аларды таптакыр башкача тил менен билдирген кырдаал түзүлүүдө.
Макаланы орус тилинде бул жерден окуй аласыз.